presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Өз оозунан угалы деп…
Жыл сайын 3-декабрда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнү болуп, ага карата иш-чаралар өткөрүлөт. Бул жолу 2-декабрда социалдык камсыз кылуу агенттиги менен Япониянын эл аралык кызматташуу агенттиги биргеликте гала-концерт уюштурду. Анда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар ырдап, бийлеп, өз колунан тигилген кийимдерин ж.б. буюмдарын көрсөтүштү. Андагы иш-чарада алардын күнүмдүк турмушуна кайрылып, жашоо-шарты жөнүндө сурап кайрылдык.

Азиз, 13 жашта:
- Көзү начар көргөн балдардын атайын мектебинде окуйм. Келечекте ырчы болгум келет. Ошондуктан түрдүү конкурстарга катышып турам. Ошондой эле, англис тилин жакшы үйрөнүп, котормочу болуп иштейин дейм. Мен мындан ары дагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жакшылап карашын каалар элем.

Николай Кононенко, 12 жашта:
- Мен №26 гимназиянын бешинчи классында окуйм. Келечекте машинист болууну каалайм. Үйдө бош убактымда компьютерде ойногонду жакшы көрөм. Төрөлгөндөн бери сол капталымдын паралич оорусу менен жабыркап келем. Бул сыяктуу сынактарда ырдап келем, ал эми бүгүн болсо, телевизор утуп алдым. Өкмөттөн 1 200 сом жөлөк пул берилет. Апам болсо, мени карап жүргөндүктөн, жумушка да орношо албайт.

Амантур Иликбеков, 31 жашта:
- Жаш майыптар коомунда иштейм. Өкмөттөн айына 1 000 сом жөлөк пул алып турам. Бирок менин 2 балам жана келинчегим бар. Ошондуктан акча жетишпейт. Үйдө бош убактымда "Кыял" бирикмесинен заказ алып, сайма саям. Анча-мынча коомдун жардамы менен иш-чараларга катышып, оокатымды кыбыратам.

Эрнис Мыктыбек уулу, Чүй облусунун жаш майыптар коомунун төрагасы:
- Бүгүнкү күндө биздин кеңсебиздин жоктугунан, көчөдө иш алып бара жатабыз. Мамлекет тарабынан ушул жагынан көмөк көрсөтсө дейбиз. Биздин коомдо 562 жаш майыптар катталган. 2005-жылы сентябрда түзүлүп, көптөгөн иш-чараларды жүргүзүп келебиз. Коомубуздун мүчөлөрү "Кыял" бирикмесинде, протез заводунда, бут кийим оңдоочу жайларда иштешет. Алар 3-4 миң сомдун тегеринде айлык алышат. Ал эми жөлөк пул 350 сомдон жогору берилет. Биздин коомго кайрылган майып жаштардын көбү кырсыктан, же жол кырсыгынан улам жабыркап калгандар. Тубаса мүмкүнчүлүгү чектелгендер да бар. Мисалы, сыртынан байкалбаганы менен менин да бутум протезден жасалган.

Асипа Мусаева, Мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар ассоциациясынын төрайымы:
- Быйылкы эл аралык мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнү мурункулардан айырмаланган деле жок. Болгону эмдиги жылдан баштап, жылуулук жана электроэнергия тарифтеринин кымбатташы бизди тынчсыздандырууда. Анткени, өкмөт кошуп берген акча көпчүлүгүнө жетпейт. "Силерге мынча-анча коштук" деп жатышат, бирок майыптар ансыз деле жакыр жашашат. Бүгүнкү жаш майыптардын окууга шарты жок. Жумушка алынбайт. Көчөлөрдө аларга жүрүүгө ылайыктуу пандустар жок. Мектеп, университет ж.б. имараттардын көпчүлүгү майыптарга ылайыкталган эмес. Ошондуктан да алар үйдөн чыга албай, жөлөк пул менен жан багат. ЭЛЬВИРА КАРАЕВА




