presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Haрында бир катар облустук мекемелер жоюлууда
КҮМӨНДӨР УСУПТЕГИН НАРЫН
Нарын социалдык кызмат көрсөтүү борбору жоюлуп, алардын кызматтык иш аракеттери райондук, шаардык социалдык жактан коргоо бөлүмдөрүнө өткөрүлүүдө. Облустук кесиптик билим берүү мекемесинин эки мамлекеттик кызмат орду, мамлекеттик сатып алуулар жана мамлекеттик резервдер боюнча облустук бөлүм жоюлду. Жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттук үстөл, мамлекеттик мүлктү каттоо боюнча органдар биригүүдө. Ал эми айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгы кайрадан өз алдынча башкармалык болуп ачылды. Береги маалыматтарды КРнын мамлекеттик Кадр кызматынын түндүк аймактык өкүлчүлүгүнүн адиси Жылдыз Мамбетова билдирди.




Төрт түлүк мал саны көбөйдү
2010-жылдын 1-январына карата мал жана үй канаттуулар эсеби алынып бүткөндүгүн облустук акимчиликтин бөлүм башчысы Нарынбек Карыбеков маалымдады. Өткөн жылдагыга караганда облуста ири мүйүздүү мал 3937, кой-эчки 80 049, жылкы 1188 башка көбөйгөн. Ал эми үй канаттуулар 8940ка арбыган. Же болбосо 128 929 уй, 854 910 кой-эчки, 89 925 жылкы катталган. Төрт түлүктүн көбөйүшү Ат-Башы районунда 103 пайыздан 119 пайызга чейин өссө, Нарын шаарында көрсөткүч 109 пайыздан 139 пайызга чейин жеткен. Бирок айрым айыл чарба тармагынын адистери мал саны так алынган жок деп белгилешүүдө. Алардын баамында малдардын саны эсепке алынгандан дээрлик 35-40 пайызга көп.




Темир кен: чалгындалат, чалгындалбайт
"Жетим кырка тоосундагы темир кендерин чалгындоого үч фирма 2008-2010-жылдарга лизенция алган. Алар 22 чакырым аралыкка жол салып, 44 жерден бургулоо иштерин аткармак". Мындай маалыматты КРнын айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча агенттиктин жетектөөчү адиси Эмил Ыбраев атайын өткөрүлгөн коомдук угуу жыйын учурунда маалымдады. Нарын районунун акиминин орун басары Роза Жумаева итчесинен чөптү басып жатып албай, байлыкты туура пайдалануу керектигин билдирди. Бирок, Нарын районундагы Таш-Башат айылынын тургуну, темир кени боюнча коомдук демилгелүү топтун лидери Аятбүбү Касымалиева кенди чалгындоого эл каршы болгондуктарын белгилеп, жердештери психологиялык жактан жабыр тартып жаткандыктарын кошумчалады. КРнын Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти, биология илиминин доктору Биймырза Токторалиев көз карандысыз экологиялык экспертиза жүргүзүү сунушун келтирди. Жыйында элге кен боюнча илимий жактан так маалыматты берүү, кенди чалгындоочу фирмалардын өкүлдөрү менен калктын жолугушуусун уюштуруу чечими чыгарылды. КҮМӨНДӨР УСУПТЕГИН, НАРЫН




Ысламидин Бакиров:
"Кадр болсо аппарат жок, аппарат болсо кадр жок"
Өткөн жылы Ош облусунун Чоң-Алай районундагы аймактык оорукана менен Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору бириктирилип, ордуна Абибилла Молдоболотов атындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борбору болуп кайрадан түзүлгөн. Жаңыдан түзүлгөн борбордун ишмердүүлүгү, оорукананын бириктирилиши, калкты медициналык жактан тейлөөнүн сапаты, дегеле, оорукананын учурдагы абалы туурасында аталган борбордун директору, врач-травматолог Ысламидин Бакиров менен баарлаштык.

