presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кылым кайгысына Нарындан 5 адам кабылды
Быйылкы жылдын 1-нояб-рына карата Нарын дубанынан 5 адам кишинин иммундук жетишсиздиги синдромуна (СПИД) чалдыккандыгы аныкталды. Алар Жумгал, Кочкор райондорунан экиден адам болсо, бирөө Нарын районунан табылган. Иммундук жетишсиздик козгогучун (ВИЧ) жуктургандын бирөө каза болгон. Калган 4 адамга дарт ийне саюу жолу аркылуу жуккандыгы тастыкталган. Береги маалыматтарды билдирген Нарын облустук СПИДке каршы күрөшүү борборунун башкы дарыгери Үмүт Чокморова ички иштер бөлүмдөрүндө, мектептерде иш солгун жүргүзүлүп жат-кандыгын белгилейт. "Облуста "наркоман" менен ооруган адам каттоодо жок. Бирок, быйыл эле Кочкор районунан ийне саюу аркылуу 2 адам бул дартты алып жүргөндүгү ачыкка чыкты",-дейт башкы дарыгер. Ал эми борбор быйылкы жылда 540 миң сомго оңдоодон өткөрүлүп, Ат-Башы районунда 240 миң сомго жаңы лаборатория ачылган. Өткөн жылдын 11 айында 7 558 адам текшерүүдөн өткөрүлсө, быйылкы жылы бул көрсөткүч 10 063 адамга жеткен. Мындан сырткары 159 киши өз алдынча анализден өтүшкөн. КҮМӨНДӨР УСУПТЕГИН, НАРЫН




Ажыга кеткен мекендештерибиз кайтып келе башташты
3-декабрь күнү кыргызстандык зыяратчылардын биринчи тобу "Манас" аэропортуна "Боинг-747" учагынын 8471-каттамы аркылуу кайтып келишти. Ошондой эле 7-10-декабрга да келиши пландалууда. Ош шаарына зыяратчылар түшкөн биринчи учак 12-декабрда келип конмокчу.
Бир катар жылдар бою "Ош" жана "Манас" аэропортторунан ажылыкка ташыган чартердик каттамдар жүргүзүлүп келет. Үстүбүздөгү жылы 5инен 15-ноябрга чейин 3 699 жүргүнчү учкан. Зыяратчылар толугу менен медициналык кароодон өткөрүлүп, эмдөө иштери жасалган. Кыргызстанга келээри менен бардыгы медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп, учактын ичине санитардык тазалоо жүргүзүлмөкчү. АЙНУРА ӨМҮРКУЛОВА




Сексен мугалимдин окутуу сапаты жогорулады
q"Интербилим" борбору тарабынан колдоого алынган "Айылдык мектептердеги чет тил мугалимдеринин окутуу сапатын жогорулатуу" долбоору аяктады. Анын алкагында октябрь-ноябрь айларынын ичинде жалпысынан 80ге жакын эже-агайлар окутулду. Семинарлар Балыкчы, Кара-Балта шаарларында, Панфилов районунда жана Бишкектеги Герман Гмайнер атындагы мектептерде өттү. Бул окутууну "Интербилимдин" "Лидерликтин мектеби-2009" долбоорунан даярдалган немис тилинин мугалими Жамиля Абирова өткөрдү. "Мындай семинарлардын болуп турушу зарыл экендигинн жер-жерлерде болуп, мугалимдер менен жолугушканда дагы бир жолу ынандык. Андыктан билим берүүдөгү, тил үйрөтүүдөгү жаңычылдыктар менен эже-агайларды мындан ары да тааныштырып туруу ниетибиз бар",-деди Ж.Абирова. ЭЛЬВИРА КАРАЕВА

Токтогулда куткаруу кызматы ачылды
Жалал-Абад областынын Токтогул шаарчасында Коопсуздук кызматы ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Андагы 14 сактоочунун эмгектенүүсү жана эс алуусу үчүн ашкана, жатакана, эс алуу жана окуу бөлмөлөрү бөлүнүп, бардык шарттар түзүлгөн. Куткаруучулар тобуна сактоо иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон жабдуулар менен камсыздалган "Газель" автоунаасы бөлүнгөн. Еропадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму тарабынан аталган кызматтын кызматкерлери атайы форма менен жабдылган. А. МЕНДЕЕВА




Акционердик макулдашуулар - инвесторлордун укугун эффективдүү коргоочу куралы
Кыргызстанга инвесторлорду тартып келүү максатында бир топ иш-чара талап кылынат. Анын ичинде акционердик коомдогу мамиленин мыйзам базасын күчөтүү чарасы бар. Бул туурасында кеңири маалымат сурап "MGN Group" жабык акционердик коомунун укуктук маселелери боюнча вице-президенти, "Кыргызтелеком" жана "Кыргызгаз" ачык акционердик коомдорунун директорлор кеңешинин мүчөсү Жапар Усеновго кайрылдык.

