Курмандыкка байланыштуу суроо-жооптор

Курмандык деген эмнени билдирет, өкүмү кандай?
Курмандык - бул Кудайга жакындоо жана Анын ыраазычылыгына жетүү ниетинде союлган мал. Акыл-эси жайында, эркин жана диний эрежелерге ылайык бай деп эсептелген момун Аллах тааланын ыраазычылыгына жетүү максатында курмандык чалуу менен, бир тараптан, Жаратканга, экинчи тараптан, материалдык абалы жетишсиз болгондугуна байланыштуу, курмандык чала албагандарга жардам берүү менен элге жакындайт. Көрүнүп тургандай, бул майрамдын рухунда Жаратканга жакындык жана элге кайрымдуу болуу түшүнүгү бар. Курмандык (фыкых өкүмү кандай болсо да) мусулман коомдорунун белгилүү символу жана белгиси деп эсептелген ибадаттардын бири катары кылымдарды карытып, өзгөчө элибиздин диний жашоосунда маанилүү орунду ээлеп турат. Курмандык бир мусулманды, керек болгондо, бүткүл нерсесин Аллах жолунда курмандыкка берүүгө даяр болууга үйрөтөт. Кудайга таандык диндердин акыркысы болгон Ислам дини жеке инсандык, жан-дүйнө сырларына жана адамдык улуу баалуулукка жетүүнү көздөсө, коомдор үчүн ынтымакты, биримдикти камсыз кылган кээ бир буйруктарды жана иш-аракеттерди мекемелештирет. Ислам дининин мындай жогорку өзгөчөлүгү зекет, ажылык, курмандык сыяктуу социалдык мал-мүлккө байланыштуу ибадаттарда дагы да ачык көрүнүүдө. Бул ибадаттар канчалаган кылымдардан бери бардык мусулман коомдорунда эч кандай өзгөрүүгө жана талаш-тартышка туш болбостон уланып келген жана урпактан урпакка мурасталып келүүдө.

Курмандык кайсыл убакта союлат?
Курмандык Курман айт майрамынын биринчи, экинчи жана үчүнчү күндөрү союлат. Биринчи күнү союлса, дагы да жакшы болот. Курмандык чалуунун алгачкы убагы Курман айт намазы окулгандан кийин башталат. Курмандыкты түнкүсүн, же болбосо айт намазынан мурун союуга болбойт. Имам Шафийнин койгон шартына караганда, курмандыктар Курман айт майрамынын төртүнчү күнү күн батканга чейинки мезгилине чейин союла берет.

Тоокту же корозду курмандыкка чалса болобу?
Тоок, үндүк, өрдөк, каз сыяктуу майда жандыктардан курмандык чалынбайт. Мындай жандыктар курмандык үчүн эмес, жөн гана азык үчүн союлат.

Кимдер курмандык чалышы керек?
Курмандык чалуу акыл-эси жайында, балагатка жеткен, диний жактан бай деп эсептелгендей мал-мүлккө ээ мусулман тарабынан аткарылышы керек болгон мал-мүлккө таандык ибадат болуп эсептелет. Негизги муктаждыктарынан жана карызынан тышкары, 20 мыскал (80,18 гр) алтын же 200 теңге күмүштүн баасына туура келген акчасы, буюм-тайымы бар киши диний жактан бай деп эсептелет. Ошондуктан, мындайлар Аллах берген ошол ниматтарга шүгүрчүлүк келтирип, Аллах жолунда курмандык чалуусу зарыл.

Студенттердин жатаканаларына курмандык багыштаса болобу?
Курмандыкты өзү чалбай, муктаждык болгон жерлерге багыштаса да болот. Жадагалса, эртеңки күндүн ээлери болгон жаштарга, алар билим алып жаткан жерлерге курмандыктын акчасын берип сойдуруу абдан жакшы көрүнүш болуп саналат жана мындайлар курмандыкты толугу менен аткарган болушат.

Карызга же кредитке акча алып курмандык чалса болобу?
Адам-пенде өзүнүн мал-мүлкүнө тиешелүү, курмандык сыпатына ээ малды курмандык катары соё алат. Ошол эле мезгилде алдын ала, пайызсыз карызга, пайызсыз кредитке сатып алган малы өз мүлкү деп эсептелгендиктен, курмандыкка чалса болот. Арийне, адал болгон ар кандай соода-сатык менен курмандык чалынат. Ислам дининде пайызсыз карыз же кредит жолу менен соода-сатык жүргүзүү туура болгондой эле, курмандыкты да пайызсыз карызга жана кредитке алып чалса болот.

