Эне-бала өлүмү - бүгүнкү күндүн көйгөйү
Кыргызстанда энелердин кансыроодон каза болушу биринчи орунга чыгып, туура эмес тамактануудан жана башка себептерден 5 жашка чейинки балдар өлүмгө учурап жатышат. Бул кайгылуу көрсөткүчтөрдүн чыныгы себептерин иликтеп көрүүгө аракет жасадык.

АЙМИРА МЕНДЕЕВА
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жашаган калктын 50 пайызын аялдар, 30 пайызын балдар түзөт. Акыркы жылдарда өлкөдө наристелердин өлүмү бир аз төмөндөгөнү менен энелердин өлүмү өсүп жаткандыгы байкалууда. Вице-премьер-министр Тажикан Калимбетованын айтымында, эне жана баланын өлүмү калктын социалдык жашоосуна таасирин тийгизет. Ал эми бала өзүнүн эмнеси, кайсы жери ооруп жатканын айта албагандыктан, бул тармакта иштеген дарыгерлердин иши өтө татаал. Улуттун жана келечек муундун саламаттыгы чың болушу үчүн биринчи кезекте аялдарга жардам берүү зарыл. Бул жеке эле медицина тармагында эмес, жашоо деңгээлин жакшыртуу жагында каралууга тийиш. "Аялдарды төрөт үйүнө тезирээк жеткирүү шарттарын түзүү керек. Биздин жаш аялдар чет мамлекеттерде иштеп жүрүшөт, биз алардын кандай шартта иштеп жүргөндүгүнө да көңүл бурушубуз зарыл. Бюджетти талкуулап жатканда медицина тармагына гана эмес, аялдардын жана балдардын жашоо-шартын жакшыртуу жагына да басым жасоо талап кылынат. Негизги каражат дарылоого эмес, оорунун алдын алууга багытталууга тийиш",-дейт Т.Калимбетова. q ҮЙ-БҮЛӨ 04




Күз күндөрүндө Чокморов эскерилет Сүймөнкул Чокморов
Кыргыздын белгилүү киноактеру Сүймөнкул Чокморов көзү тирүү болсо быйыл 70 жашка чыкмак. Ушул датага байланыштуу кинематография департаменти 10-ноябрдан баштап С.Чокморов тартылган кинофильмдердин көрсөтүүсүн уюштурат. Кино көрсөтүү Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө бир жумага созулат. Кинематография департаментинин директорунун орун басары Урмат Айталиевдин маалымдоосу боюнча С.Чокморовго "Кыргызстандын 20-кылымдагы мыкты киноактеру" деген наам КМШнын кинематографисттер союзунун конфедерациясы тарабынан ыйгарылган. Анын сүрөтү 5000 сомдук улуттук валютага да түшүрүлгөн. Кинорежиссер Болот Шамшиевдин билдирүүсүнө караганда белгилүү киноактердун эстелигине сарпталуучу каражатты россиялык кино ишмер Никита Михалков көтөрүп берүүгө убада берген.
Ушул тапта уюштуруу комитети С.Чокморовдун 70 жылдыгын белгилөөгө россиялык кино ишмерлерге жана актерлорго чакыруу жөнөтүү менен алек. КЛАРА ТАПКЕЕВА




Майрамыңар менен урматтуу кесиптештер
7-ноябрь - Кыргызстанда Басма сөз күнү. 1924-жылы дал ушул күз мезгилинде эң биринчи кыргыз газетасы "Эркин-Тоо" жарык көргөн.
Биз кесиптештерибизди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын түйшүктүү ишине чыгармачылык ийгиликтерди, бекем ден соолук каалап, Кыргызстандын келечеги үчүн кызмат кыла беришине тилектеш экендигибизди билдиребиз. Эл аралык "ZAMAN Кыргызстан" газетасынын жамааты




"Силерсиз коомдун турмушу кызыксыз болмок"
7-ноябрь жыл сайын өлкөдө Маалымат жана басма сөз күнү деп белгиленип келет. Быйылкы жылы кыргыз басма сөзүнө 85 жыл толду. Журналисттердин бул кесиптик майрамы шаршемби күнү Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары, фракция жетекчилери, массалык маалымат каражаттарынын жана кыргыз эстрада ырчылары менен биргеликте белгиленди. Иш-чарада журналисттер үчүн ЖКнын ишмердүүлүгүн чагылдыруу боюнча жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды. q КАБАРЛАР 02

Жогорку Кеңештин вице-спикери Чолпон Баекова журналисттерди куттуктап: "Силерсиз коомдун турмушу кызыксыз болмок",-деди.
СҮРӨТ: АШЫРКУЛ ОМОРОВ