presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Раатбек Санатбаевдин аты мектепке
ыйгарылып, эстелиги ачылды
Раатбек Санатбаев
Бишкекте Азиянын эки жолку чемпиону, маркум Раатбек Санатбаевди эскерүүгө арналган эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. Аты мектепке ыйгарылып, эстелиги ачылды.
Азиянын эки жолку чемпиону, дүйнө биринчилигинин коло байге ээси, кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Раатбек Санатбаевди эскерүүгө арналган эл аралык мелдеш үчүнчү ирет өткөрүлүп жатса дагы, анда 5 өлкөнүн гана балбандары күч сынашты. Жеңил салмакта баш байгени Бишкектеги олимпиадалык даярдоо борборунун балбаны Арсен Эралиев утуп, алтын медаль тагынды. Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын окуучусу Каныбек Жолчубеков экинчи орунду ээледи. Казакстандык Марат Грапиов менен өзбекстандык Козымжан Тураев коло байгелүү болушту.
60 кг. салмакта жаштар арасында Азия чемпиону, Кыргызстандын тандалма командасынын мүчөсү Азиз Бейшалиев жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү. Финалда Азизге аз упай менен Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектебинин өкүлү Улан Темирбеков алдырып коюп, экинчи орунду ээледи. 66 кг. салмакта баш байге үчүн кыргызстандык Данияр Ибраимов менен казакстандык Элдар Кайратов күч сынашып, Данияр ийгиликке жетти.
Ал эми 74 кг. салмакта Казакстандын көп жолку чемпиону Айбек Енсеханов килем үстүндө күрөшкө чыгып, бардык аттандаштарын жеңип, баш байгенин ээси болду. Ал финалда кыргызстандык балбан Темирлан Салават уулун да утуп алды. Раатбек Санатбаевди эскерүү эл аралык мелдеш жогорку деңгээлде уюшулганын, Канатбек Бегалиев менен Русландын артынан мыкты балбандар өсүп келатканын баш байге уткан казакстандык Айбек Енсеханов "Азаттыктын" кабарчысына айтып берди.
Ал эми 84 кг. салмактагы балбандардын мөрөй талашуусунда Кыргызстандын олимпиадалык даярдоо борборунун балбаны Азат Бейшебеков айырмаланып, жеңүүчү деп таанылды. Казакстандык балбандар Амиржан Ход-жаниязов менен Алхазур Оздиев экинчи жана үчүнчү орундарды камсыз кылды. Өзбекстандык Рустам Султонов да коло байгелүү болду.
96 кг. салмакта баш байге үчүн Европа чемпиону, орусиялык Василий Теплоухов менен казакстандык Берик Шалкыбеков күч сынашып, натыйжада Василий артыкчылык менен жеңип, алтын медаль тагынды.
Мында Кыргызстандын намысын коргогон Азат Эркинбаев үчүнчү орунду ээледи.
Оор салмакта мелдештин баш байгесине казакстандык Нурмахан Тиналиев татыктуу болду. Бишкектеги "Бүркүт" спорт клубунун өкүлү Мурат Рамонов Нурмаханга аз упай айырма менен утулуп, күмүш байгенин ээси аталды.
Байгелүү орундарга жеткен балбандардын баары акчалай жана баалуу сыйлыктар менен сыйланды.
Жыйырма жылдык спорттук өмүр
Белгилүү балбан Раатбек 1969-жылы 7-майда Жалал-Абад шаарында туулган. Бабалары "Каман алп" аталып, балбандыгы менен даңазаланган Раатбек Бишкектеги олимпиадалык резерв окуу жайынан, кыргыз дене тарбия институтунан жана Кыргыз-Славян университетинен билим алган.
Спорт менен 20 жылдан ашуун убакыт машыгып, Кыргызстанды дүйнөгө, Азияга тааныткан. Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону болуп, Азия оюндарында эки ирет күмүш байге уткан. Ошондой эле Азия чемпионатында төрт жолу байгелүү орундарга жеткен. Кыргызстандын көп жолку чемпиону аталып, 7 жолу жылдын мыкты балбаны катары сыйланган.
Дүйнө чемпионатында коло байгелүү болуп, Атланта жана Сидней олимпиадаларында өлкөнүн намысын коргогон. 12 ирет эл аралык Гран-при мелдештеринде жеңишке жетишкен. Спорттогу ийгиликтери "Даңк" медалы, Улуттук олимпиада комитетинин ордени менен бааланган.
Раатбек Санатбаев Казакстандын "Кайсар" медалы менен сыйланган. Чоң спорттон кеткенден бери өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун директорунун орун басары болуу менен бирге ишкерчилик кылып, Орто-Сай базарында дүкөн ачып, Асанбай кичи районуна бараткан жол жээгинде ресторан куруп, курулуш иштери менен дагы алектенген.
Маркум Раатбек Санатбаевдин агасы Нурландын кичүү уулу Абдыганы да учурда грек-рим күрөшү менен машыгып жатышат.
Өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучусу Эмил Алыкулов маркум Раатбек Санатбаев кыргызстандык балбандарга үлгү болуп келгенин айтып, жыл өткөн сайын аны эскерүү эл аралык мелдешинин деңгээли жогорулап баратканын "Азаттыкка" билдирди.
Эл аралык үчүнчү мелдешке 5 өлкөнүн эки жүзгө жакын балбаны катышты.
Бишкектин Свердлов районунун "Чыгыш-5" кичи аймагындагы балбан спорт мектебине Раатбек Санатбаевдин ысымы ыйгарылып, спорт борборунун алдына эстелиги тургузулду. Кабыл Макешов, "Азаттык"





