presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Tаласты байыткан төө буурчак соодасы токтойбу, же…

Төө буурчак менен иштөө түшүмдүү жана түйшүгү да аз экендиги дыйкандардын мээнетинин кайткандыгынан кабар берет. Бирок төө буурчак бир гана жерде жана жыл сайын айдала бергендиктен түшүмдүн азайгандыгын айгинелейт.

САМАРА КАБЫЛБЕКОВА ТАЛАС
Талас облусу акыркы жылдары төө буурчак өндүрүү соодасы менен материалдык жактан тыңыды. Мындан 7-8 жыл мурда Талас калкы картошка, буудай өндүрүү ишин колго алышкан. Бирок өндүрүлгөн түшүмдүн баасынын арзан болушу жана аз өлчөмдөгү кардарлардын айынан калктын капчыгы кампайбай келген. Төө буурчактын Талас аймагында өстүрүлө башташы жана киреше алып келиши менен абал бир топ жакшырды.
Төө буурчак бир топ түргө бөлүнүп, дыйкандар киреше алып келүүчү түрүн көбүрөөк өстүрүшөт. Төө буурчакты Түркиядан келген "Робин", "Чалай сервис", ОсОО "Алина" фирмалары сатып алышат. Аталган фирмалардын ишинин натыйжасында биздин төө буурчактар дүйнөгө сатылууда. Төө буурчак бизнеси Кыргызстан менен Түркия мамлекеттеринин бири-бирине кошкон салымы экендиги талашсыз. Төө буурчактын калкыбызга тийгизген таасири жана пайдасы ун, май, чайга араң акча тапкан таластыктар үчүн көктөн түшкөндөй эле болду. Төө буурчак бизнеси менен алектенген Калыбек Айтымбетов: "Төө буурчак бир гана таластыктар үчүн эмес, Кыргызстан жана Түркия, андан сырткары дүйнө жүзүнө да зор салымын кошууда",-дейт.
Төө буурчак Кыргызстандын башка аймактарына караганда Талас аймагында жакшы түшүм берген. Себеби, Талас аймагы мээлүүн алкак болуп эсептелет. Жогоруда аты аталган түрк фирмалары алгач Чүй жана Ысык-Көл аймагында төө буурчакты өстүрүп көрүшкөн. Бирок Чүйдүн жайкы ысыгынан төө буурчак быша электе күйүп калган. Ысык-Көл аймагында суукка урунуп үшүк алган.
"Төө буурчак соодасы менен иштешип келе жатканыма 7 жылдын жүзү болду. Биз дыйкандар менен түрк фирмаларынын ортосунда иш алып барабыз",-дейт ишкер Калыбек Айтымбетов. Анын айтымында, төө буурчактын баасы алгач жогору болгон. Түшүм мол, киреше көп, көңүл ток. Бир кило төө буурчактын баасы 45 сомдон 55 сомго чейин жеткен. Бир тоннасы 45 миң сомдон 55 миң сомго чейин болгон. Ал эми ар бир түтүнгө 2 гектардан 10 гектарга чейин жер бөлүнгөн.
Төө буурчак менен иштөө түшүмдүү жана түйшүгү да аз экендиги дыйкандардын мээнетинин кайткандыгынан кабар берет. Бирок төө буурчак бир гана жерде жана жыл сайын айдала бергендиктен түшүмдүн азайгандыгын айгинелейт. Ак-Дөбө айылынын дыйкандарынын айтымына караганда киреше деп, жылда жерди эс алдырбай, же жер семирткичтерден бербей жылына төө буурчак өстүрүлө бергендиктен жердин күчү кетти. Ошондуктан жер акырындык менен түшүмдү азайта баштады.
"Алгач төө буурчак соодасы башталганда мен да бул ишке киришкем. Бир гектарына 3-4 тоннага чейин төө буурчак жыйып алчумун. Менин 5 гектар жерим бар",-дейт айылдык дыйкан Алмаз Бердибаев. Анын айтымында, башында машинасы жок, үйү эски болсо, кийин баарын жаңырткан. "Бирок акыркы кезде төө буурчактын баасынын төмөндөшү, жердин күчүнүн кете башташы түшүмдүн азайышына жол ачты",-дейт айылдык дыйкан А.Бердибаев.
Мол түшүм алуу үчүн жерди эс алдыруу же жер семирткич берүү сөзсүз түрдө керек экендигин Калыбек Айтымбетов баса белгиледи. Анын айтымында, жерге жер семирткич берилбесе болжол менен 7 же 8 жылдан кийин төө буурчак бизнеси токтоп калышы мүмкүн.
Дүйнөлүк кризис төө буурчак ишине терс таасирин тийгизбей койгон жок. Калыбек Айтымбетовдун айтымында, кризис биздин төө буурчак сатуу ишине аябай терс таасирин тийгизүүдө. Себеби, төө буурчактын баасы 28 сомдон 30 сомго чейин болууда. Бул аздык кылат. Дыйкандардын мээнети текке кете тургандай.
Дүйнөлүк кризис менен жердин алсыздыгы бара-бара төө буурчак өстүрүү ишин токтотуп коюу коркунучу алдында турат. Бул көйгөй мээнеткеч дыйкандарды жана калкыбызды тынчсыздандырбай койбойт.




