Калык акындын келини
Абдыкерим Муратов
Калык Акы уулун кыргыз журтчулугунда билбеген киши жок, төкмө акын, аткаруучу, адегенде Токтогул сыяктуу ырчыларга шакирт болуп жүрүп, кийин өзү да көптөгөн өнөрпоздорго устаттыкка өткөн. А түгүл жашы бир канчага барып калганда кат сабатын жоюп, өзүнүн чыгармаларын өзү кагазга түшүрүп, айтуудан КПССтин тарыхын ырга айлантып чыккан экен. Калык атадан эң бай элдик оозеки чыгармалар жыйналып, алар түбөлүк мурасыбызга айланды. Мына ошол Калык акындын чыгармаларын жыйнап, үч том кылып чыгарган Магрифа Рахимова болду. Магрифа эже Калык Акиевдин келини. Өзү Ысык-Көлдүн Челпек айылында туулса да, даңазалуу акынга келин болуп келип, кайын атасынын үйүнө тынымсыз конок катары келишкен Алымкул, Осмонкул, Ысмайыл, Шаршен, Саякбай, Карамолдо, Ыбрай, Молдобасан сыяктуу кыргыз улутунун каймактары, элдик нускаларды алып жүргөн "жандуу энциклопедиялар" сөздүн гүлдөрүн терип, дастандарын ырдап, кара күүлөрүн чертип жаш келиндин окумуштуу жана инсан болуп калыптанышына чоң таасирин тийгизген. Анан калса, Калык акын кызыктай киши болгон, жетим балдарды көчөдөн же эл арасынан жыйып келип, аларды үйүнө жаткырып, тамак берип, кадимкидей бала кылып асырап турган.
Мына ушундай элдик наркты сактаган үй-бүлөдө Магрифа эже педагог катары, эне катары, келин катары көп нерселерди алды.
1951-жылы Кыргыз мамлекеттик пединс-титутунун тарых факультетин бүтүрөт да, ошол жерде ассистент болуп иштеп калат, 1954-жылдан Кыз-келиндер педагогика институтуна которулуп, андан кийинки жарым кылымдан ашык өмүр жолу дал ушул окуу жайы менен байланышып, окутуучу, доцент, декан, кафедра башчысы, профессор деген сыяктуу кызматтарда жана даражаларда эмгек кылып келди жана ал ишин азыр да улантууда. 1967-жылы кандидаттык диссертациясын коргосо, 1978-жылы Кыргыз ССРиндеги мектепке чейинки тарбия берүүнүн тарыхын, учурдагы абалын изилдеп докторлук диссертациясын жактаган. Ал аялзатынан чыккан Борбор Азиядагы эң биринчи педагогика адистиги боюнча илимдин доктору болгон. Анын доктор болуп калышы, башка өлкөлөрдөгү диссертациялык кеңештерде мүчө катары турушу Кыргызстандын педагогика илимине кошулган чоң салым эле. Окумуштуунун түздөн-түз жетекчилиги менен ушул күнгө чейин үч докторлук жана он тогуз кандидаттык иштин корголушу эле - илимге кошкон чоң салымынын бир көрсөткүчү.
М.Рахимованын 250дөн ашык илимий, педагогикалык, методикалык эмгектери жарык көрсө, анын ичинен сегизи монография, экөө хрестоматия, калгандары окуу программалары, окуу китептери, усулдук колдонмолор, макалалар.
Эженин илимий багыты көп тармакта: мектепке чейинки тарбиялоо, этнопедагогика, педагогиканын теориясы жана тарыхы, мектеп таануу, балдар адабияты ж.б.
Магрифа Рахимовнанын "Балдарды эмгекке тарбиялоо", "Кыргыз Республикасындагы мектепке чейинки тарбия системасынын өнүгүшү (1917-1992-жылдар)", "Хрестоматия для чтения в детском саду" (1974), "Киргизские писатели - детям" (1978), "Бүчүр" (1983), "Детский сад" (1999), "Мөл булак" (2000) ж.б. китептери кыргызстандык жаштардын бир нече муунуна билим жана тарбия берүүгө олуттуу салым кошкон эмгектер болуп саналат. Эже кафедра башчы болуп турганда айтылуу женпеддин студенттери 1-2-курстан эле педагогикалык практикага барышып, мектептерде "Жаш педагог" деген класстар ачылып, "Мектеп - педагогикалык жогорку окуу жайы" деген долбоорлор уюштурулган. Мына ошондогу эженин тарбиясын алган адистер азыр өлкөнүн жана дүйнөнүн көптөгөн жерлеринде мугалим, тарбиячы, бала багуучу катары иштеп жатышат.
Учурда Кыргызстандын коомчулугу педагогика илимдеринин доктору, профессор, ОФнын педагогика жана социалдык илимдер академиясынын академиги Магрифа Рахимованын 80 жылдык мааракесин белгилеп жатышат жана ошол датага багышталып И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунда "Элдик педагогиканын мөл булагы" аттуу кече өткөрүлдү.
Биз да окумуштуу эжекебизге айтылган куттуктоолорго кошулуу менен узун өмүр, дагы да чыгармачылык ийгиликтеринин көп болушун каалайбыз.




