"Уулуң Исмаилди курмандыкка чал!.."
"Оо, Ибрахим, көзүңдүн карегиндей болгон сүйүктүү уулуңду курмандыкка чал!.."
Бүт дене-бойду дүркүрөткөн, көктөн келген бул буйрук мээримдүү пайгамбар жана боорукер ата, Азирети Ибрахим алейхиссаламга берилди. Бир канча жыл мурда "уулдуу болсом, аны Кудай үчүн курмандыкка чалам" деген убадасы эми минтип түш аркылуу эскертилип, аны орундатуу талап кылынууда.
"Ибрахим", ысымынын төркүнү болгон "Абун рахим" деген сөз айкашынан белгилүү болгондой, "өтө мээримдүү, боорукер ата" дегенди туюндурат. Ал өтө сезимтал болгондуктан, Алла Таала аны "Ибрахим чындыгында өтө кең пейил, сезимтал, кечиримдүү, алпейим жана өзүн Кудайга арнаган киши" деп сыпаттайт. Дайыма ыйлап-сыздаган, көз жашы жамгырдай төгүлгөн, өтө боорукер, сүйүүсү жана мээрими чексиз элчиге "Уулуң Исмаилди курмандыкка чал!.." деген буйрук берилүүдө.
Жүз жылдык өмүрүн көптөгөн кыйынчылыктар менен өткөргөн, "таухиддин" ЖАРЧЫСЫ, "ширк" түркүктөрүн кезек-кезеги менен кулаткан ЭЛЧИ. Өзүнөн кийин адамдарга жол көрсөтүүчү кайырдуу орун басар, көз кареги болуп бере турган бир перзент каалаган ПАЙГАМБАР. Аны абдан зарыга күткөн. Акырында, улгайып, чач-сакалы куудай агарган кезинде, ал эңсеген наристе жарык дүйнөгө келген. Бирок, бүт жашоосунун МӨМӨСҮН, адамзат жашоосуна жарык чача турган "Акыркы куттуу пайгамбардын" касиеттүү ҮРӨНҮН Кудай үчүн курмандыкка чалышы керек эле. Бүт ааламдын көңүлүн бурган МЭЭРИМДҮҮ АТА менен жаңы ачылган бүчүр сыяктуу НАРИСТЕ...
Исмаилдин жарык дүйнөгө келишин атасы жүз жылдап күткөн эле. Ал дагы атасы эч ойлобогон убакта жашоонун астанасын аттап, Ибрахимге чексиз кубаныч, тунук сүйүү, терең үмүт тартуулап, сүйкүмдүү, касиеттүү көчөт болуп чыга келди.
"- Оо, Ибрахим! Бычакты уулуңдун тамагына алып бар жана аны өз колуң менен курмандыкка чал!."
Аллахтын сүйүктүү досу бул кабардын каары менен, балким, жашоосунда биринчи ирет коркуп, титиреп жаткандыр.. Анткени, чүргөктөгү наристеси менен сүйүктүү жубайы Ажарды учу-кыйыры билинбеген суусуз чөлгө жалгыз таштаган кезде дагы, алоолонгон отко ыргытылган кезде дагы мынчалык коркуп, титиребесе керек эле. Ибрахим! тандоо мүмкүнчүлүң бар, кайсынысын тандайсың? Туткунга түшүүнүбү же кутулуунубу? Аң-сезимдүүлүктүбү же пенделик каалоонубу? Жакындыктыбы же ыраактыктыбы? Аталыктыбы же пайгамбарлыктыбы? Аталык мээримдиби же пайгамбарлык салабаттуулуктубу? Исмаилдиби же Жаратканыңдыбы?
Бирөөнү танда, Ибрахим!..
Жан-дүйнөңдүн ырахаты, бир бооруң, кызыгууңдун, таң калууңдун, табитиңдин жеткен чеги, жашоодогу шылтооң, сени бул дүйнөлүк жашоого байлаган жана бул жакта сени кармаган бардык нерсең Исмаил эмеспи... Мына ошол уулуңду кой сыяктуу кармап, жерге жаткыр... жаткыр да, тамагынан, күрөө тамырынан муузда...
Эх, чиркин дүйнө, перзент сүйүүсү... Ата мээрими...
