presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



"Манас" окуу жана азыркы заман алааматтары
o Жер жүзүндөгү дин ишениминин башаты, адам баласындагы агартуу маданиятынын башаты "Манас" окуусунан башталган.

o Баатырдык "Манас" эпосунун түпкүлүгү деле "Манас" окуусунун негизи экенине ынанасың.

o Сөз кудурети "Манас" окуусунда топтоштурулган. Адам баласынын жан дүйнөсүн өзүнө багындыра алган зор кудурет күч мына ушунда.

Мурзапар Үсөн
Баткен районУ, "Муз-Булак" коругу

Бул макаланы жазууга көп жылдар бою даярданып кантип ыгын келтире айтуунун кулай мүмкүнчүлүгүн таппай жүрдүм эле акыры бир күн айтылчу кептин оңдой-бердиси болдубу же жундардын (кытай) тигинтип кыргыздардын баатырдык эпосу "Манасты" өз менчиктерине ЮНЕСКО аркылуу ээлик кылгылары келген акылга сыйбаган иштери түрткү болдубу, айтор, "Манас" окуусунун түпкү негизин адамдарга айтып түшүндүрүүнүн мезгили келип жетти деген бүтүмгө келдим. Муну айтпасам дүйнөдөгү ар түрдүү ишенимдеги диндер да сенден мен зор деген талашка түшүп, ал тургай кыргыздын көзгө сүрткөн даңазалуу "Манас" баатырдык эпосу да жундун кыргыздарга жамынып алган жундар (кытай) өз менчиктерине айланткылары, ал тургай көп сериялуу кино тарткылары да келип мурундары кычышып жатпайбы. Көп эле көкүрөк ача кучак жайгандын да бир касырети болбогой эле деп жүрдүм эле, оозго сала берди болуп ким озгондуку болуп, кызарбай-бозорбой такыясын баса калып, бул меники деп түкүрө коюп күйгүзчү болду бул заманаң. Жер бетиндеги жаралган тарыхты таламайга сала ар уруу, ар бир улут өзүн баатыр кыла көрсөткүсү келе желектей желбиреп китеп жазмайга, даңазасын келиштире айкел орнотуп той бермейге өтүп алышканын кантесиң, күйбөгөн жериң күл боло ушу да болчу беле дейсиң түкүрүнө. Ансыз деле кыргыздыкы күндө той дегендей балким ошо баатыр дегени кырчаңгы атка жөндөп мине албаган, кокту-колоттогу сасык байлардын үйүр жылкыларын айдай качып өзүнүн сасык байына баатыр атанган немедир, ким билет эл оозунан жыйнап тергендер эле тарых боло берсе анда летопистик тарыхыбыз кайда калат, ал деген болгон эмес, мына эл күбө дегенге өтүп алдык. Өткөндө бир карапайым эле окурман айтты эле "кыргыздардын он беш томдук тарыхын жазганга киришип атыпсыңар аныңар ошону менен эле бүтпөйт, арадан жылдар өтүп "э бул тарыхчылар туура жазышбаптыр деп кайрадан жазасыңар карап тургула"десе, бул эмне деп дөөрүп-сандырактайт деп кийин сөз төркүнүнө түшүнүп айтканы чын деп жүрбөймүнбү. Ар кимибиз эле мен билемге, аныкы туура эмеске өтүп өзүбүздүкүн көрдү жарга кыстагандай туура дей берсек тарых чындыгы көмүскөдө калып акыры жүрө-жүрө айтып жазгандарыбыз ашыра көркөмдөлүп отуруп жомокко айланып кетчүдөй. Негизи тарых деген археологдун тапкан табылгасын өтө аяр, кылдай тазалаган, болгонду болгондой көрсөтө алган кистисиндей нукура так болуш керек го. Тарых чындыгын ашкере апырта көркөмдөп көрсөтүүнүн өзү да акыр түбү адам баласын жакшылыкка алып барбастыгы дин ишенимине болгон туура эмес көз караштардын нелерге барып, акылга сыйбаган не деген окуялардын күбөсү болуп жатпайбызбы. Дин эркиндигинин опурталдуулугу мына ушунда. Буга бир гана мисал, өмүр бою дин талашында келген еврейлер (жөөүттөр) менен араптарды мисал келтирсе жетиштүү. Аң-сезим өскөн космостук доорго жетсе да келишпеген пикир, ууланган дин ишеними "сен арап - мусулмансың, сен еврей - жөөүтсүң. Улуу ойчул Мухаммат алейки саламдан берки келишпеген кагылыш бул кылымда да түгөнчүдөй түрү жок. Ушу азыр