presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Жеңиш менен улансын!
Жалал-Абад кыргыз-түрк лицейинин 11-классынын окуучусу Азамат Аскаров эл аралык Жауытыков олимпиадасына катышып, коло медалынын ээси болуп кайтты. Математика-физика сабактары боюнча адистешкен бул жарышта А.Аскаров математика сабагынан ат салышып, 16 өлкөдөн келген окуучулардын ичинен 3-орунга татыган. Ал эми биринчиликти россиялыктар илип кетсе, экинчи орунду Казакстандын окуучулары ээлеген.
"Себат" билим берүү мекемесинин окуучулары бул жарышка жыл сайын катышат, ал эми быйыл 4 команда менен барышкан. "Мен былтыркы жылы да бул жарышка катышып, бир упай жетпей, орунга илешпей калдым эле",-дейт А.Аскаров. Анын айтымында, мындан кийин математика сабагы боюнча дүйнөлүк олимпиадага даярдык көрүп, андан ары Түркиядагы университеттердин бирине тапшырат. Азамат акыркы үч жылдан бери республикалык олимпиадаларда да жеңиштүү орундарды ээлеп келет. Аталган олимпиаданын жыйынтыгында, дагы бир "Brain ring" деген интеллектуалдык жарыш өткөрүлгөн. Анда ар бир өлкөнүн командалары өз ичинен атайын бир курама команда түзүп, жарышка катышкан. Жалал-Абад кыргыз-түрк лицейинин мугалими Очилбек Рахмановдун айтымында, биздин окуучулар экинчи орунга татыган. ЭЛЬВИРА КАРАЕВА




Ала-Тоону арзыгандар көбөйдү
"Кабар" маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча 21-январда Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинде 2009-жылдын жыйынтыгы жана 2010-жылга карата план, программаларды иштеп чыгуу үчүн жыйын болуп өттү. Анда, 2009-жылы 7 миң 973 этникалык кыргыздар (16 жашка чейинкилери эсептелген эмес) тарыхый мекенине кайтып келгендиги айтылды. Анын ичинен Чүй областында 1 миң 920 адам, Ош -504, Жалал-Абад - 2 миң, Баткен - 2 миң 980, Талас - 19, Ысык-Көл - 1, Бишкек - 300 жана Ош шаарында - 27 этникалык кыргыз келген.
2009-жылы кыргыз жарандыгын алуу үчүн 1 миң 121 атуул арыз менен кайрылган. Министрликтин маалыматы боюнча, Кыргызстан өз алдынча өлкө болгондон бери 25 миң этникалык кыргыздар келишип, анын 22 миңи Кыргызстандын жарандыгын алышкан.
Учурда, алардын 40%га жакыны турак-жайга муктаж жана 70% жакыны жерди ижарага алып, айыл-чарба өсүмдүктөрүн эгип, тиричилик кылат жана 20%га жакын атуулдар жер алышып, үй салышкан. Абдыкерим МУРАТОВ




Астма менен ооругандарга жеңилдик карточкасы берилмекчи
Февраль айынын орто ченинен тартып бронхиалдык астма жана өпкөнүн өнөкөт оорулары менен ооругандар пластикалык карточка пайдаланышат. Бул максатта 2 миң карточка киргизилет, бейтаптар анын жардамы менен дары каражаттарын дарыканалардан 40 пайызга арзан алышмакчы. Кыргыз торакалдык коомунун директору Талантбек Сооронбаевдин билдирүүсүндө бул карточкаларды эл аралык коомдор менен биргеликте 5 миң долларга сатып алышкан. Анын айтымында, Астма-клубдардын дарыгерлери аны чындап муктаж болгон оорулууларга беришет. Аны менен астмадан жабыркагандар "Слетит" дарысын дарыгер жазып берген өлчөмдө ала алышат.
"Келечекте муну 60 пайызга чейин арзандатууга, ал эми бир-эки жылдан кийин бул карточкаларды акысыз таратууга аракет кылабыз",-дейт Т.Сооронбаев. АЙМИРА МЕНДЕЕВА




