presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кара-Тейиттин кара тагы
БАШЫ БИРИНЧИ БЕТТЕ
Жергиликтүү элдин арасында бомбанын бул айылга ташталышынын себеби түрдүүчө айтылып жүрөт. Ошол жылы Кыргызстандын аймагына кирген террористтер аталган айылдан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Бок-Баш жайлоосуна чейин басып киришкен. Ошол мезгилде террористтер айылдагы 12 жигитти барымтага алып кармап кетишкен. Айыл аксакалдары уулдарын бошотуп алуу үчүн жоо менен сүйлөшүүгө чейин барышкан. Бул окуяга байланыштуу жогорку бийлик органдарына каратеиттиктер боевиктер менен тил табышып алды деген маалымат жетип, ошондон улам айыл элин кирип келген жоодон ажыратып калуунун амалы болду дешет. Мындан сырткары террористтер басып кирген Бок-Баш жайлоосун Кара-Теит айылы менен чаташтырып, натыйжада бомба жайлоого эмес, айылга ташталган деген да кептер айтылып жүрөт.
Жардыруунун да, жалган маалыматтын да курмандыгы болгон айыл тургуну Сайкал окуя болгон учурда 7-класста окуган кези. Күтүүсүз кырсыкта Сайкал бир колунан ажырап, майып болуп калган. Бирок, окуядан соң Сайкалды жергиликтүү бийлик башчылары тиешелүү документ иштерине тубаса майып деп жазып коюшкан. Кызынын окуядан соң майып болгонуна мүлдө айыл эли күбө болгонуна карабай бийликтегилер эсепке албаганына күйгөн Шарбан апа "Окуяга чейин эле кызым өзү же, мен майып кылып алсам да бир жөн эле. Ажыраган колун көтөрүп алып, барбаган жерим, какпаган эшигим калбады. Бардык жерде эле тубаса майып деп жазып коюшкан. Он жыл бою акыйкаттыкты издеп, бийликке болгон ишеним оту өчтү", - деп зарлады. Учурда Сайкал "тубаса майыптыгы" үчүн 700 сом өлчөмүндө жөлөк пул алат. Бирок, кырсыктан кийин туш-тараптан келген ар кандай гуманитардык жардамдардын бирөөсүн да алган эмес. Ал тургай иш жүзүндө майыптыгы тууралуу кашкайган далил болгону менен бир дагы документ ишине бул тууралуу жазылган эмес.

Жарым кылымдык жаракага берилген жарым-жартылай жардам
Жардыруунун жарасын жеңилдетүү үчүн айылдагы тыптыйпыл болгон 18 кожолукка мамлекет үй жана бир фельдшердик-акушердик пункт куруп берген. Ал гана эмес, айылдагы бак-дарактар, мал сарайлар кыйрап, жергиликтүү элге бир топ материалдык жана моралдык зыян алып келген. Келтирилген жалпы материалдык чыгым орто эсеп менен ошол мезгилде 10 млн. сомго бааланган. Учурда айылда 150 кожолуктагы 1170 адам жашайт. Ага удаа алыс-жууктан ар кандай гуманитардык жардамдар байма-бай келип, жабыр тарткандардын бир жак өңүрүндөгү жараны жеңилдетип турган. Бирок, мындай камкордук болгону эки же андан көбүрөөк жылга созулуп, андан бери жабыркагандарга жардам берүү, аларды эстөө мамлекеттин, жада калса жергиликтүү бийликтин дагы жадынан чыгып калган. Өмүрлүк жарынан жана бир кызынан айрылган жергиликтүү жашоочу Абдилазиз Сулайманов убактылуу көрсөтүлүүчү жардамга эмес, айыл элинин түбөлүктүү саламаттыгына доо кеткенине тынчсызданат. "Учурунда бир үйдөн эки адам көз жумганына байланыштуу мамлекет тарабынан 50 миң сом беришкен. Ошондой эле район эли дагы 14 миң жардам көрсөтүштү. Андан сырткары мал сарайлар, бак-дарактарыбыз кыйрап, мал-жандыктарыбыздан кол жуудук. Окуя болгон күндү эскермек турсун: бул тууралуу айтсак, "силердин арызыңардан чарчадык" деп кайра бизди жекирет. "Кар жаады, из басылды" дегендей бул тууралуу ооз ачкан эч ким жок, жабылуу аяк жабылуу бойдон калды. Болгону, андан ызгыган чаң, сыздаган ый, эң коркунучтуусу улут генофондуна коркунуч жараткан кара так калды",-дейт айыл тургуну.

"Аттан жыгылсаң, пейлиңден көр болдук"
Бул окуяда жакынынан айрылып, же ар кандай деңгээлдеги жараат алган айыл тургундары "Кудум эле өзүбүз ошол апаатты колубуз менен жасап, азабын кайра өзүбүз тартып жаткандай болдук",-деген пикирлерин билдиришти. Төмөндө ошол окуя курмандыктарынын пикирлерине орун берилди.

