presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кореяда кыргыз жаштары жөнүндө макала жазылды
Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы Йонсей университетинин бизнес бөлүмүндө окуусун улантып жаткан мекендешибиз Диана Раева "Silkroadians" журналына макала жазган. Аталган журналда Орто Азиядагы өлкөлөрдүн материалдары чагылдырылып, тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө турат. Төмөндө журналга чыккан кыргыз жаштары жөнүндөгү материалды сунуштайбыз.

Кыргызстандагы жаштар

ДИАНА РАЕВА
Менин атым Диана, Кыргызстандан болом. Ал жактагы Кыргыз-орус Славян университетинин эл аралык мамилелер бөлүмүн аяктап, учурда Йонсей университетинде окуумду улантуудамын. Кореяга келгениме көп болбосо да, бат эле бул өлкөгө көнүп кеттим. Бул шаар мен үчүн аябай өнүккөн шаар көрүндү. Өзгөчө көчөлөрдүн кыйма-чийме, ызы-чуу болгону жана метро станциялардын жанындагы адамдардын шашканы таң калтырды. Андан сырткары, Кореянын тамак-ашы даамдуу жана өтө ачуу экен. Менин оюмча, Корея эки жактуу тыйынга окшош, бир жагынан катаал салты, маданияты менен консервативдүү сезилсе, экинчи тараптан техникасы өнүккөн жана автоматташтырылган өнөр жайы менен прогрессивдүү өлкө катары таанылды. Ал эми Кыргызстан Кореяга такыр окшош эмес. Мен бул жакка келгенимде кореялык жаштар кыргызстандык жаштар жөнүндө көп суроолорду узатты.
Кыргыз жаштары ата-энелеринен аябай айырмаланып турат. Анткени, алар эки муун, эки доордун, эки бийликтин өкүлдөрү. Азыркы жаштардын ата-энелери Советтик Союз убагында төрөлгөн. Ал мезгилде туулгандар ынтымак жана тууганчыл, үй-бүлөнү жогору коёт. Эмнегедир алар өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүшүнө, өлкөнүн күчтүү мамлекетке айланышына кызыкдар эместей. Ал эми биз, кыргыз жаштары аларга салыштырмалуу заманбап адамдарбыз жана бир мезгилдеги баалуулуктар өзгөргөн. Мисалы, совет учурундагы жаш кыргыз кыз алгач турмушка чыгууну, кийин иштөөнү пландаштырган. Бүгүнкү күндө кыргыз кыздардын арасында карьераны үй-бүлөдөн жогору койгондор көбөйүүдө. Алар окуусун улантууну, аны жогорулатууну каалашат. Турмушка чыгуу алар үчүн экинчи планга жылгандай. Биздин жаштар каалаган окуусуна эркин окуй алышат, чет өлкөлөрдөн окугандар да аз эмес.
Кыргыз жаштары өлкөдө активдүү роль ойнойт. Алардын өзүнүн "Кыргызстан жаштар кыймылы" деген партиялык уюму бар. Кыргызстан Борбор Азиядагы өлкөлөргө салыштырмалуу эркин мамлекет.
Ал эми мода индустриясына келсек, бул жактан биз аксайбыз. Кыргызстанда эң арзан кийимден (коңшу Кытайдан келген товарлар) баштап, өтө кымбатына (көбүнчө Европа өлкөлөрүнүн товарлары) чейин тапсаң болот. Анын үстүнө кыргыз элинин дээрлик бардыгы мусулман динине ишенгендиктен, кыргыз жаштары ачык кийингенден (кыска юбка, шорта ж.б.) тартынат.
Баардык кемчиликтерге карабастан Кыргызстан Борбор Азиядагы эң потенциалдуу өлкө, анткени анын рыногу ачык. Кыргызстанга инвесторлор келип, өз ишкердигин баштай алышат. Анын үстүнө өкмөт тарабынан чет жердик инвесторлорго жакшы шарттар түзүлгөн. Ошондой эле, Кыргызстан өз аймагында гидроэнергетика тармагы боюнча экинчи орунда турат. Биз минералдык ресурстарга байбыз.
Белгилей кетчү жагдай, корей менен кыргыздардын окшош жактары да бар. Эки жакта тең улуу адамдар сыйга ээ. Эки өлкөнүн жаштары бирдей деңгээлде алдыга умтулгандык бар. Алар жашоону, дүйнөнү, турмушту өзгөртүүгө бардык аракетин жумшашат.
Жыйынтыгында, эки мамлекет келечекте кызматташуусун жогорулатышы зарыл. Маданий иш-чаралар жана бизнес форумдар жүргүзүшү шарт. Ошондо гана эки улут бири-бирин жакшы тааный алат.




