"Орусча-кыргызча аралаштырып
сүйлөгөндөрдү которуу татаал"
Акыркы он беш жыл бою үч чакырылыштагы депутаттардын парламенттеги сүйлөгөн сөздөрүн которуп келген Жогорку Кеңештин Аппаратынын редакциялык-басма бөлүмүнүн башчысынын орун басары Жумагүл Карагулова эженин жумушу менен таанышып, анын өйдө-ылдыйы тууралуу суроо узаттык.

"Кээде сөз байлыгы жетпей, колу менен жаңсап жибергендер болот. Ал эми мен котормочу катары силерге окшогон журналисттерге дагы, анын айтайын дегенин түшүнүктүү которушум кажет. Дагы бир татаалдыгы - орусча жана кыргызчаны аралаштырып сүйлөгөндөр. Өзүм да байкабай, алар менен кошулуп, орусча сүйлөп алган учурлар кездешет", -дейт Жүмагүл Карагулова. СҮРӨТТӨР: АЛИЖАН ЯКУБОВ

- Жумагүл эже айтыңызчы, бул котормо ишине кантип келип калдыңыз?
- Мен азыркы Улуттук университеттин орус тил жана адабият бөлүмүн аяктагам. Кийин Илимдер академиясынын Манас таануу институтунда бир учурда иштеп, котормо боюнча кандидаттык диссертациямды даярдагам. Ошол мезгилде 1-чакырылыштагы мыйзам чыгаруу палатасынын 35 депутатына котормочулукка конкурс жарыялап калышты. Төрт киши болуп барып, анын ичинен мен өтүп кеттим. Ал учур 1995-жылдын август айы эле, эмдиги жылы Жогорку Кеңеште котормочу болуп иштегениме 15 жыл болот. Ошентип, жаңы жумушумду депутаттардын сөзүн кыргызчадан орус тилине которуу менен баштагам.
- Башында кандай кыйынчылыктар менен кезигип, аларды кантип жеңдиңиз?
- Менин иштеп кетишиме жети жылдай мугалим болуп эмгектенгеним жардам берди. Ал эми тоскоолдук деп, менин мектепте да, университетте да орусча окугандыгым болду. Ошондуктан, башында кыргызча тексттерди шар окуй алчу эмесмин. Андан сырткары, мурун Жогорку Совет учурунда жыйындар орусча өтсө, кийин эгемендиктен соң, кыргызча өтө баштады. Бул жерде чет жердин сөздөрү кыргызча айтылганда, өөн учурап жатты. Алсак, брокер, менеджер, же бизнесмен. Биз мындай терминдердин түпкү маанисин таап, "брокерди" "ортомчу" деген сөз менен котордук. Муну менен бирге депутаттардын сөзү да элге түшүнүктүү жетти деп ойлойм. Дагы бир кыйынчылыгы бул - Жогорку Кеңеште ар тармактагы маселелердин коюлушу. Мисалы, бүгүн экономика, эртең медицина, бүрсүгүнү биология. Ар бир күндүн тексттери менен таанышып, анын терминдеринин түшүнүгүн таап, күндө түрдүү темаларды которуп берүүгө даяр болуу көп эмгекти талап кылат.
- Сизге чейин кызматыңызда кимдер иштеп турган экен?
- Жогорку Совет мезгилинде Баян Сарыгулов жана Сатыбалды Жээнбеков деген инсандар иштеген. Мага чейин Жумабек Дылдаев, Жээнбай Байболов которгон. Ишке орношкондон бери, т.а. он беш жыл бою жалгыз өзүм котормочулук кызматын аркалап келем. Эки жыл мурун өзүмө жардамчы алгам. Негизи котормочу болуу ар биринин эле колунан келе бербейт. Ага күчтүү кабыл алуу, кенен сөз байлык, дикция, сүйлөө темпи ж.б. компоненттер зарыл. Мен Улуттук университеттин 4-курсунан стажер болуп келген Кыял Мамбетованы тандадым. Келечекте бул кыздан жакшы котормочу чыгарына толук ишенем.
- Кыргызстандагы далма-дал (синхрон) которгон адистердин абалы кандай?
