Ата-энелерди кыжырланткан жыйым-теримдер
БАШЫ БИРИНЧИ БЕТТЕ
Мурдагы Союздук Республикалардын курамындагы мамлекеттерде да мектептердеги жыйым-теримдерге каршылык билдиришип, ар түрдүү акцияларды өткөрүп келишет. Мисалы, Белгород шаарында "Бүткүл Россиянын аялдар союзу" тарабынан өткөрүлгөн акцияда ата-энелер жалпы билим берүүчү мектептерде бардык жыйым-теримдерди токтотуу талабы менен чыгышкан. "Бел.Ru" маалымат агенттигинин билдиргени боюнча, нааразылык акциясына чыккандар журналисттерге 2007-жылдагы прайс-баракчаны көрсөтүшкөн. Анда: "мектепке белек - 710 рубль, аттестаты толтуруу - 130 рубль, акыркы коңгуроо майрамы- 500 рубль, мектептин администрациясына жана мугалимдерге-700 рубль…",-деп жазып коюшкан. Россиялык "АиФ" гезитиндеги маалыматка таянсак, Улууттук антикоррупциялык комитеттин милдетин аткаруучу Кирилл Кабанов: "Мектептердеги жыйым-теримдер - бул накта коррупция" деп атаган.
Казакстандагы "Караганда" телеканалынын Интернет сайтындагы маалыматка караганда, "Кризистик борборлордун Союзу" тарабынан мектептердеги мыйзамсыз жыйым-теримдерге каршы атайын түз байланыш ушул жылдын 9-октябрында "Мектеп, жыйым-теримдерден эркин болсун" деген ураан менен өткөн. Арыздар Казакстандын жалпы аймагы боюнча келип түшкөн. "Акчаны мектептин фондуна, борго, журналга, күндөлүккө, экзаменге, ремонтко деп алышкан. Суммасы жүз тенгеден, жүз долларга чейин көтөрүлдү. Биринчи орун алматалык гимназияларга ыйгарылды",- деп билдирет "КТК" ТРКсынын сайты.

"АКЧАНЫН КАЙДА КЕТКЕНИ БОЮНЧА ОТЧЕТ БЕРИЛБЕЙТ"
Өзүнүн аты-жөнүн айткысы келбеген Жалал-Абад шаарынын тургуну Р.нын баласы №5 Б.Осмонов атындагы орто мектепте 4-класста билим алат. "Ар бир окуучу "мектептин фондуна", "класстын копилкасына" деп, айына 20 сомдон, тогуз айга 180 сомдон топтошот. Биринчи класска кабыл алганда, "орун жок деген шылтоо менен жүз долларга чейин пара алышат. Андан сырткары, ар бир майрамга карата акча топтоолордун суммасы да ар түрдүү болот. Мамлекет тарабынан мектепке бөлүнүп жаткан акчалар жетишпегендиктен улам, мугалимдер ата-энелерден акча жыйнаганга мажбур болуп жатышат. Бирок, мектеп администрациясы жана мугалимдер ата-энелерге ошол топтолгон акчалар эмнеге, кайда жумшалганы боюнча отчет беришпейт",- дейт Р.
Ал эми 2-класстын окуучусу Ширин жаңы окуу жылынан баштап шаарда окуп жатат. "Айылда окуганымда мектептин фондуна деп акча алышчу эмес. Азыр шаарда окугандыктан, жалпы копилкага айына отуз сомдон, мектептин фондуна жүз сом бердим. Дагы класстын жасалгасына жүз сом беришим керек",-дейт Ширин. Окуучу кыздын апасы да сөзгө аралышып, шаарда араң зорго тамакка акча таап жашап жатышканын, класстын жасалгасы үчүн жүз сомду азыр берүүгө кудурети жетпей жаткандыгын кошумчалады. "Жаңы окуу жылы башталгандан бери эле, мектептин жыйым-теримдери күчөп, аны төлөө бизге окшогон турмушу начар үй-бүлөлөргө оор болуп жатат",-дейт Шириндин апасы.
