Кимдин шалаакылыгы өспүрүмдү майып кылды?
Сокулук районунун Жал айылындагы "Электромеханик" деп аталган дачадагы трансформаторго байланыштуу чыккан каргашалуу кырсык бир гана үй-бүлөгө эмес, бүтүндөй коомчулукка бүлүк салды. Токко урунган 15 жашар Асылбек уулу Самат бүгүнкү күндө эки жолку оор операцияны башынан өткөрдү.

Сүрөттө Саматтын биринчи операциядан кийинки абалы. Булчуңдары, тамырлары жана нервдери күйүп калгандыктан, биринчи операциядан кийинки абалы оорлошкон. Экинчи жолу 20-сентябрда кайрадан операция жасалып, колу дагы өөдө жактан кесилди. Күйүк бөлүмүнүн башкы врачы Канат Бештемировдун айтымында, баланын абалы оор, бирок стабилдүү.
СҮРӨТ: АЙМИРА МЕНДЕЕВА

АЙМИРА МЕНДЕЕВА
Асылбек уулу Самат учурда Бишкек шаарындагы 4-оорукананын күйүк бөлүмүндө жатат. Аны дарылап жаткан врач Гүлжигит Мансуровдун айтымында, бала ооруканага ушул жылдын 30-сентябрында саат 18де өтө оор абалда келип түшкөн. Эмне болуп, кантип трансформаторго кирип кеткендигин билбейт, шок абалында болуп, эки колу тең 4-даражадагы күйүккө дуушар болгон. Ток урган жерде эсин жоготуп, канча жатканы белгисиз. Баланы ооруканага кокустан көрүп калган ошол жердеги адамдар алып келишкен. Ошол күндүн эртеси операция жасалып, эки колу тең сөөккө чейин күйгөндүктөн чыканактан өөдө кесилген. Булчуңдары, тамырлары жана нервдери да күйүп калгандыктан, операциядан кийин деле абалы оор болгон.
Күйүктүн таасиринен ички органдары да жабыркап, алгач ооруканага келген күндөрү бөйрөктөрү иштебей калган. "Саматты 35 миң вольт ток урган, жаңы келип түшкөндө колунун ысыгы үтүктүн ысыгындай болчу. Кармаганга мүмкүн эмес эле. Ошол учурда организмде эритроциттер жана белоктор өлүп калгандыктан анемия өөрчүгөн. Ооруканада болгон дарылардын бардыгы берилип жатат. Ал эми альбумин ж.б. кымбат дарыларды өздөрү сатып алышууда. Операциядан кийин кан абдан керек, ал жетишсиз болуп жатат",-дейт Г.Мансуров.

