presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Окумуштуу Ормушевдин ой толгоолору
Керимбек Мамбетов
Ысык-Көл облусу, Тору-Айгыр айылы
Жакында мен Асан Сулайман уулу Ормушевдин "Аль-Харамга зыярат" деген жаңы китебин окуп чыктым. Адеп колума алганда эле кызыгып калгандыктан өтө тез окуп бүттүм. Окуп бүткөндөн кийин дагы кайра-кайра барактап чыкканымды айтсам болот.
Биринчиден эле китепте жол очерки сыяктуу баргандан келгенге чейинки баштан өткөндөрдү ажылыктын тартиби менен иреттүү берилиши ажылык зыярат жөнүндө кеңири түшүнүк алууга мүмкүнчүлүк берет. Мен өзүмдү ажыга барып келгендей сезип, Мекени - Арабияны элестетип калдым десем аша чапкандык болбойт. Анткени китеп жөнөкөй жатык тил менен түшүнүктүү, элестүү да жазылыптыр. Мен китептин баалуулугун Арабия, Мекке, Медина, ажылык жөнүндө кабардар кылуу, тааныштыруудан эле көрбөстөн, ислам маданиятынын адамзаттын өнүгүшүнө, адамдык касиеттин калыптанышына тийгизүүчү таасирлери жөнүндөгү кеңири ой толгоолор, ислам дини менен илимдин ортосундагы айрым далилдүү чындыктардын киргизилиши сыяктуу маалыматтардын берилишин өзгөчө баалуу деп эсептеймин.
Ыйык аталыштардын пайда болуу тарыхтары да ишенимдүү даярдалып, адамдарды ал аталыштарга чын дилден ызаат-урмат менен мамиле кылууга, зыярат кылып, сыйынууга түртөт.
Социалисттик доордун эң күчтүү атеисттик тарбиясында калыптанып динге күмөн саноо менен мамиле кылгандарга, азыркы жаштарга туура ынаным пайда кыларына, ыймандуулукка багыт берип, түз жолго түшүүгө бул китептин таасир этеринде, тарбия береринде шек жок. Белгилүү бир багытка тартуу ага тарбиялап, аны адамга калыптандыруу үчүн ошол багыттагы түшүнүк, билим жогору болуп, өзүңдө терең ишеним болууга тийиш. Ушуга байланыштуу атеизм күчтүү өкүм сүрүп турган кезиндеги бир эки окуя эсиме түшөт.
Раматылык Иса байке (академик И.К.Акунбаев) өтө кайгылуу кырсыктан каза болгондон кийин бир аз убакыт өткөндө куран окутуп коелу деп айылдын кадырлуу адамдары Асан жезде, Жумагул, Сарыбоз байкелер болуп Фрунзеге барып калдык. Балдары Неля, Медерлер атабыздын арбагын жакшы санаалаштары менен бирге эле чогуу эскерип коелу деп калышты. Баргандар аны да туура көрүштү. Ал эскерүүгө бир кезде кыргыз өкмөтүн көп жылдар башкарып турган, Борбордук Комитеттин катчысы да болуп иштеген коомдук жана мамлекеттик ишмер Абды Суеркулов, академик, эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков, академик Кайып Оторбаев, В.И.Лениндин эмгектерин кыргызчалаган көрүнүктүү котормочу Сатаркул Чолоков, философ, азыркы демократ укук коргоочу Топчубек Тургуналиев, белгилүү акын Совет Урманбетов ж.б. көптөгөн илим жана маданияттын өкүлдөрү катышкан эле. Ошондо куран окууга Темирбай ажы (ал ошол кезде Каир университетин бүтүрүп жаткан экен) атайын чакырылыптыр. Ал учурда куран окууга киши табуу кыйын эле. Бата кылбагыла дегенге чейин барып калбадыбы беле. Куран окуп, эл менен чайлашып отурдук. Чай арасында Темирбай ажы Иса байкенин кайтыш болгонун Каирдин радиосунан 6-январь күнү эртең менен саат 9.00да (Иса байке 1975-жылы 5-январда саат 5.00тер ченде аварияга учураган эле) укканын, анда Кыргызстандын дүйнөгө белгилүү окумуштуу хирургу И.К.Ахунбаев автокатастрофага 5-январда саат 5.00терде учураганын, саат 8.00ге чейин үч саат бою кароосуз калып, дүйнөдөн кайтканын, Советтер Союзунда орустан башка элдердин көрүнүктүү адамдарына камкордук көрбөсүн, ага айдоочу бербегендиктен, тажрыйбасыз адам машина айдагандыктан кырсыкка учураганын укканын айтты эле.
