Айткандын оозу жаман дебегиле

Клара Тапкеева
Кантсе да, ачык айтып, ак сүйлөгөн жакшы. Ошондуктан "ак чөп башта" деп, бүгүн агынан жарылганы турам.
Жакшыбы-жаманбы, кыргыз журналистикасына аралашып келе жатканыма чейрек кылым болгону турат. Ушул жылдардын аралыгында ар дайым Басма сөз күнүнө карата өзүм иштеген редакция, андагы кызматкерлер туурасында жазуу салтым бар. Бул ирет дагы өзүбүздүн кесиптик майрамыбыздын алдында журналистика темасына кайрылгым келди. Бирок, бу сапар мен билген жана көрүп жүргөн тармак жөнүндө кеп кылып турган жайым. Айрым маселелер боюнча менин жеке көз карашым башка кесиптештеримдин да пикирлери менен дал келгендигине таянып, мен билген жана көрүп жүргөн журналистиканын күңгөй-тескейи туурасында сөз кылууну чечтим.

Азыркы кыргыз журналистикасынын негизги өзгөчөлүгү
Албетте, биз кыргыз журналистикасынын армиясына кадам таштаган өткөн кылымдын 80-жылдарынан азыркы журналистика кыйла айырмаланат. Адегенде эле, бул "опурталдуу кесипке" журналист кыздардын чоң армиясы келип кошулду, коммунисттик доордо саналуу гана орус тилдүү басылмалар бар болсо, азыр алардын да саны өстү, эң башкысы жалпыга маалымдоочу каражаттардын катары күн санап көбөйө баштады. Маданият жана маалымат министрлигинин ушул жылдын 30-апрелге карата топтогон маалыматтары боюнча Кыргызстанда 1197 басылмалар каттоодон өткөн. Медиа өкүлчүлүгүнүн директору Бегайым Усенованын сөзү боюнча алардын айрымдары убактылуу токтоп турушат. Мезгилдүүлүгү боюнча чамдай албай, алы келгенде чыгып жаткандары да толтура.
Анан да, кандай багыттагы окуу жайы болбосун, текши эле журналист адистерин даярдай баштаганы маалым. Дагы бир негизги айырма, илгеркидей болуп журналисттик адистикти даярдоочу окуу жайларда алгач чыгармачылык сынак менен кабыл алуу деген таптакыр жоюулду. Айтпай коюуга болбой турган дагы бир өзгөчөлүк, журналистиканы мурда чыгармачыл тармак катары баалашса, азыр киреше табуучу, же т.а бизнес катары өзүнчө тармакка айланды десе болот.
Албетте, жалпыга маалымдоочу каражаттардын дээрлиги маалыматты тез жайылтууну, окурмандардын көбүн өзүнө имерүүнү, сатыктан пайда табууну эңсешет. Себеби рынок экономикасынын мыйзамы ошондой. Бардык тармак сыяктуу эле рынок экономикасы журналистика чөйрөсүн дагы багынтпай койбоду. Рыноктун мыйзамдары журналистикадагы атаандаштыкты өркүндөтүп, "жөн эле чымыны барлар" менен сабаттуу журналисттердин айырмачылыктары калкып чыкты. Менимче, башкы өзгөчөлүк дал ушунда жатат.