АБАЛЫ ООР, БИРОК, СТАБИЛДҮҮ
Булчуңдары, тамырлары жана нервдери күйүп калгандыктан, биринчи операциядан кийинки абалы оорлошуп, экинчи жолу 20-сентябрда кайрадан операция жасалып, колу дагы өөдө жактан кесилди. Күйүк бөлүмүнүн башкы врачы Канат Бештемировдун айтымында, баланын абалы оор, бирок стабилдүү. Эгерде абалы жакшырбаса, дагы бир жолу операция жасалышы мүмкүн. "Биздин башкы максатыбыз баланы аман-эсен алып калуу. Ушул ахыбалдан чыга албаса, дагы бир жолу операция жасаганга туура келет",-дейт К.Бештемиров.
Экинчи операциянын чыгымдары оорукана тарабынан төлөндү, бирок, кымбат дарыларды жана канды өздөрү таап келүүгө туура келген.
Апасы Курманбүбү Султаналиева эгерде трансформаторго кулпу салынып, жабык турса балким, менин балам минтип жарым жан болуп кыйналбайт беле деп боздосо, жанына адам чыдап тура албайт. "Буга чейин ошол жерде жашагандар деле трансформатор көп эле жолу ачык кала бергендиги тууралуу айтышты",-дейт ал. Өзү алты баланын энеси, Самат бешинчи баласы. Окуя болгон күнү Самат жолдош баласы менен дептер алам деп дүкөнгө кеткен, апасы үйдө болчу. Трансформатор жолдун боюнда болгондуктан, өтүп бараткан бала кандайча кирип кеткени белгисиз. Заматтын ортосунда кырсык болгон. "Балдарымды атасы жок болсо да канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай багайын дечү элем. Балам кырсыкка чалдыккан жерде канчалаган балдар ойноп жүрөт, ошолор деле бир күнү токко урунса эмне болот? Буга жооптуу болгон Сокулук РЭСинин кызматкерлери келишет деп күттүм эле, алар кырсык болгон күндөн жарым ай өткөндө араң келишти. Медер Сартказиев деген башчысы келип дарысына 8 миң сом, экинчи операциясына 10 миң сом беришти. Бирок, баламдын ден соолугун ошол акча кайтарып бере алабы?-дейт күйүткө баткан эне.
К.Султаналиеванын айтымында, алар үй-бүлөсү менен мындан бир нече жыл мурда Нарындын Коңорчок айылынан көчүп келишкен. Жолдошу Асылбек үч жыл мурда курулушта иштеп жатып, кырсыктан каза болгон. Ал курулуштун ээлери бир аз жардам берип, анан Сокулук районунун Жал айылындагы "Электромеханик" деп аталган дачалардан жер тилкесин алып беришкен. Ал жерге балдары менен там салып кирип алышкан.
Г.Мансуровдун айтымында, учурда Саматка куюп жаткан "Альбумин" деп аталган дары каражатынын баасы 1700-2000 сомго чейин. Аны буга чейин беш күн алышкан. Ушул сыяктуу толгон-токой дары-дармектерди тууган-туушкандарынын жардамы менен өздөрү сатып алып жатышат. Ар бир операциядан кийин кан керек болуп, аны табууда кыйналышууда. К.Султаналиева Самат үчүн керек болгон канды өзүнүн жана кайнагасынын 1991-1992-жылы туулган балдары жана кызынын бирге окуган группалаштары берип жаткандыгын маалымдады.
Мына ушул кайгылуу окуяга, жаш чырпыктай өспүрүмдүн эки бирдей колунан ажырап калышына түздөн-түз же кыйыр себепкер болгон Сокулук электр станциясынын өкүлдөрү менен байланышууга жасалган аракеттен майнап чыкпады. РЭСтин башчысы М.Сартказиев ордунда жок болуп чыкты, анын мобилдик телефонун берүүдөн катчысы баш тартты. Эмесе, бул окуя боюнча кимде күнөө экендигин укук коргоо органдары иликтеп, адилет жыйынтык чыгарат деген ишеничтебиз.

Асылбек уулу Саматты дарылоого кайрымдуулук
жардам берүүгө эсеп ачылды
ОАО ЭКОБАНК (головной офис), Бишкек, пер. Геологический 17
Тел. 69-04-14, 69-03-16.
Реквизиты для перечисления (сом)
БАНК ПОЛУЧАТЕЛЯ - ОАО "ЭКОБАНК", Г.БИШКЕК
БИК 117001
Счет: 1170120001000519 Транзитный счет Retail
В назначении платежа: Зачисление на лицевой счет № 4170121711469400
Жумагулова Мээрим Асылбековна

Благотворительная помощь на лечение АСЫЛБЕК УУЛУ САМАТ
Реквизиты для перечисления в USD
INTERMEDIARY BANK DEUTSCHE BANK TRUST COMPANY
AMERICAS, NEW YORK, USA,
SWIFT: BKTRUS33

