presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Банан бакыт тартууласа, киви гриппти баса жыгат
Кышты узатпай, жазды утурлай бүгүн сиздерди мөмө-жемиштердин жана жашылчалардын парады менен тааныштырабыз. Кычыраган кыш мезгилинде мөмө-жемиштин аздыгына жана кымбат баасына карабастан, алардын ичинен кайсынысы эң пайдалуу экенин аныктап чыгабыз.

Көптөгөн адамдар "кышкы мөмө-жемиштерде витамин жок болот" деп, анын ордуна кээ бирлери таблетка түрүндөгү витаминдерди ичет. Бирок бул туура эмес. Албетте, кышкы мөмө-жемиштерде жай мезгилиндегиге караганда азыраак, бирок синтетикалык негизде жасалган витаминдерге караганда жаратылыштан берилген мөмө-жемиш жана жашылчаларды жеген оң.

ЭМНЕ ҮЧҮН БИЗГЕ КЕРЕК?
Мөмө-жемиштерде витаминдерден сырткары пайдалуу микроэлементтер жана органикалык кычкылдар бар. Жоон ичегинин иштөөсүн жакшырткан клетка түзүүчү заттар - мунун баары адамдын организмине керектүү. Мөмө-жемиште туз жок болгондуктан, алар организмде суюктукту кармабайт жана уулуу заттардан кутулууга жардам берет. Анын курамында эч кандай май жана холестерин болбогондуктан, арыктагысы келген жана жүрөк кан-тамыр оорулары менен жабыркагандарга табылгыс дары. Мөмө-жемиштер татаал углевод заттарынан түзүлүп, шекер жана балга салыштырмалуу кандагы шекердин курамын кескин көтөрүп жибербейт.

САКТОО МӨӨНӨТҮ КАНДАЙ ТААСИР БЕРЕТ?
Ар бир мөмө-жемиштин өзүнө тиешелүү "өмүрү" бар. Бирок жемиштин кабыгы канчалык калың болсо, ал көбүрөөк сакталат. Орточо эсеп менен алты ай өткөндөн кийин мөмөнүн ичиндеги витаминдердин саны эки эсеге азаят. Консерваланган жемиштердин ичинен буурчактардын түрү эң көп витаминин жоготот. Ал эми консерваланган жүгөрү менен помидор витаминдерин сактап калат. Айта кетчү жагдай, консервалоодон өткөн мөмө-жемиштердин клетка түзүүчү заттары жана микроэлементтери жабыркоого туш болбойт. Мөмө-жемишти кабыгы менен жесеңиз, көбүрөөк пайдалуу. Бирок кышында мөмө-жемиш жакшы сакталсын деп, сыртын мом менен сүртүшөт. Ошондуктан аны жылуу суу менен чайкап алуу сунушталат.

ТҮНДҮКТӨ БЫШКАН МӨМӨ ПАЙДАЛУУ
Адистердин айтымында, түндүктө бышып жетилген мөмө-жемиш түштүктөгү "туугандарына" салыштырмалуу витаминге бай жана пайдалуу болот. Айрыкча бул алма, чычырканак жана карагаттын түрлөрүндө көбүрөөк байкалат. Ал эми Кыргызстанда кышында бир да мөмө-жемиш бышпайт. Алар жыл бою кар жаабаган жана жылына бир канча жолу түшүм жыйнаган өлкөлөрдө бышат. Мындай мамлекеттердин жери арыктап, продуктулардын витаминдүүлүгү азаят. Бирок бир жактан кышында тумоо күч алып, аны менен күрөшүүгө курамында аскорбин кычкылы бар мөмө-жемиштер жардамга келет. Мисалы, апельсин, лимон, же киви. Эсиңизде тутуңуз: мөмөнү аарчып, ачык таштап койсоңуз, андагы С витамини жоголот. Ошондуктан, бир стакан жаңы сыгылган апельсин ширесине караганда, бир даана апельсинди аарчып жеген пайдалуу.




ТАЙМАШУУ АЯНТЫ…
Алма - курамында бир топ витаминдер, микроэлементтер жана каротин бар. Алмадагы пектин заты организмден холестерин ж.б. катуу металлдардын тузун чыгарууга көмөк көрсөтөт.

