Коомдук парламент: "Энергетикалык саясат - элге каршы"
АМАНБЕК ЖАПАРОВ, "АЗАТТЫК"
Коомдук парламент өкмөттүн энергетика жана жылуулук кубатына тарифтерди жогорулаткан чечимдерин сынга алды.
Коомдук парламент менен бирдикте Аялдардын саясий дисскусиялык саясий клубу уюштурган жыйында отун-сууга тарифтердин кымбатташы, карапайым элдин социалдык жактан кандайча корголоору, он беш жыл аралыгында электр тармагын оңдоп-түзөөгө жана жабдыктарын жаңыртуу үчүн Дүйнөлүк банк менен Азия өнүктүрүү банкы баш болгон эл аралык уюмдардан келип түшкөн 400 млн. доллар өлчөмүндөгү кредиттердин кандайча-каякка жумшалганы талкууланды.
"Адам укуктары боюнча бюронун" жетекчиси Зульфия Марат чет элдин финансы уюмдарынан алынган карыздар боюнча жарандык иликтөөнүн жыйынтыгы жөнүндө маалымат берип, Кыргызстандагы электр тармагын оңдоп-түзөө, жаңыртуу багытында жылыга 20-30 миллион доллардан бөлүнүп келгенин, бирок эч кандай натыйжа болбогонун билдирди. Анын айтымында, азыр кыргыз энергетика тармагы чет элдик донорлорго карызы 400 миллион долларды түздү.
"Мына ошол акча берген Дүйнөлүк банк менен Азия өнүктүрүү банкы өздөрүнүн сунуштарын таңуулап отун-кубатына бааларды жогорулатууда. Алар берген акчалар туура эмес, максатсыз пайдаланып, чиновниктер жеке кызыкчылыктарына пайдаланган. Ошондуктан бул багытта атайын комиссия түзүп, текшерүү жүргүзүп, чет элдик каржы уюмдарына карыздарды берүүнү токтотуу керек",- дейт Зульфия Марат.
"Улуттук электр түйүндөрү" ишканасынын өкүлү Виталий Витальевич чет элдик донорлордон келген акча каражаттарына кошумча электр подстанциялары курулганын, айрым ишканаларда жабдыктар жаңыртылып, зымдар тартылганын билдирди.
Талкуунун жүрүшүндө сөз сүйлөгөндөрдүн дээрлик бардыгы азыркы бийликтин отун - кубатка тарифтерди беш эсе жогорулатуу тууралуу жүргүзүп жаткан саясаты элге каршы келерин, бийлик сырттан келген адамдардын кызыкчылыгын көздөп 29-декабрда электр кубатын бөлүштүрүүчү тармактарды атайын арзан баага сата тургандыктарын белгилешип, өлкөдө социалдык өтө оор кырдаал түзүлөрүн айтышты.
Жыйынды алып барган Коомдук парламенттин төрагасынын орун басары, "Интербилим" өкмөттүк эмес уюмунун лидери Асия Сасыкбаеванын көз карашында, бийлик отун-сууга карата тариф саясатын токтотпосо жакырчылыкта жашаган 70 пайыз элдин турмуш шарты ого бетер начарлап, көп балалуу үй-бүлөлөр менен кары-картаңдар, карапайым калк жабыр тартат.
"Электр менен жылуулукка тарифтердин көтөрүлгөнү менен эле токтоп калбайт. Тамак-ашка баалар өсөт, тейлөө кызматтары бааларын кымбаттатат. Ансыз деле биздин мамлекетте иштеген иштери жок адамдар абдан көп. Майыптардын саны дагы бир топ. Кары-картаңдар, жаш балалуу үй-бүлөлөр өкмөт сунуштаган бааны төлөй албай калышы толук ыктымал",-деди ал.
Эмгек ардагери Валентина Житьенова болсо келерки жылы өкмөт согуш ардагерлери менен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга акча каражатынан жөлөк пул беребиз дегени менен тескерисинче жардамга берүүчү каражаттардын санын кыскартып, эмгек ардагерлери менен кары-картаңдарды "үлүшүнөн" таптакыр ажыратууга аракет кылып жатканын белгилеп, Данияр Үсөновду кызматтан кетирүүнү бийликтен талап кылууну сунуштады.
Белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиев болсо "маселени кабыргасынан коюп, коалициялык өкмөт түзүп, биринчи-вице-премьерликке жана энергетика тармагына оппозициянын өкүлдөрүнөн коюш керек",-деди.
Анын пикиринде өлкөдөгү коррупцияга жана мамлекеттин, элдин каражатын уурдагандарды оппозиция гана ооздуктай алат.
"Эгерде оппозициядан коалициялык өкмөткө эр азаматтар келсе жарым жылдын ичинде коррупцияга кетип жаткан акча каражаттарын токтомок. Ошол коррупцияга кетип жаткан миллиардаган акчаны электр тармагын оңдоого жумшабайбы, тарифтердин баасын көтөрүп карапайым элди кыйнабай",-дейт ал..
Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков дагы отун-кубатка тарифтерди көтөрбөй эле кризистен чыгууга болоорун, эгерде азыркы өкмөт бул оорчулуктан чыгуунун жолун билбей, мүмкүнчүлүктөрү жетишпесе бийликке оппозицияны аралаштырыш керектигин айтты.
Исамил Исаков ошондой эле отун-сууга баанын көтөрүшү менен өкмөт жаратылыш кырсыгына алдап келерин белгилеп, Кыргызстандын элинин жашоо-шартын жакшыртуунун бир гана жолу бар, "ал эл үчүн иштеш керек, ал үчүн уурдабаш керек, ал үчүн тууган-уруктарын бийликке койбош керек",- дейт.
Коомдук парламент Энергетика жана тариф саясаты боюнча маселени талкуулап жыйын соңунда бийликке бир катар талаптарды койду. Биринчи талап: электр энергиясына жана жылуулук менен камсыз кылууга жаңы тарифтерди бекиткен өкмөттүн токтомун жокко чыгаруу, экинчиден жарандык коомдун уюмдарынын катышуусу менен электр жана жылуулук энергиясына карата негизделген саясат иштеп чыгуу, үчүнчүдөн массалык маалымат каражаттарында электр энергиясынын, жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылуунун өздүк баасын эсептөөнүн, тарифтерди түзүүнүн методикасын жарыя кылуу маселеси каралган. Ошондой эле Энергосектордун ишканаларын сатууну токтотуу, энергетика тармагын бирдиктүү улуттук системага кайра түзүп чыгуу ишин баштоо, массалык маалымат каражаттарына электр станцияларынын, электр тармактарынын жана бөлүштүрүү компанияларынын акыркы беш жалдагы финансылык отчетторун толук жарыя кылуу, көз карандысыз аудит өткөрүлүп чет жактан алынган кредиттер менен гранттардын пайдаланышы толук текшерилип чыкканча энергетика тармагына алынган сырткы карыздар боюнча төлөмдөр токтотулсун, деген талаптар коюлду.
Энергетика министрлигинин алдындагы электр кубаты боюнча агенттиктин өкүлү Кубанычбек Тургунбаев жарандык коомдордун өкүлдөрүнүн өкмөттү таратуу демилгеси негизсиз экендигин, бул маселени өтө эле козутпай ийри-отуруп түз кеңешип чечүү зарылдыгын айтты.
"Булардын койгон маселелеринде кээ бир пункттары туура эмес деп ойлойм. Биздин жумушта дагы бир топ кемчиликтер бар. Ошондуктан муну шашпай жакшылап талкуулап, бир пикирге келип бул маселени чечсе болот",-деген пикирин айтты ал.
Оппозициялык күчтөр тарабынан мындан бир жарым жыл мурда түзүлгөн Коомдук парламенттин жыйыны келерки жылдын январь айынын соңунда өткөрүлө турган болду.
Бул отурумуна анын төрагасы жана курамындагы белгилүү саясатчылар белгисиз себептер менен катышкан жок.




