presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кичинесинен эле өжөр болчу
Урматтуу күйөрмандар! Кыргыз эли илгертен спортко шыктуу, таланттуу эл эмеспи. Ал эми эски Союз учурун алабызбы, же эгемен Кыргызстанды айтабызбы, ар дайым кыргыз жигиттери эл аралык ареналарда өздөрүнүн чеберчилиги менен Кыргызстанды даңктап келет. Гезитибиздин бул санында биз сиздерди андай спортсмендердин бири, Кыргызстандын атактуу кикбоксчусу Мирбек Сүйүнбаев менен жакындан тааныштырабыз.

Мирбек Сүйүнбаев - эл аралык спорт чебери, профессионалдар арасында дүйнөнүн чемпиону (1997-ж., Москва), Дүйнөлүк кубоктун ээси (2000-ж., Венгрия), ышкыбоздор арасында дүйнө чемпиону (2003-ж., Франция), дүйнөнүн вице-чемпиону (2003-ж., Украина), дүйнөлүк чемпионаттарда коло медалдын ээси (1995, 1999, 2001 ж.ж.), Азиянын чемпиону (2003-ж., Ташкент), Евразиянын чемпиону (1997-ж., Татарстан), профессионалдык матчтык беттешүүлөрдүн жеңүүчүсү (АКШ, Украина, Италия, Россия, Англия, Түркия, Франция ж.б.), жабык залдагы Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси (2007-ж., Макао), Дүйнөлүк чемпионатта (WAKO) коло медалдын ээси (2009-ж., Австрия).

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Австрияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта (лоу-кик) Мирбек 57 кг. салмакта коло медалга ээ болду. Бул анын эки жылдан берки тыныгуусунан кийинки биринчи мелдеши эле.
"Мен 13 жылдан бери бардык мелдештерге катышып келдим. Ошондуктан өзүмдүн организмимди эс алдырып, кичине тыныгуу үчүн рингге чыкпай жүргөм. Бирок мен эч качан машыгууларымды токтоткон эмесмин. Ал эми жөн эле машыгуу менен алек болуп, бирок чоң мелдештерге катышпоо мен үчүн "эс алуу" болчу. Андыктан эки жыл эс алып анан дүйнөнүн коло медалын утуп алыш мен үчүн жаман эмес",-дейт Мирбек Сүйүнбаев.
Айтмакчы, Австрияда Кыргызстандын намысын Мирбектен тышкары дагы Өткүр Худояров, Мирлан Ибраев, Сталбек Деркенбаев, Ален Офойо жана Кумар Жалиев сыяктуу спортсмендерибиз коргоп чыгышкан. Бирок бул жолу алар байгеге илинбей калышты.
Австриядагы чемпионатта Мирбек Сүйүнбаев адегенде италиялык Роберт Палес-тинини, андан кийин франциялык Филипп Алексти уткан, бирок үчүнчү беттешүүдө упай боюнча сербиялык Бобан Марунковичке утулуп калды.
Мирбектин айтуусу боюнча бул беттешүүдө судьялар сербиялык кикбоксерго тартып коюшкан. Ал беттешүүнү WAKO президенти Энио Фальсони да көрүп бардыгын байкап отурган. Ошон үчүн ал Мирбекке кечээ ноябрдын аягында Италияда өткөн дүйнөлүк чемпионатка жеке чакыруу берген. Ошентип, Австриядан келери менен Мирбек кайрадан катуу машыга баштайт. Анан да ал бир айдын ичинде 10 кг.га арыкташы керек эле.
"Албетте, мен Италияда алтын медалды утуп бардык кикбокс күйөрмандарын кубанткым келет. Анын үстүнө бул дүйнөлүк форумда биринчи жолу Кыргызстанды өзүмдүн атындагы клубдун атынан чыгам да",-деп айтты белгилүү спортсменибиз Италияга кетип жатып (тилекке каршы Италиядагы дүйнөлүк чемпионатта Мирбек биринчи эле беттешүүдө жеңилип калды).