"Жетишпеген аппаратуралар бар. Мисалы, рентген, ЭКГ аппараттары жок. Бир гана УЗИ аппараты болгондуктан, аны бир жерден экинчи жерге көтөрүп барганда да кошумча түйшүктү жаратат. Жаш балдарды салмагы, айы жетишпей төрөлгөндө ичинде кармап туруучу Кувез аппараты бар, бирок аны иштеткен адис жок",-дейт Исламидин Бакиров. СҮРӨТ: НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА

- Ысламидин Жаңыбаевич, айтсаңыз, мурдагы аймактык оорукана менен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун реформалоонун зарылдыгы канчалык деңгээлде эле?
- Биринчиден, райондо жашаган элдин саны 25 миңге чейин болсо, анда калкты медициналык жактан тейлөөдөгү эки мекеме бириктирилиш керек болчу. Район калкы 25 миңге жетпегендиктен ушул кадамга барууга негиз болду. Экинчиден, баарына белгилүү көп жылдан бери аймактык оорукана менен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери кызматтык милдеттерин бири-бирине таңуулап, элдин саламаттыгына кам көрүү маселеси экинчи планда калып, айтор ары сүр, бери сүр өкүм сүрүп келген. Жергиликтүү эл тарабынан да эки мекемени бириктирип бергиле деген талап коюлуп, ошондон улам реформалоого дуушар болду.
- Анда, кызматкерлердин аткарган кызматтары да өзгөрдүбү?
- Олуттуу деле өзгөрүүгө дуушар болбоду. Мурдагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору болсо азыр жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу болуп калды. Бул жерде иштеген потранаж, мээрман эжелер мурда кандай кызмат аткарса, азыр деле ошол кызматын аткарып жатат. Ал эми ооруканада административдик кадрдык орун алмашуулар болду. Каржылоо жагы да өзгөрүп, бир гана жалпы дарыгерлердин практикалык борбору каржыланат. Айрым бухгалтерия өңдүү медициналык кызмат көрсөтүүдөн сырткаркы кадрлардын штаттары кыскарды. Ал эми медициналык кызматкерлердин функциялары өзгөргөн жок. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан стационарга бир топ кызматкерлер ротация болушту. Себеби, бир эле орунда иштей берсе, кызматкерлердин өзүнүн үстүнөн иштөө, жаңы ыкмаларды колдонуу чеберчилиги дээрлик жок болуп калат. Ошондой эле кадрлардын жетишсиздигине байланыштуу үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда жок медкызматкерлер стационарда болушу, же болбосо тескерисинче болуп калышы мүмкүн. Анын үстүнө орун алмашуу аркылуу кызматкерлердин бири-бири менен болгон ынтымагы бекемдейт деген да максат болду.
- Оорукананын кадрдык потенциалы канчалык деңгээлде?
- Дарыгерлер таңсык деп айтсам жаңылбайм. Бүгүнкү күндө район боюнча 17 врач, 151 мээрман айым бар. Жалпы врачтардын штаттык саны 98 болушу керек. Орточо эсеп менен алганда он миң калкты медициналык жактан төйлөөдө врачтар 6,3 пайызды гана камсыз кылат. Эң негизги элге кызмат көрсөтүүчү хирург, гинеколог, уролог, окулист, кардиолог, нейрохирург, невропотолог адистери жетишсиз. Бир дарыгерди бир ставкадагы айлыгы менен алып караганыбызда бул жерге эч ким келип иштебейт. Ошондуктан, кошумча акы төлөп берүү менен кармап турабыз. Мисалы, бир эле хирург көп функцияны аткарат. Кардиолог жок болгондуктан, анын функциясын терапевт аткарат.
- Өрөөндө негизинен кайсы оорулар басымдуулук кылат?
- Бул аймакта кыш мезгили оор болгондуктан учурда сасык тумоо оорусу көп катталды. Ошондой эле жугуштуу оорулардан ич өткөк, бруцеллоз, аз кандуулук оорулары көбүрөөк кездешет. Бул оорулардын көп болушунун себеби да аймактын климаттык шартынын оордугуна байланыштуу.
- Ооруканада медициналык жабдуулар канчалык деңгээлде камсыз болгон?
- Жетишпеген аппаратуралар бар. Мисалы, рентген, ЭКГ аппараттары жок. Бир гана УЗИ аппараты болгондуктан, аны бир жерден экинчи жерге көтөрүп барганда да кошумча түйшүктү жаратат. Жаш балдарды салмагы, айы жетишпей төрөлгөндө ичинде кармап туруучу Кувез аппараты бар, бирок аны иштеткен адис жок. Айтор, кадр болсо, аппарат жок, аппарат болсо кадр жок. Ошол себептүү көпчүлүк учурда бейтаптарды облуска жиберүүгө туура келет.
- Өткөн жылы Ош облусунда эне, бала өлүмү эң жогорку көрсөткүчтө катталбадыбы. Бул көйгөй районду да кыйгап өтпөгөндүр.
- 2009чу жана ага чейинки жылдарга дейре бактыга жараша эне, бала өлүмү катталбаптыр. Бир гана убагында дарыгерге кайрылбагандыктан бир бала өлүмү катталган. Дарыгерлер барган учурда жайлоодо же, башка жерлерде болуп калышат. Анан энелер дагы кош бойлуу кезинде өзүн көзөмөлдөбөгөндүктөн, анын оорусу балага өтөт да, бала төрөлгөндөн кийин эненин курсагында кислород жетишпегендиктен, бир жашка чейин каза болгондорунун да бир себеби ушунда.
- Тез жардам бекети тууралуу да айта кетсеңиз?
- Район боюнча беш тез жардам машинасы бар. Нөөмөтчү кызматкерлер күзөттө турушат. Бейтапка көрсөтүлүүчү биринчи тез жардамдын баары акысыз көрсөтүлөт. Мурда тез жардам машинасын чакырган адам машинанын майына чейин куюп берген окуя болуп келген экен. Эгерде оорулуу оор балда болсо, тез жардам машинасы менен облуска жеткирилет. Аны менен бирге врач же мээрбан эже кошо барышат. Бейтапты облус борборуна алып баргандыгы кызматкерлер акы алышпайт. Мурдагы салыштырмалуу тейлөө сапаты жакшырды деп айтууга болот. Ошого карабастан борбордун эки филиалында тез жардам машинасы жетишпейт. Анын үстүнө калк жайгашкан пункттардын аралыгы 40-50 чакырымды түзөт.
- Алдыда кандай долбоор, пландарды ишке ашырганы турасыздар?
- Жакында Оштон хирург врачтардын келүүсү күтүлүүдө. Мындан сырткары да жетишсиз адистердин тизмесин тиешелүү тарапка жибергенбиз. Эгер алар келе турган болсо, бир үй, отун-суу жагынан толугу менен камсыздап беребиз. Тез жардам бекетинин имаратынын курулуш иштери жүрүүдө. Буюрса, май айларынан баштап ишке берилет. Ошондой эле энелер мектеби деген атайын кош бойлуу энелерге консультация берүүчү борбор да түзүлөт. Район жетекчилиги менен макулдашып эки кабаттуу оорукананын имаратын курганы жатабыз. Анткени, азыркы оорукана 1956-жылы курулуп, ошондон бери кызмат өтөп, эскилиги жеткен. Маектешкен НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА, ОШ




