![]() |
|
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Арсен Аскеров: "Жалданма эне болуу маселесин мыйзамдаштырууга убакыт жетти" Бала үнүнө зар болгон аялзатынын көйгөйү илим-билим өнүккөн, ааламдашуунун арааны ачылган заманда кандай чечилүүдө. Бул тууралуу "Репродуктивдүү ден соолук боюнча Альянс" ачык коомунун президенти, КРнын энелер аудити боюнча Улуттук координатору, перинатология боюнча эксперт Арсен Аскеров менен маектештик. "Азыр Кыргызстандагы ар бир экинчи аял тукумсуздук дартынан жапа чегишет. Канча жылдап дарыгерлерге, көз ачыктарга, бакшыларга, мазарларга барганын айтышат. Эндокринологиялык тукумсуздукту лабораторияларда аныктоо өтө көп акчаны талап кылат. Анализдерди кайра-кайра изилдөөгө көптөгөн каражат керек, карапайым калк үчүн бул албетте өтө кыйын",-дейт Арсен Аскеров. СҮРӨТ: АЙМИРА МЕНДЕЕВА - Аялдардагы тукумсуздук көйгөйү канчалык деңгээлде олуттуу? -Мындан он жыл мурдагыга салыштырмалуу тукумсуздук абдан эле өстү, ал бара-бара үй-бүлөлүк көйгөйгө айланууда. Аялдар арасындагы тукумсуздук үчкө бөлүнөт. Биринчиси, тукум куучулук проблемалары же болбосо турмуш курганга чейин эле төрөлгөндөн тартып жыныс бездеринин иштешинин бузулушу. Бул генетикалык ооруларга байланыштуу. Учурда лабораториялык изилдөөлөр жогорку деңгээлде өнүккөндүктөн мунун себептерин аныктоого мүмкүнчүлүк бар. Бирок, бул багытта иштөөгө өтө чоң каражат талап кылынат. Экинчиси, жугуштуу оорулардан улам келип чыгууда. 1990-жылы союз жоюлуп, "сексуалдык революция" кулач жайып, медициналык кызматтын деңгээли төмөндөгөнүнө байланыштуу жугуштуу оорулар күч алган. Ошонун кесепетинен жатын түтүкчөлөрүнүн бүтөлүп калышы бул көйгөйдүн тереңдешине алып келген. Мамлекеттик эмес уюмдар иштеп жаткандыгына карабастан азыр деле жугуштуу оорулар олуттуу проблема катары калууда. Үчүнчүсү эндокринологиялык оорулардан улам пайда болгон тукумсуздук. - Ушул түрүнө кеңири токтолсоңуз? - Жыныс бездеринин ишин жөнгө салуучу нерв системасынын астында жаткан гипофиз, гипотоламус деп аталган бездердин иштеши начар болсо овуляцияга (жумурткалардын уруктануу процесси) терс таасирин тийгизет. Бул бездердин иштеши өтө маанилүү, эркекпи же аялбы эгерде өтө коркунучутуу онкологиялык оору болбосо дагы тамак-аштын, сырткы чөйрөнүн таасири тийет. Анын сырткы белгилери бул айыздын өз учурунда келбей калышы сыяктуу нормадан таюулар. Көпчүлүк аялдар айызы нормалдуу болсо эле демек, баары жайында деп ойлошот. Айрым билим деңгээли төмөн дарыгерлер муну түз эле жугуштуу оорулар менен байланыштырат. Жугуштуу оорулар анын сырткы гана көрүнүшү анын себеби, тереңде. Эркектин тукумсуздугун аныктоо аялдардыкына салыштырмалуу жеңилирээк. Аялдарда айыздык циклди байкоого алуу менен аныктала турган өтө татаал процесс. Эндокринологиялык тукумсуздук дартын аныктоо үчүн жер-жерлерде лабораториялар курулуш керек. Аныктоо, дарылоо иш аракеттерди туура жолго коюу менен муну азайтууга болот. - Эндокринологиялык тукумсуздукту аныктоо жана дарылоо карапайым калктын чөнтөгүнө туура келеби? -Азыр Кыргызстандагы ар бир экинчи аял