Борбордук журналистиканы сырттан караганда
Борбордон тышкаркы аймактарда теледе иштегендердин кадыры чоң. Айрыкча атка минерлер телевидение дегенде берерге ашын таппай калышат. Анын кыныгын алган теледеги биздин кесиптештер аларга ат тезегин кургатпай каттап, курсагын дагы, чөнтөгүн дагы кампайтып кайтышат. Райондун акимдери түгүл облус башчылары ордунан ыргып туруп тосуп алып, кетээринде шапкесин булгалап узатышат. Ошондон уламбы региондордогу чиновниктердин көбү пресса дегенде телевидениени гана түшүнүшөт (айрыкча, түштүк жергесинде ушундай). Балким экрандан өзүн көргөнгө куштарбы, айтор теле журналисттердин бир сөзүн эки кылышпайт. Ал эми камераны жеке маселесин чечүү үчүн пайдалануунун даамын татып калган андай журналисттер теледен иштен кетсе эле кудай берген ырыскысы түгөнүп калчудай сезишет.
Жашырганда не, гезитте деле андайлар жок эмес. "Сиздин районду мактап чыгарам" демиш болуп а деле бир топ ишин бүтүрүп кетет. Алчусун жөн алып кетпестен макаласын жергиликтүү басмасөз катчылардын өздөрүнө жаздырышат да, түбүнө бакыйтып туруп өздөрүнүн ата-жөнүн коюшат. Баса, басылмаларга таандык дагы бир өзгөчөлүк: айрым гезиттер бир санын толук бойдон аттуу-баштуу адамдарга арнап ыр жазып толтурушат да, таңгагы менен аларды жер-жерлерге алып барып ошол эле адамдардын өздөрүнө дүңүнөн сатышат. Мындай "шедеврлерди" айрымдар макул болуп сатып алышса, кээ бирөөлөр "сунган колду суутпайын" дегенсип айласыздан алышат.

Мен эмне үчүн борбордогу кесиптештериме сырттан карадым?
Анткенимдин жөнү бар. Журналисттик адистикке жалгыз даярдаган КМУну аяктагандан кийин комсомолдук ишке аралашып кеттим. Көп узабай Кыргызстан эгемендигин алып, республиканын аймактарында жаңы басылмалар пайда боло баштаганда кайрадан басма сөзгө кайтып, түштүктө иштеп калдым. Борбордон алыс турганы менен ал жерлик калемгерлерден турган жоон топ жалпы кыргыз журналистикасынын бир бөлүгү болуп саналат эмеспи. Анын үстүнө жергиликтүү бийлик органында басма сөз катчысынын милдетин өзүмдүн негизги ишиме туташ аткаргандыктан, ар кайсы тараптын кызыкчылыгына ык тарткан маалымдоочу каражаттардын баардыгы менен иштешүүгө туура келди. Ошондуктан да жогоруда жалаң жеке башымдан өткөн окуяларды мисал кылдым.

Журналисттер дагы жаңылышат
Бир курдай Жалал-Абад шаарында мындай окуя болду. Теледе иштеген бир журналист айым (атын айтпай эле коёюн) облустун борбору жөнүндө сюжет даярдап, аны эфирге берет. Ал сюжет өздөрүнүн летучкасында да катуу тепкиге түшөт. Окшошконго мушташкан болуп оператору да чабал неме көрүнөт, шылдырап аккан сууну эле тарта бериптир. Сюжетте кеп болуп жаткан шаардан жок дегенде бир обьектини алып койбоптур. Эң кур дегенде шаар мэриясынын имаратын тартып алса эле болмок. Ал да жок. Андай суу агып жаткан арыктар Кыргызстандын төрт бурчунда толуп атпайбы. Ага карабай тиги журналист айым кара сөз менен жергиликтүү бийликти төбөгө койгулай берген. Далилсиз тартылган сюжетке ачууланган шаар жетекчилиги ал журналистке согуш ачат. "Ушул кадрлар дал ушул шаардан тартылганын сюжетиңде далилдеп берчи" деп тигини жарга такайт. Сюжет тартылган кассетанын өзүнөн (монтаждала элек учурдагы) көрсөтө албай коюп, тартып алган жерин көздөй жөнөйт. Ал жерге барышса антисанитардык абалдагы арыкты шаардын коммуналдык мекемелери бир түндүн ичинде мизилдетип тазалап салышыптыр. Боз ала болгон журналист айым аягында негизсиз жана чийки сюжет даярдаганы үчүн иштеген жери менен кош айтышууга мажбур болот.
Албетте, сөз эркиндигин бетине кармаган бирин-экин кесиптештери туш-тушка ошол кездеги шаар жетекчилигин өлө-тала жамандап, "аял кишини иштен айдатып жибердиң" деген кыязда жазып чыгышты. Көкүрөгүн ургулаган ал күйөрмандар тележурналист элементардык эрежелерге маани бербегенин моюнга алгылары келбеди. Сөз эркиндигин каалагандай түшүнгөн же таптакыр эле түшүнгүсү келбеген кесиптештерибизден ушинтип арабыз кур эмес.
Менин минтип айтып жатканым кимдир бирөөлөр үчүн жагымсыздыр, бирок, бул чындык. Биз баалаган жана урматтаган журналисттердин катары ушундай "таланттар" менен "миң".