"Маймыл торунан" чыккан немис Месси
ТАБЫЛДЫ АСЫГАЛИЕВ
Акыркы убактарда Германия курама командасынын жаңы плеймейкери Месут Өзил жөнүндө көп сөздөр айтыла баштады. Керек болсо 20 жаштагы жаш талантты Германияда "Барселонадагы" аргентиналык Месси менен салыштырып жатышат.
Азырынча анча таанымал эмес жаш жылдыз Германия курама командасынын башкы машыктыруучусу Йохим Лёвдун жаңы көзүрү болуп калышы мүмкүн. Өзү туулуп- өскөн шаарындагы "маймылдар клеткасынан" жаңы эле жылдыз болуп көккө учуп чыккан жаш жигит немис күйөрмандарынын да негизги ишеничи болуп жатат.

2009-жылы Германияда - Месут Өзилдин жылы
Гельзенкирхен шаарынын 20 жаштагы атуулу бир нече айдын ичинде эле "Вердер" менен УЕФА кубогунун финалына чейин жетип, Германиянын Кубогун утуп, Евро-2009 жаштар чемпионатынын финалында эң мыкты чеберчилигин көрсөткөн. Анда Германия-Англия финалдык оюну 4:0 эсебинде аяктап, М.Өзил өзү гол гана киргизбестен, дагы эки ийгиликтүү пас берип оюндун эң мыкты оюнчусу аталган. Мындай ийгиликтен кийин жаш жигит негизги курама командага тез эле чакырылды. Ал эми 5-сентябрда өткөн Түштүк Африка менен болгон жолдоштук беттешүүдө М.Өзил курама командадагы өзүнүн биринчи голун киргизгенден кийин өлкөдө "Өзиломания" башталды. "Буга чейин бизде мындай №10 болгон эмес" деп кыйкырып жатышат, немис гезиттери. Эл баалаган М.Өзилдин техникасы, алдап өтүүсү, шамдагайлыгы жана ылдам ой жүгүртүүсү-мунун бардыгын ал көчөдөн алган, көчөдөн үйрөнгөн.
"Күн сайын сабактан кийин мен өзүбүздүн райондогу талаага чуркачумун,-дейт М.Өзил. - Ал жерди биз Маймылдардын тору ("Обезьянья клетка") деп койчубуз, анткени бийик темир дубал менен курчалып, эл бизди ошол дубалдын тешиктеринен карап турушчу. Жолдошторум менен өзүбүздүн кумир Зидандын финттерин үйрөнүүгө аракет кылчубуз".
Мүмкүн, М.Өзилдин карьерасы мынча тез жогорулабайт беле: себеби, ал өтө эле жоош, жулунуп-жулкунуп өзүнө жол ачканды билбейт. Бирок уулунун келечеги үчүн атасы-өтө эмгекчил, эки жашында Түркиядан Германияга келип жашоодо бардыгына өз күчү, өз эмгеги менен жетишкен Мустафа Өзил киришет. Атасы уулунун бардык машыгууларына барып, аны башка балдарга караганда эки эсе көп машыгуусун талап кылып, ар дайым бир футболдук мектептен экинчи мектепке которуп турган. Ал Месуттун агенти менен бирге баласы бундеслигада жаңыдан ойной баштаганда "Шальке" менен жаңы келишим түзбөй койгон дешет. Жаш оюнчунун тегерегинде ошондо эле "Арсеналдын", "Манчестер Юнайтеддин" скауттары тегеренип жүрүшөт, бирок, үй-бүлө ичиндеги кеңешмеде ага Англияга баруу азыр эрте деген чечим чыгарышат. А бирок Бремендик "Вердер" Өзил үчүн идеалдуу вариант болот. Жыйынтыгында, "Шальке" өзүнүн баш ийгис (бунтарь) оюнчусун 5,5 млн.еврого Бременге сатууга аргасыз болот, антпесе бир жылдан кийин башка командага бекер эле кетип калмак.