тукумсуздук дартынан жапа чегишет. Канча жылдап дарыгерлерге, көз ачыктарга, бакшыларга, мазарларга барганын айтышат. Эндокринологиялык тукумсуздукту лабораторияларда аныктоо өтө көп акчаны талап кылат. Анализдерди кайра-кайра изилдөөгө көптөгөн каражат керек, карапайым калк үчүн бул албетте өтө кыйын. Ошого карабастан, учурда бир катар жеке менчик клиникалар ушул багытта иштеп жатышат. Буга мисал профессор Гүлнара Асымбекованын клиникасын алсак болот. Аталган клиникага Казакстан, Түркия өңдүү жакынкы жана алыскы мамлекеттерден адистер чакырылып, өз тажрыйбаларын бөлүшүп жатышат. Мунун жыйынтыгы тууралуу бир жылдан кийин сөз кылсак болот. - Айтыңызчы, биз сөз кылып жаткан экстрокорпоралдык же жасалма жол менен уруктандыруу канчалык натыйжалуу? - Бул технология өтө татаал, муну дүйнө боюнча киргизген күндө дагы натыйжалуулугу 30-40 пайызды гана түзөт. Кандай гана болгон күндө да тукумсуздук көйгөйү эч качан жоюлбайт. Мындай ыкма натыйжа бербесе, биз дагы башка жолдорун издешибиз керек. Бүткүл дүйнөлүк үй-бүлөнү пландаштыруу федерациясы адамдардын сексуалдык укуктары боюнча жобону иштеп чыкты. Анда эгер биз тукумсуздукту жоё албасак, адамдар экстрокорпоралдык уруктандырууга, суррогат (жалданып бала төрөөчү аял) энеге укуктуу. Россияда суррогат эне боюнча мыйзам он жылдан бери иштейт. Ал эми биздин мамлекетте бала менен байланышкан көп көйгөйлөр чыкты. Статистика боюнча 80-жылдары балдар өтө көп төрөлгөн, мына ошол балдар үйлөнүшүп, азыр балдар көп төрөлүүдө. Ошону менен бирге тукумсуздук проблемасы дагы кошо жүрүп, балалуу боло албагандарга балдарды сатуу маселеси келип чыкты. Мындай мыйзамсыз көрүнүштөр укук коргоо органдарынын, медициналык кызматкерлердин бекер акча табуу жолуна, адам укуктарынын тебеленишине алып келүүдө. Эгерде биз суррогат эне болуу маселесин мыйзамдаштыра албасак, анда балалуу боло албагандардын жана өз баласын бага албай таштап кеткен жалгыз бой энелердин көйгөйлөрүн эч качан чече албайбыз. Мурда бала алыш үчүн көптөгөн кагаздарды толтуруп, кезекке турушчу. Азыр андай болбой баланы жең ичинен саткандар арбыды. Бала асыралганга чейин Ымыркайлар үйүндө жок дегенде жарым жыл багылышы керек. Учурда андай үйлөрдүн абалы тууралуу айтуунун деле кажети жоктур. Балдар үйлөрүнүн башчылары балдарды кыргыздарга эмес, чет элдиктерге каалагандай сатып жаткандары да жашыруун эмес. - Суррогат эне болууну мыйзамдаштырууга кандай аракеттер жасалып жатат? -Жакынкы арада бул маселе боюнча тегерек стол өткөрүп ага Саламаттыкты сактоо министрлигин, балдарды коргоочу уюмдардын өкүлдөрүн чакырууну пландап жатабыз. Албетте, бул маселе өтө татаал иш, муну мыйзамдаштырууну ондогон атайы клиникалары бар Казакстан дагы ишке ашыра албай келет. Биз каалайбызбы же каалабайбызбы бул кубулуш бардык өлкөлөрдө болуп жатат. Жасалма жол менен уруктандырууда оң эмес тескери натыйжа көбүрөөк болууда. Себеби, ага кеткен нерв, акча, убакыт жубайлардын ажырашуусуна чейин алып келүүдө. Андыктан суррогаттык эне болуу маселесин чечүү мезгилдин кечиктирилгис талабы. МАЕКТЕШКЕН АЙМИРА МЕНДЕЕВА Сыныктагы