presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Айтматов жана "кыргыз керемети"
Гани Кудайберген уулу,
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Радио-ТВ жана кино искусство бөлүмүнүн студенти
Көркөм адабиятты эң негизги кан берүүчү каражат катары пайдаланган кино өнөрү залкар жазуучу үчүн ар дайым маанилүү кубулуш катары бааланып келген. Тээ башта, "адам таңы - балалык" чагында эле залкар жазуучунун чоң энеси Каракыз апа айткан элестүү жомоктордун катарында кадимки кино өнөрүнүн таасири дагы зор болгонун сезебиз. Залкардын "Балалыгым" аттуу эскерүү китебинде: "менин балалык дүйнөмдөгү эң орчундуу окуялардын бири - атам менен кино үйүнө барып, ошол мезгилдин сенсациялуу фильмдеринин бири "Соловей соловушка" деген фильмди тамаша кылганыбыз. Бул фильмде бир сулуу кыз менен жигиттин ортосундагы махабат баяны бар. Кыз-жигит бир байдын кулу болушат. Бай бойго жетип турган кызды жашыруун башкага сатат. Кыздын сулуулугун айтпа, анан да кемелине келтирип укмуш сонун ырдачу. Ошондуктан кино "Соловей соловушка" деп аталса керек. Кинодогу кыз-жигиттин трагедиясы, кыздын ыйлаганы, кыймылы башка бирөөгө сатылуусу менин балалык дүйнөмө чоң таасир берген эле. Ал учурдун фильмдери спектаклге окшош боло турган. А чыныгы кино өнөрү искусство катары кийин өнүктү. Фильмден катуу таасир алган жаным, бир убак кино театрдын ичинде эле буркурап боздоп ыйлап баштадым. Атам мени карап айласы түгөндү. Ордунан туруп мени алып тышка чыгып кетейин дейт. Өзү да эмине болоор экен деп андан ары жагын көргүсү келет. Чыкпайын дейт мен ботодой боздоймун. Анан мага - "Уулум! Бу жерде ыйлаган болбойт! Кой ыйлаба!" - деп сооротот. Ошентип ата-бала кинону акыр аягына чейин көрдүк." (Айтматов Ч., Чыгармаларынын 8 томдук жыйнагы, 5-т. - Б., 2008, 422-423-б.) - деп жазат. Мынакей, узак жылдардан кийин дагы унутулбас эстемеге айланып, балалык аң сезиминде улуу толкундарды жаратып, балгын жүрөгүн терметкен кино жазуучу үчүн башынан эле сырдуу да, бийик да өнөр болуп бааланып келген. Жазуучунун "Атадан калган туяк" аңгемесин окуп олтуруп дагы залкардын балалык ааламындагы кандайдыр бир деңгээлде күчтүү таасирлерди жараткан ички чындыгын туюп олтурабыз. Элдик оозеки чыгармачылыктын бай корун жакшы билген чоң энеси жөнүндө германиялык немец котормочусу ("Балалыгым" аттуу китептин жазылышына себеп болгон киши) Фредрих Хитцерге айтып берип жатып "чоң энем мен үчүн кино, телевизор эле" дегени бар. Демек Айтматов тээ башта эле өз көкүрөгүндө элестүү кино жараткан адам.
Жазуучунун дээрлик көп чыгармасы экрандаштырылып дүйнөлүк жана кыргыз кино чөйрөсүндө чоң таасирлерди жаратып жатса, улуу жазуучу өзүнүн адабияттагы чыныгы ачылыш багытын ушул кино өнөрүнө дагы байланыштырып айтып олтурат: "мен үчүн ачылыш темага жакындоо "Бетме-бет" повестинен көрүндү. Анда турмуштун чыныгы фактыларына кайрылгам. Ырас, адабий, т.а., кинематографиялык башат да бар эле - ал Лавреновдун китеби боюнча тартылган "Кырк биринчи" деген кино картина. Андагы реализмди ой жүгүртүүсүз же китепти караандай окуусуз эле түшүндүм. Ал искусствонун укмуштай формаларына жуурулушкан реалдуу, ашкере асемделбеген ойдон табылбаган турмуш экенин сездим. Ошондо өз ата журтумду, өз жеримди, Шекерди ачтым" (жогорудагы китеп, 298-б.), - дейт адабиятчы В.Левченко менен болгон маегинде. Чындыкты чындыктай таануу бул көркөмдүктүн улуу гармониясын жаратат. Чындыктан адашуу оңой. Дүйнөдөгү эң башкы жана кымбат нерсе - адамдын чындыгын табуу, чыгармачылыктын бүткүл күч-кубаты аркылуу адамды ачуу реализмдин эң негизги принциби. Ошол реалисттик башатты гуманист жазуучу кино өнөрүнөн көргөнүн айтып олтурган жокпу?