- Бүгүнкү Кыргызстандын фондулук рыногу уктап жаткан сымал. Баалуу кагаздарды сатуу жана сатып алуу иш-чаралары биржада айлап кыймылсыз абалда турат. Жергиликтүү жана чет өлкөлүк инвесторлор акцияларды сатып алууга кызыкдар эмес. Анткени фондулук рыноктогу сунуштардын дээрлик көпчүлүгү чакан акциялардын пакетинен турат. Мындай үлүшкө ээ болгон инвестор мыйзам боюнча акционердик коомду көзөмөлдөөгө, же кандайдыр бир чечимди кабыл алууга таасир тийгизе албайт. Ошондуктан аз үлүштүү акционерлер (миноритарийлер) көп үлүштүү акционерлердин (мажоритарийлер) саясатынын туткунуна айланат.
Бул сыяктуу абал көпчүлүк инвесторлор үчүн тигил же бул акционердик коомдун капиталдагы катышуусунда пайда алып келбейт. Алсак, юридикалык тобокелдиктерди башкаруу тыкан стандарттарына ээ болгон чет өлкөлүк инвестициялык фонддор көпчүлүк учурда Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлордон баш тартууга мажбур болушат. Анткени, биздин мыйзам боюнча акционердик коомду башкаруу жана көзөмөлдөө үчүн акциянын теңинен көбүн сатып алуу зарыл.
Көпчүлүк учурда жаңы акционердик коомду түзүүдө, айрыкча инновациялык тармакта, акционерлер башкаруу жана көзөмөлдөөнүн өзгөчө структурасын бекитүү зарылчылыгына туш болушат. Мунун өзү долбоордун өзгөчө мүнөзүн көрсөтүп, шериктердин салымын жана ролун тактап, салымдардын тийиштүү юридикалык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. Мындай түзүлүш теңсиз үлүшкө ээ болгон акционердик коомдорго тийиштүү. Ага ылайык акционерлердин бири башынан эле долбоорду ишке ашыруу процессине жана өзгөчө башкаруу чечимдерине көзөмөл салууда мүмкүнчүлүгү аз. Кээ бир учурларда инвестиция салып жаткан тарап мыйзамда каралгандан сырткары башкаруу жана көзөмөлдөөнүн чоң укуктарын берүүнү талап кылат.
Чет өлкөлөрдө мындай көйгөй эбак эле ийгиликтүү чечилүүдө. Ал жерде мыйзамдарга жана уюштуруучу документтерге кошумча жардам катары долбоордун катышуучулары өз мамилесин жөнгө салуу максатында атайын акционердик макулдашууларды түзүшөт.
Акционердик макулдашуулар бир гана стратегиялык жана институционалдык инвесторлор үчүн гана кызык болбостон, акциянын аз үлүшүнө ээ болгон акционерлер үчүн да пайдалуу. Анткени мындай макулдашууну киргизүү менен компаниянын директорлор кеңешине өзүнүн өкүлдөрүн көрсөтүүдө өз ресурстарын бириктирип алышына мүмкүнчүлүк түзөт. Ушуну менен бирге акционердик макулдашууларды түзүү менен, миноритарийлер башкаруучулук жана ири акционерлердин кыянаттыгынан коргоно алышат.
Акционердик макулдашууну түзүү практикасы Россияда кеңири жайылтылган. Бирок Кыргызстанда мындай макулдашууларды колдонуу тармагы алда канча чектелген. Ага себеп: мыйзам нормаларындагы татаалдык жана келишпестиктер.
Андыктан Кыргызстандагы корпоративдик мыйзамдуулукту өнүктүрүүнүн азыркы этабындагы негизги маселе - укуктук мамилелердеги мыйзам ийкемдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат. Акционердик макулдашуулардын укуктук статусу жана аларды ишке ашыруу механизмдери мыйзам деңгээлинде так жөнгө салынышы керек. Ушуну менен бирге, инвесторлордун укугун коргоо, акционердик коомдордун туруктуулугун жана ачыктыгын жогорулатуу негизги маселелерден болушу зарыл.
Жаңы юридикалык институттун ишке киргизилиши көп пайда алып келет, анын ичинде макроэкономикалык жагдай да бар. Бир жагынан акционердик макулдашуулар практикасы корпоративдик ызы-чуулардын алдын-алып, алардын чечилишин жеңилдип, миноритардык инвесторлор үчүн акционердик коомдун чечимдерине биргелешип таасир тийгизүү мүмкүнчүлүгүн түзөт. Экинчи тараптан жеке менчик укугун сактоону күчөтүү Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатып, жеке менчиги мыкты корголгон өлкөлөргө ата мекендик капиталдын агылып кетүүсүн басаңдатат. ДАЯРДАГАН НУР ТУРАТБЕКОВА