Мирбек Сүйүнбаев 1975-жылы Талас областынын Бакайыр айылында туулган. Кичинесинен баштап эле ал башка балдар сыяктуу чыгыш күрөшүнө кызыга баштайт. Албетте, анын чыгыш өнөрлөрүнө кызыгуусуна ошол убакта бардык жерде көрсөтүлчү атактуу Брюс Ли тууралуу кинотасмалар түрткү берген. Талас айылдарында өскөн балдар сыяктуу эле Мирбек да Сайракан апасына тамеки терүүдө жардам берчү. Мүмкүн ал оор жумушка көнүп, чыдамкайлыгын ошондо өстүргөндүр. Ал эми кечинде жумуштан үйүнө келип Мирбек машыгуусун дагы улантчу. Ал машыгууларга кээ бирде классташтары да кошулчу.
Мирбек кичинесинен эле өз алдынча болуп калган: өзү машыгып, өзү спортчулардыкына окшош бут кийим тигип, мушкерлердин мүшөгүн жасап, ичин кум, саман менен толтуруп алчу. Ал эми жаткан бөлмөсүнө өзүнүн кумири Брюс Линин сүрөтүн илип коюп, ар дайым мен белгилүү спортсмен болом деп айтып жүрчү.
Андан тышкары Мирбек ата-энесинен кулун кезинде белекке алган өзүнүн "Гранд" деген күлүгүн жакшы көрчү. Сүйүктүү күлүгү менен ал үчүнчү класста окуп жүргөндө тай-чабыш, кунан-байгелерди утуп кийин чоң ат чабышта да байгелерди жеңе баштайт. Каарманыбыз өзү эскергендей ал күлүктү казактар көрүп калып анын ата-энесине абдан көп суммадагы акча сунуш кылышкан (ал акчага ошол убакта эки комнаталуу эки үй сатып алса болмок экен).
"Үйдө бардыгы "Грандды" казактарга сатууга макул болушуп, жалгыз гана мен тырышып болбой койдум. Бирок мени эч ким укпай койду. Анан менин күлүгүмдү алып кетиш үчүн жүк ташуучу машина келгенде мен атымды минип тоого качып кеттим. Үйгө үч күндөн кийин гана келдим… Кийин ата-энемдин айтуусу боюнча казактар менин атка өтө жакын экенимди көрүшүп, ал атты сатып алуудан баш тартышыптыр",-деп эскерет биздин атактуу чемпионубуз.
Өзүнүн сүйүктүү күлүгү менен Мирбек армияга кеткенче ажырашкан эмес, бирок ал келгенче "Гранд" жок болуп калышы мүмкүн экенин билип, кыргыздын салты боюнча аттын куйругунан жулуп алып өзүнө тумар кылып мойнуна тагып алган.
"Эң оор учурларда мен өзүмдүн тумарымды карап ойлоном, тумарым мага туура ой берет. Андан тышкары менин тумарым рингде да мага жардам берет, ошон үчүн бардык турнирлерде ал мени менен",-дейт Сүйүнбаев.
Сүйүнбаев армияда плацта басканды гана үйрөнбөстөн офицерлердин кол алдында спортту да калтырган эмес. Болочок чемпион аскердик кызматын өтөгөндөн кийин 1995-жылы "Гермес-Профи" клубуна келет. Анткени ошол учурда жаш балага Шабан Шадмановдун кооз чеберчилиги чоң таасир калтырган. Бирок аны адегенде залга киргизбей коюшат. "Бул жерде профессионалдар гана машыгат" деген сөздү угуп калган Мирбек эшик жабылганча 54 кг. салмакка чейинки "любой" профессионалыңар менен чыгам деп жиберет. Залга киргизбей жаткан өтө "серьезный" - Рома деген жигит экен, ал Мирбектин акесин таанытыш үчүн залдан бир баланы чакырат. Экөөнүн мушташы чындап эле абдан катуу болот. Акыры Рома мушташты токтотуп Мирбекке эртең кел, Воинов бүгүн болбойт деп айтат.
