"Ыйык Ата Журт" жыл мыктыларын аныктады
Шаршемби күнү "Ыйык Ата Журт" коомдук жаштар фонду "Жыл адамы" эл аралык конкурсунун жыйынтыгын чыгарды. Анда республиканын ичинде жана мекенинен алыста жүргөн жылдын беш адамын аныкташты. Бул туурасында атайын уюштурулган басма сөз жыйынында билдирилди.
СҮРӨТ: МАРАТ ӨМҮРОВ
НУРАЗ МОЛДАЛИЕВА
Жыл соңуна чыгып бара жаткандыктан, Кыргызстанда жылдын мыкты же таасирдүү инсандарын аныктоо башталды. Шаршемби күнү "Ыйык Ата Журт" коомдук жаштар фонду "Жыл адамы" эл аралык конкурсунун жыйынтыгын чыгарды. Анда республиканын ичинде жана мекенинен алыста жүргөн жылдын беш адамын аныкташты. Бул туурасында атайын уюштурулган басма сөз жыйынында билдирилди.
2009-жылы Кыргызстанда башкаруу, билим берүү багытында жасаган реформалары, өзгөчө жаштар саясатын толук колдоого алгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Бакиев; Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы саясий, экономикалык, маданий байланыштарды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Түркия Республикасынын Мамлекеттик министри Челик Фарух; аталган конкурстун талаптарына жооп берген талапкери катары табылган дүйнөлүк маанидеги гандибол спорт чебери, Испания курама командасынын башкы машыктыруучусу Талант Дүйшебаев; Эл аралык сыйлыктардын ээси, дүйнөлүк искусствонун өнүгүшүнө зор салымын кошкон балерина, Анкара университетинин окутуучусу Айсулуу Токомбаева, Бишкек шаардык илимий-изилдөө, травматология жана ортопедия борборунун директору, медицина илимдеринин доктору, профессор Сабырбек Жумабеков "Жылдын адамы" деп аныкталды.
Мыктыларды аныктоо комиссиясынын курамы бир нече уюмдардын өкүлдөрүнөн турат. Комиссиянын төрагасы Кыргыз Республикасынын Маданият агенттигинин директору - Султан Раев. Мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Абдылда Мусаев, Жогорку Кеңештин депутаты Жангороз Каниметов, Махмут Кашкари атындагы Чыгыш университетинин ректору Асан Ормушев, Түрксой коомдук жардам фондунун директору Кадыралы Коңкобаев, ТИКАнын Кыргызстандагы координатору Тайфун Атмажа, Кыргыз-Түрк ишкерлер уюмунун президенти Хусейин Муслу, "ДА" коомдук фондунун директору Мустафа Башкурт, "Ыйык Ата Журт" коомдук жаштар фондунун директору Эрлан Эсенканов, "Шоокум" журналынын башкы редактору Сейитбек Идирисов.
"Жылдын адамы" эл аралык конкурсу кайсы гана тармакта болбосун зор ийгилик жаратып, дүйнөлүк аренага чыккан адамдар арасында жыл сайын өткөрүлүп турат",-деп билдирди маалымат жыйынында "Ыйык Ата Журттун" жетекчиси Эрлан Эсенканов.
Мыкты деп аныкталган инсандарга берилүүчү атайын статуэтка, диплом жана алтын медаль келерки, 2010-жылдын май айында тапшырылмакчы. Уюштуруучулар мунун себебин, кээ бир номинанттардын алыста жүргөндүгү деп түшүндүрүштү.