Чымынга да зыян кылбаган Месут
Месут Өзил азыркыга чейин журналисттер менен өзүнчө атайын уруксаты бар жерде, же басма сөз жыйынында гана сүйлөшөт. Ал эми көпкө созулган, кененирээк интервьюлардын кереги жок, ашыкпаш сөздөрдү сүйлөп жибербөөсү үчүн атасын ала барат. Атасы анын ар бир сөзүн көзөмөлдөп турат.
Месут чымынга да зыяны жок, эч кимди капа кылбайт дешет. Бирок ал, учурда өзүнүн экинчи мекени - Түркияга жаман көрүнүп алды. Анткени, былтыр Түркия курама командасын жетектеген Фатих Теримдин чакыруусун кабыл алган эмес. Түркия же Германия курама командасынын кимисине ойноорун билбей кичине убакыт алып ойлонуп көрөйүн деген. Өзүнүн ата-энеси аркылуу Месут түрк музыкасын сүйөт. А бирок Германия мекени экенин сезет да, көп узабай М.Өзил бундестимде (Германия курама командасы) түрк паспортун өткөрүп берет. Ошондо түрктөрдүн жини келгенин айтпаңыздар. Ал тургай түркиялык радикалдык фанаттардын коркутуу-үркүтүүлөрүнө толуп кеткен Интернет сайтын жабууга туура келет. Ал эми Германияда ага каршы улутчулдар каршы чыга башташат, аларга Германия курама командасында чыныгы немис эмес, "кагаз жүзүндөгү немис" ойногондугу жакпайт. Бул маселе дагы эле ачык бойдон турат. "Вердер" журналисттерден М.Өзилдин туулуп-өскөн жери, улуту жөнүндө таптакыр сурабагыла деп тыюу салган, бирок…
Ошентип, журналисттер тарабынан өзүнө кошумча көңүл бурулуп жатса да М.Өзил өзүнүн оюнун күндөн-күнгө өрчүтүүдө. "Вердердеги" өнөктөрү аны "биздин Месси" деп алышкан. Месси да "Барселонада" ойногусу жана өзүнүн сүйүктүү киноактерлору америкалык Уилл Смит менен таанышкысы келет. Ал эми Москванын "Лужники" стадионунда Россия курама командасына гол киргизсе "Маймылдар клеткасынан чыккан баланын" (Германияда Өзилди ушинтип аташат) жашоосундагы эстен кеткис окуя болмок.

Месут Өзил
Туулган жылы. 1988-жыл, 15-октябрь, Гельзенкирхен (Германия).
Чабуулчу-жарым коргоочу
Бою 182 см, салмагы 70 кг.
Карьерасы: "Шальке" (2006-2007), "Вердер" (2008-).
Ийгиликтери: Европа чемпиону (жаштар-2009); 2006-07-ж.ж-Германия чемпионаты -экинчи орун; 2008-09-ж.ж.Германия кубогунун ээси ; 2008-09-ж.ж.УЕФА кубогунун финалисти; Германия кур. ком. 4 оюн - 1 гол; Жашт. кур.ком. 15 оюн - 4 гол.