BANK OF BENEFICIARY ECOBANK, BISHKEK, KYRGYSTAN
Corr.account: 04415860
SWIFT: ECBIKG22

BENEFICIARY ACCOUNT 8400121711059700
JUMAGULOVA MEERIM ASYLBEKOVNA

Реквизиты для перечисления в российских рублях
БАНК-КОРРЕСПОНДЕНТ СБЕРБАНК РОССИИ, г. Москва
Корсчет 30101810400000000225
БИК 044525225 ИНН 7707083893

БАНК ПОЛУЧАТЕЛЯ ОАО "ЭКОБАНК", г.Бишкек
Счет №30111810500000000250
КИО/КПП 07583/774487001

ПОЛУЧАТЕЛЬ СЧЕТ: 6430121711019500
ЖУМАГУЛОВА МЭЭРИМ АСЫЛБЕКОВНА





Лицейлер арасындагы алгачкы кадам
Нарындагы кыргыз-түрк лицейинин мугалимдер жамааты жайында кесиптештерин кыдырып келген таасири алигиче кете элек. Бул туурасында аталган окуу жайдын география мугалими Азамат Буланбаев айтып берди. Анда Азамат агай менен болгон баарлашуу вазыйпасы башынан болсун.

- Сапарыңыздар туурасында айтып берсеңиз?
- Быйылкы жайкы эс алуу күндөр биздин лицейдин 11 кызматкеринин, анын ичинде 7 мугалимдин эсинен эзели кетпес болду окшойт. Анткени быйыл лицейлердин тарыхында алгачкы жолу кыргыз-түрк лицейлерин кыдырып, эл таанып, жер көрүү, лицейлердеги абалдар менен таанышуу жөрөлгөсүнө эгедер болдук.
- Мындай жөрөлгө мурда деле болчу эмес беле?
- Туура, мурда окуучулар арасында ар кайсы лицейлерди тааныштыруу практикаланып келген эле. А быйыл болсо мугалимдер жана лицейдин кызматкерлеринин кыргыздын жерин кыдыруусу кыргыз-түрк лицейлер арасында алгачкы кадам болуп жатат.
- Береги демилге кантип жаралып, кандайча ишке ашты?
- Чынында идеяны мен көтөрдүм. Эмне үчүн биз бири бирибизди жеринен таанып, лицейлердин ал-абалын билбешибиз керек. Экинчиден бир эл, бир өлкө болуп туруп өзүбүздүн жерлерди көрө элек экенбиз. Белгилүү тарыхый, маданий, географиялык жайларыбыз, эстеликтер бардыгын маалымат каражаттары аркылуу эле угуп, билгенибиз менен аларды жанынан көрө электигибиз айныгыс чындык да. Ушундан улам биздин лицейдин жамаатынан быйыл он бир адам 25-июндан 3-июлга чейин Кыргызстандын көп жерин кыдырып кайттык.
- Сапардын жүрүшү кайдан башталды жана баары каражатка байланыштуу эмеспи. Бул маселе кандай чечилди?
- Лицейдин администрациясына, айрыкча деректирибиз Халил Коч мырзага ыраазычылык билдирдик. Анткени биз барып-келиш жол киреге гана акча чыгардык. Ал эми жатакана, тамак-аш болсо биз барган лицейлер тарабынан чечилди. Халил мырза лицейлер менен сүйлөшүп, алдын ала маселени бышырган экен. Мындайча айтканда кудага баргандай эле болдук. 10 ай тынбай жанын сабап иштеген мугалимдер үчүн бул эс алуу эстен кеткис окуя. Айрым жашы өтүп калган агай-эжелер өз жерибизди билбейт турбайбызбы деп көздөрүнө жаш алып да жиберишти.
- Ошондо 8 күн ичинде канча лицейде болдуңар?
- Миңдеген чакырым жол жүргөн 8 күндө негизинен 9 лицейде болдук. Алгач көлдүн Чок-Тал айылында жайгашкан кыздар лицейинен таанышууну баштадык. Андан соң Токмок лицейине өргүп, Жалал-Абаддагы, Оштогу эки лицейге тең бардык. Андан ары Кызыл-Кыя, Кадамжайга чейин жол жүрүп, жыйынтыктоону Таластан өткөрдүк. Бизди өзгөчө түштүк жергесинин кооздугу, багбанчылыгы, тарыхый, маданий эстеликтерге байлыгы, береке молчулугу кызыктырды. Сулайман Тоо, Арсланбап, Өзгөн мунарасы, Апшыр-Сай, Сахаба сыяктуу ыйык жерлер, "Манас-ордо", андагы Кароол-Дөбө ар дайым эсте калды. Бизди айрыкча кубандырган нерсе, бул лицейдин кечээки бүтүрүүчүлөрүнүн бүгүн жетекчиликте иштеп жаткандыгы болду. Маселен, Нарын кыргыз-түрк лицейинде иштеп кеткен Каныбек Үмөтов мырза учурда Кадамжайдагы лицейди жетектеп жатыптыр. Бизди көрүп ыйлап жибере таштады. Айтор, мындай таасирлерди мурда эч качан баштан өткөргөн эмес экенбиз. Ошондуктан ар бир жерде мейман достук менен тосуп алган кесиптештерибизди М.Субакожоев атындагы Нарын кыргыз-түрк лицейинин сапарлаш болгон эже-агайлардын атынан терең ыраазычылык билдирем. Ошону менен катар мындай саамалыкты мындан ары жайында ар бир лицейлердин эмгек жамааттары улантат деп ишенем. Мен ушундан улам 10 же 15 күн курортто, же болбосо көлдө, тоодо жүрүп эс алганга караганда мындай таанышуу аркылуу кыргыздын керемет жерлерин көрүп, ар бир лицей менен жеринде таанышуу аркылуу эс алуу алда канча жогору болгондугун белгилей кетмекчимин. Баарлашкан Күмөндөр Усуптегин, Нарын