- Эртеси Александр Хусаинович залга кирери менен эле: "Кечээги ким?"-деп сурайт. Мирбекти көрүп, анан аны текшерип, сынап көрүү үчүн өзү спарринге чыгат. Он мүнөт Мирбек менен кол менен да урушуп, бут менен да тебишкенден кийин тренер: "Молодец! Бул күндөн баштап биздин клубга келип машыга бер"-деп айтат. Бул окуядан эки жума өтпөй Мирбек кыргызстандык 22 баланын катарында Киевге барып, дүйнөлүк чемпионатын коло медалын жеңип алат. Ошондон кийин ал өз өмүрүн толугу менен спортко ыйгарат.
Анын рингдеги эң чоң жеңиштеринин бири 1997-жылы болот. Москвада өткөн дүйнөлүк чемпионатта Мирбек чемпион болуп, ал үчүн өзүнүн туугандары гана эмес, коңшулары да, бардыгы сүйүнүшкөн. Мирбек жеңиш менен Москвадан Таласка келгенде ал убакта областтын губернатору Темир Акматалиев Киров районунун акими менен чогуу анын урматына чоң той өткөрүшкөн. Ошондо Мирбекти куттукташ үчүн көп адам келген.
Дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону рингде өзүн да, атаандашын да аябайт. Мелдеш учурунда ал толугу менен оюнга берилип, ал эми гонг болору менен жылмаюу менен атаандашын колунан кармап ырахмат айтат. "Турмушта да спорттогудай эле катуу тартип керек, антпесе болбойт"-дейт атактуу спортсмен.
- Ата-энем Тургунбек менен Сайракан ар дайым мени эмгекчилдикке, чынчылдыкка үйрөтүп, улууларды урматтап, атадан калган салттарды унутпоого үндөп келишкен. Биздин үй-бүлөбүздө тогуз бала бар, мен сегизинчимин. Бирок мен балдардын эң өжөрү болчумун. Өзүмө жакпаган нерсени эч качан жасачу эмесмин. "Мен аны жасабайм, же убактым жок" деп койчумун. Болду. Экинчи ал маселеге кайрылышчу эмес.
Ал чет өлкөлөрдөн келген сайын ар дайым ата-энесине, бир туугандарына ар кандай белектерди ала келет. Кээ бирде жөн эле сюрприз жасаганды жакшы көрөт. Акыркы жолу Мирбек атасына күлүк тартуулаган.
- Апам да менин бала кезимди эстеп калат дейт Мирбек. -Мен 5-6 жаштарда болсом керек, иштеп жаткан адамдар тамеки талаасынан жыланды көрүп калышып кыйкырык салып кубалап калышты. Жылан алардан качып бир кычыкка кирип баратыптыр. Мен жетип барып жыланды куйругунан кармап катуу тарттым эле… Жылан экиге бөлүнүп кеткен! Кийин ал окуяны апам элдерден угуп алып көпкө чейин "жылан чагып алса эмне болот эле" деп мен үчүн коркуп жүрдү.
Кийин мен дүйнөнүн чемпиону болгондо өзүмдүн айылымдагылар ал окуяны эстеп ата-энелериме: "Көрдүңөрбү, силердин уулуңар кичинесинде эле күчтүү жана өжөр болчу" деп жатышпайбы. ТАБЫЛДЫ АСЫГАЛИЕВ





Ирландия да чемпионатка барабы?
4-декабрда Түштүк Африканын борбору Кейптаунда 2010-жылкы дүйнөлүк чемпионаттын финалдык турнирине чыгышкан командалардын кайсы группаларга бөлүнүп кимдер менен ойнору билинет. Регламент боюнча ДЧга 32 команда катышат. Бирок бул жумада Ирландия футболдук федерациясы ФИФАга кайрылып аларды 33-команда кылып дүйнөлүк чемпионатка кошуп коюусун суранып жатышат?..
