Чочко пандемиясына биздин өлкө даярбы?
Учурда Кыргызстандын санитардык-эпидемиологиялык абалы көзөмөлдөнүп, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана өкмөт тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. ДСУнун божомолдору боюнча аталган грипп пандемияга өтүү коркунучунда. СҮРӨТ: REUTERS, AARON TAM

Грипптин алдын алуу чараларын колдонгула:
1. Денесинин температурасы жогорулаган жана жөтөлгөн, саламаттыгы жайында эместей көрүнгөн адамдарга жакындабагыла.
2. Эгерде жакындай турган болсоңор маска кийгиле, оорулууга өтө жакын барбагыла.
3. Эгерде ооруп калсаңар үйдө болуп - үй карантинин кармагыла.
4. Чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө оозду салфетка менен аарчып, "жөтөл этикетин" ошол замат таштандыга салып, колдорду самындап жуугула.

Эгер сиз өзүңүздү ооруп калдым деп эсептесеңиз, анда:
o Медициналык мекемеге барардын астында, үй-бүлөлүк дарыгер менен байланышып, өзүңүздөгү белгилер тууралуу телефондон айтып бериңиз. Эмне себептен Сиз A /N1H1 (эгерде сиз жакында эле адамдар арасында оору тез таралган өлкөгө барсаңыз) деп эсептеп жатканыңызды түшүндүрүңүз.
o Эгерде үй-бүлөлүк дарыгер менен байланышууга мүмкүнчүлүк жок болсо, анда ооруга шектенип жатканыңызды бейтапканага келгенде айтыңыз.

Эгерде үйдө оорулуу болсо эмне кылуу керек?
o Оорулууну айланадагы адамдардан 1 метрге чейинки аралыкка бөлүңүз.
o Оорулууну карап жатканда ооз жана мурунду жабыңыз. Буга дарыканаларда сатылган бир жолку же болбосо колдогу кездемеден жасалган маскалар жарайт. Аларды пайдаланган соң жок кылуу керек.
o Оорулууга жолугуп чыккан сайын колуңузду самындап жууңуз.
o Бейтап жаткан бөлмөгө аба жакшы киришине көңүл буруңуз, желдетүү үчүн терезе жана эшикти колдонуңуз.
o Бөлмөнү таза кармаңыз.


БАШЫ БИРИНЧИ БЕТТЕ
Тиешелүү дарылоодон кийин алардын абалы жеңилдеген. Бул бейтаптар менен контактта болгондор да текшерилген. Жалпысынан сырттан келгендердин ичинен бул тумоого шектүү катары 19 адам катталган. Учурда Кыргызстандын санитардык-эпидемиологиялык абалы көзөмөлдөнүп, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана өкмөт тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. ДСУнун божомолдору боюнча аталган грипп пандемияга өтүү коркунучунда. Андыктан, дүйнө жүзү менен бирдикте эле Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги да дарылоо мекемелерин оорулууларды кабыл алууга даярдоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат. "Ооруканалар пандемияга карата 7-8 миң адамга жете турган дары-дармек менен камсыз кылынды жана лабораториялар да тартипке келтирилди. Чек аралардагы пункттарда көзөмөл күчөтүлдү. "Манас" эл аралык аэропортунда блоктордун жабдуулары сатылып алынды. Ош шаарындагы санэпидкөзөмөл департаментине бейтаптардын температурасын аныктоочу "тепловиза" деп аталган атайы жабдуу орнотулду. Улуттук жана аймактык эки лаборатория толук даярдалып, медицина кызматкерлери окуудан өткөрүлдү. Андан сырткары көзөмөл пункттары тест системалары менен камсыз болду",-дейт С.Абдикаримов. Жүргүнчүлөрдү тосуп алуучу бажыкана, чек ара кызматкерлерине маска тагынып жүрүү режими киргизилген. Муну менен катар темир жол, аэропорт жана авто жүргүнчүлөр үчүн чочко тумоосунан сактануунун жолдору жазылган китепчелер жана плакаттар чыгарылган. Учурда тиешелүү дары каражаттары, бир жана көп жолу колдонулуучу коргоочу костюмдар менен жабдылууда.