Алмурут - жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алып, адамдын баш айлануусун жана чаалыккандыгын жеңилдетет. Эң маанилүүсү алмурут адамдын суукка болгон чыдамдуулугун жогорулатып, о.э. кандагы шекердин деңгээлин төмөндөтөт.

Анар - мөмөлөрдүн ичинен эң көп микроэлементтери бар чоң "казына". Иммунитетти колдоо жана гемоглабинди жөнгө салууга аптасына бир анарды жеп туруу жетиштүү.

Банан - аритмия, атеросклероз жана жүрөк-кан тамыр ооруларында жардам берет. Андан сырткары, банан организмде эндорфин гормондордун иштеп чыгууга түрткү болот. Ал эми бул гормондор медицинада "бактылуулуктун" гормону деп аталат.

Киви - курамында С витамининин көптүгү менен мөмөлөрдүн ичинде "чемпион". Сасык тумоо менен күрөшүүдө эң мыкты каражат катары белгилүү. Анын атаандаштары катары апельсин менен лимонду да айтса болот. Алар дененин температурасын түшүрүүдө ж.б. ооруларда жардамга келет.

Мандарин - анын курамындагы витамин жана калийдин көптүгү менен тамакты сиңирүүгө көмөк көрсөтөт. Мандариндеги фитонцид заты вирустарды жок кылат.

Кургатылган жемиштер - жайында кургатылып алынган жемиштерден кышында компот жасаса болот.

Жашылчалар - бул жардамчылардын ичинен витаминге эң байы капуста, эң кедейи кызылча болуп эсептелет. Сабиз менен ашкабактагы бета-каротин заты көздүн көрүүсүн жакшыртат. Жашылчаларды кууругандан көрө кайнатып бышырса, анда көбүрөөк витамин сакталат, о.э. тамакты бир жолкуга гана даярдаганга аракет кылыңыз. Анткени аны кайра жылытканда андагы пайдалуу заттар жоголот. Картошканы канчалык майда туурасаңыз, андагы витаминдер ошончолук азаят. Тузду жашылчалар бышкан соң, оттон алынаарга 5-10 мүнөт калганда кошуңуз.




Курма эч кимди кур калтырбайт!
Кыш мезгилинин мөмө-жемиштерине кайрылып жатып, анын арасындагы курмага кенен токтолуп өтүүнү туура көрдүк. Байыркы гректер курманы "кудайдын кара өрүгү" деп сыйлашарын жана анын дарагы 500 жыл жашарын билет белеңиз?
Курманын дүйнө боюнча 200дөй түрү кездешет жана анын мекени катары Япония өлкөсү белгилүү. Анын курамында темир, фолий кычкылы, йод, каротин, пектин ж.б. витаминдердин тобу бар. Биздин каармандын дарагы тигилгенден 3-4 жылдан кийин мөмөсүн бере баштайт да, анын бийиктиги 8-12 метрди түзөт. Орточо эсеп менен ар бир дарактан 250 килограммдын тегерегиндеги курма топтолот. Дүйнөлүк коомчулук курма менен таанышканына көп боло элек, бирок азыркы учурда бир гана Японияда эмес, Кытай, Италия, Испания, Египет жана Америкада өсөт.
Курманын курамындагы танин заты оозду кууруштуруучу даамга ээ. Бирок бул даам толук бышканда жоголот. Ал эми курмадагы глюкозанын молчулугу аны таттуу мөмө катары таанытат. Эки-үч курма жесеңиз, курсагыңыз тамак ичкендей тоёт. Ток алып жүрүүчүлүгү жактан курма инжир жана жүзүм менен тең тайлаша алат.
Анын 1200гө жакын сорту бар, бирок анын ичинен "шоколад курма" деп аталган түрү өзгөчө суроо-талапка ээ. Бул түрдөгү курманын өңү күрөң түстө жана аябай таттуу. Ал эми сары-кызгылт түстөгү курманы жылуу сууга 5-6 саат салып койсоңуз, ооз кууруштуруучу даамын жоготот. Сатып аларда курманын кабыгына көз салыңыз, эгерде анда күрөң түстөгү сызыкчалар бар болсо, анын бышкандыгынан кабар берет.
Курма А жана С витаминдерине бай, бул адамдын иммунитетин чыңдайт. Андагы темир менен кальций кандын формуласын жакшыртса, магний нерв системасына жакшы таасир берет. Ага кызгылт түсүн берген бета-каротин көздүн көрүүсүн жогорулатат жана карылыктын алдын алат.
Медиктердин айтымында, курманы кант оорусу менен жабыркагандарга жегенге болбойт. Анткени курманын курамындагы шекер кандагы шекердин деңгээлин көтөрүп жибериши мүмкүн.
Бирок косметологдор бетине безетки чыгып кеткендерге курмадан жасалган масканы сунуштайт. Ал үчүн бир курма жана бир жумуртканын агын алыңыз. Экөөнү аралаштырып, бетке сүйкөп, 15-20 мүнөт кармагандан кийин жууп саласыз.