"Чаркчы" тасмасы тартылып бүттү
"Кыргызтелефильм" телестудиясы "Чаркчы" деп аталган кыска метраждуу көркөм тасманы тартып бүтүштү. Анын сценарийин Талант Жумабаев жана Канат Сартов жазган. Режиссёру Канат Сартов, оператору - Михаил Петров, үн режиссёру Флора Газиева, телефильмдин директору Артык Ызабеков. Аталган тасмада ар кимиси өзүнүн жашоосу менен алек болгон үй-бүлөдөгү өз ара мамиле тууралуу баяндалат. Күйөөсү бизнес менен менен алектенип, убакыт - акча деген башкы принципти бекем тутат. Аял, үй кожойкесинин типтүү образы аркылуу мурдагы үй-бүлөлүк мамилелерди сактап калгысы келет. Уулу же кызы келечек тууралуу планы жок, бейкапар убакыт өткөрүшөт. Ал эми көчөдө пайда болгон чаркчынын "Бычак, кайчы курчутам!" деген чакырыгы каармандардын жашоосунда өз ара жылуу мамиленин кайтып келишине түрткү болот. АЙМИРА МЕНДЕЕВА


Алгачкы кафедранын ачылышы
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетинде "Рекламалык иш жана коомчулук менен байланыш" кафедрасы түзүлдү. Аталган кафедраны ачуу 2008-2009-окуу жылында каралып, 2009-2010-окуу жылынын башталышында ишке ашты. Мындай кафедра өлкөбүздө биринчи жолу пайда болуп, мындан ары "Реклама" жана "Коомчулук менен байланыш" боюнча адистерди даярдайт. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер рекламалык иштин жана коомчулук менен байланыш ишмердүүлүгүнүн пайда болуусу, Кыргызстанда өнүгүүсү тууралуу илимий жана чыгармачылык изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын көрсөттү. БЕЙШЕНБЕК АБДИБАИТОВ


"Антарктида: алыс жана жакын" китеби жарык көрдү
Космос, авиациялык медицина жана физиология тармагынын белгилүү окумуштуусу Асылбек Айдаралиев Антарктидага жасаган экспедициялары жөнүндө китебин толуктап, жаңыланган вариантын окурмандарга сунуштайт. Арадан 30 жыл өткөнүнө карабастан, окумуштуу бүгүнкү күндө көбүнө табышмактуу көрүнгөн түштүк уюлун ар тараптуу чагылдырган. Окумуштуунун айтымында, бүгүнкү жаштардын көбү Антарктида менен Арктиканын айырмасын деле билишпейт. "Мисалы, менден Антарктидада ак аюулар жакшы жүрүшөбү деп сурашкан, чынында түштүк уюлда ак аюулар жашабайт",-дейт окумуштуу. Китепте бир эле ак аюулар эмес, баардыгына башын салган пингвиндер, материктин каардуу климаты, адамдардын ал жерге көнө билүүсү ж.б. жүздөгөн кызыктуу маалыматтар жазылган. ЭЛЬВИРА КАРАЕВА





кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"
email • архив • редакция 
4-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Ата-энелерди кыжырланткан жыйым-теримдер
2-бет
Кылым кайгысына Нарындан 5 адам кабылды
3-бет
Обаманын жаңы стратегиясы
4-бет
Өз оозунан угалы деп…
5-бет
Ата-энелерди кыжырланткан жыйым-теримдер
6-бет
Абдыкадыр Жороев: "Бейтаптардын массалык түрдө келишине ооруканалар даяр"
7-бет
Кореяда кыргыз жаштары жөнүндө макала жазылды
12-бет
Жайыт маселелерине эл аралык кеңешчилер тартылууда
13-бет
"Манас" окуу жана азыркы заман алааматтары
14-бет
Кичинесинен эле өжөр болчу





??.??