ЖОЖдогу аскердик кафедралар жабылат
Өкмөттүн чечими менен быйылкы жылдан тартып, республикадагы жогорку окуу жайларда түзүлгөн аскердик факультет жана кафедралар кыскартылат. Буга мобилизациялык резервдин 20 эсеге көбөйүп кеткендиги себеп болгон, т.а. алардын саны 50 миңге жеткен. Ал эми ЖОЖдогу жабылган аскердик кафедралардын окуу каражаттары, курал-жабдыктары ж.б. материалдык-техникалык буюмдар аскердик бөлүктөргө таркатылат. Мындан кийин студенттер жогорку окуу жайын аяктаган соң, мобилизациялык резервдин чакыруу кызматына келет. Алар же 12 миң сом төлөшөт, же аскер-сержант катарында чукул кызмат өтөйт.
Бул убакытка чейин өлкөнүн 46 жогорку окуу жайларында, 11 аскердик кафедра жана факультеттерде офицерлерди даярдоо иштери жүргүзүлгөн. Алардын саны жыл сайын 4 миңдин тегерегин түзгөн. Бирок былтыркы жылы аскердик кызматка 14 адам гана тапшырган. ЭЛЬВИРА КАРАЕВА

136 милиция кызматкери жоопко тартылган
Кыргызстанда 2009-жылга карата Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички коопсуздук органы тарабынан 136 милиция кызматкерине 91 кылмыш иши козголгон. Мындай маалыматты ИИМдин министри Молдомуса Конгантиев билдирди. Анын айтымында, 66 милиционерге кызмат абалынан пайдалангандыгы, ал эми 26сы пара алгандыгы үчүн айыпталган. Өткөн жылы милициядан терс жүрүм-турумуна байланыштуу 182 адам иштен кетсе, ички иштер бөлүмүнүн 16 кызматкери соттолгон. АЙМИРА МЕНДЕЕВА




И.Кадырбековго өкүм чыкты
Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин жетекчиси болуп турган учурда кызмат абалынан пайдалангандыгы үчүн Ишенбай Кадырбековду 6 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратты. Аны Каржы полициясы 2008-жылдын 25-апрелинде камакка алган.


Бардык мектептерге компьютер коюлду
Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров 20-январда Мамлекеттик байланыш агенттигинин 2009-жылдагы отчёттук жыйынында атайын айтып өттү. Анын айтымында, эми 2010-жылы компьютердик класстарга интернет байланышы киргизилмекчи.


Баш мыйзамды өзгөртүүгө мүмкүн
Конституцияга өзгөртүүлөрдү, алымча-кошумчаларды киргизүү зарылдыгы бийлик бутактарына жаңы түзүмдөрдүн келип чыккандыгынан улам күн тартибине коюлган, мисалы, Коопсуздук кеңеши, Мамлекеттик катчы дегендер жоюлуп, Президенттин институту ж.б. киргизилген. Мына ошол өзгөрүүлөрдү мыйзамдык жактан бекемдөө үчүн Президент Башмыйзамдын өзгөргөн түрүн Жогорку Кеңешке берген, алар болсо ишти карап чыгууну Конституциялык сотко тапшырган. Кечээ Консот бул өзгөртүүлөргө макул экендигин тастыктап чечим чыгарып берди.

Ура, кайрадан "Алга"
20-январда Бишкек шаарынын мэрлиги тарабынан "Алга Бишкек" деген аталыштагы футболдук команданын түзүмү иштелип чыкты. Бул команданын демилгечиси жана президенти шаар башчысы Нариман Түлеев. Жакында башкы машыктыруучусу, вице-президенти аныкталат. Окурмандардын эсине сала турган нерсе өткөн кылымдын 60-70-жылдарында Фрунзенин "Алга" командасы далай күйөрмандардын алаканын ысыткан. Абдыкерим МУРАТОВ




  Жогорку Кеңеште

Баатыр жана баатыр эмес энелер
2004-жылы 7ден көп балалуу энелерге "Баатыр эне" наамын берүү жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Бирок былтыркы жылы Нарын облусундагы 129 көп балалуу эненин ичинен 37 аялга гана татыктуу наам берилген. Ал эми калган 80 аял "Баатыр эне" наамын ала албай, депутат Дамира Ниязалиевага нааразычылыктарын билдирген. Эл өкүлү көп балалуу энелердин маселесин тез арада чечип берүүсүн өкмөттөн суранды.