алгачкы жардам МОБИЛИЗАЦИЯЛОО * Деформацияланган бут кандай абалда болсо ошол боюнча салуу * шакшак муундун сыныгына жана ага чейинки абалына ылайыкталып коюлат * керектелүүчү материалдар пенка, картон. Коробкага окшоштуруп жасап алып, бош жерлерине чүпүрөк толтурабыз * сыныктын үстүн бекитебиз * чыгып кеткен жерди түздөбөйбүз, ага сыныкка жасагандай мамиле жасайбыз * кан көп кетиши мүмкүн * Ооруну басаңдатуу үчүн муз (жаракаттан кийинки алгачкы 6 сааттын ичинде натыйжалуу, андан кийин кереги жок) коюу керек. Эгер оору күчөсө музду 15 мүнөт коюп, 5 мүнөт алат, кайра дагы 15 мүнөт коёт. Аны жылаңач денеге койбостон, кездемеге ороп колдонот. БЕЛГИЛЕРИ * Оору * Шишик * Буттардын адаттан сырткары абалда кыйшаюусу * Кан * Кыймылдоонун бузулушу ЭМНЕ КЫЛУУГА БОЛБОЙТ? * Буттарды кадимки абалына келтирүүгө аракет жасабагыла АНДАН АРЫ ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК? * Жабырлануучуну дарыгерге алып баруу * Өз алдынча баса албаса "тез жардамды" чакыруу Үшүккө алдырганда Сууктун таасири менен организмдин ткандарынын жабыркашынан улам суук жаракаты - үшүк келип чыгат. Көпчүлүк учурларда буттар, ал эми кээде колдор, мурун, кулактын калканчы ж.б. жабыркайт. Айрым учурда өтө суук болбосо дагы, ал гана эмес жылуу температурада дагы үшүк алат. Бул организмдин каршылык күчүнүн төмөндөшү (жаракат алганда кан жоготуу, ачкачылык, мас болуу ж.б.у.с.) менен байланыштуу. Аба ырайынын шамалдуу болушу жана абанын нымдуулугу үшүктүн пайда болушуна түрткү берет. Сууктун таасирине организм перифериялык кан тамырлардын рефлектордук жыйрылуусу менен жооп кылат. Андан сырткары суук ткандардын температурасын төмөндөтөт жана жергиликтүү зат алмашууну бузат. Ткандардын өзгөрүүсү сууктун таасиринин узактыгынан жана интенсивдүүлүгүнөн көз каранды. Үшүк 4 даражага бөлүнөт. ҮШҮКТӨГҮ АЛГАЧКЫ ЖАРДАМ * Жылуу жерге алып кирүү * Кургак кездеме менен таңып, жаап коюу (жылытуунун ылдамдыгын азайтуу үчүн) * Бөлмөнүн ичинде жайыраак жылытуу * Жылуу жана таттуу суусундукту көп берүү (ичтен жылытабыз) ҮШҮККӨ АЛДЫРУУНУН БЕЛГИЛЕРИ * сезгичтиктин жоголушу * сайгылашуу же ачышуу * теринин кубарышы - үшүктүн I даражасы * ыйлаакчалар - үшүктүн II даражасы (жылыгандан кийин гана көрүнөт, 6-12 сааттан соң пайда болушу ыктымал) * теринин карайышы жана куурашы - үшүктүн III даражасы (жылыгандан кийин гана көрүнөт, 6-12 сааттан соң пайда болушу ыктымал) ҮШҮК АЛГАНДА ЭМНЕ КЫЛУУГА БОЛБОЙТ? * көңүл бурбай коюуга * сүрткүлөөгө (бул теринин куурашына жана анда ак тактардын пайда болуусуна алып келет) * ошол замат жылытууга * спирттик ичимдик ичүүгө АНДАН АРЫ ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК? Жабырлануучунун бир алаканы - дененин 1 пайызын үшүк алгандыгын түшүндүрөт. Анын жалпы абалына жана үшүк алган жерге бир сутка ичинде көз салуу керек. ДАРЫГЕРГЕ ЖЕТКИРҮҮ ЗАРЫЛ: * эгерде үшүктүн 2-3 даражасы болсо; * эгер бала же кары адам болсо; * эгерде үшүгөн жер жабырлануучунун алаканынан чоң болсо. ДАЯРДАГАН АЙМИРА МЕНДЕЕВА
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| ||||||||||||||||||||