Карышкырлар райборбордо
Областтын дээрлик бардык аймактарында ач карышкырлардын күч алгандыгы тууралуу уу-дуу сөздөр көп. "Ой, чак түштө эле жылкымды жеп кетиптир. Короомдогу койлорума кол салды" деген элеттиктердин тастыктоолоруна караганда, быйыл ач карышкырлар калк жык жайгашкан айылдарга чейин кирип келишти. Тоң районунун үстүңкү өрөөнүндөгү айылдарда үйүрү менен жүргөн карышкырларга алар таңданбай деле калышкан сыяктуу. Ач карышкырлардын арааны аябай ачылганбы, эми райондун борбору болгон Бөкөмбаев айыл тургундарынын короолоруна кол сала башташты. Өткөн жумада бир короодон эле 80ге жакын койду тамактап, үй ээсин таман акы, маңдай тери менен тапкан малынан заматта ажыратып салды. Беш-алтыдан жылкысын, же уюн карышкырга жедирген элеттиктер четтен чыга турган болду. Күч алган карышкырларды жоготуу чаралары жакын арада көрүлбөстүгүнө көздөрү жеткен көпчүлүктүн айткандарына таянсак, областтык мергенчилер кошуунунун чама-чаркы жок. Аты бар, заты жок мындай кошуундарды кармап туруунун зарылчылыгы болбой деле калды. Дегинкиси, мылтыгы, ок-дарысы жок, болсо да күч алган карышкырларды атып жоготууга мүмкүнчүлүктөрү чектелген мергенчилер айыл тургундарынын суроо-талаптарын жакынкы аралыкта аткарат деген ишеним аз.