Кыргызстан киночулар союзун жыйырма жылдан ашык башкарган залкар жазуучу жөнүндө кыргыздын белгилүү биринчи кино сынчысы Каарман Ашимов менен орусиялык кино сынчы Владимир Фуртичев биргелешип жазган "Советтик кыргыз киносу" деген китепте: "Кинематограф менен Чыңгыз Айтматовдон да артык байланышкан заманбап жазуучуну аташ кыйын. Ал башынан баштап эле кинематографиялык процесске катышып келди. Ар дайым бир гана экрандаштырылып жаткан фильмдердин автору гана эмес чыгармачыл кеңештин мүчөсү, өз ыктыяры менен сынчы жана кеңешчи катары студияга барып турчу", "Айтматовсуз Кыргызстанда кинематографиялык процессти элестетүү - сценарийди окуу, материалдарды жана фильмдерди талкуулоо, тажрыйба алмаштыруу мүмкүн эмес эле. Өткөн жылдарга кылчактап карасак бир эле адамдын маяк кызматын аткарышы жаш кыргыз киносу үчүн жакшы таасир бергенин көрөбүз. Ар кандай студиялык баштоолордо Ч.Айтматов үзгүлтүккө учурашы мүмкүн болсо да дайыма жаңы демилгелерди колдоп келген. Эгерде Айтматовдун прозасынын өнүгүү этабына карасак өз ара таасир берүү эки жакка да пайдалуу болду деген жыйынтыкка келебиз (албетте бул жерде эки жак деп кыргыз киносу жана Айтматовдун чыгармачылыгы айтылууда). Кино жазуучуга али өздөштүрүлбөгөн жашоо катмарларын жана ачыла элек мүмкүнчүлүктөрүнүн чектерин ачууга өбөлгө түздү. Кино жумуштары, анын чыгармаларын экрандаштыруудагы алган тажрыйбасы анын прозасын жаңы боёктор менен байытты. Кинематограф аркылуу байытылган Айтматовдун прозасы чоң социалдык курчтукка ээ болду" деп жазат К.Ашимов жана В.Фуртичев. Даанышман сынчылардын ушул кыска бааларынан улам тереңдеп изилдесек, тээ 1941-жылдары жаңыдан төрөлүп баштаган кыргыз киносу Айтматов чыгармаларынын дүбүртү дүйнөгө жаңырып турган 60-70-жылдары чындап бойго жетип, өзүнүн классикалык фильмдерин жаратып, "кыргыз керемети" атанган алтын доорун сүрдү. Жазуучунун мыкты экрандаштырылган фильмдеринин көбү ушул мезгилге туш келет. Айтсак "Делбирим" (1961), "Аптап" (1963), "Биринчи мугалим" (1965), "Саманчынын жолу" (1967), "Сүйүү жаңырыгы" (1974), "Ак кеме" (1975), "Кызыл алма" (1975), "Уулу менен жолугушуу" (1977), "Эрте жаздагы турналар" (1979). Булардын бардыгы кыргыз кино өнөрүндө өзгөчө орду бар мыкты фильмдер. Айрыкча "Ак кеме" повести боюнча тартылган фильм кино дүйнөсүндөгү чоң жаңылык катары бааланган. Ал СССРдин бүткүл союздук кино фестивалында чоң байгеге татыктуу болгон. Кийин бул фильм үчүн Чыңгыз Айтматовдун өзү, режиссор Болот Шамшиев, оператор Манасбек Мусаев СССР мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон жана дагы бул фильм ушул кезге чейин Американын мектептеринде окуу куралы катары окутулаары айтылууда. Ал эми дүйнөлүк кино ышкыбоздору Бакен Кыдыкееваны Геннадий Базаров тарткан "Саманчынын жолу" фильминдеги Толгонайдын ролунан кийин "Орто Азиянын бермети" деп аташкан. Мындан башка да Момундун ролундагы Асанкул Куттубаев, Орозкулдун ролундагы Орозбек Кутманалиев, Даниярдын ролундагы Сүймөнкул Чокморов, Дүйшөндүн ролундагы Болот Бейшеналиев, Карыз кемпирдин жана Ысмайылдын энесинин ролундагы Сабира Күмүшалиева, Бостондун ролундагы Советбек Жумадылов, Ысмайылдын ролундагы Бусурманкул Одуракеев, Сейденин ролундагы Шайыр Касымалиева, Танабайдын ролундагы Нурмукан Жантурин менен Догдурбек Кыдыралиев, "Кызыл алма" фильминдеги Гүлсара Ажыбекова, булардын бардыгы кыргыз кино өнөрүнүн таалайына бүткөн кайталангыс улуу тулгалар. Мына ушул улуу таланттар өз өнөрлөрүнүн бийик деңгээлин Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган фильмдерде жаратты. Кыргыз кино өнөрүнүн биринчи муун өкүлдөрүнүн бири Геннадий Базаров өз учурунда "Саманчынын жолу" фильмин тартканда 24 жаш курагында болуп алгачкы дипломдук иши болгонуна карабай чоң ийгиликке жеткен. Жана дагы ошол мезгилдердеги кыргыздын эң мыкты классик фильмдеринин бири "Бакайдын жайыты" (1966-жыл, режиссёру Төлөмүш Океев, сценарийин жазган Кадыркул Өмүркулов) фильми Айтматовдун акжолтой калыс пикиринен улам чындап бааланып баштаганын фильмди тарткан белгилүү оператор Кадыржан Кыдыралиев: " ... фильмди ар кайсы ой жоруулар менен Фрунзеде да, Москвада да кабыл албай коюшту. Ошондо Чыңгыз Төрөкулович менен ал учурдагы СССР кинематографисттер союзунун башкармасынын преседатели Л.