Курмандыктын акчасын башка жерлерге колдонуу туурабы?
Курмандык үчүн берилген акчаны башка жерлерге колдонуу туура эмес. Анткени, ар бир ибадаттын өзүнө тиешелүү орду бар. Зекеттин, фитир садаканын же курмандыктын орду ар бөлөк. Бири экинчисинин ордун баспайт.

Курман айт майрамынан мурда, арапа күнү кандай курмандыктар союлат?
Нафил курмандыктарын, важип болгон арноо курмандыгын арапа күнү жана андан мурунку күндөрү сойсо болот. Удхиййа деп аталган жана важип болгон курмандык болсо бир гана Курман айт майрамынын белгиленген үч күнүнүндө союлат.

Нафил курмандыктар кайсылар?
Важиб курмандыктардан башка бардык курмандыктар нафил курмандыктар болуп эсептелет. Акика курмандыгы, ифрад ажылыгын аткаргандар чалган курмандыктар, Курман айттан башка мезгилдерде чалынган курмандыктар, сообу Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) жана маркумдарга багышталып союлган курмандыктар ж. б. баары нафил курмандыктар болуп саналат.

Курмандыкка башкалар ортоктош боло алышабы?
Чоң бодо малдарды бир кишиден жети кишиге чейин ортоктош болуп сатып алып, курмандык чалууга болот. Ортоктош болгон жети кишинин баарынын тең ниети бир болушу керек, бирөө азык болсун деген ниетте кошулган болсо, курмандык толук болбой калат. Уйга же төөгө жети кишиге чейин ортоктош болушат, бирок, кой же эчкиге бир эле киши ээ боло алат.

Туура эмес жолдор менен табылган акчалар аркылуу курмандык чалууга болобу?
Ислам дини адамдардын белгилүү иштер менен алек болуусун жана күнүмдүк муктаждыктарын адал жол менен табылган акча менен камсыз кылууну буюрат. Ага карабастан, белгисиз жолдор менен табылган акча болсо жана анын ээси белгилүү болсо, аны ээсине кайтарып берүү зарыл, эгерде ээси белгисиз болсо, сооп-үмүт кылбастан бей-бечараларга же кайрымдуулук мекемелерине таратып берүү керек. Ошондуктан, белгисиз жолдор менен табылган акча менен курмандык чалууга болбойт. Ибадаттар адал акча менен аткарылат. Бирок, белгисиз жолдор менен табылган акчанын жоопкерчилигинен кутулуш үчүн, бул мал-мүлктү бей-бечараларга же кайрымдуулук мекемелерине берип, туура эмес иштерди кайра кайталабоо шарты менен тообо кылуу зарыл.

Курмандыкка чалынчу малды эсинен тандырып союуга болобу?
Көп кыйынчылык бербөө максатында, союу учурунда малды эсинен тандыруу курмандык катары союлушуна тоскоол болбойт. Муктаждыкка жараша, жандуу союу менен бирге, курмандыкка чалынчу малды ыңгайлуу техникалар менен эсинен тандырууда эч кандай ыңгайсыздык жок. Бирок, мал союла элек кезде эсинен танган бойдон жан берсе, ал мал курмандыкка жарабайт, эти да желбейт.

Курмандыкка чалынчу малды сатып алып жатканда таразага тартса болобу?
Курмандыкка чалынчу малдын салмагын билүү үчүн, тирүүсүндө таразага тартып көрсө болот. Ал тургай, мал союлгандан кийин деле этин таразага тартып билсе болот. Бирок, салмагы белгиленгенден кийин, териси, башы, ичеги-карыны жана шыйрактары өзүнчө бааланышы керек.

Өкүлдүк жолу менен курмандык чалууга болобу?
Курмандыкты ээси чала албаса, өкүлдүк берүү менен башка бирөөгө сойдурса болот. Анткени, курмандык - мал-мүлк менен аткарылган ибадат. Мал-мүлк менен аткарылган ибадаттарда өкүлдүк дурус. Өкүлдүк берген киши мал союлган жерде туруп өкүлдүк бере алган сыяктуу эле, башка жердеги мекемеге же кишиге да өкүлдүк бере алат. Өкүлдүктү оозеки, кагаз жүзүндө, телефон, интернет, факс ж. б. байланыш каражаттары аркылуу да билдирүүгө болот. Курмандык чалган киши ошол курмандыктын этинен өзү да сөзсүз жеши керек деген жоопкерчилик жок. Бул - мубах. Киши өзү сойгон, важиб болгон курмандыгынын этинен дагы, арапа күнү сойгон нафил курмандыгынын этинен дагы даам сызганы жакшы.