Кар калың түштү
18-январдагы калың жааган кардан улам Түп районунун Талды-Суу, Чоң-Таш, Сан-Таш, Кең-Суу айылдарына каттоо кыйын болду. "Түп-Кеген" автожолунун Сары-Тологой айылынын жогорку бөлүгүндө кыймыл токтоду. Автоунаа каттоочу негизги жолдорду гана ачууга чама-чарктары жеткен жолчулардын тастыктоолоруна караганда, Сан-Таштан урган ызгаардуу шамал жолдорду тазалоо иштерине бир топ кедергисин тийгизди. Бир түндүн ичинде эле 80 сантимерге чейин түшкөн калың кар, кыш ызгаары элеттиктердин түйшүгүнө-түйшүк кошоору ырас. Калың карды жиреп жол ачууга алы жетпеген балдар мектепке барбай да калышты. Айрыкча, отун-суусу тартыш кары-картаңдардын, социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн санааларына-санаа кошкон аяздуу кыш аталган айылдарда узакка созулаарын кошумчалай кетели.

"Ашыкча чыгымга жол бербейли"
Областтык юстиция башкармалыгы тарабынан "Айыл мыйзамы" иштелип чыгып, ал Көл кылаасындагы 64 айыл округуна таркатылып берилген. Тилекке каршы, бул мыйзам 2 гана айыл округунда талкууланып, аш-тойлордо ыксыз чыгымдарды кыскартуу, куру намыска жол бербөө чаралары көрүлгөнү болбосо дале ашыкча ысырапкорчулукка жол берилүүдө. Куру намыс талашып, акыркы малын сойгондордон тартып, байлыктарын кайда чачаарын билбей, ар кандай жок шылтоолор менен маараке-тойлорду өткөрүүгө жарыш алган капчыгы калыңдардын бир жылдык ыгым-чыгымы миллиондолгон сомду түзөөрүн эсепке алган аталган башкармалыктын кызматкерлеринин пикирлеринде, "кыргызчылык" гана кыргыздарды итке мингизет.
Областтык юстиция башкармалыгы ашыкча чыгымдарга, айрыкча маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатындагы намыс талашмайларга каршы күрөшүү иш-чараларын улантууда. Аталган башкармалыктын бул демилгесин областтык телерадиокомпаниясынын чыгармачыл жамааты да колдоп, Каракол шаарындагы тарых-аймак таануу музейинин базасында ток-шоу өткөрдү. Бул иш-чарага К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенттери, юристтер, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. "Бардын малын чачам, жоктун артын ачам" деген түркөй түшүнүккө маани берүү дегеле туура эмес. Шариятка туура келбеген "кыргызчылыктын" кесепети эң ириде колунда жок бей-бечераларды карызга батырууда. Бир канча миңдеген сомдорду сарптап эстеликтерди орнотуу да туура эмес. Маркумдарга куран окуп, алардын адамгерчилик сапаттарын, эл үчүн өтөгөн эмгектерин эскерип туруудан өтөр эч нерсе жок" деген областтын казысы Алмаз Сагындыков мындай иш-чаралардын таасири сөзсүз болооруна ишеним артты. ШЕЙШЕКАН ЖАНАЛИЕВА, ЫСЫК-КӨЛ



кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"
email • архив • редакция 
22-январь, 2010-ж.:
1-бет
Кара-Тейиттин кара тагы
2-бет
Жеңиш менен улансын!
3-бет
Украинадагы шайлоо экинчи турга калды
4-бет
Tаласты байыткан төө буурчак соодасы токтойбу, же…
5-бет
Haрында бир катар облустук мекемелер жоюлууда
6-бет
Ызакжан Бектенов:
"Ириң түтүкчөсү менен жылына 400-500 адамга кайрадан операция жасалууда"

7-бет
Кара-Тейиттин кара тагы
9-бет
Банан бакыт тартууласа, киви гриппти баса жыгат
12-бет
Окумуштуу Ормушевдин ой толгоолору
13-бет
Айтматов жана "кыргыз керемети"
14-бет
Африкада группалык оюндар аяктады





??.??