Абдилазиз Сулайманов, 60 жашта:
- Ошол каргашалуу күнү үйдө тынч олтурганбыз. Мен үйдө, байбичем сыртта суунун жээгинде кир жууп олтурган. Эмнегедир мен сыртка чыгып, дароо эле кулап түштүм. Кайра турсам айыл ичи чаң-тополоң. Жанымдагы аялым менен бир кызым жансыз сулк жатат. Анан калган балдарымды алып, эл качкан жакты көздөй чуркадым. Учак кайра айланып келип ок жаадырды. Ошондо менин балдарымды көтөрүп бара жаткан бир аскер ордунда каза болду. Анан апасынан эрте калган балдарымдын үчөөсүн борбордогу балдар айылына алып кетишти. Алар кеткенде мектеп жашына чейинки балдар эле. Учурда улуусу 9-класста окуп жатат. Окуя болгон мезгилде бир жылда эки жолу барчумун. Азыр каражаттын жоктугунан улам бара албай жатам. Менин суранарым, окуядан кийин ушундай болгонун эске алып, балдарымды окууну бүткөн соң жогорку окуу жайына жайгаштырып берсе деген оюмду билдиргим келет. Эми окуя өттү, кетти. Ошол мезгилдеги бийлик башчыларынын маалыматты жашырып күнөөсүз айыл элин жазалаткан чоң катасы болду деп ойлойм. Окуя болгон жылы чет жакадан келген гуманитардык жардамдарды алганбыз. Кийинки жылы да жергиликтүү эл тарабынан жардам берилди. Андан бери эч кандай деле жардам көрбөдүм. Биздин арыз-муңубузду уга турган эч ким жок. Ошол окуядан кийин өзүм дагы башым ооруй турган болуп калды. Айтор, бомбанын таасири али күнгө чейин айыл элин аралап жүрөт.

Карамат Жоробекова, 48 жашта:
- Менин жолдошум Курбанбаев Алимдин бутуна ок тийип оор жарадар болуп, 6 жыл оорусунун азабын тартып, акыры айыга албай каза тапты. Ага чейин тиешелүү жетекчилердин каалгасын каккылай берип, акыры жолдошум экөөбүздү эч ким кабыл албай койду. Жараат алган бутунан 3-4 жолу операция жасаттык. Бирок, биздин канча азап чегип, борборго чейин барган мээнетибиз колубузга тийбеди. Чиедей тогуз баланы жалдыратып, жолдошум 47 жашында дүйнөдөн өтүп кетти. Ошол мезгилде операциясына да жарытылуу жардам беришкен жок. Мал, чөп, картошка сатып, ошонун эсебинен операция жасатып жүрдүк. Бутунун оорусу жүрөгүнө өтүп, ал тургай ошол учурда башынан да жараат алган экен. Убагында буту менен алек болуп жүрүп, баш оорусун этибарга деле албаптырбыз. Биздин баккан-көргөн жардамыбыз айылдашыбыз Абдыганы Эркебаевдин бир жолку операциясына берген жардамы болду. Мына жолдошумдун көзү өткөнүнө да беш жылга чукулдап калды. Тогуз баланын түйшүгү менен күн кечирип келем. Жардам сурамак түгүл, жанына барып сүйлөөгө батынбайм.

Дөөлөт Орозматов, 78 жашта:
- Окуядан кийин экинчи топтогу майып болдум. Учурда персоналдык пенсиям менен майыптык пенсиямды кошкондо миң сомдун айланасында акча алам. Убагында эл тарабынан, коомдук уюмдар ж.б. жактардан азык-түлүк, кийим-кече өңдүү жардамдар келчү. Азыр дагы абада учуп калган учак көрсөк, чочуйбуз. Бул окуяга тарых дагы өз баасын берип, эл менен эсептеше турган күн дагы келет деген үмүттөбүз. Менин айтарым, эч бир адамдын, эч бир элдин башына мындай мүшкүл иш түшпөсүн.

Пазыл Бактыбаев, жергиликтүү кеңештин депутаты:
- Окуя болгонуна да он жылдан ашты. Тарых дагы өз баасын бере турган учур келди. Тынч жаткан элди дүрбөлөңгө салып, материалдык да, моралдык да зыян алып келген бул окуянын төркүнүндө кандайдыр бир саясий оюн барбы деген да ойго кетесиң. Эмне дегенде ушунча жылдан бери ак-карасы аныкталбай, жабылуу бойдон калууда. Айылыбыз дагы обочороок жайгашкандыктан элдин көйгөй-муңун уккан деле жан жок. Ошол мезгилде биз бүтүрүүчү класста окуйт элек. Бала болсок да, окуя күнү бүгүнкүндөй көз алдыбызда туруп, эстегенде оор үшкүрүп алабыз. Айыл элинин тынч турмушу бузулуп, бак-дарагы, мал сарайы кыйрады, үйлөрүнөн ажырады. Биз дагы акыйкатын билгибиз келет. Ал мезгилде бийлик башка эле, биздин азыркы бийликтен суранарыбыз жабыр тарткан элге жок дегенде компенсация төлөп берсе деген оюмду билдиргим келет.





кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"
email • архив • редакция 
22-январь, 2010-ж.:
1-бет
Кара-Тейиттин кара тагы
2-бет
Жеңиш менен улансын!
3-бет
Украинадагы шайлоо экинчи турга калды
4-бет
Tаласты байыткан төө буурчак соодасы токтойбу, же…
5-бет
Haрында бир катар облустук мекемелер жоюлууда
6-бет
Ызакжан Бектенов:
"Ириң түтүкчөсү менен жылына 400-500 адамга кайрадан операция жасалууда"

7-бет
Кара-Тейиттин кара тагы
9-бет
Банан бакыт тартууласа, киви гриппти баса жыгат
12-бет
Окумуштуу Ормушевдин ой толгоолору
13-бет
Айтматов жана "кыргыз керемети"
14-бет
Африкада группалык оюндар аяктады





??.??