Белгилүү жана мыкты журналисттер бири-биринен айырмаланабы?
Мен албетте айырмаланат дээр элем. Мындан 3-4 жыл мурда Жалал-Абад мамлекеттик университетинде окушкан болочок журналисттер мага ушундай суроо беришти. Белгилүү журналист болуу мыкты журналист болууга караганда кыйла оңой дедим мен аларга. Анан жообумду чечмелеп бердим. Бул боюнча "Доор аяны" аттуу теледолбоору менен мүлдө Кыргызстанга таанымал тележурналист Султан Абдыракмановду кепке тартсам, ал мындай дейт:
- Журналисттин белгилүү же мыкты экенин окурмандар менен көрөрмандар таразалаганы туура го. Биз чыгармачылык дараметибизди ошолордун сынына коюп жатпайбызбы. Элдин оозуна илинип, таанылган кесиптештерибиз аз эмес. Ырас, башка бирөөлөр бар наамы, сыйлыгы эле көп, бирок, медиа мейкиндигинде аты угулбайт. Ал эми Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ага окутуучусу Бакыт Орунбековдун пикиринде белгилүү журналисттердин тобун экиге бөлүп кароого болот. Биринчи топ: чыр-чатакка жакын, соттошкондон башы чыкпаган, көчүрүп жазууну өнөкөт кылгандардан турат. Жалаң буйрутма менен жазып элге таанылгандар да бар. Журналист качан чыр-чатактан башы чыкпайт? Эгер маалыматтарды тактабай туруп берсе, бирөөнүн буйрутмасы менен "шыбаса" жана экинчи тараптын пикирине кызыкпаса, албетте чыр-чатактан кутулбайт. Баягы журналист деп эл да таанып калат.
Андан сырткары "оң сапаттагы белгилүү журналисттер деле бар" дейт ал. "Алар журналисттин этикасын бекем сакташат, окуяны ар дайым обьективдүү чагылдырат, адамдык ички абийирин туу тутат. Аларды таланттуу, белгилүү жана күчтүү журналисттер десе болот. Журналисттин негизги милдети - элге жаңылыкты жеткирүү. Бирок, ал жаңылыкты бузбай, бурмалабай жеткириш керек, боёгун өзгөртпөш керек. Ага карабастан, кандайдыр бир тараптын кызыкчылыгына ык тартып, жаңылыктын нагыз боёгун өзгөртүп койгондор бар. Бул туура эмес".
Ырас эле, гезит бетин толтуруп же эфирди бүтүндөй ээлеп алган калемгерлер чекеден чыгат. Ал эми аз, бирок саз жазылган макаласы менен бир адамдын тагдырын же мамлекеттик саясатты, же улуттун кызыкчылыгын, учурдун кооптуу көйгөйлөрүн коомчулукка алып чыгып көпчүлүктүн аң-сезимине куя билүү таланты бардык эле журналисттерде учурай бербейт. Так эмес маалыматтарды же жеңил-желпи темаларга баш-оту менен кирип жан баккан жазмакерлер Бишкекте жайнап жүрөт. Алардын колунан жаралган "продукцияны" окуп түшүнүү үчүн терең билимдин же чоң акылдын деле кереги жок. Мындай басылмалардын башкы максаты "өгүздү өлтүрбөө, арабаны сындырбоо" десе да болот.