Эс алуу учурунда ар кимдер ажыдан Египет, Каир, ислам дини жөнүндө сурап жатышты. Ошол учурда анын бир айтканы эсимде калыптыр.
К.Маркс менен Ф.Энгельс 1848-жылы жазган "Коммунисттик манифестинде" эпиграф кылып алган "Бардык өлкөлөрдүн пролетарлары бириккиле" деген уранды курандан алган. Ал куранда мындан 1300 жылдан ашык мурда эле жазылган. Бирок аны бурмалап пайдаланышкан. Куранда "Бүткүл дүйнөнүн адамдары биримдиктүү болгула" деп айтылат. "Манифесте" болсо жакырлар гана бириккиле деп, адамдарды бөлүп-жарып көрсөтүп жатат деген.
Ушул учурда ал жердеги билимдүү кишилердин бирөө дагы сөз кайрыган жок. Мүмкүн ниеттеринде туура көрүштүбү, же мурда эле билишчүбү, анысын билбейм. Бирок ал айтылган сөзгө ишенүүгө болот эле. Анткени, К.Маркс, Ф.Энгельс динге да көп кайрылышкан да, Ф.Энгельс "Библиянын" ар кандай басылыштарына баш сөз жазгандары бар эмеспи. Демек, пайдаланышы толук мүмкүн.
Ал кезде мындай сөздү айтуу атылган ок менен барабар болучу. Мындай динди даңазалаган сөздү, өзүнө бекем ишеними бар, билимдүү, өтүмдүү адам гана айта алмак. Анткени акыл-эстүү адамда "айтылган сөздүн жоопкерчилиги" деген түшүнүк болушу керек да.
Экинчи бир эсте калган нерсе, кайсыл жыл экени эсимде жок, Садыкжан ажы Камаловдун (ошол кезде муфтий болуш керек эле) "Ленинчил жаш" газетасына атеист окумуштуулар менен жолугушуусу болуп, алардын суроолоруна жооп бергени жөнүндө интервьюсу жарыяланган. Ошондо анын минтип айтканы бар эле.
- Мен жыйырмадан ашык атеист окумуштуулар менен жолугушуп, алардын түрдүү суроолоруна ыраазы болоорлук жооп бердим (албетте суроолор дин, ислам жөнүндө болуш керек). Акырында "мен бир суроо берейин, кимиңер жооп бересиңер" деп, баарына суроо салсам ошол атеист окумуштуулардын бирөө дагы батынып "мен жооп берем" деп, айта алган жок,-дейт.
Буга каяша айткан ойду кийин да окуй алган жокмун. Мүмкүн айтылгандыр. Эмнеси болсо да бул өзүнө өзү, билимине терең ишенген адамдын ою жана сөзү.
Мен ал атеист окумуштууларды күнөөлөй албайм, себеби советтик доордо илимий атеисттерди даярдоо менен, аларга дин жөнүндө терең түшүнүк берген эмес. Ошондуктан алардын аргументтери дайыма кургак, бир жактуу болуп, ишенимсиздикке алып келген. Дин, же ислам жөнүндө талкуулоо, талашып-тартышуу үчүн аны ийне-жибине чейин билиш керек эмеспи. Дегеле эмне жөнүндө болбосун билбей туруп, ал жөнүндө кантип талкуулоого катыша аласың, же талашып тартыша аласың?