да жер бетинде жашаган адам баласынын алдында нелер күтүп турганын эки улуу ойчулдун айтканы айныгыс төп келишип тургансыйт. Бир улуу жылдыз санагыч Мишел Нострадамус "21-кылым адам баласы тарабынан да, жаратылыш тарабынан да өтө опурталдуу келип ага адам баласы акылдуулук менен мамиле кыла алса гана жашап кете алат" десе, экинчиси Владимир Ильич Ленин "дин - бул баш айланткан апийим" дегени үчүн күрөккө тургус кыла шу күнгөче постегин кагып-силкип келебиз. Мына улуу көсөмдүн өткөн кылымда айтканынан гүзара бир жолу отуз жаштардагы жигит "бул тукуругу жок жалган дүйнө бекер турбайбы, эртерээк эле тиги дүйнөнүн бейишине кетиш керек" десе болобу. Уккан кулагыма ишенбей эсейгенче не дешимди билбей көпкө тиктеп туруп "тойгон болсоң эртерээк кет, неге жүрөсүң?" деп калтырап кеттим өзүмдү басалбай. Жанымда угуп тургандар да "акылынан адашкан эмеби" дегендей кыла тиктеп калышты. Мындай ачыгынан сүйлөгөндү биринчи укканымабы көпкө өзүмө келалбай кыжалат боло жанага өзүн өзү бейкүнөө адамдардын арасында жарылган жанкечтилер ушуга окшогондордон чыгарына ошондо бир ынандым, азыркы Афганистанда, Пакистанда болуп жаткан жардыруулар, бейкүнөө адамдардын кырылуулары көз алдыма тартылып. Балким жанагы өзүн-өзү асып, атып өлтүргөн жаштарыбыздын аң-сезими да ушул жигиттин тиги дүйнөнү эртерээк көргүсү келип эңсегенине барып такалып жатабы деген да ойго кетесиң. Фанатизмдин эки жактуулугунун жаман жагы мына ушунда. Мындай алып карасаң жер шарында жашаган адамзаттын 90 пайызы фанатизмдин жаман жагына тез эле азгырылып мындан аркы жашоонун бар-жогу ушулардын колунда экендей да туюла берет. Балким чын эле улуу жылдыз санагычтын айтканындай адам баласы бардыгына акылдуулук менен мамиле кылалса гана жашап кеталышы чындыр. Жер жүзүндө не алааматтар болуп жатканына сыналгыдан күн санап кабардар болуп жатпайбызбы. Өзүнө өзү кас акылга сыйбаган бейкүнөө жардыруулар, тыным бербеген согуштар кайсы өлкөдө, албетте мусулман өлкөлөрүндө. Тиги дүйнөнүн пейишине түз эле кетип жаткан жанкечтилер кайсы өлкөдөн, албетте мусулман өлкөлөрүнөн. Азыр биздин Кыргызстанда деле жаштарыбыз мусулманчылык десе эле намаз окууну, Ажылык сапарга чыгууну түшүнүшөт. А чыныгы окуусу жөнүндө таптакыр түшүнүгү жок. Булар тургай дин таратуучу даабатчылар деле алардан ашып түшпөйт. Пайгамбарыбыз Мухаммаддын окууларын теңирден тескери бурмалоо азыр жер жүзүнү канчалык өзүнө өзү кас тополоңдорго салууда. Мындайлык дин окуучуларын теңирден тескери түшүндүрүүнүн, таптаза мээни уулоонун акыбети.
Мен эми алыс кетпей "Манас" окуу деп баштаганымдан кийин кеп төркүнүн ошого бурайын. Чын эле "Манас" окуу деген эмне, ал биринчи кайда пайда болгон? Адам баласынын мындай окууну жаратуусуна кандай себеп болгон? Өзү "Манас" деген түшүнүк эмне деген ойду туюндурат? Дүйнөдөгү ар түрдүү багыттагы, көз караштагы, түшүнүктөгү диндердин чыгыш теги кайдан? Адамдардын түшүнүгүндө дин окуулары Иурсалимден, жөөүттөрдүн өлкөсүнөн тараган деген гана ой айтылат. А жөөүттөр да ошо ыйык деген китебин, окуусун ошо "Манас" окуусунан алгандыгын ким билиптир? "Манас" десе эле биз кыргыздардын баатырдык эпосу "Манасты" түшүнөбүз. Жок, андай эмес экен. А ушу олчойгон ыр менен айтылган эпостун түздөн түз "Манас" окуусуна тийиштиги бардыгын ким элес алды эле. Бул жерде Манас баатырдын эмне үчүн "Манас!" деп аталышынын да жөнү бардыр? Эмне үчүн "Манас" деген аталыш Кытайда, Түркияда, Индияда бардыгына таң калып кыргыздардын баатырдык эпосу "Манаска" байланыштырышат. Жок, таптакыр андай эмес экен. Кептин баары айланып келип мына ушул "Манас" окуусуна такаларын сиз деле, мен деле билген эмеспиз, кеп чыны мына ушунда.