- Бир жолу атайын ушул кесип боюнча иштегендердин ченемдерин издедим. Бирок андай нерсе Кыргызстанда жок экен. "Канча саат иштөө" зарылдыгын билбей койдум, бирок телеграфисттер 8 жылдан кийин пенсияга чыгат дешти. Анткени, угуу жөндөмдүүлүгү начарлап кетет. Заманыбыз ушул болсо, жумуштун бар экенине кубанып, иштей бермей. Экинчиден, орус жана англис тилинен тикелей кыргыз тилине которгон синхрончулар жок. Мага көбү бул тууралуу кайрылышат.
- Сиз кыргыз тилинен орус тилине далма-дал которо аласыз, кайра тескерисинче да которосузбу?
- Башында бир гана кыргызчадан орус тилине которуп жүрсөм, кийинки 4-5 жылдан бери орус тилинен кыргызчага да которуп келем. Алгач, мага ушундай сунушту айтканда, "аралаштырып жиберем" деп баш тарткам. Бирок, кийинчерээк көнүп кеттим.
- Сиз адам сүйлөп жатканда, дароо которо баштайсыз. Кайсы учурда тездик менен которуу оор болуп калат?
- Эгерде бир адам оюн бир жерге топтобой, оюндагысын сөз менен айта албай жатса, мен да которуудан кыйналам. Ою чаржайыт, сөзү чайналып, так түзүлгөн ою жок болуп, бир нерсени айтып келе жатып, башкага кирип кетсе, мен да автоматтык түрдө анын айтканын которо берем. Анткени менин ойлонуп отурууга таптакыр убактым жок. Мен бир эле учурда кийинки сөзүн да кармап, аны түшүнүшүм керек. Кээде сөз байлыгы жетпей, колу менен жаңсап жибергендер болот. Ал эми мен котормочу катары силерге окшогон журналисттерге дагы, анын айтайын дегенин түшүнүктүү которушум кажет. Дагы бир татаалдыгы - орусча жана кыргызчаны аралаштырып сүйлөгөндөр. Өзүм да байкабай, алар менен кошулуп, орусча сүйлөп алган учурлар кездешет.
- Сиздин оюңузча, эмне үчүн эл өкүлдөрү орус тили менен кыргыз тилин көп аралаштырып сүйлөшөт?
- Азыркы тапта таза сүйлөгөндөр көп эле. Чалды-куйду сүйлөгөндөр жоголуп калды. Биздин депутаттар мыйзамдарды иштеп чыгууда, же кабыл аларда көбүнчө орус тилинде жазылган мыйзам үлгүлөрүн окуп чыгышат. Алар маалыматты орусча окушкандыктан, ой жүгүртүүсү да орус тилинде калыптанат. Анан эле, кыргызча башташып, керектүү жерге келгенде, өз оюн орусча айта баштайт.
- Мурун орусча сүйлөп, азыркы учурда кыргызча эркин сүйлөп кеткен депутаттар барбы?
- Мурункуга салыштырмалуу, азыркы учурда талап катуу. Көпчүлүгү таза кыргызча сүйлөп калышты. Баштагы З.Курманов, К.Карабеков, А.Мамасалиев, азыркы финансы министри М.Султанов бүгүн таза кыргыз тилинде сүйлөйт.
- Буга чейин депутаттардын ичинен кимиси сиздин кызматыңызды жеңилдетип, котормого жоопкерчиликтүү мамиле кылчу?
- Маркум Дооронбек Садырбаев: "Мен сүйлөгөнүм үчүн айлык алам",-деп калчу. Ал киши укмуш чечен, жоопкерчиликтүү жана котормочулукка чоң маани берчү. Дооронбек Садырбаев "менин сүйлөгөнүмдү эл түшүнсүн" деп, алдын-ала мага тексттерин алып келчү. "Жумагүл, мен мындай сүйлөм, макал, метафора пайдаланам. Сен ошолордун котормосун таап кой",-дээр эле. Мен бул киши менен иштешкенде, көп нерсени үйрөнгөм. Ал сөзүндө бир топ кыргыз макал-лакаптарын пайдаланар эле, алардын орусчасын да табуу кыйынга турчу. Он беш жыл бою котормочулукка дыкаттык мамиле кылган Дооронбек Садыр- баевдей бир дагы депутат көрө элекмин.
- Эми турмушта боло берет эмеспи, анын сыңары Жогорку Кеңеште деле жыйын учурунда орой, одоно сүйлөгөндөр болот. Мындай учурда эмне кыласыз?