Күмбөздөрдө, ар кандай салтанаттарда курмандык чалууга болобу?
Атагы алыска жеткен, кадыр-барктуу, улуу инсандардын мазарлары толугу менен кубаттуу жана туура пикирлердин негизинде күмбөзгө айланган болсо, алардын күмбөздөрүнө зыяратка барып, аларды шапаатчы кылып, Кудайга жалынып-жалбарууда эч кандай ыңгайсыздык жок. Буга чейин мына ушундай ниет менен күмбөздөрдү зыярат кылган адамдар жана өзгөчө алардын арасында байлар зыярат учурунда курмандык чалып, этин кембагалдарга таратышкан, сообун күмбөздүн ээсине багышташкан. Бул каада-салтка айланган жакшы ниеттеги көндүм кийинчерээк туура эмес кабылдана баштаган жана "баланчага курмандык чалам" деген ойлорго айланган. Бирок, бул адамдын ниетиндеги назик түшүнүк ислам эрежелерине туура келбейт. Атүгүл, өтө коркунучтуу жана адамдын ыйманына бүлүк салып, адашууга алып бара тургандай мааниге ээ. Ошондуктан, эл арасында күмбөздөргө курмандык чалгандар "каапыр болот" деген түшүнүк бар. Маселени мындайча көбүртүп-жабыртуунун деле кереги жок. Анткени, негизинен союлган ар бир мал Аллахтын атына багышталууда жана союлуп жатканда "бисмиллахи Аллаху Акбар" деп айтылууда. Бул жерде көңүл бурулушу керек болгон жагдай - малды мууздаган кишинин ниети. Өкүм ошого жараша берилиши керек. Мисалы, бир дубанга сапарга барган мамлекеттик кызматкер үчүн курмандык чалынганда, анын ошол аймакка таштаган кадамына таазим кылып, ага жагынып, жакшы көрүнүү үчүн курмандык чалынса, мунун динибиздеги курмандык түшүнүгүнө кыпындай дагы байланышы жок. Бирок, ошол дубанга сапарга барган мамлекеттик кызматкерди себеп кылуу менен ниетте Аллахтын ыраазычылыгы үчүн курмандык чалынса, анда маселе башкада. Бул абал салтанаттар, ачылыштар үчүн да тиешелүү. Мында маанилүү болгон жүрөк, жүрөктөгү ниет жана аны дагы Аллахтан кийин эң жакшы билген адамдын өзү. Күмбөздөрдө чалынган курмандыктар үчүн дагы ушул жагдайга көңүл буруу зарыл.

Курмандыктын териси кандай колдонулат?
Курмандыктын териси бир кембагалга же кайрымдуулук мекемесине берилиши керек. Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) коштошуу ажылыгында Азирети Алиге (р.а.) курмандык үчүн чалынган төөлөрдүн башында туруусун жана алардын терилери менен үстүндөгү жабууларын садака катары берүүсүн, касаптын акысы катары бербешин буюрган (Абу Давуд, Манасик 20). Ошондуктан, курмандыктын терилерин сатуу, касапчынын эмгек акысы үчүн берүү туура эмес.

Арноо курмандыгынын акчасын кембагалдарга берүүгө болобу?
Арноо кишинин бир ибадатты аткаруу үчүн Аллахка убада берүүсү менен карыз болгондугун туюнткандыктан, ал карыздан кутулуусу үчүн, арноо курмандыгын чалышы керек. Ошондуктан, курмандык чалууга убада берген киши бир гана ошол адак курмандыгын чалуу менен убадасын орундаткан болот. Мындан улам адак курмандыгын чалуунун ордуна акчасын кембагалдарга берүү менен же жардамдашуу аркылуу арноо курмандыгынан кутула албайт.