Туризмди өнүктүрүүдө маалымат башкы ролду ойнойт
Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин маданият жана маалымат боюнча кеңешчиси Нафиз Шахин башында турган топ Кыргызстандагы туристтик фирмалардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу эки тараптын өз ара кызматташуусун бекемдөө, туризмди өнүктүрүү үчүн окутуу иштери тууралуу маселелерди талкуулап, бул жаатта Түркия топтогон тажрыйба менен ой бөлүшүү максатын көздөдү.
Түркия туризм тармагында эң алдыңкы 10 мамлекеттин катарында. Түркиянын туризм жаатында топтогон тажрыйбасы мол. "Бүгүнкү жолугушуунун максаты - Кыргызстанда туризм тармагында иш алып барган турфирмалар жана туроператорлор менен жакындан таанышып, мындан ары биргеликте иш алып баруу болгондуктан аны башка мамлекеттер менен бөлүшүү биз үчүн милдет. Себеби, Орто Азия топурактары биздин ата-бабабыздын топурактары. Андыктан бир тууган мамлекет үчүн, анын өсүп өнүгүшү үчүн биз колдон келген жардамыбызды аябайбыз",-деди Нафиз Шахин.
Жолугушууга Түркиянын маданият жана туризм министрлигинин маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Ахмет Арслан да келген. "Кыргызстанга биринчи жолу келип жатам. Бирок бул жерден өзүмдү чоочун сезген жокмун, тескерисинче өмүр бою Кыргызстанда жашагандай сезим пайда болду. Өзгөчө жаңы таанышкан адамдардын аттары түркчө аттарга аябай окшош экенин байкадым. Албетте, бул мен үчүн кубанычтуу болду",- дейт Ахмет Арслан. РАСУЛ ҮСӨНАЛИЕВ




