email • архив • редакция • меймансап 
Башбарак




Дүйнөнүн дагы бир көйгөйү: Кытай-АКШ мамилесинин салкындоосу
Кубан Абдымен
Кытай бийлиги Америка Кошмо Штаттарынан Тайванга курал-жарак сатуу боюнча чечимин өзгөртүүсүн талап кылып, жакшы деңгээлге чыккан эки тараптык мамилени чыңалуу фазасына чыгарбоого үндөө кылды. Бул маалыматты Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Хе Яфей АКШнын Кытайдагы элчиси Джон Хантсман мырзага аркы жуманын аягында расмий жарыя кылган. Келишим ишке кирише элек болсо да, расмий Кытайдын кыжырын келтирген, Барак Обаманын администрация Тайванга зарыл делип эсептелген курал-жарак сатуу боюнча келишимди Американын Сенатына жибергени тууралуу таркатылган маалыматы болду. Ал келишим боюнча АКШ Тайванга 6,4 миллион долларга татыган курал-жарак, аскер техникасы сатылмай болгон.
"Биз тараптан бул келишимге байланыштуу бир топ каршылык билдирилгенине карабастан, Америкалык тарап Тайванга курал-жарак сатуу боюнча туура эмес чечим чыгарды. Буга байланыштуу биз расмий нааразылыгыбызды айтып, өзүбүз тараптан катуу эскертүү билдиребиз",- деп айтылган Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө. Кытай тараптын ою боюнча, мындай кадам эки тараптын ортосундагы мамилеге "залакасын тийгизип, кытай-америкалык алакалардын баарына таасир кылат жана эки тарап тең каалабай турган кесепеттерге алып келүүсү мүмкүн",- деп айтылган билдирүүдө. q ГЕОСАЯСАТ 12




"Салбурунга" чакырабыз
"Zpress.kg" маалымат агенттигинин билдирүүсүнө караганда Чолпон-Ата шаарында 7-февралда "Салбурун" спорттук фестивалы өткөрүлөт. Салбурун жаа, бүркүт жана тайгандар менен аңчылык кылуу. Бул тууралуу Кыргызстанда бул спорттун негиздөөчүсү жана Салбурун боюнча федерациянын президенти, күрөштүн ар кандай түрлөрү боюнча республиканын бир нече жолку чемпиону Алмаз Акунов билдирген. Майрамдык программага бүркүт менен аңчылык кылуу, жаа атуу, кыргыз тайгандарынын көргөзмөсү киргизилген. Фестиваль кыргыз элинин улуттук маданиятын өнүктүрүү жана үгүттөөгө арналган. Бул фестивалга республикадагы эң мыкты мүнүшкөр-саяпкерлер, аңчы-мергенчилер, тайган таптоочулар чогулат.