Үч кыргыздын Кореядан чыккан үнү
Акыркы он сегиз жылда кыргызстандыктар жакшы жашоо издеп, кайда гана сапар албады. Анын бири Кореяга турмушка чыккан кыздарыбыз көбөйүп, аталган мамлекетке иштегени, же окуганы барган кыргыздардын саны бир топко чамалады. Кореяда иштеп-жашап жаткан мекендештирибизден абал-шарты жөнүндө сурап, төмөндөгү маекти сиздерге сунуштайбыз.

Гүлбарчын Ажибекованын жолдошу Ким Бёнг Ёль, кыздары Ким Южин, Ким Юмин жана уулу Ким Тэхён

"КОРЕЯ-КЫРГЫЗСТАН ТҮЗ АБА КАТТАМЫН АЧЫП БЕРИШСЕ…"
Гүлбарчын Ажибекова, 32 жашта:
- Кореяга кандайча барып калдыңыз эле?
- Менин бул өлкөгө келгениме туура 10 жыл болду. Кыргызстанда жүргөнүмдө Кореянын федерациясы аркылуу азыркы жолдошум менен таанышып калгам. Кийин бири-бирибизди жактырып, турмуш курдук. Ошондон бери Кореяда жашап келем. Бул аралыкта Корея аралынын бардык шаарларын көрүп чыктым. Учурда Кореянын түштүк тарабындагы Чонбук Чинан шаарында турам.
- Эмне болуп иштейсиз?
- Мен бир канча жумушта иштейм. Чинан коомдук саламаттыкты сактоо борборунда англис тилдүүлөргө котормочумун. Айына 35 саат убактымды алат. Балдар бакчасында англис тилинен мугалим болуп эмгектенем. Бул жумушума аптасына 3 жолу барам. Чонбук университетинде лектормун, айына 2-3 жолу сабак берем. Андан сырткары, "Ёсон шинмун" жана "Чинан шинмун" газеталарынын корреспондентимин. Кореяда жумуш шарты мыкты жана иштөө кызыктуу.
- Кореянын Кыргызстанга эмнеси окшош жана окшош эмес?
- Мен жаңы келгенде, жаштыгым менен эч нерсени деле ойлогон эмесмин. Биринчи көргөндө, аябай өнүккөн мамлекет катары сезилген. Корейлердин кебетеси кыргыздарга окшош, о.э. улуу кишилерди жана ата-энени сыйлаганы, келинди тергегени ж.б. салттары биздикиндей. Айырмачылыгы - корейлер ден соолугун аябай баалашат. Ошондуктан, кандай тамак болсо да, ылгабай жешет. Кыргыздарга караганда бир топ чыдамкай жана сарамжал келишет.
- Кыргызстанга кайра келүүнү каалайсызбы?
- Мурда баргым келчү, бирок азыр Кореяга көнүп калдым. Анын үстүнө балдарым бар, алардын татыктуу билим алуусу үчүн бул өлкөдө калууну туура көрөм. Жолдошум Кыргызстанда жашагысы келет, балким балдар чоңойгондо кайтышыбыз мүмкүн.
- Мекениңизге айтар сөзүңүз?
- Ооба, менин Кыргызстанга айтар сөзүм бар. Кореялыктар биздин мамлекетке караганда, Өзбекстан менен Казакстанды жакшы билишет. Өзүм да гезитте иштегендиктен, акыркы жылдардагы Кыргызстан жөнүндөгү жаңылыктар чеке жылытарлык эмес. Алсак, депутат, же журналисттерди өлтүрүп кетүү, самолёттун аварияга кабылганы ж.б. кабарлар - бизди уят кылат. Мекендештериме кайрылып жатып, Кыргызстанды жакшы жагынан таанытууга баарыбыз салым кошолу демекчимин. Ал эми президент Курманбек Бакиевден Корея-Кыргызстан түз аба каттамын ачып беришин суранабыз.




