presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Украинадагы шайлоо экинчи турга калды
Борбордук шайлоо комитетинин маалыматы боюнча шайлоого катышкан 99,7 пайыз добуштун 35 пайызы оппозициялык Региондор партиясынын лидери Виктор Януковичке таандык. 25 пайыз менен учурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко экинчи орунда келе жатат. Ал эми азыркы президент Виктор Юшенкону шайлоочулардын 5 пайызы гана колдоду.

Өткөн жуманын аягында Украинада президенттик шайлоо болуп, ага 18 талапкер катышты. Борбордук шайлоо комитетинин маалыматы боюнча шайлоого катышкан 99,7 пайыз добуштун 35 пайызы оппозициялык Региондор партиясынын лидери Виктор Януковичке таандык. 25 пайыз менен учурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко экинчи орунда келе жатат. Ал эми азыркы президент Виктор Юшенкону шайлоочулардын 5 пайызы гана колдоду. Ошентип шайлоонун экинчи туру келерки айдын жетисинде өтөт. Айрым байкоочулардын баамында экинчи турда шайлоо катуу жүрүшү мүмкүн. Анткени жарыштан чыгып калган талапкерлердин шайлоочулары өкмөт башчысы Ю.Тимошенкого өтүп кетип, ортодогу он пайыздай айырмага карабастан ал президенттик мандатты утуп алуусу ыктымал. Ал эми оппозиция лидери В.Янукович мамлекет башчысы болуп калса, шайлоо алдындагы убадалардын баарын аткарганга даяр экенин айтып, элди үгүттөөдө.




Гаитиде 200 миң адам набыт болду
Катуу зилзаладан жабыркаган Гаитиге тыш өлкөлөрдөн ар кандай гуманитардык жардамдар келүүдө. Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мун жардам үчүн жарым миллиарддан ашуун доллар чогултуу керектигин айтты. Ал эми АКШнын экс-президенттери Жорж Буш менен Билл Клинтон гаитиликтерге жардам берүүгө жетекчилик кылууда. БУУнун маалыматы боюнча, Порт-о-Пренстеги ар бир үчүнчү имарат кыйраган. Куткаруучулар Гаитинин бардык жеринде урандыларды тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Акыркы күндөрү урандылардын астынан 120 адам куткарылган. Айрым жерлерде жапа чеккендер дүкөндөрдү талап-тоношкону да айтылууда. Анткени гумжардамды убагында жардамга муктаж адамдарга бөлүштүрүү мүмкүндүгү болбой жатат. Гаити бийлигинин маалыматы боюнча апааттан 200 миңдей адам набыт болгон. Алардын ичинен 75 миңдей сөөк жерге берилди. Ал эми бир жарым миллиондой адам үй-жайсыз калды.

КАЙРАДАН ЖЕР СИЛКИНДИ
Кырсыктан бир жума өткөн соң Гаитиде кайрадан жер титиреди. 6,1 баллга жеткен зилзаланын эпицентри Порт-о-Пренстен 56 чакырым алыстыкта болду. Кырсыктан эсине келе албай жаткан гаитиликтерге АКШ дагы 4 миң адамын жардамга жөнөтүп, аскерлеринин санын 16 миңге жеткирди. "Medicins Sans Frontieres" уюмунун кызматкерлери 12 тонналык медициналык каражаттары менен Порт-о-Пренстин аэропортуна коно албай коюшкандыгын жарыялады. Анткени аэропортту толугу менен америкалыктар ээлеп алышкан. Учурда коңшу Доминик республикасынын Сан Исидро аэропорту аркылуу гумжардамдар келүүдө.



Россияда дагы бир округ пайда болду
Орус президенти Дмитрий Медведевдин жарлыгы боюнча Түндүк Кавказ федералдык округу түзүлүп, ага Дагестан, Ингушетия, Кабардино-Балкария, Карачаево-Черкесия, Түндүк Осетия, Чечня республикалары жана Ставрополь крайы кирет. Округдун борбору Пятигорск шаары болсо, анын жетекчилигине Александр Хлопонин дайындалды. Д.Медведев "Аймакта азырынча эч кандай экономикалык өсүү деген жок. Кылмыштуулук күчөп, массалык жумушсуздук көбөйдү. Согушчандар менен кармашууну да ушул аймактан үйрөндүк. Андыктан сиздин ишиңиз жеңил эместиги баарыбызга маалым. Бирок биздин ишеничти актап, аймактын гүлдөп, өсүшүнө шарт түзөт деп ишенем",-деди А.Хлопонинди дайындап жатып.