Өзөктү өрттөгөн мындан да өткөн оор сыноо болушу мүмкүнбү?.. Таш жүрөктү да элжиретип, көздөн жаш кылгырткан көз ирмем... Ибрахимде түшүн айта тургандай дарман калбады. Жүрөгүнүн сыздаганын туюндурган дем да түгөндү. "Мен сени курмандыкка чалууга буйрулдум" деп айтууну ойлоонун өзү кандай кыйын!
"Исмаил, жаным уулум!" - деп, андан аркы сөзүн айта албай, деми кысылып, буулуп барып токтоп калат. Бир аз туруп, кайраттанып, кайрадан уулуна күңгүрөнөт. Бирок, бул мүмкүн эмес... Акырында жүрөгүн Аллахка тапшырып, тиштенип туруп, өтө тездик менен: "Уулум, түшүмдө сени мууздап жатканымды көрдүм, сен буга эмне дейсиң?!" - деп ооз ачканга батылдык кылды. Жагдайды толук түшүнгөн Исмаил эч токтолбостон атасынын сүйкүмдүү жүзүнө жылуу карап, назик жүрөгүнө жаны күйүп, аны жубатып: "Атаке! Эч ойлонбо, кайгыга да чөкпө, Жараткандын буйругун орундатууда шек-күмөнгө түшпө. Кудайга өзүңдү тапшыр, Сага Аллах тарабынан кандай буйрук келген болсо, аны толук аткар. Кудай буюрса, менин кандай сабырдуу, кандай чыдамдуу экенимди көрөсүң!" - дейт.
Мына, жанын Кудай жолуна берүү үчүн башын ийе алган жигит...
Итаат кылуудагы назиктикти түшүнгөн жана Жараткан үчүн жанын курмандыкка чала алган, "Кудайдын жалгыздыгына" чын дилден ишенип, Анын улуулугуна таазим кылган жигит...
Кудайга баш ийүүдө Исмаил өтө сылык жана өтө ыктуу турат, 12 жаштагы жаш бала эмес, "өтө сабырдуу бир курмандык". Аталык мээрим менен жүрөгү элжиреп соккон Халил, оболу, Кудайга болгон ашыктыктын рухка берген күчүн колдонуп, өз ичинде өзүн өлтүрүп, өзүнүн жан тамырын кесүүгө аракет кылат. Көөдөнүндөгү "мендигин" жеңген кезде гана, көңүлү толугу менен Аллахка толот.
Экөө тең Жараткандын буйругуна кайыл болушат. Ибрахим сүйүүктүү уулун жерге жаткырып, баласы жан таслими учурунда кыйналбашы үчүн өтө тездик менен жеңил мууздашы керек эле. Ошондуктан, колундагы бычагын кайрак ташка кайра-кайра бүлөп, ташты чапканда, таш экиге бөлүнөт... Бирок, таң калыштуусу - ташты экиге бөлгөн бычак өтө жумшак тамакты кесе албайт... Албетте...
Албетте, бычак кеспейт... Ошол кезде "Кудайдын буйругун аткара албай калам го" деп, тулку-боюн калтырак баскан Ибрахимге бир кой жөнөтүлөт да, сүйүнүчтүү кабар берилет: "Оо, Ибрахим! Сен көргөн түшүңдү чындыкка айланттың, талапты орундаттың, милдетиңди аткардың. Аллах Исмаилдин ордуна курмандыкка чалсын деп мынабу койду жөнөттү. Биз жакшыларды, жакшылык ээлерин мына ушундайча сыйлайбыз!".
Ооба, Алла Таала эч качан Исмаил(дер)дин каны төгүлүшүн каалабайт. Анын курмандыкка эч качан муктаждыгы болбойт. Курмандык чалуунун негизги максаты алардын эти жана каны да эмес. Бардык жерде, бардык мезгилде "жан", адамдардын руханий жана материалдык муктаждыктары - эң негизги маселе. Мээримдүү жана Боорукер Аллах Ибрахимге "Исмаилди курмандыкка чал!" деген буйрук берди. Ал Кудайдын буйругуна толук моюн сунуу менен чексиз улуулукка жетти. Ибрахимдин урпактарынан дагы эт жана кан эмес, ниеттеринде аруулук жана такыбаалык талап кылынды.