Курмандык чалууга милдеттүүлөр
"(Материалдык) абалы, (курмандык чалуу) убагы (баары) жайында болсо дагы, курмандык чалбагандар биздин намаз окуган жайыбызга жакындабасын" (Хадис шариф).
Курман айт майрамында курмандык чалууга милдеттүү болуу үчүн төрт шарт талап кылынат:
1. Мусулман болуу.
2. Акыл-эси жайында жана балагатка жеткен куракта болуу.
3. Жолоочу болбоо.
4. Белгилүү мал-мүлккө ээ болуу.
Ханафи мазхабында курмандык чалууну важиб кылган байлыктын өлчөмү зекетте жана фитир садакасында талап кылынган байлык өлчөмү менен бирдей. Тактап айтканда, карыздарды жана негизги муктаждыктарды эске албаганда, 20 мыскал (85 гр) алтын же 200 дирхам күмүш өлчөмүндө эсептелет. Материалдык мүмкүнчүлүгү мындай абалдагы аялзаты же жетилген балдар курмандык чалууга милдеттүү болуу менен бирге, өмүрлүк жолдошу же атасы булардын атынан (белек жолу менен) курмандык чалуусу жетиштүү болорун белгилөө зарыл. Ал эми башка мазхабдар курмандык чалууну туруктуу сүннөт катары эсептешкендиктен, курмандык чалуу милдети үчүн өзүнчө бир байлык өлчөмү аныкталган.

Курмандык чалбоо үчүн шылтоо издебейли
Алла таала Каусар сүрөсүндө "Жаратканың үчүн намаз оку жана курмандык чал" деп буюрган. Бул аяттагы "намаз оку" деген буйрук Курман айт намазына, ал эми "курмандык чал" буйругу Курман айт күндөрүндөгү мал союуга карата айтылган. Ал эми башка бир аятта курмандыкка чалынган төөлөр тууралуу мындайча баяндалат: "Төө-уйларды Биз силер үчүн Аллахтын белгилеринен кылдык" (Хаж сүрөсү, 22/36). Араб тилиндеги "ша-ааир" сөзү "Аллахтын дининин, мыйзамдарынын белгилери" деген маанини туюнтат. Айтор, көптөгөн нерселер кандайдыр бир белгилер менен билинет же таанылат эмеспи. Ал эми ошол таанылган, белгилүү болгон нерселерден баш тартууга мүмкүн эмес. Ошондуктан, курмандык чалууга милдеттүү болгондор курмандык чалбоо үчүн шылтоо издөөнүн ордуна, тескерисинче, курмандык чалуунун жолдорун иликтеп, чара көрүүсү, мүмкүнчүлүк издөөсү зарыл.
Курмандык чалууну жүзөгө ашыруу - туура жолдогу кайрымдуулуктун, берешендиктин жана Кудайдын берген түркүн ырыскыларына, чексиз ниматтарына пенденин ыраазы болуп, шүгүрчүлүк келтиргендигинин дал өзү. Курмандык чалуу менен пенде, бир жагынан, күнөөлөрдөн арылып-тазаланса, экинчи жагынан, анын натыйжасында жакшылыкка, соопко ээ болуп, күтүүсүздөн келчү айрым кырсыктардан сактанат. Корутундулап айтканда, курмандык ибадаты диний, адеп-ахлактык, коомдук толгон-токой сырларга, пайдаларга бай. Адамдын жеке жашоосу жана жалпы коомчулук үчүн айтып бүткүс көптөгөн пайдасы бар мындай маселени кабылдай албагандар кандайдыр бир деңгээлде бул маселенин төркүнүн түшүнбөй жатышкандыгын эч болбосо сезиши керек.

Курмандык жана элге кызмат
Курман айт майрамында билим алууга далалаттанган студенттерге жардам берип, материалдык жана моралдык жактан көмөк көрсөткөн момундар дал ошол кезде ажылыкка барып, Арафатта жана Муздалифада курмандык чалгандардын сообуна барабар, балким, андан да көбүрөөк соопко жетиши мүмкүн. Анткени, ажылардын каражаты жеке өзү үчүн сарпталган болсо, ал эми өз мекенинде курмандык чалгандардын каражаты жалпы коомчулук үчүн жумшалууда. Ажыдагы курмандык - адамдын жеке өзүнө тиешелүү маселе, ал эми өз өлкөбүздөгү жалпы элибиздин кайра жаралуусу, коомчулукта биримдикти, ынтымакты арттыруу негизги маселе болуп эсептелет.