Аялуу катмарды колго алуу
Депутат Бейшенбек Абдырасаков мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын маселесин көтөрүп чыкты. Анын айтымында, 100дөн ашык мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар жогорку окуу жайларда келишим менен окушат. "Өкмөт аларды бюджеттик бөлүмгө которуусун колго алса",-дейт ал. Андан сырткары, Б.Абдырасаков мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн реабилитациялык борборду ачуу зарыл экендигин айтты.

Нурадагы куруучулар пулун ала албай…
Буга чейин өкмөт тарабынан Нурадагы куруучулардын айлык акысы төлөнөрү айтылса да, бүгүнкү күнгө чейин алар акчасын ала албай келишет. "Төрт-беш айдан бери айлык акысын ала албаган куруучулар өкмөткө кайрылууда",-дейт алайлык депутат Ажибай Калмаматов. Бул тууралуу депутаттар Бейшенбек Абдырасаков, Турдукан Жумабекова жана Жалаллидин Салахудинов маселени тез аранын ичинде чечүү үчүн комиссия түзүү керектигин билдирди.

Кыргызстандын үйү жарыкпы, же жүзү жарыкпы?
"Исмаил Исаковдун соттолгонуна байланыштуу, Алайдагы айылдаштары нааразылыгын билдирүүдө милициялар тарабынан кысымга алынууда",-дейт Роза Отунбаева. Анын айтымында, мындай адам укуктарын бузуу менен эл аралык масштабда Кыргызстандын жүзү карайып жатат. Бирок депутат Кубанычбек Жолдошев: "Андай эмес, ошол караңгылык болбосун деп, өкмөт Камбар-Ата ГЭСин курууда",-дейт. Ал эми эл өкүлү Ажибай Калмаматовдун айтымында, Алай району тынч жана күч колдонуу жок.

Кутурмадан киши каза тапты
Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Жаштык айылынын тургуну 14-январда кутурма оорусунан каза тапты. Бул окуядан бир жума өткөндөн кийин жергиликтүү прокуратура дарыгерди күнөөлүү деп тапкан. Депутат Гүлнара Дербишеванын айтымында, дарыгер эмес, жергиликтүү ветеринариянын кызматкерлери күнөөлүү. "Өзгөчө Жалал-Абад жана Баткен облустарында кутурма оорусу күч алган",-дейт ал.

Ким кирешесин декларацияга кийирет?
Жогорку Кеңеш "КРнын жарандары тарабынан жалпы салык декларациясын көрсөтүүгө даярдык жөнүндө" мыйзам долбоорун колдошту. Жаздын биринчи күнү 1-марттан баштап, жарандар кирешеси жөнүндө декларациясын өз эрки менен тапшыра баштайт. Экономикалык тескөө министри Жеңишбек Байгуттиевдин айтымында, өз эрки менен декларация тапшыруу бардык салык декларацияларына негиз болот. "Эгерде жарандын кирешеси жана мүлкү 45 млн. сомдон ашса, ал жалпы декларациялык төлөмдү, т.а. 1 пайыздык 450 миң сомун төлөөгө милдеттүү",-дейт министр. Бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы чыккан "азчылык", же Социал-демократтар менен коммунисттер партиясы мыйзамдын чийки экендигин билдиришти. ЭЛЬВИРА КАРАЕВА





кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"
email • архив • редакция 
22-январь, 2010-ж.:
1-бет
Кара-Тейиттин кара тагы
2-бет
Жеңиш менен улансын!
3-бет
Украинадагы шайлоо экинчи турга калды
4-бет
Tаласты байыткан төө буурчак соодасы токтойбу, же…
5-бет
Haрында бир катар облустук мекемелер жоюлууда
6-бет
Ызакжан Бектенов:
"Ириң түтүкчөсү менен жылына 400-500 адамга кайрадан операция жасалууда"

7-бет
Кара-Тейиттин кара тагы
9-бет
Банан бакыт тартууласа, киви гриппти баса жыгат
12-бет
Окумуштуу Ормушевдин ой толгоолору
13-бет
Айтматов жана "кыргыз керемети"
14-бет
Африкада группалык оюндар аяктады





??.??