Эй бул доордун Ибрахими..., Кудайдын канчалаган кылымдар мурун "Курмандык чал!" деген буйругу бүгүн Сага да тиешелүү. Сенин Исмаилиң ким же эмне экенин билесиңби? Чынында эле, Ал ким же эмне? Мартабаңбы, намысыңбы, аброюңбу, карьераңбы, жубайыңбы? Же акчаңбы, үй-жайыңбы, бакчаңбы, түшүнүгүңбү, кесибиңби, жаштыгыңбы, сулуулугуңбу? Же напсиңби, өзүмчүлдүгүңбү, текеберлигиңби?..
Ойлончу, Ибрахим үчүн Исмаил ким эле? Кыйынчылык, ыйлап-сыздоо менен өткөргөн өмүрүнүн МӨМӨСҮ, муң-зарга толгон бир кылымдын СЫЙЛЫГЫ, кыйынчылыктуу жашоонун ЖЕМИШИ, улгайган бир атанын КУБАНЫЧЫ, жүз жылдан кийин келе турган МАДИНА ГҮЛҮНҮН БҮЧҮРҮ, пайгамбар болуу менен сыймыкка бөлөп, өзүнө кызмат кыла турган БАЛАСЫ. Ибрахимдин "Исмаили" анын уулу эле. Ал уулун курмандыкка чалды. Сенин Исмаилиң, балким, өзүң, балким, үй-бүлөң, кесибиң, байлыгың, намысың... Исмаил атындагы сүйүүң, жаның, тамак-ашың, маянаң...
Кел эми, негизсиз шылтоолор, шек-күмөн, аныктамалар жана корутундулар менен алек болбо. Жоопкерчиликтен качпа, өзүңдү жооптуу сез. Напсиңди, өз жаныңды курмандыкка чалууга рухуңду даярда. Бардык Исмаилдерди сактап калууга белсен, "Исмаилдердин ордуна мени курмандыкка чал" дегин.
Эй напсим, кел, сен дагы күткөн нерселериңди, дүйнөлүк талаптарыңды жана Жаратканга алып барбаган, Аны эстетпеген тоскоолдуктарды жеңип, бардык нерсеңди курмандыкка чал. Азирети Ибрахим милдетиндеги жоопкерчиликти аталык мээриминен жогору койду, сен дагы "эл үчүн, Кудай үчүн кызмат кылуу" түшүнүгүн бардык эңсеген нерселериңдин алдына кой, каалоолоруңду идеяларыңдын курмандыгына бер. Болбосо, сенден суранарым: кайрымдуулук, Анын жолунда курмандык болуу тууралуу сөз кылба...




Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн жүрөгүбүздөгү Исмаилден баш тартуубуз зарыл
Курмандык чалуу инсандын Алла менен байланышынын сынагы болуп саналат. Ар бир киши жүрөгүндөгү Исмаилден баш тартканда гана курмандык деген эмне экенин түшүнөт. Курмандык чалуу инсандын денеси-жан дүйнөсү - малы-жаны менен ишке ашырган ибадаттарынын бири. Намаз дененин, зекет малдын, ажылык дене менен малдын катышуусу менен аткарылган ибадаттарга кирсе, курмандык чалуу - дене, мал жана жандын катышуусу менен аткарылып жаткан көп багыттуу ибадат болуп саналат.
Башкача айтканда, курмандык чалуу психологиялык жана социалдык багытка ээ ибадат болуп саналат. "Тирүү малды мууздап, анын канын агызып коюп кантип ибадат кылынсын?" дегендердин да түшүнө албай турган суроосу ушунда жатат. Курмандык чалууну жакшы түшүнүү үчүн азирети Ибраим пайгамбардын эң жакшы көргөн уулу Исмаилди курмандыкка чалган окуясын билүү зарыл. "Азирети Ибраим пайгамбар Аллага жакындоо максатында эң жакшы көргөн уулу Исмаилди курмандыкка чалууга даярданат. Мунун түшүндүрмөсү Аллага жакындоо үчүн, эң жакшы көргөн нерсеңден баш тарта алуу керек дегендикти билдирет. Курмандык чалууну түшүнүүнү каалаган киши алгач муну билүүсү керек. Бул түшүнүк өздөштүрүлбөсө, анда ар кимдин Исмаили ар башка болот. Ошондуктан, жүрөгүбүздөгү Исмаилди таап, андан кайрадан Алла жолунда баш тарта алсак гана курмандык чалуудагы негизги түшүнүктү тапкан болобуз."