"Манас" окуусу байыркы Тибетте мындан он миң жыл мурда пайда болгондугун бийик-бийик таштан кынаптап курулган эзелки манастырларга жүргүзүлгөн архиологиялык казууларда чопо тактайчаларга түшүрүлгөн олигриф жазууларда калтырылгандыгы аныкталган. Бирок архиологдорду "Манас" окуу жазмасы кызыктырган эмес, аларга өлбөстүктүн, узак жашоонун, адамды жашартуунун сырларын ачуу милдети тапшырылгандыктан "Манас" окуусу нары карай терең изилденбей кала берген. Бирок архиологдор кантип адам өзүн-өзү жашартса боло тургандын чопо тактайчага жазылган б.э.ч. 4-кылымга таандык рецебин табышкан. Бирок ал да ушу күнгөчө сыр бойдон калууда.
Мына эми ошо "Манас" окуу архиологдордун далилдөөсү боюнча ыр менен жазылып ошо таш манастырларды жаңырта ырдашып, адамдарды окууга чакыруу үчүн ошо бийик курулган таш мунараларга чыгып ырдашкан деген гана бүтүмдү айтышкан. Бирок жер жүзүндөгү диндердин башаты ушу "Манас" окуусунан башталарын элес алышкан эмес, айткандары эле байыркы тибеттиктердин салт-кайдалары катары түшүндүрүшкөн. Мына алыс барбай кристиан дининдеги манастыр эле өзүнүн кайдан келгендигин айтып турбайбы. Манастыр "Манас" окуусун топтолуп "ырдачу үй" дегенди ызартап турбайбы. А мына ошо "Манас" окуусунун билимдүү өкүлү "Манас" окуусуну адамдарга үйрөтүүчү, окууга ишендире чакырчу адам болуп жатпайбы. Байыркы Тибеттеги таштан курулган манастырлар, мунаралар азыркы күнгөче сакталып "Манас" окуусунан кабар берип турат. "Манас" окуусунан алган үлгү кристиан, мусулман, католик, будда, шаман диндеринде деле бийик-бийик кооздоп салынган манастырлар, саборлор, мунаралуу мечиттер, храмдар ырастап турбайбы.
Байыркы Тибеттеги таштан салынган манастырларда жаңырган "Манас" окуу азыр деле кристиандардын чиркөөлөрүндө, мусулмандардын заңгыраган мечиттеринде, будда храмдарында жаңырып жатпайбы. "Манас" окуу өзү эмнени туюндурат, эмне деген маанини берет деген суроо ириде айтылыш керек эле аны кийинкиге сүрүп келгенимдин себеби жогортогу түшүндүрмөнү эске алдым. "Манас" байыркы тибеттиктерде ааламдын башкаруучусу, жер жүзүнүн кожоюну дегенди туюндуруп ошо улуу ишенимге багытталган ыр ошол улуулукка багышталарын түшүнүшкөн. Демек манастыр, "Манас" окуй турган үйдү түшүндүрүп, ар кайсы жердеги Манас аталыштар, ал тургай биздин "Манас" баатырдын аталышы да ушул аалам ээсинин ысмы менен ааламга ээлик кылган адилет кан болсун деген ниетте жанагы кайыбынан келген кыдыр ата коюп кеткен шекилди. Шекилди эмес кеп чыны да элдин үмүт тилеги ошо Манастай кыргыз элине ээлик кылсын деген асыл ниет жатпайбы. Болбосо чыныгы Манастын аты, кейпи Моудубек-Шанюй. Айтор байыркы Тибеттеги "Манас" окууну таркатууда Европа тарапка Иурсалимдин жөөүттөрү (еврей) алып келгендиги, жүрө-жүрө унутулуп, өздүк менчикке айланып диндердин башаты Иурсалим деп жүрүшпөйбү. "Манас" окуу улам жайылып отуруп ар кандай эл, улут формасы, мазмуну жагынан өздөрүнө ылайыкташтыра кабыл алышканы менен түпкү чыгыш мазмуну айныгыс "Манас" окуусуна негизделип жатпайбы. "Манас" эпосу деле ыр түрүндө айтылып, аны аткаруучуларга ааламдын ээси аян бере оозунан чуурулта ыр төктүрө, тура калтыртып эле Манас айттыртып жатпайбы. Бул дагы ошо Манас окуусун кабыл ала бүткүл ишенимин ошого бурган адамга кудрет-күчкө табынуунун хысылаты аян берип жатпайбы. Улуу