Тарыхка кайрылсак...

Кыргызстандын биринчи парламенти 1925-жылдын 27-мартында пайда болгон. Бул жаңы эле түзүлгөн Кара-Кыргыз Автономдук областынын Советтеринин I Учредителдик Съезди болгон. Бул жерде СССРдин мамлекеттик түзүлүшү тууралуу эскерсе болот. 1917-жылдын октябрынан 1990-жылга чейин өлкө парламенттик республика болуп, ал эми анын жетекчиси номиналдуу түрдө Борбордук Аткаруу комитетинин председатели болгон. БШК Советтердин съездинде шайланган. БШКнын мүчөлөрү өзүнүн курамынан съезддер арасында өлкөнү жетектеген төрагаларды (председателдерди) шайлаган. 1936-жылдагы конституциялык реформадан кийин съезд Жогорку Совет, ал эми БШК - Жогорку Советтин Президиуму деп атала баштаган. Бийликтин ошол схемасы союздук республикаларда да, автономдук түзүлүштөрдө да иштеген. Кара-Кыргыз Автономдук Областтык биринчи съездге кайрылабыз. Үч күндүн ичинде алгачкы депутаттар башкаруу органын түзүп, областтык аткаруу комитетинин председателин шайлаган. Ал Абдыкадыр Орозбеков болгон. Анда аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлиги ажыратылбагандыктан Орозбеков эки бутактын башчысы болгон.
1926-жылдын 1-февралында Кыргыз Автономиялык областы Автономдук Республика болот. Бул статус менен ал өзүнүн өкмөтүнө жана конституцияга ээ боло алмак. Кыргыз АССРинин Советтеринин Учредителдик съезди 1927-жылы 7-мартынан 12-мартына чейин өткөрүлгөн. Анын ишинде 231 делегат катышкан. Анын 115и кыргыз,
72си орус,
19у өзбек,
8и уйгур,
2 казак,
2 дунган,
13ү башка улуттун өкүлдөрү болушкан. Ошол убакта адат болгондой, көпчүлүк делегаттар (192) ВКП(б)нын атынан чыгышкан. Ал съезддин көпчүлүк катышуучулары дыйкандар (116 адам), 43 адам - жумушчу, 58 - кызматкер, 12 - аскер адамы болгон. Делегаттар автономдук республиканын Борбордук Шайлоо Комитетин (БШК) түзүшкөн. БШК өзүнүн төрагалыгына Абдыкадыр Орозбековду шайлаган. Ошол эле учурда биринчи Элдик Комиссарлар Кеңеши түзүлгөн. Анын төрагалыгына БШК Жусуп Абдырахмановду шайлаган. Ал эми 1929-жылы апрелде республиканын биринчи конституциясы Кыргыз АССРинин Советтеринин экинчи съездинде кабыл алынган.
1936-жылдагы конституциялык реформадан кийин Кыргызстан Союздук Республика болуп калат. 1938-жылы КССРдин Жогорку Советине шайлоолор өткөрүлөт. Анда шайлоочулардын 98,23 пайызы катышкан. Бул республиканын тарыхындагы жашыруун добуш берүү менен түз шайланган, жалпы шайлоо болгон. Ошентип, Кыргыз ССРинин Жогорку Советине 284 депутат шайланган. Шайлангандардын көпчүлүгү (47,9 пайыз) мамлекеттик кызматкерлер болушкан. Республиканын Жогорку Советинин Президиумунун председатели мурдагы батрак жана темир жол жумушчусу Асаналы Толубаев болгон. Жогорку Советтин кийинки шайлоолору 1947-жылдын февраль айында гана өткөрүлгөн. Депутаттарды 4 гана жылга шайлашкан. Ал эми 1950-жылдан тартып, республикалык парламентке шайлоолор ар бир беш жылда өткөрүлүп турган. Кыргыз ССРинин акыркы Жогорку Совети 1990-жылы шайланган. Ал суверенитет жана көз карандысыздык тууралуу декларацияны, 1993-жылдагы конституцияны кабыл алып, өлкөнүн биринчи президентин шайлап, республиканын туусун жана гербин бекитип, улуттук валютаны киргизген.