Кылмыш кодексине түзөтүүлөр кирди
Египеттин Юстиция министрлиги кылмыш кодексине түзөтүүлөрдү жана толуктоолорду киргизди деп билдирет "Аль-Масри аль-Яум" басылмасы. Ага ылайык, аялдарга жана балдарга карата зордуктоону жасагандар өлүм жазасына тартылат. Ал эми жаш балдарды уурдагандар катуу режимде өмүр бою эркинен ажыратылат. Буга чейин жетилген курак 16 жаш болсо, эми 18 жаш деп эсептелет. Балдарга жана аялдарга карата зордук-зомбулук өлкөдө кеңири кулач жайгандыктан, жазалоонун катуу түрлөрү каралууда. Аталган толуктоолор министрлер кабинетинде каралган соң, парламентте талкууланат.

Кагылышуудан 150 адам жабыркады
Нигериянын Жос шаарында христиандар менен мусулмандардын кагылышуусу болуп, 150 адам каза тапты. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча түшүнбөстүк жекшемби күнү башталып, атышуулар менен коштолгон. 300гө жакын шаар тургуну жашап жаткан үйлөрүн аргасыздан таштоого мажбур болушкан. Учурда комменданттык саат киргизилип, көзөмөл кызматчылары шаарды тартипке салууда. Диний көз караштан чыккан кагылышуу Нигерияда буга чейин 2001-жылы болуп, 1000 адам набыт болсо, 2008-жылкы уруштан 200 адам каза болгон.

СМС жазуу боюнча корейлер алдыда
Нью-Йоркто СМС жазуу боюнча конкурс болуп өттү. Ага катышууну каалагандардын саны 200 миңден ашып, финалга 26 талапкер чыкты. Дүйнөнүн ар кайсы бурчунан чогулган талапкерлердин ичинен кореялык 17 жаштагы Бэ-Эн Хо жеңүүчү деп табылып, 100 миң доллардын ээси болду. Экинчи орун америкалык Кейт Мурга ыйгарылды. Ал эми үчүнчүлүктү аргентиналыктар ээлешти. Конкурстун талабына ылайык СМСти ар ким өз тилинде катасы жок, сөздөрдү кыскартпай, тез жазуу керек эле. Өткөн жылы жеңүүчү деп табылган Кейт Мур секундасына 3-4 символду тере алат. Анын айтуусу боюнча айына 12 миң СМС билдирүү жөнөтүп турат.

Бара бербей, пара бер
Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Афганистандын жашоочуларынын акыркы жылдарда 2,5 миллиард доллар пара берген деп жарыялады. Калктын жарымынан көбү акыркы убакта жок дегенде бир же эки жолу пара берген. Афгандыктар үчүн паракорлук кадыресе эле көрүнүш. Пара бермейин, эч бир жумушту бүтүрүү мүмкүн эмес деп эсептешет. Ошондой эле өлкөдө жайгашкан эларалык уюмдарга элдин ишеничи азыраак. Ал эми афган соттору, полиция, саясатчылар коррупцияга белчесинен батып калышкан. БУУнун өкүлү билдиргендей, коррупция өлкөнүн коопсуздук абалын жакшыртуу, экономиканы өнүктүрүү иштерине тоскоол болуп, баңгизаттын гүлдөп өсүшүнө өбөлгө түзүүдө. Сурамжылоого негизинен 12 провинциядан 7600 адам, айыл-кыштактардан 1600 адам катышкан.