Күзгү нөшөрдүн кесепети эгинге тийди
Тоң районуна караштуу айрыкча, үстүнкү өрөөндүн айыл тургундарынын айткандарына караганда, аба ырайынын кескин өзгөрүшү алардын тынчын алууда. Жакында эле нөшөрлөп төккөн күзгү нөшөрдүн кесепетинен Ак-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Калкагар айылындагы 8 гектар эгин аянтын сел алып кетти. Ал эми Бар-Булак айылында төөнүн корголундай болгон мөндүр 40 гектар эгин аянтын жокко чыгарды. Табигаттын мындай кырсыгы жерди иштетип, андан пайда табабыз, турмуш-шартыбызды оңдойбуз деген дыйкандарга терс таасирин тийгизип, алардын түйшүгүнө түйшүк кошууда. Шейшекан ЖАНАЛИЕВА, Ысык-Көл

Жалал-Абад "Шаар суу каналы" ниетине жетти
Жалал-Абад шаарындагы "Шаар суу канал" башкармасы АРИС тарабынан уюштурулган конкурста жеңүүчү деп табылып, "Беларусь" маркасындагы экскаваторду сыйлык катары алды. Бул тууралуу аталган башкарманын жетекчиси Айтбай Мусаев билдирди.
А.Мусаевдин айтымында, АРИС өлкөнүн муниципалдык ишканаларынын арасында жумушту жакшыртуу жаатында бир топ критерийлер боюнча конкурс жарыялап, 2008-жылдын жана 2009-жылдын 6 айынын жыйынтыгын чыгарган. Натыйжада, жалалабаддыктар жеңүүчү деп табылган.
"Биз көптөн бери ушундай экскаватор алсак деп ниеттенип жүрдүк эле. Биз бул белекке аябай кубанычтабыз",-дейт А.Мусаев.
Кошумчалай кетсек, акыркы учурда Жалал-Абад шаарында ичүүчү суу менен камсыз кылуу жагы жакшырып баратат. Дал ушул нерсе конкурста жеңип чыгуунун негизги критерийи болуп калды. Санжарбек Эралиев, Жалал-Абад