ПАНДЕМИЯ ЯНВАРЬ, ФЕВРАЛЬ АЙЛАРЫНА ТУШ КЕЛЕТ…
Тумоодон сактануунун бирден-бир жолу ага каршы вакцина алуу. Андыктан калктын аялуу топтору болгон балдар, карылар жана өнөкөт оорулар менен жапа чеккен адамдар эмделүүгө тийиш. Ошондой эле бажыкана, чек ара кызматкерлери, медицина кызматкерлери, ал гана эмес мугалимдер биринчи кезекте эмделиши зарыл. С.Абдикаримовдун айтымында, учурда 1,5 миллион өлчөмдөгү вакцина даярдалган. Бул грипптин сезону январь, февраль айларында болушу күтүлүүдө. "Алдын-ала божомолдоолорго караганда анын күчөп турган мезгили ушул айларга туура келет. Эгерде пандемия болсо биздин эсептөөлөр боюнча адамдардын 30 пайызы жабыркайт. 1 млн. 500 миң адам ооруйт, пандемия күчөй турган болсо 156 миң адам каза табат. Биз буга даяр болушубуз керек жана зор маани беришибиз зарыл. Суук түшкөн сайын бул тумоо күч ала баштайт",-дейт С.Абдикаримов.
Белгилери боюнча бул тумоо кадимки тумоодон айырмаланбайт. Ал лабораториялык жол менен гана далилденет. Куш тумоосу куштан адамга жугуп, ал эми адамдан адамга берилбей турган болсо, бул грипп адамдан адамга жугат. "Бул тумоонун өзгөчөлүгү адамдарда кадимки гриппке каршы иммунитет пайда болсо, мында ага каршы иммунитет пайда болбойт. Бул ушунусу менен кооптуу. Адам канчалык дарыгерге эрте кайрылса дарылоо ошончолук натыйжалуу болот",-дейт ал.
Ушул кезде Европа, Кытай, Азия өлкөлөрүнүн алдыңкы лабароторияларында иштелип чыккан вакцинага сыноо жүргүзүлүүдө. ДСУ сунуш берген күндөн тартып эмдөө башталат. Учурда буга карата даяр вакцина жок, россиялык айрым коммерциялык структуралар сунуштап жаткандар жасалма деп эсептелинет.
Ар бир грипптин козгогучу бар, ал жөнөкөй грипптен А Н1/N1 тумоосуна өтүп кетпейт. С.Абдикаримовдун айтымында, абалдын өтө оорлоп кетишине материалдык жактан даяр болуу абзел. Азыр бул пандемия келе турган болсо, бейтаптарды дарылоого каражат жетет, бирок, массалык түрдө каптаса анда Каржы министрлигинин Өзгөчө кырдаалдар боюнча атайы фонду акча бөлөт. Мындан тышкары эл аралык коомдук уюмдарга да жардам сурап кайрылышууда. Анткени бул эпидемияга каршы бир кишидей даярдануу зарыл.

ТУМООЛОСОҢ ДАРЫГЕРГЕ КАЙРЫЛ!
Эгер адам гриппке чалдыкса, бирок, анын кайсы түрү экенин билбесе, сөзсүз түрдө участкалык дарыгерге кайрылышы керек же үйүнө чакырышы зарыл. Дарыгер оорунун абалын тактап, сөзсүз материал (анализ) алат. Бүгүнкү күндө бардык эле адамдардын анализин чочко тумоосуна карата изилдегенге мүмкүнчүлүк жок, анткени ал эң эле оор процедура. Оорулууга жакынкы 7 күн ичинде кайсы жерге баргандыгы такталып, изилдөө жүргүзүлөт. Эгерде ал бейтап болгон жерлердеги эпидемиологиялык кырдаал шектүү болсо, ал биринчи кезекте текшерилет. Бейтаптардын бардыгын тең эле ооруканага жайгаштырууга мүмкүнчүлүк жок, ошондуктан өтө оорлору гана жаткырылып, ал эми жеңилирээктери дарыгердин көзөмөлүндө болот.

МАССАЛЫК ЭМДӨӨ ГАНА ООРУНУ АЗАЙТА АЛАТ
Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулар боюнча республикалык оорукананын башкы врачы Нарынбек Айткулиевдин айтымында, А Н1/N1 пандемиялык вирусу адамдын, чочконун жана куштардын грипп оорусунун вирусунун аралашып кетип мутацияланышынын негизинде пайда болгон. Дүйнө жүзүндө 6 млрд. адам болсо ошол адамдардын дээрлик бардыгында жаңы вируска каршы иммунитет жок. Ошондуктан ДСУнун эксперттеринин билдирүүсү боюнча эки жылдын ичинде дүйнө жүзүндө 2 млрд.дан ашуун адам ооруйт деп божомолдонууда. Пандемия деген сөз жаңы пайда болгон вирустун жер шарындагы бардык материктерге тарап кетүүсүн түшүндүрөт. Кыргызстанда бул пандемия менен калктын 10 пайызы өтө катуу абалда оорушу күтүлөт. "Биздин өлкөнүн шартында ахыбал кыйындай турган болсо, пандемияга 50 миңден ашуун адам чалдыгат. Анын 10 пайызы өтө катуу абалда болушу, 50 пайызы үйүндө жатып оорушу, ал эми 40 пайызы орточо кыйындыкта өтүшү мүмкүн. Орточо кыйындыктагылар деле кыймылдабай жатып, дары-дармектерди ичип айыкса болот. Аталган 10 пайыз оорулуу реанимациялык жардамга муктаж болуп калышы мүмкүн. Январь, февраль айларында оорулар өтө көбөйүп кете турган болсо, бала бакчалар, мектептер, окуу жайлардын жабылышы, адамдарды бири-биринен максималдуу түрдө ажыратуу чаралары колдонулушу күтүлөт. Аны менен бирге маска тагынып жүрүү коркунучу пайда болот. ДСУнун эксперттеринин билдирүүсү боюнча ноябрь айынан баштап бүтүндөй жер шаарында массалык түрдөгү эмдөө башталышы керек. Эгерде биз тез аранын ичинде 1 миллондон ашык адамды эмдей ала турган болсок, анда бул оорунун санын кескин түрдө төмөндөтө алабыз. Негизги үмүт эмдөө иштерине байланыштуу",-дейт Н.Айткулиев.

