Мыктылар тандалып бүтө элек
"Динамо Киев" өз талаасында Италиянын "Интер" командасына 1:2 эсебинде утулду.
СҮРӨТ: REUTERS, ГЛЕБ ГАРАНИЧ
Европа чемпиондор лигасында экинчи айлампа башталды. Жуманын экинчи күнү биринчи төрт группадагы командалар беттешти. Эмесе, чемпиондор лигасындагы төртүнчү турдагы оюндардын жыйынтыгы менен таанышыңыздар.
Биринчи кезекте атактуу "Бавариянын" өз талаасында "Бордого" чоң эсеп менен утулуп калгандыгын айта кетели. Франциянын жаңы чемпиону немистерди өз үйүндө да утушкан. Андыктан алардын жеңиши бекеринен эмес. А группасында "Ювентус" Израилге барып жеңишке жетишти. Бирок италиялыктар ар дайым аздан гол киргизип, күйөрмандарынын купулуна толбой жүрүшөт. Ошондой эле күйөрмандарды кызыктырган оюндардын бири - "Манчестер" менен ЦСКА оюну болду. Англияда өткөн оюнда москвалыктар атактуу атаандашын экинчи таймдын башында 3:1 эсебинде утуп жатышкан ("МЮ" алты жарым жылдан бери өз дарбазасына үч гол киргизген эмес). Оюндун 25-мүнөтүндө Алан Дзагоев эсепти ачса, төрт мүнөт өтпөй Майкл Оуэн эсепти теңеди. 30-мүнөттө Милош Красич ЦСКАнын кайрадан алдыга чыгарып, ал эми экинчи тайм жаңы эле башталганда В.Березуцкий эсепти 3:1ге жеткирген. Бирок "Манчестер" чабуулга чыгып олтуруп акыры оюндун кошумча 92-мүнөтүндө Валенсиянын тепкен тобу командасын "өлүмдөн" сактап калды (ага чейин 84-мүнөттө Скоулз "МЮнун" экинчи голун киргизген). Эгерде Акинфеев болбогондо ЦСКАнын дарбазасына дагы көп гол кирмек. Ошентип, Акинфеев "Манчестердин" көзүнө дагы бир жолу илинди ("МЮ" Акинфеевди сатып алабыз деп жүрүшөт).
С группасында франциялык "Марсель" да жердештери "Бордо" менен "Лиондон" кем калбай татыктуу оюн көрсөтүп жатат. Алар бул жолу швейцариялык "Цюрихтин" дарбазасына алты топ киргизишти. Ал эми атактуу "Милан" менен "Реал" "Сан-Сиродо" 1:1 эсебинде тең чыгышты.
Д группасында "Порту" менен "Челси" да экинчи раундду камсыз кылышты. Португалиялыктар Кипрге барып жеңишке жетишсе, Абрамовичтин командасы Мадридде "Атлетико" менен тең чыкты. Бул оюнда "Атлетикодон" Агуэрону жана "Челсиден" Дрогбаны белгилей кетели. Атактуу Марадонанын күйөө баласы экинчи таймдын жарымында командасын алдыга чыгарган, ал эми оюндун аяктарына он мүнөттөй калганда Дрогба эсепти теңеп, 88-мүнөттө "Челсини" алдыга чыгарды. Бирок оюндун кошумча (90+1) мүнөтүндө Агуэро экинчи голду киргизип, "Атлетикону" утулуудан сактап калды. Эми "Челси" лиганын 1/8 финалына чыгат, ал эми испандыктар группадагы үчүнчү орунду Кипрдин "Апоэли" менен талашат. Ал орун быйыл жаңы пайда болгон Европа лигасына (мурдагы УЕФА кубогунун ордуна пайда болгон) ойноого укук берет.
Ал эми шаршемби күнү өткөн оюндарда "Рубин" өз үйүндө "Барселона" менен тең чыкты. Татарстандын командасы атактуу атаандашы менен эки оюнда төрт упайга ээ болду. Россиялык Андрей Аршавин "Арсеналдын" жеңишине чоң жардам берип, өнөктөрүнө үч жолу натыйжалуу пас берди. Франциянын экс-чемпиону "Лион" да өз группасында кийинки раундга чыкты. Ал эми Валерий Газзаевдин "Динамосу" өз үйүндө "Интерди" утканда группанын топ башы болмок. Ошентип, группалык тандап алуу оюндарында кийинки этапка чыгуучу командалар толугу менен тандалып бүтө элек. Алдыда дагы эки оюн бар. Андан кийин 1/8 финал башталат.