Мен жогорудагыларды эскерип жатканым, эгерде кимде-ким динге, мусулманчылыкка ынандыргысы, анын касиети менен ыйык жолуна тарбиялагысы келсе, аны терең изилдеп үйрөнүп, таасын билүү зарыл. Биз эскерип кеткен адамдар сыяктуу кенен түшүнүктө, өзүнө ишенгендей, ар кандай суроолорго жооп бергендей болсун. Бир гана "Кудай айткан", "кудай деген" сыяктуу сөздөр менен адамдарды терең ынандырууга, туруктуу ишеним калыптандырууга мүмкүн эмес. Ошондуктан азыр мечиттер көбөйүп, жаштардын ага тартылуусу сыяктуу көрүнүштөрдүн болуп жаткандыгына карабастан, калкты толук ээрчитип кете албай, айрымдардын башка диндерге, диний конфессияларга өтүп жатышы, исламдын бурмаланган багыттарына кошулуп кетүүлөрдүн орун алышы кеңири эле кездешип жатат. Дин кызматкерлеринин, имам-молдолордун басымдуу көпчүлүгү атайын билим албаган, билимсиз, түшүнүгү тайкы, кругозору төмөн. Демек "чала молдо дин бузат" деген элдин сөзүндө калет жок. Мен "Туура эмес түшүнгөндөн көрө, билбеген жакшы" деген акылдуу ойду дайыма эсимде тутамын. Анткени туура эмес түшүнгөн киши башкага жакшылык кылайын деп, туура эмес айтып тетири жолго салып таштайт. Ал эми билбеген киши жакшылык кыла албаса дагы башканы туура эмес жолго түртүүгө бара албайт эмеспи.
Жыйынтыгында айтарым, Асан Сулайман уулу Ормушевдин "Аль-Харамга зыярат" китеби жөн гана жазылган жол очерки, же эскерүүлөр жазылган мемуар эмес, илимий изилдөө, акыл эстүү ой жүгүртүүлөрдүн негизинде тарбиялык маанидеги көз караштан жазылгандыгын жеке өзүмдүн баамдоом катары белгилей кетким келет. Айлыбыздагы, өз турмушундагы айрым өткөн-кеткендердин, таланттуу ыр түрмөктөрүнүн ылайыгы келген жерде китептин негизги мазмунуна ылайык киргизилиши, китептин кызыктуулугун арттырып аны дагы толуктап турат.
Биздин эл дагы "Бокотой-Барак" деп, жер дагы Тору-Айгыр деп көптөгөн легендалар айтылып Кыргызстанга легенда катары таралгандыгы, дүйнөгө белгилүү И.К.Ахунбаев, М.Токобаев, С.Ильязов, Б.Миңжылкиев, Т.Акматов ж.б. уул-кыздары менен таанылганы өзүнчө кеңири сөз кылып, тарыхын жазууга татыктуу.
"Аль-Харамга зыяратты" окуп бүткөндөн кийин эмнегедир кыска өңдөнүп калды.
Автор араб аалымдары менен бирдикте ислам маданияты жөнүндө изилдөөлөр жүргүзүүгө карата оюн айтыптыр. Демек, ислам жөнүндө терең изилдөөлөрдү жүргүзүп, дагы далай кызыктуу эмгектерди жазар деп ойлойм.





Урпакка калган улуу таберик
Махмуд Барсханий "Диван-и лугат ат-түрк" китебин буйуртма менен жазган беле?
Кабылбек Жумабаев
Нарын облусу, Кочкор айылы
1055-жылы сельжукид Тогрул бектин жөнөткөн армиясы араптардын өтө чоң аймагын моюн сундуруп алат да, Багдад халифин өз наамын кошуп кутба окууга аргасыз кылат. Халиф ошондо Тогрул бекти "Чыгыш менен батыштын өкүмдары" деп тааныйт! Бул - албан тарыхтын өңүрүнүн бир гана барагы! Багдаддын 26-халифи ал-Каим би-амириллах сельжуктарга көз каранды ошол абалын жеңилдетүү максатында өзүнүн жалгыз уулу Мухаммедге Тогрул бектин кызынын колун сылык-сыпаа суратып, жуучулар тобун жөнөтөт. Тогрул бек ошол таптагы саясий жактан да муну маакул таап, иниси Давуд Чагры бектин Алп Арслан деген уулунун кызын бердиртет. Тогрул бек 1063-жылы өлгөндө мына ушул Алп Арслан сельжуктардын атыккан 2-ханы болуп чыга келет. Ошондуктан да кээ бир изилдөөчүлөр аны Тогрул бектин өз уулу санап жүрүшөт.