Тилек Акамбаев: "Дүйнөдөгү кризис биздин шаарга да таасирин тийгизди"
Жалал-Абад шаарынын мэри Тилек Акамбаевди кепке тартып, өткөн жылдагы аткарылган иштер боюнча бир нече суроолор менен кайрылган элек. Ошол маектешүүнү окурмандарга сунуш кылабыз.

- Тилек Бурканович, өткөн жыл кандай жыйынтыкталып, эмнелер аткарылды?
- Өткөн жыл шаардык мэрия үчүн бир жагынан татаал жыл болду, ошондой эле ийгиликтүү жыл болду. Татаал дегеним, дүйнө жүзүндөгү кризис, экономикалык тартыштык биздин шаарга деле таасирин тийгизди. Шаардагы "Нур" заводу өзүнүн продукциясын сата албай калды. "Кыргыз Петролиум" компаниясы да нефтинин бир келип, бир келбей калганынан, баалары өзгөрүлүп, булар да бир топ кыйналды. Биз өнөр жайынан өткөн жылы бир аз кыйналдык. Бирок, бул негизги экономикалык көрсөткүчтөргө көп таасир эткен жок. Эмне үчүн дегенде, салык жагынан бардык түрлөрүн толугу менен жыйнадык. Салык өстү, былтыр пландаштыргандан салыктан 35-40 пайызга көбүрөөк жыйналды. Анын эсебинен шаардагы жумуштардын көбүн аткардык.
Андан сырткары, кошумча жумуштар жасалды. Шаарыбызда эки жылдан бери шаардык турак жай жана коммуналдык чарба департаменти (ЖКХ) менен суу канал башкармасы жана башка коммуналдык чарбалар көп иштерди аткарып жатат. Былтыр дагы кошумча 6 млн. сомдук жолдорду оңдодук.
Ошондой эле, жаңы техникаларды алып жатабыз. Мен келгенден бери эле, таштанды жыйнай турган машинеден бешти алдык. Мурунку АРИСтен алган машинени кошуп эсептегенде, таштанды ташый турган 8 машинабыз бар. Шаарга жетиштүү болуп калды. Турак жай жана коммуналдык чарба департаментине жаңы экскаватор сатып алдык. Ал эми шаардык суу канал болсо, АРИСтин программасы менен 44 миң долларлык жаңы экскаваторду жардам катары алышты, ага биз акча төлөгөн жокпуз. Жасалма бийик секи (вышка) машинасы да сатып алынды. Булардын баарына шаардык бюджеттен кытайдан чыгарылган машиналарды сатып алууга жалпысынан 2,5 млн. сом акча бөлүп бердик.
- Өткөн жылы мектептер менен бала бакчаларга кандай жардамдар берилди?
- Былтыркы жылы мектептер менен бала бакчаларда бир топ иштер аткарылды. "Мерсико" (MERCY CORPS) Эл аралык уюмунун шартына ылайык, биз жергиликтүү бюджеттен мектептер менен бала бакчалардын ремонттоо иштерине, жаңы эмеректерине 2,5 млн. сом акча бөлүп бергенбиз. Ошол "Мерсико" уюму да биз бөлүп берген суммадагы акчаны бөлүп, жалпы 5 млн. сомдук жумуш мектеп жана бала бакчаларда аткарылды. Салыктын эсебинен шаардагы №3 Жусупбек Бакиев атындагы мектептин спорт залын толугу менен бүтүрдүк. Дагы бир кичине бүтпөй турган жактары калды. Эми муну биз кичине күн жылыганда ачылышын өткөрөбүз. Ошондой эле, №10 мектептин от казанын толугу менен бүтүрдүк.
- Быйылкы жылы шаардын көчөлөрүн оңдоо жана көрктөндүрүү боюнча кандай иштер аткарылат?
- Азыр биз шаардык турак жай жана коммуналдык чарба департаментине пландарды түзүп жатабыз. Нагима Айтматова, Жусуп Бакиев көчөлөрүн толугу менен реконструкция кылабыз. Өткөн жылы байкасаңар керек, Токтогул көчөсүндөгү коомдук кичинекей бактын арыктарына жаңыдан ноо (лоток) төшөдүк. Шаар боюнча 60тан ашык скамейкаларды коюп чыктык. Элибиз мурдагыдай скамейкаларды сындырбай калышты. Шаарыбызды Кыргызстандын үчүнчү шаары деген деңгээлге чыгарабыз деген ойдомун.
- Көп кабаттуу үйлөрдө жашаган шаардыктардын жаш балдары ойной турган аянтчалар быйыл да курулабы?
- Жаш балдар ойной турган аянтчаларды 2008-жылы шаарыбыздын 17 жерине курганбыз. Бул мындай болгон, шаардык кеңештин депутаттары өздөрүнүн шайлоочулары берген тапшырмаларын аткаруу үчүн деп шаардык бюджеттен 2 млн. сомго жакын акча калтырышкан экен. Ошол акчадан бөлүнүп берилген каражатка, биз тендер жарыялап, анын негизинде жаш балдар ойной турган аянтчалар жасалган. Былтыр да ошондой акчалары бар эле. Бирок, ар бир депутат өздөрүнүн шайлоо округдарындагы аткарыла турган иштерине жумшашты. Мисалы, мына жол оңдогонго, арыктарды тазалап, оңдогонго кетиришти. Быйыл "акча бөлүп бергиле, мурдагы жылы коюлбай калган жерлерге балдардын ойноочу аянтчаларын коёлу" деп суранып жатабыз.
Бирок, бир өкүнүчтүү жери бар. Мурдагы жылы коюлган балдар аянтчаларын бир жылдын ичинде биздин шаардыктар туура колдонбой, жаш балдардын ордуна чоң-чоң эле балдар менен кишилер отуруп алып, бүт скамейкаларын, аянтчаларын бузуп ташташты. Биз анан эмне кылдык? Кайрадан ошол жасап берген заводго кайрылып, силер ушундай гарантия менен бердиңер эле деп, алардын баарын оңдотуп чыктык. Эми экинчи жолу балдар ойной турган аянтчаларды кайрадан оңдогонго мүмкүнчүлүк болбойт. Мына ушуну эл өзү билиш керек.
- Шаарда чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча кандай иштер аткарылды?
- Шаарыбыздын көпчүлүк кичи жана орто бизнестеги ишканалар, жеке ишкерлер тарабынан реалдык экономиканын өсүшүнө өздөрүнүн чоң салымын кошуп келүүдө. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен шаар боюнча кичи жана орто бизнестеги ишканалар, жеке ишкерлер тарабынан 1 млрд. 183,0 млн. сомдук продукция, өткөн жылга салыштырмалуу 2,0 эсеге көп өндүрүлдү.
Бирок, 2009-жылда жеке ишкерлер тарабынан 368,2 млн. сомдук продукция өндүрүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,9 млн. сомго кем болду. Өткөн жылы шаар боюнча жалпысынан 1144,0 млн. сомдук инвестиция каражаты тартылды. МАЕКТЕШКЕН АНАРХАН ЖАНЫБАЕВА, ЖАЛАЛ-АБАД