Жактоочу болуп иштеген Абдимиталип Аблакимовго: "Ата-энелерден акча топтобой эле, мектеп жашап кетсе болобу?" деген суроо менен кайрылып, андан төмөндөгүдөй жооп алдык:
"Сөзсүз түрдө болот. Себеп дегенде, мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражатты эгерде алар ирээти менен максаттуу пайдалана турган болсо, акча сөзсүз түрдө жетет. №1 мектепте үч балам окуйт. Мектептин фондуна деп 250 сомдон ар бир баладан жыйнашты. Андан сырткары, дагы класстык фонд деп, ай сайын 10-20 сомдон, класстарды жасалгалоо үчүн да өз-өзүнчө чогултушат. Бирок, ошол акча каражаттары кайда жумшалганы боюнча эч кимге отчет бербейт, эмне иш жасалганы боюнча эч ким эч нерсе билбейт. Бирок, булардын баарына мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнөт. Ата-энелерден акча топтоо, бул мыйзам бузуу жолу менен жасалып жаткан иштер. Мунун баары ата-энелер комитетинин ишине жамынып жасалып жатат. Эгерде бир класста 5-6 бала акчаны бербей турган болсо, калгандары ага кысым көрсөтүү менен берүүгө аргасыз кылышат",-дейт А.Аблакимов.
Кыргызстандагы адам укугун коргоо комитетинин Жалал-Абад шаарындагы бөлүмүнүн башчысы Абдуназир Маматисламовдун сөзүнө караганда, мурунку бийлик тушунда билим берүү жана илим министрлиги тарабынан атайын Токтомдун негизинде ар бир окуучудан милдеттүү түрдө мектептин фондуна акча топтолчу. Аталган уюмга ата-энелерден түшкөн арыздар боюнча мектептердеги жыйым-теримдерди токтотуу максатында атайын долбоор менен Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда тегерек стол жана окуучулардын бекер билим алуу укугун коргоо боюнча нааразычылык акциясы өткөрүп, кол топтошкон. "Ошол аткарылган иштердин натыйжасында, азыркы бийлик тушунда мектептердеги мыйзамсыз акча жыйноолор токтотулуп, мектептин ремонтуна, китептин акысына жана башка майда-барат иштерге деп, акча топтоого тыюу салынган. Эми мектептерде кайрадан фонд түзүшүп, акча жыйноолор башталды. Балдардын эсебинен милдеттүү түрдө акча топтоп, фонд түзүлбөйт",-деди А.Маматисламов.

МЕКТЕПТЕРДЕ "КАМКОРЧУЛУК КЕҢЕШТЕРИ" ТҮЗҮЛӨТ
Мектептерде массалык көрүнүшкө айланып бара жаткан мыйзамсыз акча чогултууларды тартипке салуу максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри А.Мусаев ушул жылдын 12-октябрында №962/1 "Мамлекеттик жана муниципалдык мектептерде Камкорчулук кеңешин түзүү жөнүндө" буйругун чыгарды. Аталган буйруктун негизинде мамлекеттик мектептерде ата-энелерден жана демөөрчүлөрдөн түшкөн акчаларды максаттуу пайдаланууга "Камкорчулар кеңеши" көзөмөлдүк жүргүзмөкчү.
Жалал-Абад шаарындагы №2 К.Закиров атындагы өзбек мектебинин директору Инамжан Ибрагимовдун сөзүнө караганда, аталган мектепте классында өтө турган иш-чараларга, дубал газеталар үчүн деп, ар бир окуучудан ай сайын он сомдон акча топтолот. "Ушул ата-энелердин ичинен миңинен беш-алты ата-эне он сомдон топтогонго нааразы болгондору да табылат. Өзүнүн баласын окутуш үчүн бир айда он сом акчасын бала окуп жаткан мектепке берип койгонго таарынган ата-энени кандай түшүнүш керек, мен билбейм? Топтолгон акчаларды мектептерде өткөрүлө турган ар кандай мелдештерди, КВН, диспуттарды уюштурууга, балдарды сыйлоого жумшайбыз. Балдар менен тыгыз байланышта мугалим иштегендиктен, акчаны мугалим топтойт. Акча топтоо өзү ата-эненин милдети. Бирок, ата-энелер мугалимге айтат: "Биздин убактыбыз болбойт, өзүңөр эле топтой бергиле" деп, мугалимге жүктөп коюшат. Ошол себептен, мугалим жаман көрүнөт",-дейт И.Ибрагимов.
"Право для всех" бюллетенинин башкы редактору, №2 орто мектептин ата-энелер комитетинин мүчөсү Абдумомун Мамараимовго: "Бул камкорчулук кеңеши эмне үчүн түзүлүп жатат жана мектептер ата-энелерден акча топтобой эле жашап кетсе болобу?" деген суроо менен кайрылдык.