- Мен бир да сөздү калтырбайм. Анткени, мыйзамга депутаттар добуш берет, колдойт, ошондуктан, баарын которуш керек. Бөлүкчөлөрдөн өйдө которбосоң жарабайт. Бирок бул чакырылыштагы депутаттарга караганда, мурунку эл өкүлдөрү көбүрөөк тил маданиятына туура келбеген сөздөрдү пайданышчу. Одоно сүйлөсө, мен да одоно котором. Себеби, залда жалгыз эле кыргыз депутаттар эмес, башка улуттагылар да бар. Бирөөсү күлсө, же ачууланса, башкалар дагы ушундай абалда болушу зарыл. Бирөөнүн реакциясын баарына жеткирүү кажет. Бир жолу белгилүү журналист мага: "Сен кийин аябай сөгүнчөөк болуп кетпе",-дегени эсимде.
- Кырдаалдарга жараша сиздин деле маанайыз өзгөрөбү?
- Ооба, күлкүлүү нерсе айтылса, мен да күлөм. Мен деген тирүү адаммын да. Бир жолу Өмүрбек Текебаев аябай ачууланып сүйлөп, кыйкырып жиберген учуру да болду. Ушунчалык эмоцияга берилгендиктен, бир учурда микрофонду уруп жиберипмин. Ал эми Аксы окуясы тууралуу жыйындар болгондо, андагы көрсөтүлгөн тасмалар жана трибунадагы ыйлаган депутаттарды көрүп алып, мен да ыйлагам. Ошондо айрымдары: "Биздин котормочу ыйлап жатабы",-деп бири-биринен сурашкан экен. Бирок котормочу катары бардык кырдаалдарга карабастан, мен эмоцияга алдырбай, бейтарап которуп берүүгө милдеттүүмүн.
- Күнүмдүк ишиңиз кантип башталып, кантип аяктайт?
- Жаңы баштаганымда 10дон 4кө чейин отурум уланып, бул убакыт ичинде бир мүнөттү да калтырбай которчумун. Кээде чарчаганымдан күндүн кантип өткөнүн деле байкабай каласың. Түштөнүү убагында эс алууга гана мүмкүнчүлүк түзүлбөсө, кечке чейин которуу менен алекмин. Азыркы учурда түшкө чейин 3 саат жыйындарда котором, түштөн кийин комитеттер жыйыны, өкмөттүк саат, парламенттик уктуруу ж.б.да иштөөгө туура келет.
- Эгерде ооруп калсаңыз, эмне кыласыз?
- Алсак, Бириккен Улуттар Уюмунун бир эле отурумун 70 котормочу тейлеп, ар 15 мүнөт сайын алмашып турат. Ал эми мен жалгыз эле котормочу болуп жүргөнүмдө оорубашым керек эле. Той-аш, же өлүм-житимдерге да барууга мүмкүнчүлүк жок. Бир жылдары бизди жамандык аябай басканда, айласыздан кызымды үйрөтүүгө туура келди. Аны 10-класстан баштап, которуу сырлары менен бөлүшүп дегендей, мен жокто ал ордумда иштеп жатты. Азыр жардамчым бар. Кыял башында жалгыз чыккандан чочуласа, азыр эркин которуп калды.
- Айрым сөздөрдү түз которбой, жылмалап койгон учурлар кезигеби?
- Ооба. Бирок бул жагдай тажрыйбалуу болуп калгандан кийин болот. Мисалы, "келесоо" деген сөз айтылды. Мен муну бир аз жылмалап коём. Анткени журналисттердин арасында чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да бар. "Кыргыздар ушинтип сүйлөйт экен" деп айтпасын деп, оңдоп-түзөмөй учурлар болуп турат. Баары эле оратор болуп жаралбайт. Элге, трибунага башында чыккан адамдар оюн так билдирбейт.
- Ушунча жылдан бери коомдук адамдар менен иштешип, аларга кандай баа бересиз?
- Трибунага чыгып сүйлөгөндөр үч принципти кармаш зарыл. Алар: "Ким сүйлөп жатат?", "Кантип сүйлөп жатат?" жана "Эмне тууралуу сүйлөп жатат?". Ушулардын баарына так жооп бере алса, ал киши коомдо өз ордун табат жана эл оозуна алынып калат. МАЕКТЕШКЕН ЭЛЬВИРА КАРАЕВА