Кыргызстандык ажылар мекенине келе албай жатат
Кыргызстандан ажылыкка кеткендер мекенине кайта албай жатышат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нургазы Айдаров билдирди.
Анын айтымында, азыр ажылардын бир бөлүгү Медина менен Жийде шаарынын ортосунда кармалууда. Алар "Манас Эйр" авиа жеткирүүчү аларды алып келе албай жаткандыгы үчүн мекенине кайта албай олтурушат. "Авиа компания муну кайсыл бир техникалык себептерге байланыштырып жатат",-дейт Н.Айдаров. Zpress.kg

Нарында карышкырлар күч
"Naryn.kg" медиа борбору карышкырларды атуу боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Анда Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын агро өнөр жайын өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Эсен Абышов мергенчилер тобунун мыкты иштегендигинен облуста карышкырлардын саны азайууда деп билдирди. Э.Абышовдун маалыматтарына таянсак бүгүнкү күнгө карата облуста жалпы 128 карышкыр, чөө жана бөлтүрүк атылган. Бул айбандар калктын малын жеп, жалпы 3 млн. 720 миң сом зыянга учураган. Ал эми өткөн жылы карышкырларга жалпы 2 миң 34 мал жем болуп, 18 млн. 331 сом зыян келтирилип, 245 карышкыр атылган. Бул тууралуу "Naryn.KG" медиа борбору маалымдады.

85 жашка чыккан Тез жардам
Быйылкы жыл түрдүү юбилейлерге бай болуп, кезекте Бишкек шаарындагы Тез медициналык жардам станциясынын түзүлгөнүнө 85 жыл толду. 1924-жылы Кыргызстанда биринчи жолу "Тез жардам бюросу" ачылып, анда 3 врач иштеп, ат арабасында жардам берүүгө чыгышкан. 1937-жылы "Тез жардам жана соолуктуруучу бюро" аталып, бир санитардык машина менен жылына 4,5 миң чакыруу түшүп турган. 1963-жылы биринчи жолу атайын реанимациялык бригада түзүлүп, анын артынан кардиологиялык, педиатрдык, неврологиялык бригадалар ачылган. Азыркы учурда 31-32 бригада иш алып барып, күнүнө 400-500 чакырууну кабыл алат. Тез жардам медициналык станциясында 450 адам эмгектенет. ЭЛЬВИРА КАРАЕВА

Президент эми губернатордун орун басарын дайындайт
Жогорку Кеңеш "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана жергиликтүү бийлик администрациясы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизди. ЖКдагы Президенттин өкүлү Досалы Эсеналиевдин айтымында, мыйзам долбоор реформанын биринчи этабына ылайык сунушталган. Мындан кийин губернаторлордун орун басарларын жергиликтүү бийлик башчысынын, же президенттин демилгеси менен дайындалып жана ишинен бошотулат. ЭЛЬВИРА КАРАЕВА

"Дүйнөлүк туу чокудагы Чыңгыз Айтматов"
Токмок "Себат" лицейинде "Дүйнөлүк туу чокудагы Чыңгыз Айтматов" деп аталган адабий конференция өткөрүлдү. Лицейдин парламенти "Саманчынын жолу" аттуу дубал гезитин чыгарып, улуу жазуучунун чыгармалары боюнча сүрөт көргөзмөсүн уюштурушту. Конференцияда Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылык жолу боюнча лицейдин окуучусу Жусуп Макешев (11-"Б" кл.) доклад окуса, Сагынбек Дадыбаев (11-"Ж" кл.) слайд-шоу даярдап көрсөттү. Кыргыз тили клубунун мүчөлөрү "Саманчынын жолу" чыгармасы боюнча даярдалган сценка коюшту. "Кыяматтан" Акбаранын көз жашы боюнча монолог окулуп, "Найман эне" күүсү жаңырды. Андан сырткары Ч. Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган кинотасмалардан үзүндүлөр көрсөтүлдү.