"КЫРГЫЗСТАНДЫН МЕДИЦИНАЛЫК
ТУРИЗМИНЕ САЛЫМ КОШКУМ КЕЛЕТ"
Лилия Ким (Бакирова):
- Кореяга кантип барып калдыңыз?
- Быйыл Кореяга келгениме 5 жыл болот. Кыргызстанда Бишкек Гуманитардык университетинде окуп жүргөнүмдө, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде иштеп калдым. Ошол мезгилде корей улуттук бий кружогу ачылып, мен да катыша баштадым. Бул аралыкта Кореядан адамдар келип, алар менен кызматташууга жол ачылды. Өзүм дагы Кореяга болгон кызыгуум артып, эки жыл корей тилин үйрөндүм. 2003-жылы жазында Кореянын "Хангере" гезитинен жазуучу келип, мен аны коштоп жүрдүм. Бир жумадай экөөбүз Кыргызстан жөнүндө ага керектүү маалымат топтоп, ал өлкөбүздүн жаратылышына суктанган боюнча кетти. Ошентип, жазуучу менен үч ай бою интернет аркылуу байланышып, жыйынтыгында менин колумду сурады. Ал мен үчүн ислам динин кабыл алып, мечиттен Жамал деген ысымдуу болду. Экөөбүз таанышкандан бир жыл өткөн соң, мен Кореяга барып, Сеул шаарынын Итевон мечитинен нике кыйдырдык. Кайра 3 айдан кийин келип, Кыргызстанда той бердик. Учурда ортобузда үч жашар Эрам уулубуз бар. Эрам фарси тилинен которулганда "бейиш" дегенди түшүндүрөт.
- Эмне болуп иштейсиз?
- Азыр Кёнгидо университетинин туризм факультетинин аспирантурасын бүтүрүп, дипломдук иш жазуудамын. Андан сырткары, Кореянын Туризм министрлигинде "Медициналык туризмдин координатору" деген курсту окуп, ал боюнча аялдардын атайын клиникасында координатор болуп эмгектенем. Жумушум: медициналык туризм.
- Жашоо шартыңыз кандай?
- Жаман-жакшы деп айталбайм, көңүлгө жараша ар кандай. Кээде бактылуумун, кээде куса болом. "Кайда барба, Мамайдын көрү" дегендей…
- Кыргызстанга кайтууну ойлойсузбу?
- Жолдошум керек болсо, күндө "Кыргызстанга кеттик" деп шаштырат. Мен болсо, окуумду бүтүрүп алайын дейм. Кореянын туризм жана кызмат көрсөтүү тармактары аябай өнүккөн. Келечекте бул жактан жакшы билим алып, Кыргызстандын туризминин өнүгүшүнө салым кошкум келет. Буюрса, аспирантураны бүтүрсөм, үй-бүлөм менен Кыргызстанга барып жашайбыз.




"АЛБЕТТЕ, КАЙРА
МЕКЕНИМЕ КАЙТАМ"

Урал Жозокматов:
- Кореяга кандай максат менен барып калдың?
- Бул өлкөгө келип калганымдын себеби, тилди билгеним жана бекер окуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп калды. Мен Бишкек Гуманитардык университетинин чыгыш таануу факультетинде корей тили окуусун аяктап, быйылкы жылы февраль айында Ёнсо университетинин экономика факультети боюнча мастерди бүтүрдүм. Кореяга келгениме 3 жыл болуп, көбүнчө Сеул шаарында жашадым. Андан тышкары, Сувон, Пусон жана Дэжон шаарларын да көрүп келдим.
- Корея эмнеси менен бизден айырмаланат?
- Биринчи жолу келгенде, корейлерге аябай таң калгам. Алардын ой-максаты такыр башкача экенин түшүнгөм. Кыргызстан менен Кореяны салыштырганга болбойт. Кореяны көрүп, бир кезде биздин мамлекет дагы ушундай өнүгөт деген гана ойлор келет. Бирок ошол күнгө дагы канча убакыт керектиги белгисиз. Ошондой эле, кореялыктардын дээрлик баардыгы окууга өтө дилгир, кандайдыр бир тармактын өзгөчө адиси болгусу келет. Жумушка келгенде, жашка өтө чоң маани беришет. Эгерде, жаш болсоң, оңой менен чоң жумушка орношуу татаал. Биринчи жашына, кийин шыгына карап, мамиле жасашат.
- Келечекте Кореяда калууну ойлосуңбу?
- Жок. Бул жерде бир аз иштеп, Кыргызстанга кайра кетүүгө даярданып жүрөм.
МАЕКТЕШКЕН ДИАНА РАЕВА
ДАЯРДАГАН ЭЛЬВИРА КАРАЕВА





кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"
email • архив • редакция 
4-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Ата-энелерди кыжырланткан жыйым-теримдер
2-бет
Кылым кайгысына Нарындан 5 адам кабылды
3-бет
Обаманын жаңы стратегиясы
4-бет
Өз оозунан угалы деп…
5-бет
Ата-энелерди кыжырланткан жыйым-теримдер
6-бет
Абдыкадыр Жороев: "Бейтаптардын массалык түрдө келишине ооруканалар даяр"
7-бет
Кореяда кыргыз жаштары жөнүндө макала жазылды
12-бет
Жайыт маселелерине эл аралык кеңешчилер тартылууда
13-бет
"Манас" окуу жана азыркы заман алааматтары
14-бет
Кичинесинен эле өжөр болчу





??.??