"Баланын майып төрөлүшүнө көбүнчө эне күнөөлүү"
Беловодск айылындагы психоневрологиялык мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын интернатында Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз-түрк лицейинин жамааты канцтовар баштыгы, оюнчуктар, кийим-кече таркатты.
СҮРӨТ: ЭЛЬВИРА КАРАЕВА
Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз-түрк лицейинин жамааты жана окуучулары менен Беловодск айылындагы психоневрологиялык мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын интернатына сапар алдык. Окуучулар балдарга атайын баштыкчаларга белек-бечкектерин салып, бизди күтүп жаткан кичинекей досторубузга жөнөдүк.
Дал 3-декабрга туштап келгендиктен, биз барганыбызда башка конокторго да туш болдук. Интернатка "Ганси" авиабазасынын кызматкерлери жана укук коргоо органдары өз белектерин көтөрүп келишиптир. Бизди тосуп алган интернат үйүнүн директору Вера Исраилова мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын палатасына көздөй ээрчитти. Чурулдап чыккан бөбөктөр бизди көңүлдүү тосуп алышты. Лицейчилер канцтовар баштыгы, оюнчуктар, кийим-кече таркатты. Директор айымдын айтымында, бул жайда 254 бала катталган. Эркектер - 146, кыздар 108ди түзөт. Алардын көбү (209) кыргыз улутундугулар. Алардын көпчүлүгү кыймылсыз абалда болгондуктан, керебетте жатышат. Интернат 1935-жылы эле түзүлгөн. Республика боюнча абалы өтө оор болгон мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бул жайга кайрылышат. Ар бирине мамлекет тарабынан тамагына күнүнө 65 сом, дары-дармегине 6,5 сом каралган. Төрт маал тамак берилет. Алардын ашканасы 1935-жылы курулган жана 254 бала бир учурда батпайт. Ошондуктан аларды экиге бөлгөнгө туура келет. Керебеттердин абалы канааттандырарлык болгону менен кийим салчу шкафтар жетишсиз. Ошондой эле, өрткө каршы орнотулган гидранттар бузулуп, көлмө 1991-жылдан бери ремонттолгон эмес. 254 баланы интернатта 149 адам тейлейт. Анын үчөө врач, 10у медсестра, бала багуучулардын саны 100дү чамалайт.




Вера Исраилова, Беловодскидеги психоневрологиялык балдар интернатынын директору:
- Интернатта кайсы жаштагылар камкордукка алынган жана кандай балдар сиздерге кайрылат?
- Мен бул интернатта 12 жылдан бери иштеп келем. Бизге 4төн 18 жашка чейинкилер кайрылат. Биздин мекемеге түрдүү адамдар келет. Ата-энеси жок, же ата-энеси бар, бирок карай албагандар бар. Анткени, мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жөлөк пулу аз. Бул жерде алар күнү-түнү кароого алынган.
- Балдар мамлекеттин кароосунан тышкары жөлөк пул алабы?
- Жок. Алар ансыз деле мамлекеттин эсебинен камкордукка алынган. Тамак-ашка бөлүнгөн акча аз, бирок учурда социалдык камсыз кылуу агенттиги каражатты көбөйтүү аракети менен алек болуп жатат. Тамак-аштын рационунда сүт, сары май, эт бар. Ал эми дарыга бөлүнгөн каражат да жетишсиз, анткени балдардын 80 пайызынын тарамышы карышат. Бүгүнкү күндө бир таблетканын баасы эле 5-6 сом. Алар күндө дары ичип турууга муктаж.
- Сиз бул тармакта көптөн бери эмгектенет экенсиз. Жыл сайын балдардын саны көбөйүп жатабы, же азаюудабы?
- Союз таркагандан бери бизге окшогон тармактарга жакшы көңүл бөлүнбөй калган. Алгачкы жолу бул жерге келгенимде, 160тай бала бар болчу. Интернат өзү 254 балага ылайыкташкан. Азыр балдардын саны көбөйүп жаткандыктан, 48 баланы башка интернатка өткөрүп берүүгө туура келди. Таласта жаңы интернат ачылган. Мындай балдардын санынын өсүүсү көп нерседен улам келип чыгууда.
- Мисалы эмнеден? Эмне үчүн акыркы учурда балдар майып болуп төрөлүүдө?
- Бизге кайрылгандардын дээрлик баары начар үй-бүлөдөн келген. Же ата-энеси баңгизат колдонгон, же ичкичтер. Андай ата-энеден майып бала төрөлөт. Ошондой эле, республиканын түндүгүндө анча байкалбаганы менен түштүктө дале туугандардын турмуш куруп алгандары кездешет. Мындай никеден да мүмкүнчүлүгү чектелген бала туулат. Ошондуктан, азыркы жаштарга кайрыларым, ден соолугуңарга жакшы кам көргүлө. Жаман жолго түшпөй, бейкүнөө наристелердин убалына калбагыла. Өзгөчө, кыз-келиндер келечектеги баласынын камын азыртадан ойлоп, анын майып болуп калбашына бүт аракетин жумшашы зарыл.