Кулджанов ал жөнүндө адилет, калыс пикирин айткан соң гана "Бакайдын жайыты" даңгыр жолго түштү" ("Ала-Тоо" журналы, 1988-жыл, 5-сан, 140-бет) деп эскерет. Көрдүнүзбү, "Ч.Айтматовдун таасири болбогон бир да тармак жок" (К.Акматов) экени чын. Айтматов чыгармаларынын күчтүү драматургиялык деми менен реалисттик ажары, терең философиялык жана фольклордук катмары кыргыз өнөр ааламынын ар бир атуулу үчүн "маяк" кызматын аткарып кете берери чын.
Негизи "кыргыз керемети" деген сөздүн өзү ошол кыргыз кино өнөрүнүн дүйнөгө дүңгүрөп турган мезгилинде кайсы бир фестивалда орустун белгилүү режиссёру Владимир Юткеевдин "...бул өзүнчө кыргыз керемети!" деген сөзүнөн улам кеңири таралып, ушул терминге айланганы белгилүү. А чынында, "кыргыз керемети" атанган кыргыз кино өнөрү эмнеси менен керемет? - деген суроо туулар болсо, анда ал чыныгы кыргыз турмушун чагылдырганы менен, эч кимге окшобогон кыргыз руханий ааламынын күзгүсү болгону менен, фольклордун тилин тапканы менен керемет деп айтуу ылайык. Мейли кыргыз документалдуу фильмдери болсун, мейли кыргыз оюн фильмдери болсун баарында тең бир улуу башаттан келген өчпөс, өлбөс нукура улуттук нуктун уңгусу бар экенин сезүүгө болот. "Кыргыз керемети" сөзү түз маанисинде кыргыз кино өнөрүн билдирип жаткан менен өтмө маанисинде адам тарыхынын түбүнөн түптөлгөн кыргыз элинин дүйнө маданиятына кошкон жалпы руханий өнөр ааламын бүт камтып жаткандай. Анын башында адам акылынын алгачкы жемиши болгон байыркы мифтен жаралган "асман менен жериңдин тирөөсүнөн бүткөндөй" улуу "Манас" турса, ошол байыркы кыргыз рухунун жаңы мезгилдеги өзгөчө жаңырыгы сыяктуу Айтматовдун өзү бүгүнкү күндөгү айкөл кубулуш го.
Калетсиз чындык ошол, кыргыз баласына таандык ар кандай бир өнөр улуу эпос Манастан башат алары сөзсүз. 90-жылдары үзгүлтүккө учурап, бирок бүгүнкү күнү кайра жанданып баштаган кыргыз кино өнөрүнүн белдүү өкүлдөрүнун бири режиссёр Эрнест Абдыжапаров "Кыргыз руху" гезитине берген бир маегинде: "кино өнөрү жөнүндөгү алгачкы кадамды француздар басып, алар жөн эле сүрөттү кыймылдатууга ачылыш жасашкан. Ошондон улам көп жылдардан кийин кино дүйнөсү образдуу драматургияга өсүп жетилген болсо, а кыргыздар илгери эле кино жараткан. Кантип дейсиз го? А Манасты кантип айткан? Кинону көрүп айткан да. Кадимкидей монтаждуу түрдө, элестүү түрдө, окуялуу түрдө, мүнөздүү түрдө. Манастын чабышып жатканын, Коңурбайдын образын кадимкидей сюжет, драматургия болуп туруп манасчы кадимкидей кинону көргөн да. Ошондуктан ар бир кыргыз жүрөгүндө кино режиссёр" ("Кыргыз туусу", 2008, 24-янв.) деп айткан. Албетте, режиссёр Э.Абдыжапаровдун бул пикирин ким да болсо эмоциялуу, көңүл көптүргөн сөз катары кабыл алаттыр. Бирок таланттуу режиссёрдун ушул сөзүнө карап анын кино өнөрүндөгү өз тутунган жолунда ар дайым улуу эпос "Манасты" туу тутуп, таянар тоосу, түгөнбөс казынасы катары кабыл алары билинип турат. Улуттук кинонун көч башчысы, "Тайгак кечүү" аттуу шедеврди жараткан атактуу режиссёр Мелис Убукеев дагы улуу эпос "Манаска" көп кайрылганын билебиз. Ал эми "Манас" менен Чыңгыз Айтматовду байланыштырып сүйлөө ар кимдин көөдөнүндө бар, ар кыргыздын жүрөгүнүн түбүндө уюган дил сөзгө айланганы эчак. "Байыркы сөз кээде бүгүнкү сөздөн да жаңы" (Ч.Айтматов) деп караган залкар жазуучу "руханий дөөлөттүн башаты" болгон улуу "Манастан" таалим алып, андагы элдик философиялык ойлорду өз калеминин стихиясына сиңирип көркөм ойлоонун жаңы бийиктигин жаратуу аркылуу бүт кыргыз өнөр ааламына шарапатын чачты.