Жогорку Кеңештин төрагасы Баткенге кетти
Президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Айтибай Тагаев Баткен облусунун губернатору болуп дайындалды. Президенттик аппараттын жетекчиси Каныбек Жороевдин айтымында, өлкө башчы мурунку төрагага алыскы аймактын көйгөйлөрүн жакшы билет деген ишеним көрсөткөн.
17-декабрда Баткен облмамадминстрациясынын чоң залында коомчулук өкүлдөрү, мекеме-уюмдардын, айыл округдарынын башчылары чогулган жыйында А.Тагаевди КР президентинин аппарат жетекчиси К.Жороев тааныштырды.
Андан соң жаңы губернатор А.Тагаев Баткен облусунун өнүгүүсү үчүн бардык билимин, тажрыйбасын жумшап иштеп берерин айтып, элге жаңы жылдык оомат каалады.
Ушул эле жыйында КР Президентинин дагы бир Жарлыгы окулуп, Баткен районунун акими болуп, мурда көп жылдар бою райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген Мамашарип Орозбаев дайындалды.
Кыска маалымат: Айтибай Тагаев 1958-жылы 30-апрелде Ош облусунун Ноокат районунда төрөлгөн. Жогорку билимдүү, 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган. Окуусун аяктаган соң, Кызыл-Кыя шаарындагы курулуш материалдарын чыгарган комбинатта эмгектенген. ЖКнын төрт чакырылышынын депутаты, 2008-жылдын май айынан үстүбүздөгү жылдын 17-декабрына чейин Жогорку Кеңештин төрагасы болуп иштеди. ЭЛЬВИРА КАРАЕВА, АДЫЛ БАТЫРОВ





"Лидерликти тандайбыз" эркек, аял деп чектебейт
"Жарандар коррупцияга каршы" укук коргоо борбору "Аялдардын тең укуктуулугу, өнүгүү жана тынчтык үчүн билим берүү коалициясы" WLP долбоорунун алкагында Чолпон-Ата шаарында эки күндүк тренинг өткөрдү. Аталган тренинг кыргыз тилине которулган "Лидерликти тандайбыз" окуу куралынын негизинде жүргүзүлүп, окутууга отузга жакын аял катышты.
"Лидерликти тандайбыз" аталыштагы тренинг аял, эркек деп бөлбөйт. Бул программа ондогон аял-эркектердин, бейөкмөт уюмдардын жетекчилеринин жана мүчөлөрүнүн, ошондой эле окумуштуулардын, саясий лидерлердин, юристтердин жана 16 мамлекеттин өнүгүү программаларынын тажрыйбалуу адистеринин идеяларын жана ыкмаларын өзүнө камтыган.
Окууда тренингдин катышуучулары "биз кимди лидер деп эсептейбиз, лидер болуш үчүн кандай сапаттар болушу керек?" деген суроо-лорго жооп алышты. Ошондой эле алар коомдогу аялдардын ордун анализдеп, өздөрүнүн тагдырына байланышкан окуяларды айтып берүүгө мүмкүнчүлүк табышты.
Тренингдин негизги максаты отуз кыз-келинди лидерликке окутуу менен алардын койгон максаттарын ишке ашырууга көмөктөшүү. Бул катышуучулар жеринде окуу тууралуу маалыматтарды үй-бүлөсүнө, кесиптештерине жана башка коомчулукка айтып беребиз, алтургай биринчи күндүк сабактан кийин эле үй-бүлөбүзгө айтууга жетиштик деп белгилешти. Ошондой эле семинар учурунда Тору-Айгыр айылынан келген мугалимдер лидерликти мектептерде окутабыз деген максаттарын айтты.
Эки күндүк семинардын алты сессиясында тренер Гүлбарчын Жумабаева лидерликтин сапаттарын анын компоненттерин интерактивдүү көнүгүүлөрдү колдонуу менен семинардын катышуучуларына жеткире алды.
Мындай тренингдер эки жылдан бери алыскы Исфана, Нарын, Ош шаарларында, Ысык-Көлдүн Бөкөнбаев айылында өткөрүлгөн. АЙМИРА МЕНДЕЕВА




