Жогорку Кеңештин негизги ыйгарым укуктары
БАШЫ АЛТЫНЧЫ БЕТТЕ
Жогорку Кеңеш - өз ыйгарым укуктарынын чегинде мыйзам чыгаруу бийлигин жана көзөмөлдүк ишмилдеттерди жүргүзө турган жалпы улуттук шайлануучу өкүлчүлүк органы. Анын негизги милдети - өкүлчүлүк, мыйзам чыгаруу, көзөмөлдүк иш-милдеттерин жүргүзүү аркылуу элдин эркин билдирүү жана анын коргоочусу болуу.
Эларалык парламенттик тажрыйбада калыпка түшүп калган үч негизги иш-милдет бар: мыйзам чыгаруу, өкүлчүлүк жана көзөмөлдүк. Парламенттин өз иш-милдеттерин ийгиликтүү аткаруусу үчүн, конституция тарабынан иш-милдеттери менен кошо анын компетенциясын түзө турган атайын ыйгарым укуктар берилген.
Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу ишмилдети анын ыйгарым укуктарынын башкы бөлүгүн түзөт. Мыйзамдарды кабыл алуу укугу мамлекеттик бийлик бутактарынын ичинен парламентке гана берилген. Анткени, Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү, КР Конституциясы менен кабыл алынган мыйзамдарга ырасмий түшүндүрмө берүү, мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана кабыл алуу укугу парламентке таандык. Жогорку Кеңеш өз жыйындарында бирдиктүү талкуулоо жана добуш берүү менен, тиешелүү мыйзамдар менен чечимдерди кабыл алуусу аркылуу мамлекеттин саясатын аныктоого катышат.
Жогорку Кеңештин өкүлчүлүк иш-милдеттери Кыргызстан элдеринин кызыкчылыктарын жана эркин чагылдыруучу жогорку өкүлчүлүктүү шайлануучу органы катары түзүүнүн табиятынан келип чыгат. Парламент шайлоолордун жолжоболору аркылуу бийлик жүргүзүүгө эл тарабынан мандат алат. Ал элдин атынан иш жүргүзүү үчүн бийлик таянычтарын пайдаланат. Жалпы эл өз өкүлдөрүн парламентке шайлоо менен, анын кызыкчылыктарын коргоо, адамдардын турмушун жакшыртуу, өнүгүүгө шарт түзүү, аткаруу бийлигин көзөмөлгө алуу ж. б. максаттарда бийлик атрибуттарын пайдаланат, өкүлчүлүк органдарынын колуна бийлик тизгинин берет. Ушул жагынан алып караганда, парламент кандайдыр бир деңгээлде карапайым адамдар менен бийлик төбөлдөрүнүн, жарандар менен мамлекеттин, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийликтеринин ортосунда турган ор-томчу орган болуп калат. Ал элдин атынан мыйзам чыгаруу жана көзөмөлдөө ишмилдеттерин жүргүзүү укугун алат. Ал эми шайлоочулар болсо, жалпы мамлекеттик иштерге, мыйзамдарды иштеп чыгууга, аткаруу бийлигине көзөмөлдүк кылууга тийиштиги бар болуу мүмкүнчүлүгүн алат.
Жогорку Кеңештин көзөмөл ишмилдет менен ага жараша ыйгарым укуктар дээрлик парламенттерге мүнөздүү келет. Көзөмөл иш-милдети парламенттин мыйзам чыгаруу жана өкүлчүлүк иштеринен, бийликтин эл көзөмөлүндө туруусунан жана жоопкерчилигинен улам келип чыгат. Жалпысынан алганда, парламент тарабынан көзөмөл ишин жүргүзүүсү кабыл алынган мыйзамдарды аткаруу боюнча өкмөт ишин жакшыртууга чакырылган.
Парламенттик көзөмөлдүн негизги жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясына чагылдырылган. Анда "Жогорку Кеңеш - Кыргыз Республикасынын парламенти өз ыйгарым укуктарынын чегинде мыйзам чыгаруу жана көзөмөлдүк кылуу ишмилдетин жүргүзүүчү өкүлчүлүк органы болуп санала тургандыгы" айтылган.




Жогорку Кеңештин бийликтин башка бутактары менен өз ара аракеттенүүсү
rКыргызстанда мамлекеттик үч бийлик бутагы бар: Мыйзам чыгаруу бийлиги - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши; Аткаруу бийлиги - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү; Сот бийлиги - Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттору. Ал эми баардык бийлик бутактарынын натыйжалуу өз ара иш-аракетинин жана алардын эл алдындагы жоопкерчилигинин кепилдиги - Кыргыз Республикасынын Президенти.