"Биринчиден, бул "Камкорчулук кеңеши" акча топтоп, ошону иштетүү менен алек болот деген сөз туура эмес. Бул окуу-тарбия иштери боюнча иштей турган орган болот. Буга ата-энелер гана эмес, жергиликтүү байлар, өзүнүн бизнеси бар ишкерлер, депутаттар, коомдук ишмерлер кириши мүмкүн да. Кеңештин максаты-функциясы мектептеги окуу-тарбия ишин жогору деңгээлге көтөрүп, ошону алып баруу деген сөз. Анан ошонун ичине акча маселеси да кирет. Мисалы, шаардагы Батыров лицейинде ата-энелер балдарын айына үч миң сомдон берип окутушат. Бул деген, ата-энелер өзүнүн баласынын окуусуна кызыкдар болгондор. №1 мектепте болсо, кээ бир окуучу кайсы бир сабактан жетишпесе, мугалим "сен жетишпей жатасын, сага кошумча сабак өтүшүм керек"- десе, 200-300 сом төлөп туруп, кошумча сабакка келет түштөн кийин. Ошол балага ата-энеси акчасын "балам артта калбасын, жетип алсын",-дейт А.Мамараимов.
Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Айнура Маданованын пикирине караганда, мектептердин утурумдук ремонту үчүн жыл сайын мамлекеттик бюджеттен акча каражаты бөлүнөт, бирок ар кандай чыгымдарга бөлүнгөн акча аздык кылат. "Мисалы: мектептеги алдыңкы окуучуларды сыйлоо, мугалимдерди сыйлоо, ар түрдүү иш-чараларды өткөрүү, күнүмдүк, утурумдук керектөө бар. Жөнөкөй сөз менен айтканда, мектепте күн сайын канчалаган лампочкалар, розеткалар күйөт, терезе сынат жана башка. Мунун баарын мектеп өзү көтөрүп келе жатат да. Жергиликтүү бюджет тарабынан ар кандай чыгымдарга деп, бир аз гана акча бөлүнөт. Азыр бардык мектептерде "Камкорчулук кеңешин" түзүү боюнча ата-энелер менен иштер жүрүп жатат. Бул кеңеш мектептердин материалдык базасын чыңдоого жардам берет",-деп жооп берди А.Маданова.

"ДЕТИ" КООМДУК АТА-ЭНЕЛЕР ФОНДУ
Шаардагы кадыр-барктуу деп аталган №1 М.Бабкин атындагы гимназия мектебинин директору Шакир Калматовдун айтымында, мындан алты жыл мурун түзүлгөн "Дети" коомдук ата-энелер фонду бар. Бул фондго топтолгон акча банкта сакталып, фонддун аткаруучу директору аркылуу мектептин күзөтчүсүнө, пол жууган адамга, жана да мектептин жыртык-тешигин оңдогонго жумшашат. "Ар жылы ревизиялык комиссия акча кайда сарпталганы боюнча текшерип, мектептин жалпы ата-энелер жыйынында отчет берип турушат",-дейт Ш.Калматов.
"Ата-энелерден акча топтобой эле, мектептеп өз ишин алып кете алабы?" деген сурообузга Шакир Маматович төмөндөгүдөй жооп берди:
"Бүгүнкү күндөгү республикабыздын экономикалык шартына караганда, биздин ата-энелердин жардамысыз кичине кыйналып калабыз го. Эмнеге дегенде, биринчиден, биздин мектеп эски, 1927-жылы курулган. Ошондуктан, бир четин оңдосоң, экинчи чети бузулуп кете берет экен. "Эскини эптегиче, эсиң кетет" деген сөз бар эмеспи. Бизде "акча топтомой" деген сөз жок. Мектепте ата-энелердин камкордук фонду түзүлгөн. Каттоодон өтүп, мыйзамдуу иш алып барабыз. Ата-энелердин камкордук кеңеши бир айда, же бир кварталда, бизге зарыл болгондо, чоң суммадагы акчаны иштете турган маалда чогулушуп, биз суранган акчаны мектептин материалдык базасын чыңдоо үчүн бөлүп беришет. Быйыл ата-энелердин, шаардык билим берүү башкармалыгынын жардамы менен эски устакананы кайрадан оңдоп, эки класстык бөлмө кылып курдук. Жаңы окуу жылы башталганда, ата-энелердин чогулушу өткөрүлөт. Ал чогулушта окуу-тарбия иштери жана фондго канчадан акча топтоо керектиги боюнча маселе каралат",-деп айтты мектеп директору Ш.Калматов.

БАЛДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ АКЫСЫЗ ЖҮРГҮЗҮЛӨТ
Жалал-Абад облустук прокуратурасынын мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн улуу прокурору Кадырбек Мараимбековдун берген маалыматына караганда, облустук прокуратура органдарында ушул жылдын 10 айында жалпы билим берүүчү мектептерде мыйзамсыз топтолгон акчалар жөнүндө ата-энелерден, окуучулардан арыз түшкөн эмес, же болбосо мындай фактылар прокуратура органдарында катталган эмес. "Мектептердеги жыйым-теримдер мыйзамдарга каршы келбейби? деген сурообузга Кадырбек Рысбекович төмөндөгүдөй жооп берди:
"Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 32-беренесине ылайык, "КРнын ар бир жараны билим алууга укуктуу. Жалпы негизги билим милдеттүү жана акысыз, аны ар бир адам мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайларынан алууга укуктуу. Ар бир жаран акысыз, ошондой эле акы төлөп билим алууга укуктуу",- деп көрсөтүлгөн. Ал эми КРнын "Балдар жөнүндө" Кодексинин 32-беренесинде, ар бир баланын бекер билим алуусуна кепилдик берүүсү жазылган. Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык ассамблеясы 1989-жылдын 20-ноябрында "Балдардын укуктары боюнча" Конвенцияны кабыл алган. Кыргызстан 1994-жылдын 12-январында КРнын Жогорку Кеңешинин токтому менен бул Конвенцияга кошулган. Анын 28-беренесинде балдардын билим алууга укугу жана ар бир Конвенциянын катышуучусу болгон мамлекет балдарга бекер баштапкы билим алууга шарт түзүүсү зарыл экендиги жөнүндө айтылган.
Ошондой эле, КРнын "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамынын 4-беренесинде ар бир жарандын милдеттүү жана акысыз баштапкы жана негизги билим алуусу көрсөтүлгөн. Мектептерди материалдык-базалык жактан колдоо иретинде түзүлгөн, юстиция башкармалыгынан атайын каттоодон өткөн коомдук фонддорго топтолгон акчалар мыйзамдуу болуп саналат. Ал эми эч кандай каттоодон өтпөй туруп, мугалимдер тарабынан жыйналган акчалар мыйзамсыз болуп саналат. Мындай фактылар болсо, прокуратура органдарына ата-энелер арыз менен кайрылышса болот",-деп жооп берди бөлүмдүн улуу прокурору К.Мараимбеков.

МЭРИЯ МЕКТЕПТЕРДИН АР КАНДАЙ ЧЫГЫМДАРЫНА 3 МЛН. СОМ БӨЛӨТ
Жалал-Абад шаардык финансы башкармасынын жетекчиси Изатбек Сармановдун сөзүнө караганда, жыл сайын жергиликтүү бюджеттен мектептерге, бала бакчаларга, мектептен тышкаркы мекемелерге: ДОЦ, музыкалык мектепке, баарысына "башка тейлөө кызматтары жана ар түрдүү башка чыгымдарга" деп үч миллион сом каралган. "Бул 3 млн. сом акча, менин оюм боюнча өтө "роскошно" болбосо да, орусча айтканда "худо-бедно" жыртык-тешигин жапканга жетет. Ата-энелерден акча топтоо деген болбош керек. Эми кээ бир ата-энелер өз ыктыяры менен берсе, эмне үчүн болбосун? Ал эми ата-энелердин кээ бир чогулткандары боюнча айтсам, ата-энелер комитети өздөрү чогултушат. Кайра ошол акчаны протокол менен кайда жумшашты өздөрү чечиши мүмкүн. А бирок, биз рекомендация да беребиз, сурайбыз дагы. "Минтип чогултпагыла, кээ биринин мүмкүнчүлүгү бар, кээ биринин мүмкүнчүлүгү жок. Чогултат десе, бүт мектеп, жалпы агартуу тармагы жаман атты болосуңар" деп айтабыз. Ошол себептен, бюджетте каралган акча менин оюм боюнча жетиштүү",-дейт И.Сарманов.