"Саамалык" жаштар үчүн
Жыл сайын интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду шыктуу жаш жазуучу жана акындарды колдоо үчүн "Саамалык-10" адабий альманахын басып чыгарат. Быйыл дагы кезектеги басылмага жаш авторлордун чыгармаларын топтоо башталды. Чыгармалар жанрлар боюнча: поэтика, проза, интермедия, монолог, сатира, телекиносценарий жана либретто кабыл алынат. Авторлордун жашы 35ден жогору болбошу шарт. Чыгармаларды 2010-жылдын 31-декабрына чейин берүү зарыл. Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкө номерлерге чалыңыз: 0 312 68 12 36, 0 312 68 16 98. ЭЛЬВИРА КАРАЕВА


Аяз аталуу автобустар
Бишкек шаарындагы муниципалдык автобустардын айдоочулары Аяз атанын формасын кийишет. Бул тууралуу Бишкек автотранспорттук жүргүнчүлөрдү ташуу ишканасы билдирет. Автобазанын жетекчилиги тарабынан жаңы жылдын каарманына айлануу үчүн 700 баш кийим жана кемселдер сатылып алынган. Айдоочулар Аяз ата кийиминде 28-декабрдан 5-январга чейин болушат. ЭЛЬВИРА КАРАЕВА





  жогорку кеңеште

Баш калкалаар жайы жок балдар
Депутат Гүлнара Дербишева шаар мэрлерине жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылды. Анын айтымында, күн сайын белгилүү жашаган жайы жоктордун саны көбөйүүдө. Алардын арасында жаш балдар менен өспүрүмдөр көп учурайт. "Бир айдын ичинде эле Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейдде 200дөй адам кармалган",-дейт Г.Дербишева. Ошондуктан, эл өкүлү тийиштүү аймактарда кошумча башпаанек мекемелерди түзүү керектигин билдирди.

Мектеп менчикке берилбейт
№67 мектеп-гимназиясынын имаратынын бир бөлүгү жеке адамдардын колуна өткөн. Бул тууралуу билдирген Бейшенбек Абдырасаков, мыйзам боюнча билим берүү мекемелерин менчиктештирүүгө болбойт. Бул мектеп 700 орунга ылайыкталган, бирок анда 2 миңдей окуучу 2,5 нөөмөт менен окууга туура келет дейт. Анын айтымында, менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугун Башкы прокуратура текшерип чыгышы керек.

"Жоктун жону катуу"
Каржы министрлигинин эсептөөсү боюнча, республикалык бюджеттин дефицити быйылкы жылы 3,3 млрд. сомду түзөт. Бюджеттин кирешесинин көлөмү 51 млрд. сомдон ашып, анын 35,6 млрд. сому түрдүү салык түрүндө түшөт. Аны менен биргеликте чыгаша да көбөйүүдө. Министрликтин айтымында, ал 419 миллионго жогорулаган. Чыгаша көбүнчө айлык-акынын жана коммуналдык кызматтын кымбатташынан улам өсүүдө. О.э. быйылкы жылдын эсебинен республиканын тышкы карызы 49 млн. сомго көбөйүп, баары биригип 2,5 млрд. долларды түзөт.

Салык кодексинин "салмагы" азайды
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамы депутаттар тарабынан кабыл алынды. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Акматбек Келдибековдун айтымында, быйылкы жылы кыймылсыз мүлккө салык салуу боюнча президент мораторий жарыялаган эле. Ошондуктан, мамлекеттик салык кызматы бул аралыкта мыйзам долбоорун жергиликтүү бийлик, ишкер жана калктын сунуштарын эске алуу менен кайрадан иштеп чыккан. Кабыл алынган мыйзамга ылайык, Бишкек жана Ош шаарларындагы көп кабатуу үйдөгү квартира (80 чарчы метр), жер үй (150 чарчы метр), башка аймактарда (150-250 чарчы метр) аянтынан ашпаса, салык салынбайт. Ошондой эле, өзү жүрбөгөн транспорттук каражаттары (прицеп, вагон, цистерна ж.б.) да салыктан бошотулду. Социалдык тармакты колдоо үчүн илим, билим, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, социалдык кам көрүү уюмдары жайгашкан уюмдардын имараттары салык төлөбөйт. ЭЛЬВИРА КАРАЕВА