Борбор Азия бороон кучагында
Казакстандын Караганды облусунда эң суук - минус 41 градус 18-январь түнүндө катталды. Облборбордо суук -35ге жетти, тарыхта мындай окуя баягы "улуу карда" 1969-жылы болуп өткөн эле. Чыгыш Казакстандын борбору Павлодарда дүйшөмбү күнү суук 39га барып, мектептерде окуу токтотулду. Бул облуста ошондой эле шейшембиде 16.00дөн баштап коомдук унаа дээрлик бардык багыттар боюнча чыгарылбады, мындай чаралар Павлодарда 20.00дөн, Карагандыда 21.40тан баштап ишке ашты. Шаршембиде Бишкек-Алматы жолунда кар, бороон болуп, жолдун 2-3 метри араң көрүнүп, Кордой белинде 150дөй автомашина топтолуп, акыры жол жабылды.
Кытайдын Шыңжан Уйгур автоном облусунун аймагында 18-январдагы "Синьхуа" агенттигинин маалыматы боюнча калың жааган кардын жана бороондун кесепетинен төрт киши каза болуп, 148 миң адам шашылыш түрдө жеринен көчүрүлгөн. Ошол күнкү маалымат боюнча табият кырсыгынан бул аймактын 1,26 млн жашоочусу жабыркаган, кардан 1825 имарат кулап түшүп, 14 200 тамга залака кетип, 101 миң баш мал ажал тапкан.
Катуу жааган кар Монголиянын талааларына, адырларына да жетип, жанын бага албай 322000 баш мал кырылып калган. Кар жатпас монгол талааларында азыр анын калыңдыгы 10-35 сантиметр болсо, адыр-дөңсөөлөрдө 40-50 сантиметрге, айрым жерлерде 60-120 сантиметрге чейин жетип барды. Малчыларга аскерлер жардам берип жүрөт.

Женеваны таң калтырган Динара
Н.Назарбаевдин ортончу кызы Динара Кулибаева Швейцариянын кооздугу боюнча даңазалуу Женева көлүнүн Аньер аймагынан 8000 чарчы метр жер тилкесин 74,7 млн. франкка сатып алып, дүйнө байларынын оозун ачырды. Мурдагы бул жердин кожоюну орусиялык Рус-там Аксененко 2005-жылы болгону 19 млн. франкка эле алган экен. 42 жаштагы Динара Кулибаева (Назарбаева) - Тимур Кулибаевдин жубайы, ал болсо KazEnergy уюмунун башчысы, өлкөнүн бокс федерациясынын президенти. Эки баласы бар бул үй-бүлө 2007-жылы "Forbes" журналынын рейтинги боюнча планетадагы эң бир таасирдүү адамдардын катарына кирип, байлыгы болжолу 2,1 миллиард доллар дешкен. Динара 1989-жылы Москвадан Театралдык институтту бүткөн, театртаануучу, өзүн саясаттан алыс кармайт, өлкөдө кайрымдуулук иштерин алып барат.

Суу сактагычтар да каралдыбы?
Орусиянын премьер-министринин биринчи орунбасары Игорь Шувалов баштаган делегация 18-январда Ташкенде Өзбекстанды президенти Ислам Каримов, Каржы министри Рустам Азимов ж.б. жетекчилер менен жолугушту. Айтуудан өткөн кылымдын 90-жылдарында өзбек тарап сумун бекемдейбиз деп Орусиядан алган карызы маселеси да көтөрүлдү, ошол эле кезде Тажикстан жана Кыргызстан куруп жаткан сууэнергиялык станциялар тууралуу да сөз жүрдү дешүүдө.

Казактардын "Келини" Оскарга талапкер
"Чет элдик эң мыкты кино" номинациясына 65 өлкө өз тасмаларын сунуштады. Алардын ичинен тогуз кино жарым финалга чыкты. Казактардын "Келин" тасмасы да жарым финалга катышууда. Финалга беш тасма чыгып, жеңүүчүлөрдүн аты 2-февралда аталат. Ал эми сыйлык 7-мартта тапшырылат.





кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"
email • архив • редакция 
22-январь, 2010-ж.:
1-бет
Кара-Тейиттин кара тагы
2-бет
Жеңиш менен улансын!
3-бет
Украинадагы шайлоо экинчи турга калды
4-бет
Tаласты байыткан төө буурчак соодасы токтойбу, же…
5-бет
Haрында бир катар облустук мекемелер жоюлууда
6-бет
Ызакжан Бектенов:
"Ириң түтүкчөсү менен жылына 400-500 адамга кайрадан операция жасалууда"

7-бет
Кара-Тейиттин кара тагы
9-бет
Банан бакыт тартууласа, киви гриппти баса жыгат
12-бет
Окумуштуу Ормушевдин ой толгоолору
13-бет
Айтматов жана "кыргыз керемети"
14-бет
Африкада группалык оюндар аяктады





??.??