Айтматов жана кыргыз кино өнөрү жөнүндө айтканда анын чыгармаларынын экрандаштырылганын, же болбосо Айтматов жөнүндө кандай, кайсы кинолор тартылганын тизмектеп айтып көрсөтүү эмес (ансыз деле жалпыга маалым алар) эң негизгиси Айтматов ааламынын жаңыча мейкиндиктерин таанууну максат кылуу.
"Кыргыз керемети" атанган кыргыз кино өнөрүнүн калыптанып өнүгүшүнө эбегейсиз таасир жараткан Айтматов жалпы дүйнөлүк кинематографиянын да багыт-багдары, ал-абалы, коомчулукта жараткан таасир-күчү, мезгилдин талабына жараша деңгээл өлчөмү, кандай атмосферада доордун үнүнө шайкешип же шайкешпей милдет аткарып жатканы жөнүндө ар дайым көкүрөк көзүн салып, ар кандай интервьюларында өз пикирин ачык айтып келген. Өмүрүнүн соңку учурунда да кино иштери жөнүндө, башкача айтканда, өзү жөнүндөгү документалдуу фильмге тартылуу үчүн Татарстанда жүргөн иш сапарында ооруканага жатканы белгилүү.
Айтматов чыгармачылыгынын кино өнөрү менен байланышкан түркүн кырларын аңтарып изилдей турган убакыт али далай болор, себеби залкар жазуучунун алигиче экрандаштырылбай, бирок кино ышкыбоздорунун көңүл көзүндө турган улуу чыгармалары бар. Ошондуктан да учуру келсе дагы айтар сөзүбүз көп экенин билдирип, Айтматов жөнүндө орусиялык телеканал тарткан режиссор Рауф Мамедовдун "Үйгө кайтып бара жаткан жолдогу ак түштөр" деген фильмден бир кадрдын баянын айтып берүү менен сөзүмдү аяктай турайын. Улуу жазуучу учакта терезеге карап ойлуу олтурат. Терезеден учактын булуттардын үстүндө кетип бара жатканы билинет. Аздап күрүлдөгөн учактын үнү дагы бар. Ал эми кадрдын артында залкар жазуучу коңур үнү менен мына бул тексттерди окуп жатат. "...мен кээде самолётто булуттардын үстүндө кетип бара жатканда ойлоймун. Ушул космос, ай, күн, жылдыздар, жер, бүт аалам, ал тургай кудай дагы адам үчүн жаратылгандырбы? - деп. Мына бул эң чоң табышмак. Эгер чынында ошондой болсо, биз, жер жүзүндөгү адамдар ошол ишеничти актап жатабызбы?.."





кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"
email • архив • редакция 
22-январь, 2010-ж.:
1-бет
Кара-Тейиттин кара тагы
2-бет
Жеңиш менен улансын!
3-бет
Украинадагы шайлоо экинчи турга калды
4-бет
Tаласты байыткан төө буурчак соодасы токтойбу, же…
5-бет
Haрында бир катар облустук мекемелер жоюлууда
6-бет
Ызакжан Бектенов:
"Ириң түтүкчөсү менен жылына 400-500 адамга кайрадан операция жасалууда"

7-бет
Кара-Тейиттин кара тагы
9-бет
Банан бакыт тартууласа, киви гриппти баса жыгат
12-бет
Окумуштуу Ормушевдин ой толгоолору
13-бет
Айтматов жана "кыргыз керемети"
14-бет
Африкада группалык оюндар аяктады





??.??