ЧЕМПИОНДОР ЛИГАСЫ
3-ТУР
A группасы
Бордо - Бавария: 2-1
Ювентус - Маккаби Х: 1-0
Клубдар Оюн У Тч У-ду Гк Гж Уп
Бордо 3 2 1 0 4 2 7
Ювентус 3 1 2 0 2 1 5
Бавария 3 1 1 1 4 2 4
Маккаби Х. 3 0 0 3 0 5 0

B группасы
Вольфсбург - Бешикташ: 0-0
ЦСКА - Ман. Юнайтед: 0-1
Клубдар Оюн У Тч У-ду Гк Гж Уп
Ман. Юнайтед 3 3 0 0 4 1 9
Вольфсбург 3 1 1 1 4 3 4
ЦСКА Москва 3 1 0 2 3 5 3
Бешикташ 3 0 1 2 1 3 1

C группасы
Реал М - Милан: 2-3
Цюрих - Марсель: 0-1
Клубдар Оюн У Тч У-ду Гк Гж Уп
Милан 3 2 0 1 5 4 6
Реал Мадрид 3 2 0 1 10 5 6
Олимпик 3 1 0 2 2 5 3
Цюрих 3 1 0 2 3 6 3

D группасы
Порту - АПОЭЛ: 2-1
Челси - Атлетико М: 4-0
Клубдар Оюн У Тч У-ду Гк Гж Уп
Челси 3 3 0 0 6 0 9
Порту 3 2 0 1 4 2 6
АПОЕЛ 3 0 1 2 1 3 1
Атлетико М 3 0 1 2 0 6 1

E группасы
Дебрецен - Фиорентина: 3-4
Ливерпуль - Лион: 1-2
Клубдар Оюн У Тч У-ду Гк Гж Уп
Лион 3 3 0 0 7 1 9
Фиорентина 3 2 0 1 6 4 6
Ливерпуль 3 1 0 2 2 4 3
Дебрецен 3 0 0 3 3 9 0

F группасы
Интер - Динамо (Киев): 2-2
Барселона - Рубин: 1-2
Клубдар Оюн У Тч У-ду Гк Гж Уп
Барселона 3 1 1 1 3 2 4
Динамо Киев 3 1 1 1 5 5 4
Рубин 3 1 1 1 4 5 4
Интер 3 0 3 0 3 3 3

G группасы
Глазго Рейнджерс - Униря: 1-4
Штутгарт - Севилья: 1-3
Клубдар Оюн У Тч У-ду Гк Гж Уп
Севилья 3 3 0 0 9 2 9
Униря 3 1 1 1 5 4 4
Штутгарт 3 0 2 1 3 5 2
Рейнджерс 3 0 1 2 3 9 1

H группасы
АЗ Алкмаар - Арсенал: 1-1
Олимпиакос - Стандард: 2-1
Клубдар Оюн У Тч У-ду Гк Гж Уп
Арсенал 3 2 1 0 6 3 7
Олимпиакос 3 2 0 1 3 3 6
Алкмаар 3 0 2 1 2 3 2
Стандард 3 0 1 2 4 6 1




кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"
email • архив • редакция 
23-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
Чочко пандемиясына биздин өлкө даярбы?
2-бет
Өкмөттүн отставкасы: Министрлер дээрлик алмашкан жок
3-бет
Америкада тыңчылар жетишпейт
4-бет
Премьер-министрлер парады: ким качан иштеди?
5-бет
Кимдин шалаакылыгы өспүрүмдү майып кылды?
6-бет
Чочко пандемиясына биздин өлкө даярбы?
7-бет
Түркия чыныгы достордун бири
9-бет
Мектепке чейинки тарбия мерчемдүү орунда
12-бет
Иран менен Пакистандын мамилеси курчууда
13-бет
Калык акындын келини
14-бет
Раатбек Санатбаевдин аты мектепке
ыйгарылып, эстелиги ачылды





??.??