А группасы
Бавария - Бордо: 0-2
Маккаби - Ювентус: 0-1
О УТ ТЧ УД Т УП
1. БОРДО 4 3 1 0 6-2 10
2. Ювентус 4 2 2 0 3-1 8
3. Бавария 4 1 1 2 4-4 4
4. Маккаби Хф 4 0 0 4 0-6 0

Группа В
"Манчестер Юнайтед" - ЦСКА: 3-3
Бешикташ - Вольсфбург: 0-3
О УТ ТЧ УД Т УП
1. МАН. ЮНАЙТЕД 4 3 1 0 7-4 10
2. Вольфсбург 4 2 1 1 7-3 7
3. ЦСКА Москва 4 1 1 2 6-8 4
4. Бешикташ 4 0 1 3 1-6 1

С группасы
Милан - Реал: 1-1
Марсель - Цюрих: 6-1
О УТ ТЧ УД Т УП
1. Милан 4 2 1 1 6-5 7
2. Реал 4 2 1 1 11-6 7
3. Марсель 4 2 0 2 8-6 6
4. Цюрих 4 1 0 3 4-12 3

D группасы
Апоэль - Порту: 0-1
Атлетико - Челси: 2-2
О УТ ТЧ УД Т УП
1. ЧЕЛСИ 4 3 1 0 8-2 10
2. ПОРТУ 4 3 0 1 5-2 9
3. Атлетико 4 0 2 2 2-8 2
4. АПОЭЛ 4 0 1 3 1-4 1

F группасы
Рубин - Барселона: 0-0
Динамо К - Интер: 1-2
О УТ ТЧ УД Т УП
1. ЛИОН 4 3 1 0 8-2 10
2. Фиорентина 4 3 0 1 11-6 9
3. Ливерпуль 4 1 1 2 3-5 4
4. Дебрецен 4 0 0 4 5-14 0

Е группасы
Фиорентина - Дебрецен: 5-2
Лион - Ливерпуль: 1-1
О УТ ТЧ УД Т УП
1. Интер 4 1 3 0 5-4 6
2. Рубин 4 1 2 1 4-5 5
3. Барселона 4 1 2 1 3-2 5
4. Динамо К 4 1 1 2 6-7 4

G группасы
Униря - Рейнджерс: 1-1
Севилья - Штутгарт: 1-1
О УТ ТЧ УД Т УП
1. СЕВИЛЬЯ 4 3 1 0 10-3 10
2. Униря 4 1 2 1 6-5 5
3. Штутгарт 4 0 3 1 4-6 3
4. Рейнджерс 4 0 2 2 4-10 2

Н группасы
Арсенал - АЗ: 4-1
Стандарт - Олимпиакос: 2-0
О УТ ТЧ УД Т УП
1. Арсенал 4 3 1 0 10-4 10
2. Олимпиакос 4 2 0 2 3-5 6
3. Стандард 4 1 1 2 6-6 4
4. АЗ 4 0 2 2 3-7 2




Серена Уильямс - чемпион
Винус Уильямс - вице чемпион

Финал. С. Уильямс - В. Уильямс - 6:2, 7:6 (7:4).
Ошентип, профессионалдык теннисчилер ассоциациясы да өзүнүн сезонун аяктап жатат. Катар мамлекетинин борбору Дохада аялдар арасындагы акыркы турнир, Sony Ericsson - дүйнөлүк чемпионат өттү. Ага 2009-жылкы сезондогу эң мыкты сегиз теннисчи катышып, эки группага бөлүнүп ойношту. Ал группанын жеңүүчүлөрү финалга чыгышты. Жыйынтыгында баш байге үчүн чечүүчү оюнда эже-сиңди Винус менен Серена Уильямстар беттешип, алардын кичүүсү - 6:2, 7:4 (7;4) эсебинде жеңип чыкты. Бул 28 жаштагы Серенанын карьерасындагы 35-жана быйылкы сезондогу 3- (Австралия кубогу жана Уимблдон) титулу болуп эсептелет. Анан да ал жылдын жыйынтыгын чыгаруучу турнирде экинчи жолу (биринчи жолу 2001-жыл) жеңишке жетишип, кайрадан рейтинг боюнча биринчи орунга чыкты. Ошондой эле Серена Уильямс теннис тарыхында бир жылда 5 млн. ($) дан ашык акча уткан экинчи теннисчи айым болуп эсептелет. Буга чейин бир жылда беш миллион доллардан көп акча уткан бельгиялык Жюстин Энен (2007-ж.) болгон.
Айтмакчы, теннис турнирлериндеги Винустардын жеке беттешүүсүндө да кичүүсү 13-10 эсебинде алдыда келатат.
Жылдын акыркы турнирине Россиядан Д.Сафина (В.Звонарева), Е.Дементьева, С.Кузнецовалар катышып, ийгиликке жетишкен жок. Ал эми Динара Сафина биринчи оюндан кийин эле мелдештен чыгып (травма) рейтингдеги биринчи орунунда С.Уильямска алдырып жиберди.