Кайрымдуулук жардамдын ээси ким?
"Сорос-Кыргызстан" фондунун демилгеси менен дүйнөлүк финансылык-экономикалык кризистен жабыркагандарга жардам берүү үчүн чукул фонд түзүлгөн. Былтыркы жылы "Сорос-Кыргызстан" фонду Чыгыш Европа жана мурдагы Советтер Союзундагы өлкөлөргө 100 млн. доллар бөлөрүн билдирген. Ал эми Борбор Азиядагы мамлекеттердин тизмесине Кыргызстан менен Тажикстан киргизилген. Кыргызстанда калктын социалдык жактан начар корголгон катмарларына жардам көрсөтүү боюнча долбоорлор жарышы жарыяланып, бүгүнкү күндө анын жыйынтыгы чыгарылды. Колдоого алынган долбоорлордун саны 20га жетип, аларга керектелчү каражаттын көлөмү 86 миң долларды түздү. Алар: Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илимий изилдөө институтуна жүрөк кемчиликтери менен туулган балдарга медициналык жабдууларды сатып алуу, Онкология улуттук борборуна онкологиялык оорулуу балдарга медициналык жабдууларды сатып алуу, Бишкек шаарындагы №27 мүмкүнчүлүгү чектелген балдар лицейин оңдоо, Нарын жана Ош облустарынын 6 балдар бакчасында жылыткыч орнотуу, начар көргөн балдарды окутууга жабдууларды сатып алуу жана "Курак" альманахын басып чыгаруу. ЭЛЬВИРА КАРАЕВА





кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"
email • архив • редакция 
22-январь, 2010-ж.:
1-бет
Кара-Тейиттин кара тагы
2-бет
Жеңиш менен улансын!
3-бет
Украинадагы шайлоо экинчи турга калды
4-бет
Tаласты байыткан төө буурчак соодасы токтойбу, же…
5-бет
Haрында бир катар облустук мекемелер жоюлууда
6-бет
Ызакжан Бектенов:
"Ириң түтүкчөсү менен жылына 400-500 адамга кайрадан операция жасалууда"

7-бет
Кара-Тейиттин кара тагы
9-бет
Банан бакыт тартууласа, киви гриппти баса жыгат
12-бет
Окумуштуу Ормушевдин ой толгоолору
13-бет
Айтматов жана "кыргыз керемети"
14-бет
Африкада группалык оюндар аяктады





??.??