Дүйнөлүк чемпионатка баруу үчүн группалык тандап алуу оюндарында экинчи орунду ээлеген Ирландия менен Франция дагы бир жолдомо талашып, биринчи оюнда Ирландия атаандаштарын өз үйүндө 1:0 эсебинде утуп, анан үч күндөн кийин Францияга барып оюндун негизги убактысында ошондой эле эсеп менен утулуп калышкан. Бирок кошумча убакытта француздар дагы бир гол киргизип утуп кетишкен. Бирок ал гол кирээрде судья ката кетирип, франциялык чабуулчу Тьерри Анри топту колу менен токтотуп пас берип, өнөгү Галлас гол киргизгенин билесиздер. Ирландия командасы ФИФАга протест жазып, же бизди да дүйнөлүк чемпионатка кошкула деп жатат.
Ал эми ФИФАнын президенти Зепп Блаттер ирландиялыктардын өтүнүчүн мен жалгыз чече албайм, аны аткаруу комитети чечет деп акырын гана четке чыга берди. Эми эмне болор экен? Ирландия да чемпионатка барабы? Андай болсо Уругвай менен болгон оюнда "Судья ката кетирди" деп Коста-Рика да арыз жазып жатат.

Месси -"Алтын топтун ээси"
Франциянын "France Football" журналы 2008-09-сезондо Европанын Эң мыкты оюнчусун атады. Анда Аргентина курама командасынын жана "Барселонанын" оюнчусу Лионель Месси биринчи орунду ээлеп "Алтын топко" ээ болду. Жылдын оюнчусун аныктоодо 22 жаштагы футбол жылдызы мүмкүн болгон бардык 480 упайдан 473 упай топтоп, бул конкурстун жаңы рекордун койду. Мындай чоң артыкчылыкка мурда бир да оюнчу жеткен эмес. Экинчи орунду ээлеген былтыркы конкурстун жеңүүчүсү Криштиану Роналду (Португалия, "Реал" -233 балл) Мессиден 240 балл артта калды. Үчүнчү орунду Хави ("Барселона") ээледи - 170 балл. Европанын эң мыкты оюнчусун аныктоодо Лионель Месси мурдагы жылы үчүнчү орунду ээлеген, былтыр- экинчи, ал эми быйыл биринчи орунга чыкты.
2009-жылда Европадагы эң мыкты 10 оюнчунун катарында дагы төмөнкү оюнчулар бар: Андрес Иньеста (Испания, "Барселона", 149), Самюэль Это'О (Камерун, "Интер", 75), Кака (Бразилия, "Реал", 58), Златан Ибрагимович (Швеция, "Барселона", 50), Уэйн Руни (Англия, "Манчестер Юнайтед", 35), Дидье Дрогба (Кот-д'Ивуар, "Челси", 33), Стивен Джеррард (Англия, "Ливерпуль", 32). Россиялык Андрей Аршавин, Жулиу Сезар (Бразилия "Интер") жана Фрэнк Лэмпард" ("Челси") үчөө 5 упайга ээ болуп 21-орунга чыгышты.





кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"
email • архив • редакция 
4-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Ата-энелерди кыжырланткан жыйым-теримдер
2-бет
Кылым кайгысына Нарындан 5 адам кабылды
3-бет
Обаманын жаңы стратегиясы
4-бет
Өз оозунан угалы деп…
5-бет
Ата-энелерди кыжырланткан жыйым-теримдер
6-бет
Абдыкадыр Жороев: "Бейтаптардын массалык түрдө келишине ооруканалар даяр"
7-бет
Кореяда кыргыз жаштары жөнүндө макала жазылды
12-бет
Жайыт маселелерине эл аралык кеңешчилер тартылууда
13-бет
"Манас" окуу жана азыркы заман алааматтары
14-бет
Кичинесинен эле өжөр болчу





??.??