presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар




кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"
email • архив • редакция 
4-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Ата-энелерди кыжырланткан жыйым-теримдер
2-бет
Кылым кайгысына Нарындан 5 адам кабылды
3-бет
Обаманын жаңы стратегиясы
4-бет
Өз оозунан угалы деп…
5-бет
Ата-энелерди кыжырланткан жыйым-теримдер
6-бет
Абдыкадыр Жороев: "Бейтаптардын массалык түрдө келишине ооруканалар даяр"
7-бет
Кореяда кыргыз жаштары жөнүндө макала жазылды
12-бет
Жайыт маселелерине эл аралык кеңешчилер тартылууда
13-бет
"Манас" окуу жана азыркы заман алааматтары
14-бет
Кичинесинен эле өжөр болчу

Ата-энелерди кыжырланткан жыйым-теримдер
АНАРХАН ЖАНЫБАЕВА ЖАЛАЛ-АБАД
Акыркы мезгилдерде мектептерде топтолгон жыйым-теримдерге каршы болгон ата-энелердин саны арбып бара жаткандыгы эч кимге деле жашыруун эмес. Айрым укук коргоочулар "бул мыйзамсыз акча топтоолор - коррупциянын башаты" деген ой-пикирлерин билдиришсе, мектеп дирекциясы "ата-энелерден топтоло турган жыйым-теримдерсиз айрым жетишпеген мүчүлүштүктөрдү чечүү мүмкүн эмес" дешет.
Жалал-Абад шаарынын мектептеринде ата-энелерден топтолгон жыйым-теримдер канчалык даражада мыйзамдуу жана мектептер ошол жыйымдарсыз жашап кете алабы деген максатта журналисттик иликтөө жүргүзүп көрдүк. Шаардагы 20 мектепте 15 миңден ашуун окуучулар билим алышат. Биздин иликтөөгө ылайык, мектептерде жыйнала турган жыйым-теримдердин өлчөмү да ар бир билим берүү мекемесинде ар түрдүү экен. Кээ бир мектепте фондго деп ар бир окуучудан 180 сомдон алса, башкасында 200 сомдон 500 сомго чейин жетет. Ал эми шаардагы №1 М.Бабкин атындагы гимназия мектебинде Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгынан 2003-жылы каттоодон өткөн "Дети" коомдук ата-энелер фонду бар. q ДУБАН 05




Кыш келе элек… Карышкырлар келди
Жалал-Абад областынын Сузак районунда карышкырлар үйдөгү малга кол сала баштады. Бул тууралуу Калмак-Кырчын айыл округунун жашоочулары AKИpress-Фергана агенттигине кабарлашкан. Алардын маалыматы боюнча, акыркы 10 күндө карышкырлардан 6 кой жана 2 ири мүйүздүү мал жабыркаган. Аталган айылдын жашоочусу Курманбек Өмүралиевдин айтымында, кыштын эрте келгендигине байланыштуу карышкырлар да тоо-дон айылга адаттагыдан эрте түшкөн. "Эгер кыштын башында эле жырткычтар ушунча зыян келтиришсе, анда чыныгы кыш башталганда кандай болоорун болжолдоо мүмкүн эмес",-дейт К.Өмүралиев. Айылдыктардын айтымында, айылда аңчылар көп, бирок, алар курал жана ок-дарыларга муктаж. "Бул ишти Айыл башкармалыгы уюштурушу керек",-деп эсептешет алар. АЙМИРА МЕНДЕЕВА




Интернет жана укук
Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясында "Юстиция. Kg 2009" форуму болуп өттү. Иш-чаранын максаты бүгүнкү күндөгү интернеттен уурдоо жолу менен көчүрүлүп алынган аудио жана видео тасмаларга каршы күрөшүү. Офф-лайн он-лайн программаларынын оң жана терс жактары, электрондук коммерция, интернет-банкинг программасын атайын адистер тааныштырып аны жайылтуу методдорун белгилешти. Форумдун катышуучулары порнографиялык материалдар жөнүндө кеп козгошуп, ар кандай кайчы пикирлер айтылды. Бул чындыкка дал келсе дагы, бүгүнкү күндөгү студент, журналист жана башка керектөөчүлөр үчүн интернеттин ролу чоң экендиги талашсыз. НАЗГҮЛ ЭСЕНГУЛОВА


Калктын карызы 52 млн. сомго чыкты
qКалктын электр жарыгына болгон карызы 52 млн. сомду чапчыды. "Чыгыш" электро ачык акционердик коомунун башкы директору Рыскул Мукамбетжановдун жергиликтүү массалык маалымат каражаттары аркылуу билдиргенине караганда, айрым мекеме-ишканалар электр жарыгын пайдалангандыктары үчүн төлөнүүчү карыздарын жыл сайын саамыктатышып, ар кандай жок шылтоолорду айтышууда. Маселен, Каракол шаарындагы "Суу каналы" ишканасынын карызы 45 млн. сомдон ашты. 30 процент өкмөттүк жеңилдиктерден пайдаланышкан айрым эмгек ардагерлери да электр жарыгына болгон карыздарын өз учурунда төлөшпөйт. Каракол шаарындагы социалдык жеңилдиктерден пайдаланышкан эмгек ардагерлеринин карызы 46 миң сомду түздү.




Өз каналдарыбызды көрө албайбыз, ким күнөөлүү?
Өлкөбүздүн алыс аймактарында телевизордон өзүбүздүн каналдар тартпай калганына көп болду. "Кыргызстандын түштүгүндө калк жыш жайгашкан 69 аймакта УТРК жана ЭлТР каналдарынын сигналдары жетпейт",-дейт Маданият агенттигинин маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Мелис Айдаркулов. Анын айтымында, республика боюнча 86 алыс жайгашкан жайларда УТРК каналы көрсөтпөйт, ал эми радиону 182 калк жыш жайгашкан аймак-тын эли уга албайт. Ошондуктан, Өзбекстанга жакын отурукташкандар күнү-түнү көрсөткөн Уз-ТВ 1, 2 ж.б. спорттук, маданий каналдарынын программаларын көрүшөт. Ал эми Тажикстан тарабынан 7 канал тартат. М.Айдаркуловдун айтуусунда, Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттары борборго ыктаган. Алсак, ондой телерадиокомпаниялар Бишкекти гана камтыган. ЭЛЬВИРА КАРАЕВА










??.??