Дзюдо. Азия кубогу-2010
Борборубуздагы Кожомкул атындагы спорт сарайда КР Дзюдо федерациясынын кубогуна арналган мелдеш өттү. Мелдешке Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Россия жана Кыргызстандын 23 жашка чейинки балбандары күч сынашты. Эки күнгө созулган кызыктуу мелдештин жыйынтыгында кыздар арасында биринчи орунду Римма Бердигулова (Өзбекстан), Альбина Амангелдиева (Казакстан) жана кыргызстандык Диля Кохарова, Нагира Сарбашевалар ээлеп, алтын медалга ээ болушту.
Ал эми эркектер арасында биринчи орунду биздин жердештерибиз Давран Маразыков, Рамазан Хилоу, Юрий Краковецкийлер ээлешти.


Футбол. Азия кубогу
Биздин жаштар жакшы эмес
Непалда 19 жашка чейин жаштар арасында 2010-жылкы Азиянын кубогунун финалына чыгуу үчүн тандап алуу оюндары өтүүдө А группасында Тажикстан, Иордания, Йемен, Непал, Палестина командаларынын арасында Кыргызстан курама командасы анча жакшы оюн көрсөтө албай, арткы орундарда келатат. Алар шейшемби күнү гана Палестинаны 2:0 эсебинде утуп, акыркы орундан кетишти. Азиян кубогунун финалдык турнирине группалардан биринчи, экинчи орунду ээлеген командалар чыгышат. Ошондой эле Чыгыш жана Батыш зонасындагы үчүнчү орунду ээлеген командалардан дагы эки команда (көрсөткүчтөрү боюнча) жолдомо алышат. 4-ноябрда Кыргызстандын жаштары Йемен менен ойноду. Даярдаган Табылды Асыгалиев




Кыргызстандын чемпионаты. А бизде дагы эле ызы-чуу
Дордой - Абдыш-Ата - 1:1
Алай - Жаштык-Ак-Алтын - 0:0
Абдыш-Ата - Жаштык -Ак-Алтын - 3:0
Дордой - Алай - ? (аягына чыккан жок)
Дордой - Жаштык -Ак-Алтын - 3:0
2009-жылкы Кыргызстандын чемпионатында өткөн жумада финалдык этап өтүп жатат. Чечүүчү турнирде Түштүк зонасынан "Алай" менен "Жаштык-ак-Алтын" жана Түндүк зонасынан "Дордой-Динамо" менен "Абдыш-Ата" командалары ойноп жатышат. Адегенде түндүк зонасындагы эки команда Ош менен Кара-Сууга барып алгачкы оюндарды өткөрүп келишкен. Өз кезегинде "Алай" менен "Жаштык-ак-Алтын" Бишкек менен Кантта оюндарды улантышмак. Бирок ал оюндардын бири аягына чыкпай калды.
29-октябрда борборубуздагы "Спартак" стадионунда "Дордой-Динамо" Оштун "Алай" командасын кабыл алып жаткан, бирок оюндун 20-мүнөтүндө башкы судья "Алайдын" дарбазачысы Едгор Маматбаевге оюн эрежесин бузуп "Дордойдун" чабуулчусу Мирлан Мурзаевди чалып жыккандыгы үчүн кызыл карточка көрсөтсө оштуктар толугу менен (машыктыруучусу баш болуп) стадиондон чыгып кетишкен.
Ал күнү Кантта экинчи оюн өтүп, анда жергиликтүү "Абдыш-Ата" "Жаштык-ак-Алтынды" 3:0 менен утту. "Жаштык-ак-Алтын" 1-ноябрда Бишкекте да "Дордой-Динамого" - 0:3 эсебинде утулду. Ал эми "Алайдын" тагдыры эмне болот?
Акыркы билдирүүлөргө караганда Кыргызстандын Футбол Федерациясынын жетекчилери өлкөбүздүн чемпионатынын регламентин бузгандыгы жана тартипсиздиги үчүн "Алай" командасына 30 миң сом айып салган. Ошондой эле КРнын Футбол федерациясынын жетекчилерине жаман сөздөрдү айткандыгы үчүн команданын башкы машыктыруучусу Абдумалик Мавляновго да 10 миң сом айып салынып, 5 оюнга четтетилди. Андан тышкары "Дордой-Динамо" да (күйөрмандары трибунадан "Алайдын" оюнчуларына бош бөтөлкөлөрдү ыргыткандыгы үчүн) акчалай айыпка тартылган.