Басылма менен теленин айырмасы
Журналистикадан алыс кишилер басылмада иштеген барктуубу же кыйындар гана теледе иштей алабы деп кызыгышат. Мындай суроолорду өз кулагым менен далай ирет укканым бар.
Менимче, кандай журналист болсо да радио, гезит же теледе "камчы салдырбай" иштеп кетүүсү шарт. Электрондук басылмаларда деле жемин жедирбей иштеп кеткени жакшы. Ага карабастан, теледе такылдап жүргөн эле айрым кесиптештерибиз гезит бетине эки барак макала жаза албай чайналгандары бар. Ошондой эле гезитте иштеп бышкан журналисттердин арасында теленин "кухнясын" эң бир татаал математика катары ойлогондор табылат.
Журналистиканын ысык-суугуна күйүп жүргөндөрдүн баардыгы эле мендей пикирде болбошу ыктымал. Бул маселенин тегерегинде айрым журналисттер мындай дешет:
Бакыт Орунбеков, Кыргыз-Түрк
"Манас" университетинин ага окутуучусу.
Журналисттердин баардыгын ички даярдыгына, жөндөмүнө, деңгээлине карап окурмандар же теле көрүүчүлөр өздөрү эле ыргап алышат. Тележурналисттер иш спецификасына жараша, басылмада иштегендерге караганда эл алдына көп чыгат эмеспи. Анын үстүнө алардын аудиториясы чоң жана жаңылыктарды да ыкчам таратышат. Андан сырткары гезитти эл акчага сатып алат, телевизорду үйүндө чалкалап отуруп көрө берет да. Ошол себептен прессадан алыс адамдар экөөн бири-биринен өйдө сезиши мүмкүн.
Султан Абдыракманов эмгек чыйырын адегенде гезитте иштөө менен баштаган. 10 жылдай убакыт гезиттин ашканасында кайнап, кийин тележурналистикага өткөн. Учурда "ЭлТРдин" көркөм редактору. Ал теле журналист менен гезитте иштеген журналисттердин айырмачылыгы же артыкчылыктары боюнча оюн төмөнкүдөй билдирди: "Менин жеке пикиримде телеге келерден мурда гезитте иштеп такшалган жакшы. Анткени гезитте сөзгө чоң маани берилет. Теледе көбүнчө кадрга күч үрөлсө, гезитте грамматикага, айрыкча сөзгө баа берилет. Анда бир сөздү кайра-кайра кайталоого болбойт. Радиодо дагы ошондой. Себеби угарман кулагы менен тыңшап турат эмеспи. Менин гезитте иштегенимдин пайдасыбы, айтор телеге келгенде текст жазуудан кыйналган эмесмин. Азыркы жаштардын көбү маанилүү текст жаза алышпайт".

Тыянак сөз
Албетте, "медалдын эки жагы бар дегендей" кыргыз журналистикасы бир эле өңүттөн турбайт. Демократиялык принциптерди өркүндөтүү жана жайылтуу жаатында опол тоодой эмгек кылып атканын сыймыктануу менен белгилөөгө арзыйт. Маалымдоочу каражаттардын улам өрчүп бара жатканы жакшы көрүнүш. Эрте менен ойгонсок эле улам жаңы гезит пайда болууда. Мындай көрүнүш сөз эркиндиги менен сөз баалуулугу терең тамыр сыңары, жайылып баратканынан кабар берет.
Биз азыр бардык нерсени Америкага салыштырып калбадыкпы. Балким, азырынча ал өлкөнүн ММКларына теңтайлаша албастырбыз, бирок эл аралык стандартка ык коюп, маалыматты объективдүү таратуунун жол-жоболорун бекем сактаган маалымдоочу каражаттардан кур эмеспиз. Мындай маалымдоочу каражаттардын саны улам арбый берет деген ишеним бар. Себеби коом өнүккөн сайын, коомчулуктун да дүйнө таанымы кеңейе берет эмеспи.