Алп Арсландын ошондогу кызынан бу жарык дүйнөгө 1056-жылы Абулкасым Абдулла ибн Мухаммед ал-Муктади төрөлүп, ал кийин 1075-жылдан 1094-жылдын февралында өзү каза тапканга чейин аббасиддердин 27-халифи болуп Багдадда олтурган. Ал 1072-жылдын 25-январында туура эле 15 жашта болуп, Махмуд тилчибиздин китеби ага арналганы китептин дал өзүндө билдирилген.
Фарид ад-дин Аттардын (1220-жылы өлгөн) "Пянд намэ" китебинде бир эски баян жолугат: Түрк, же Афрасияб төрт уулдуу болуп, ошол төрт уулдун атынан түрктөр төрт ири уруудан турат - Тоң, Илак, Чигил, Барсхан. Мунун Барсхан тайпасынан кийин газневид династиясын түптөгөн Себук тегин чыгат. Ошол Себук тегиндин уулу Махмуд газневидди 999-жылы араб халифи "Ямин уд-давла ва амин ул-малла" (Мамлекеттин - Араб халифтигинин, оң колу жана ишеничи) деп тааныган!
Захир ад-дин Нишапуринин "Сельжук намэ" китебинде бул сельжук династиясы байыркы түрк тектүү кыныклы уруусунан, же тайпасынан чыгат! Алар башында Отрар, Яссыдан чыгышы - Ысык-Көлгө чейин жайгашкан!
Мына ушундай жагдайларга караганда саясий тополоңдон жер ооп Багдадга барып калган, сыягы мурда өзү да бир нече жыл мыкты тилчилерден Багдадда билим алып кеткен ханзада Махмудга (Махмуд ибн Хусаин ибн Мухаммед - Ысык-Көлдүн Барскоон айылынын аймагында 1029-1038-жылдар чамасында төрөлгөн) келечекки халифке түп таяке-тайынын үрп-адатын, тилин, тарыхын үйрөтүү максатында окуулук жазып калтыруу тикеден тике (халифзаданын энеси тарабынан?) заказдалган өңдүү!? Ал китепти жердешибиз Махмуд 18 ай ичинде (1072-жылдын 25-январынан 1074-жылдын 10-февралына чейин) өзүнүн жазганын төрт кайталап көчүрүп, түрктөрдүн урууларынын тили тууралуу эң алгачкы энциклопедиялык олчойгон сөздүк-эмгекти түзүп калтырган! Ошол китебинде жер шарынын картасын кошо чийип, ал картада жер ортосу деп ошол чактагы ислам дининин борбору Мекке менен Мединаны, же халиф өзү турган идеологиялык-саясий борбор Багдадды көрсөтпөстөн, азыркы кыргыз жериндеги Ысык-Көлдү белгилеген!





кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"
email • архив • редакция 
22-январь, 2010-ж.:
1-бет
Кара-Тейиттин кара тагы
2-бет
Жеңиш менен улансын!
3-бет
Украинадагы шайлоо экинчи турга калды
4-бет
Tаласты байыткан төө буурчак соодасы токтойбу, же…
5-бет
Haрында бир катар облустук мекемелер жоюлууда
6-бет
Ызакжан Бектенов:
"Ириң түтүкчөсү менен жылына 400-500 адамга кайрадан операция жасалууда"

7-бет
Кара-Тейиттин кара тагы
9-бет
Банан бакыт тартууласа, киви гриппти баса жыгат
12-бет
Окумуштуу Ормушевдин ой толгоолору
13-бет
Айтматов жана "кыргыз керемети"
14-бет
Африкада группалык оюндар аяктады





??.??