Адамзат тарыхынын башатынан бери инсандар ар кандай түрдө малдарды союп, этин пайдаланган. Мал багууну, союну кесип кылган кишилерден сырткары, тирүү малды мууздоо ар бир эле кишинин колунан келе бербейт. Балким биртоп киши Алланын бул амири болбосо, тирүү жандыктарды союуга колу барбайт эле. Ансыз деле эч ким көзү жылтыраган жандыкты мууздоодон курсант болбойт. Курмандык союу инсандын Аллага байланыштуу экендигинин сынагы болуп саналат. Азирети Ибраим уулу Исмаил аркылуу сынактан өткөн. Бул жерде курмандыкка бара жаткан Исмаилдин абалы абдан маанилүү болуп саналат. Атасы азирети Исмаил аны курмандыкка чаларын айтканда, "менин курмандыкка чалынышымды Алла кааласа, мен буга макулмун" дегени Аллага баш ийүүнүн жогорку чегин көрсөтүп, адамзатка өрнөк болуп турат. Бул аракети аркылуу азирети Исмаил "кудайдын кулу болуу" ушундай деген кабар берип турат.
Курмандыктын дагы бир жагы сүйүү болуп саналат. Сүйүү жашоонун символу болуп саналат. Мисалы, Азирети Ибраим түшүндө уулу Исмаилди курмандыкка чалып жаткандыгын көрөт. Бирок ошол эле учурда ал уулун ушунчалык жакшы көрөт. Бир жагынан Алланын амирин аткаруусу керек. Ичинен күйүп-бышып, күрөшөт. Бул күрөш ар бир адамдын ичинде болушу зарыл. Бул күрөш эң жакшы көргөн нерсеңди курмандыкка чала билүүнү алдыга коёт. Түшүндө көргөндөрү чындык экенине ишенгенден кийин гана, бул маселе тууралуу уулу Исмаил менен тең бөлүшөт. Түштү уккандан кийин уулу Исмаил "Атаке, эмне амир берилсе ошону аткар. Кудай буюрса, мени сабырдуулардын арасынан табасың",-дейт. Акыры экөө тең Алланын амирине баш ийишет. Атасы Исмаилди курмандыкка чаларда, Алладан аят келип, "Эй, Ибраим! Чынында эле түшүңдү ишке ашырайын дедиң. Инсанда болгон нерселерди ушинтип бааларыбыз анык. Чындыгында, бул курулай сынак эле. Ошондуктан сага башын куткаруучу фидйе курмандыгын жибердик" - деп буйрулат.
Азирети Ибраимдин чечкиндүүлүгү Аллага курмандыкты иш жүзүнө ашырды. Азирети Ибраим пайгамбар курмандыкта баш ийүү сынагынан өткөрүлдү. Курмандык чалуунун маани-маңызы да баш ийүү сынагына туура келет. Курмандык чалуунун кишинин психологиясындагы таасирин төмөндөгүчө баалай алабыз : "Инсан жашоосунда тартуу жана түртүү деп аталган эки сезимге ээ. Тартуу сезими өзүнүн пайдасына келе турган нерселерди алуу үчүн укмуштудай энергия деп аталган күчтүү сезим болуп саналат. Түртүү сезими болсо, инсандагы жаман нерселерди өзүнөн алыстатуу максатында колдонулуучу агрессивдүү сезим болуп саналат. Курмандык чалуу кишинин ичиндеги агрессивдүү сезимдерин кабыл алгандай кыла турган нерсе болуп саналат. Бирок, эч ким курмандыкты союп жатканда, башка бир жандыктын өлүмүнө себеп болуп жаткандыгынан улам курсант болбошу зарыл. Курмандык чалып жатып, киши кубанбай эле көңүлү чөгөт."