ВИРУСТУК ПНЕВМОНИЯ ЭКИ КҮНДӨ ТАТААЛДАШАТ
Аталган тумоонун клиникалык белгилери дененин температурасынын күтүүсүздөн 38-40 градуска чейин жогорулашы, кургак жөтөл, тамактын кычышуусу, булчуңдардын, сөөктөрдүн, муундардын оорушу, алсыздык, чарчоо, белдин оорушу менен мүнөздөлөт. Бул вирус жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, сүйлөшкөндө аба аркылуу өтө оңой тарайт.
Эгер пандемия күчөп кетсе оорулуулардын саны 10 пайыздан 20 пайызга чейин жогорулашы мүмкүн, бейтаптардын көбү курч кармаган вирустук пневмония оорусу менен келип түшөт. "1918-жылдагы эпидемияда дүйнөдө 40 млн.дон ашуун адам каза болгон, ага салыштырмалуу азыр бизде бактериялык пневмонияны дарылай турган антибиотиктер бар. Ал эми вирустук пневмония эки күндүн ичинде татаалдашып кетет, бул анын татаал түрү. Вируска каршы тамифилю дары каражаты бардык өлкөлөрдө колдонулат, анын натыйжасы жакшы. Эгерде вирустук пневмония менен жабыркаган оорулуу баш мээнин шишип кетүүсү же болбосо өпкөнүн геммарогиялык шишиги менен түшсө буларды сактап калууга дарыгерлердин мүмкүнчүлүгү азаят. Азырынча каза болгондордун саны 0,5 - 1 пайыз болушу мүмкүн. Эгерде оор абалдагы бейтаптар көп болсо эксперттердин айтымында, каза болгондордун саны дарылоого карабастан өсүп, 8-9 пайызга чейин жетиши күтүлөт",-дейт ал.
Бул вирус менен ооруп айыккан адамда иммунитет пайда болот. Жакынкы 2-3 жыл аралыгында пандемиялык вирус менен оорубайт. Экинчиден, ага кайтадан чалдыгуу коркунучу адамдын өзүнүн саламаттыгына, ден соолугуна, дене тарбия, жашоо образы, тамактануу ж.б. факторлорго жараша болот.
С.Абдикаримовдун айтымында, массалык пандемия учурунда обсервация, изоляциялар даярдалат. Республика боюнча ооруканалар жапырт ишке киргизилип, терапиялык, кардиологиялык бөлүмдөрдүн бардыгына пандемияга чалдыккандар жаткырылат. Оорулар көбөйүп кеткенде аларды алыскы аймактардан борборго ташуунун кажети деле жок болуп калат, анткени ар бир район, областта ооруканалар бар.

ЖӨНӨКӨЙ ГРИППКЕ СӨЗСҮЗ ЭМДӨӨ АЛУУ ЗАРЫЛ
Жөнөкөй грипптен жылына миллион адам каза болсо, жаңы грипптен 4 миң 200 адам каза болду. Санэпидкөзөмөл департаментинин санитардык эпидемилогиялык бөлүмүнүн башчысы Зуридин Нурматовдун айтымында, жөнөкөй гриппке салыштырмалуу жаңы вирустан каза болгондордун саны аз экендигине карабастан чочулатып жаткандыгынын себеби, анын буга чейин жаратылышта болбогондугунда. ДСУ аталган пандемия эки толкун менен кетет деген божомолду беришүүдө. "Биздин өлкөдө бул оору чет өлкөдөн келип жаткан кишилерден гана чыгууда, өзүбүздүн ичибизде катталган жок, ал массалык миграция жүрүп жаткан өлкөлөрдө таралууда. Бул жагынан алганда биздин өлкөдө коркунуч жок деп да айтууга болот. Улам жаңы вируска вакцина ойлоп тапкан сайын, вирус түрүн өзгөртө берет",-дейт З.Нурматов.
З.Нурматовдун айтымында, сезондук гриппке каршы эмдөөнү сөзсүз алуу керек. Себеби, жөнөкөй грипп менен ооруган адам, эгер пандемиялык грипп келип калса иммунитети төмөндөп кеткендиктен жаңы вирус менен ооруп калышы ыктымал. Андай абалда чочко тумоосу өтө оор өтүшү же болбосо өлүмгө чейин алып келиши мүмкүн.