"Тропика мөмөлөрүнүн падышасы - ананас"
Аны ушинтип атаган жана алгачкы жолу дүйнөлүк коомчулукка тааныткан белгилүү жеркезер Колумб болгон. Ананастын курамында сыйкырдуу бромелин заты бар, ал ар бир клетканы тазалап турат.
Биздин бул сапаркы каарманыбыздын мекени Түштүк Америка болуп эсептелет. Бирок аны Тайланд, Филиппин жана Тайванда да өстүрүшөт. Ананастын мөмөсү гана эмес, анын жалбырактарынан да пайда көрүшөт. Алсак, Филиппин жана Тайванда жалбырактарынан ийре турган буланы алуу үчүн өстүрүшөт. Ананас витаминдеринин көптүгү менен мактана албаса да, курамындагы пектин заты менен ичегилердин жакшы иштешине түрткү берет. Ал эми жогоруда айтылган бромелин затына токтолсок, бул ферменттин бир түрү, тамакты сиңирүүгө, канды тазалоого жана иммунитетти чыңдоого жардам берет. Биз майлуу жана эт кошулган тамактарды көп жейбиз, бирок аны сиңирүү үчүн дары ичкендин ордуна ананас ширесин, же өзүн жеген пайдалуу. Мындай касиетинен көбүнчө арыктагысы келгендер пайдаланат. Ананастагы калий тузунун жогорку кошундусу организмди ашыкча салмактан жана суюктуктан арылтат. Акыркы илимий ачылыштардын маалыматына таянсак, ананас кан басымын төмөндөтөт, жүрөк инфаркт жана инсульт оорусуна кабылбоо аракетин көрөт. Дүйнөдө ананастын сары, кызыл жана сыя көк түстөгүлөрү кездешет. Анын пайдалуу сапаттарын эске алып, ананас кошулган салаттын бир түрү менен ой бөлүшөбүз.

"Айымдар үчүн салат"
Керектелүүчү каражаттар: консерваланган ананастын бир банкасы, сырдын катуу сорту, сарымсак, майонез, аш көк.
Жасоо ыкмасы: Консерваланган ананастын ширесин башка идишке куюп алабыз. Ананас менен сырды бирдей өлчөмдө алып, төрт бурчтуу кылып кесебиз. Экөөнү аралаштырып, үстүнө майонез кошобуз. Табитиңизге жараша эки-үч даана сарымсак да кошууга болот. Даярдалган салатты идишке салып, аш көк менен кооздойбуз. ДАЯРДАГАН ЭЛЬВИРА КАРАЕВА





кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"
email • архив • редакция 
22-январь, 2010-ж.:
1-бет
Кара-Тейиттин кара тагы
2-бет
Жеңиш менен улансын!
3-бет
Украинадагы шайлоо экинчи турга калды
4-бет
Tаласты байыткан төө буурчак соодасы токтойбу, же…
5-бет
Haрында бир катар облустук мекемелер жоюлууда
6-бет
Ызакжан Бектенов:
"Ириң түтүкчөсү менен жылына 400-500 адамга кайрадан операция жасалууда"

7-бет
Кара-Тейиттин кара тагы
9-бет
Банан бакыт тартууласа, киви гриппти баса жыгат
12-бет
Окумуштуу Ормушевдин ой толгоолору
13-бет
Айтматов жана "кыргыз керемети"
14-бет
Африкада группалык оюндар аяктады





??.??