Айтбү Боромбаева, Беловодскидеги психоневрологиялык балдар интернатынын тарбиячысы:
- Балдар бул жерде эмне менен алек болушат?
- Балдардын оорулары түрдүү болгондуктан, баардыгы жөнүндө бирдей нерсени айтуу кыйын. Алсак, бирөөсүнүн акылы кем, бирок кыймылдайт. Же кыймылдабайт, бирок акылы бар. Биздеги 200дөн ашуун балдардын ичинен атайын 14 баланы тандап, өзүм класс ачып, аларга сабак берип келем.
- Сабактарды кандай окушат?
- Азыр муун-муунга бөлүп, окуп калышты. Бул эки жылдык жыйынтык. Тамгаларды жазышат. Эрте менен жетөө бир топ, түштөн кийин жетөө бир топ болуп, сабакка киришет. ЭЛЬВИРА КАРАЕВА




Гемофилия менен ооруган балдар кан фактору менен камсыз болушту
Бүгүнкү күндө гемофилия менен ооруган бардык балдар (16 жашка чейинки 70ке жакын бала) кан фактору менен камсыз болушкан. Мындай маалымат Бүткүл Дүйнөлүк Гемофилия Федерациясынын делегациясынын гемофилия менен ооруган майыптардын Кыргыз коому менен жолугушуусунда белгилүү болду. Мамлекеттик кепилдик программасынын чегинде Милдеттүү медициналык камсыздоо Фонду 2008-жылы 3,5 млн. сомго Швеция өндүрүшүнөн чыккан 535 флакон кан факторун сатып алган. Жолугушууда гемофилия дарты менен жабыркаган бейтаптардын бир катар көйгөйлөрү, ошондой эле чоңдорду кан уютуу факторлору менен камсыз кылуу, физиотерапия жүргүзүү, реабилитациялык борборлорду түзүү маселелери каралды. АЙМИРА МЕНДЕЕВА




"Газпром" мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам көрсөттү
q"Газпром нефть Азия" автокараваны мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга белектерди беришти. Алар төрт борборго көңүл бурушту, анын ичинен экөөсү республиканын алыскы аймактарында жайгашкан. Бакай-Ата жатак-үйүнө сырткы кийим, бут кийим, шейшеп, баш кийим, свитер жана башка көптөгөн буюмдар, ал эми Кадамжай психоневрологиялык аралаш жатак-үйүнө шейшеп, идиш-аяк жана муздаткыч тапшырылды. Бишкектеги Энени жана баланы коргоо Улуттук борборунун ЛОР бөлүмүнө муздаткыч, суу ысыткыч, кондиционер, шкаф, чаң соргуч, стол жана стул, ал эми Кантта жайгашкан "Сюзен" балдарды адаптациялоо борборуна жетекчиликтин суранычы боюнча узундугу 100 метрге жеткен декоративдик дубал даярдап алып барышты. Жардамдын жалпы суммасы 644 миң сомду түздү. АЙМИРА МЕНДЕЕВА





кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"
email • архив • редакция 
4-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Ата-энелерди кыжырланткан жыйым-теримдер
2-бет
Кылым кайгысына Нарындан 5 адам кабылды
3-бет
Обаманын жаңы стратегиясы
4-бет
Өз оозунан угалы деп…
5-бет
Ата-энелерди кыжырланткан жыйым-теримдер
6-бет
Абдыкадыр Жороев: "Бейтаптардын массалык түрдө келишине ооруканалар даяр"
7-бет
Кореяда кыргыз жаштары жөнүндө макала жазылды
12-бет
Жайыт маселелерине эл аралык кеңешчилер тартылууда
13-бет
"Манас" окуу жана азыркы заман алааматтары
14-бет
Кичинесинен эле өжөр болчу





??.??