Жогорку Кенеш бийликтердин бөлүнүү тутумунда негизинен мыйзам чыгаруу ишмилдетин аткарат, анткени ал эл тарабынан шайлангандыктан, мамлекеттик чечимдерге мыйзам таризин берүүгө ыйгарым укук алган жападан жалгыз бийлик бутагы болуп саналат.
Президент да, парламент да түздөн-түз эл тарабынан шайлангандыктан, алардын жалпы элдин атынан сүйлөөгө укугу бар, алар башка бийлик бутактарын түзүп, демилге берип, мыйзамдарды кабыл алат. Ошону менен бирге, эгер Жогорку Кеңештин мыйзамдарды кабыл алууга укугу болсо, анда Президенттин ага кол коюу жана вето салуу укугу бар. Ошол эле учурда, Жогорку Кеңеш Президенттин ветосун басып өтүүгө да укуктуу.
Өкмөт - премьер-министр жетектей турган аткаруу бийлигинин органы. Өкмөт президентке жана парламентке отчет берет. Эл кызыкчылыгы үчүн мыйзамдарды аткаруу жана ишке ашыруу - Өкмөт ишинин негизги мазмуну болуп саналат. Ошону менен бирге, өкмөттүн мыйзам алкагынан тышкары чечимдерди кабыл алууга акысы жок.
Сот бийлигинин органдары белгилүү бир жактардын ортосундагы укуктук талаш-тартыштарды чечет. Жогорку Кеңештин сот бийлиги менен болгон алакасы соттордун көз карандысыздыгы менен өз алдынчалуулугун колдоого, соттун мыйзам үстөмдүүлүгүн камсыз кылуусуна, мыйзам чыгаруу саясатын ишке ашыруунун натыйжалуулугуна, адам укуктары менен эркиндиктерин сактоого багытталган.





Соңку сөз
Кыргыз парламентинин жетимиш жылдан ашуун калыптануу таржымалына, анын жогорудагыдай өлкө турмушу үчүн өтө маанилүү болгон жагдайларына учкай болсо да кайрылып жат-каныбыздын жөнү бар. Анткени, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын биринчи эле беренесинде "Кыргызстандын эли - эгемендиктин ээси, Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин жалгыз бир булагы" деп бекеринен белгиленип жаткан жери жок. Анткени, ошол эле Башмыйзам жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президенти менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши гана элдин атынан чыгууга укуктуу.
Кыргызстанда саясый күчтөрдүн, бийлик бутактарынын теңсалмактуулугу сак-талганда гана, эл эрки чечүүчү мааниге ээ болот. Ошондо гана карапайым калктын калың катмары өлкөбүздүн коомдук, саясый, социалдык жана экономикалык турмушуна түздөн-түз катыша алат. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн эң башкы мааниси дагы так ушунда турат.
Мамлекеттик түзүлүштүн ийкемдүү үлгүсүн издөө, мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийликтерин калыптандырууда башкаларды азын-оолак тууроо артта калды. Топтолгон иш тажрыйба көрсөткөндөй, азыр калкыбыздын кылым карытып келаткан тарыхый-маданий калыптануу шартына туура келчү, демократиялык маанайдагы табылгаларга толук жооп берүүчү үлгүлөргө үңүлө карап, үйрүлө үйрөнүп жаткан чагыбыз.
Кыргызстан эгемендик алары менен, мамлекеттик бийликти тең салмак бутактарга бөлүү чарасы конституциялык түзүлүштүн негизи болуп калды. Бизде бийликти бир колдон башка бир колго өткөрүп берүүнүн өнөкөттүү ыкмасы жок эле. Тескерисинче, бизге бир түзүлүштөн жаңы түзүлүшкө карай, бир социалдык-экономикалык тутумдан башкасын көздөй, буйрукчул жабык коомдон демократиялык ачык коомго карай сапаттык жүрүш жасоонун түмөн түйшүктүү тагдыры тушукту. Азыркы учурда коомдогу өзгөрүүлөрдүн баары-коомдук, саясий, экономикалык, социалдык жана маданий кайра курумдар кайра кайтпас мүнөз күтүп калды десек болот.
Акыркы КР Конституциясынын жаңы редакциясына ылайык, бийлик бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктар кайрадан бөлүштүрүлүп, курамы толугу менен партиялык тизме боюнча шайланып келген бир палаталуу кыргыз парламенти ушу тапта туруш тулку, ишенимдүүлүгү, кыска мезгил аралыгындагы нуска иши менен көп көзүнө көрүнгөн эл аралык парламент үлгүлөрүнө жакындашууда. Анткени, демократиялуу ачык коомдун мыйзам негиздерин түзүү - мамлекеттик түзүлүштүн эң башкы багыттарынын бири болуп саналат.
Кемел Белеков,
КР ЖК Басмасөз кызматынын эксперти