ойчул (пайгамбар) Мухаммат-алейки салам деле мусулман дининин окууларын "Манас" окуусунан алгандыгы салт кайдаларынын сырткы формасынан, ички мазмунунан деле көрүнүп турат. Ааламдын ээсинин (кудай) үйү мечит деле улуулукка табынган кудум эле "Манас" окууну окуучу үйдүн өзү да. Бийик мунарага чыгып азан айтып элди намазга чакыруу деле айныгыс байыркы Тибеттеги адамдарды "Манас" окуусуна чакыруунун сырткы формасы эмей эмне. Киристиан, католик, будда диндеринде деле аалам ээсине багыштала жаңырган ыр ошол улуулукка табынуунун өзү да. Айтылуу пайгамбарыбыз Мухаммат-алейки салам өзү өтө билимдүү ойчул адам болгон. Жаштайында жер кыдырып соодагерлик өнөрдү аркалап жүрүп адам баласынын мындай жийинкенерлик ыплас жашоосуна сөзсүз бир тартипке келтирчү мыйзам (куран) керектигин көкүрөгүнө түйө жүрүп акыры аялы Хадичанын камкордугу менен аны иш жүзүнө ашырган. "Манас" окуусунун экинчи мекенине айланган Иурсалимде жазылган мыйзам-канундарын көп окуган, бирок жөөүттөрдүн өздөрүнө бурмалап жазылган мыйзам-ченемдерди жактырган эмес. Мухаммад пайгамбарыбыздын бир айтканы "мусулманчылыкта" адам баласынын жашоо кайдалары заманына жараша өзгөрүп турбаса барып-барып өз таасирин жоготот" дегени бар. Мына ошо барып-барып өз таасирин жоготуу Афган, Пакистан жана башка мусулман өлкөлөнүндө жалаң караңгы мусулман окуусунда калып өнүгүү, өсүү деген токтоп, теңирден тескери ырайымсыз бейкүнөө адамдарды өлтүрүү менен туруп калышты. А мусулман өлкөсү атанган Иран мамлекети кудум эле улуу ойчул дини да, жасаган иши да өз ордунда. Айта берсе сөз көп дегендей жер жүзүндөгү диндердин башаты болгон "Манас" окуусуну кыргыздардын баатырдык "Манас" эпосуна чаташтырууга да болбойт. Бул ырдын айтылуу кайдалары деле ошо "Манас" окуусунун негизине барып такалат. Анткени биздин кыргыздар (гуздар) мусулман динин кабыл тутканча шаманизм ишениминде болуп баягы зикир сала ыр менен жин шайтандарды кубалап, жакшы периштелерди чакыргандыгы өткөн "Манас" окуусунун бир бутагы катары сыркоологон адамга улуу күчкө багышталган ыр менен дабалоо айныгыс далил болуп турбайбы. Айланып келип адам баласынын адамдын табиятын калыптоодо байыркы Тибеттеги "Манас" окуусунун жаралышы доорлор, кылымдар, жылдар алмашса да ар элде, ар кандай багытта өз таасирдүүлүгү менен кызмат кылып келүүдө. Бирок мусулманчылыкты бир тараптуу карашкан өлкөлөрдө опурталдуу бойдон калууда. Жер жүзүндөгү диндердин, ишенимдердин башаты болгон ыйык "Манас" окуусуна жамынып алган сакалы өрттөнгүр Бенладенге окшогон экстремис-жанкечтилердин дүйнөнү дүрбөлөңгө салып, бир жагынан табигат кырсыктары коштолуп, улуу жылдыз санагыч Мишел Нострадамус айткандай "акылыңа кел, бул тирүүлүккө акыл-эстүүлүк менен мамиле кыл, антпесең эртеңки күнүң даркүмөн" дегендикке такап жаткансыйт бул жашоонун адамдарын кайра-кайра эскерте.






кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"
email • архив • редакция 
4-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Ата-энелерди кыжырланткан жыйым-теримдер
2-бет
Кылым кайгысына Нарындан 5 адам кабылды
3-бет
Обаманын жаңы стратегиясы
4-бет
Өз оозунан угалы деп…
5-бет
Ата-энелерди кыжырланткан жыйым-теримдер
6-бет
Абдыкадыр Жороев: "Бейтаптардын массалык түрдө келишине ооруканалар даяр"
7-бет
Кореяда кыргыз жаштары жөнүндө макала жазылды
12-бет
Жайыт маселелерине эл аралык кеңешчилер тартылууда
13-бет
"Манас" окуу жана азыркы заман алааматтары
14-бет
Кичинесинен эле өжөр болчу





??.??