"Чыңгыз Айтматовдун күндөрү - 2"
Маданият жана туризм министри Эртугрул Гүнай Анкара университетинде уюштурулган "Чыңгыз Айтматов күндөрү - 2нин" ачылыш аземине катышты. Министр ачылышта жазуучуга арналган көргөзмөгө күбө болду.

"Анадолу" агенттигинин кабарлоо-су боюнча Түркиянын Анкара университети жана ТҮРКСОЙ тарабынан уюштурулган "Чыңгыз Айтматов күндөрү - 2" көргөзмөсү Тил, тарых жана география факультетинде болуп өттү. Маданият жана туризм министри Эртугрул Гүнай ачылыш аземинде: "Чыңгыз Айтматов түрктөрдүн, айрыкча кыргыз калкынын атактуу адамдарынын бири",-деди. Бул саамалыктын башына токтолгон министр 1994-жылдагы окуяларга кайрылды. Анын айтымында, мындан мурунку ректор, декан жана бөлүм башчылар дагы бир аз эртерээк бул ишти шаштырганда, балким, он жыл мурун бул жолугушуу уюштурул-ганда, таптакыр башкача өтмөк. "Анда Чыңгыз Айтматовдун өзү кошо болуп, жаштарыбыз аны көрүп калууга мүмкүнчүлүк түзүлмөк",-деди. "Айтматов биздин окурмандар үчүн бейтааныш эмес",-дейт Э.Гүнай. Анын айтымында, Чыңгыз Айтматов совет бийлигин жактаган жана мактаган пропагандист жазуучу болгон эмес. Тескерисинче, тилинен, салтынан жана сезимдеринен айрылып бара жаткан инсандын, же маңкуртташуунун абалы, анын каармандары Достоевскийдин каармандары менен окшоштугу бар. Мындайды бир чоң адабиятчы, же кооз сөздөрдү жазган жазуучу эле эмес, бир чоң философ гана аткара алат. "Ошондуктан, мен Айтматовду бир гана жазуучу катары эмес, жаңы муунга келечекти көрсөткөн философ катары көрөм, муну мага ички туйгуларым да айтып турат",-дейт министр.
Анын айтымында, Түркияда белгилүү Хажы Бекташ олуя жана Катип Челебинин катарында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын да кадыр-барктуу басылмасы даярдалууда.
Анкара университетинин ректору профессор Жемал Талуг мындай иш-чаралардын келечекте дагы болорун жана дайым боло берерин билдирди. "Айтматов жашоосунун тамыры топурактын тереңине чейин сиңгенин" белгилеген ректор адамзаттын кайгысын каармандардын жардамы менен түшүндүрө билгени үчүн Айтматов дүйнөнүн чоң жазуучусуна айланганын айтты.
ТҮРКСОЙдун баш директору Дүйсен Касеиновдун айтымында, ааламдаштыруу менен маданият баалуулуктары күндөн-күнгө жоголуп баратат. "Андыктан, биз келечек муунга тарыхый жана маданий өзгөчөлүктөрдү сөзсүз өткөзүп беришибиз зарыл",-дейт баш директор.
Ч.Айтматовдун карындашы Роза Айтматова бул иш-чарага ыраазы болгонун билдирди.
Тил, тарых жана география факультетинин деканы профессор Секине Каракаштын айтымында, Айтматовдун чыгармаларынан арасынан тартылган "Кызыл жоолук жалжалым" тасмасын көбү жактырат. "Бирөөбүз дагы бул нерсени башка өлкөнүн адамы жазган деп кабыл алган эмеспиз",-дейт ал.
Айтылган сөздөрдөн кийин "Үйгө кайтуу сапарындагы ак түштөр" аттуу Айтматов тууралуу соңку даректүү тасма көргөзүлдү. ЭЛЬВИРА КАРАЕВА




Абдыкерим Муратов Адеп сабагы
18-сабак: Акыл-парасаттуу болуу адеби
Ааламды башкарган да, адамзатты ушул күнгө алып келген да - бул акыл-парасат. Акылдуу адамдар, эстүү инсандар ар дайым ардакталып, алар тууралуу кеп-сөздөр айтылып, арзабасы атадан балага даңазаланып келет.
Эски накылдарга келели: Күндөрдүн биринде падыша Махмуд Газнавий бийик балаханасында жакын санаалаштары менен отурган. Ал жайдын төрт эшиги бар эле. Эриккен өкүмдар катарларында отурган Абу Райхан Берунийдин акыл-парасатын сынап көрүү үчүнбү, же шылдың кылуу ниетиндеби, айтор мындай дейт:
- Мен азыр ушул балаханадан чыгып кетемин. Сен кыйын болсоң ушул төрт эшиктин кайсынысынан чыгарымды билип, аны жазып, килемдин астына коюп кой!
Беруний айткандай эле өзүнүн жообун жазып, кагазын килем астына жашырды.
Махмуд Газнавий күтүлбөгөн нерсени жасады, төрт эшиктен тең чыккан жок, усталарды чакырып келип, балахананын чыгыш жакка караган дубалынан эшик ачтырып, ошол жерден чыгып кетти.
Ал кайра келип Беруний жазган катты талап кылды. Катты окуп көрүшсө анда мындай жазылыптыр: "Төрт эшиктен тең чыкпайсыз. Чыгыш жактагы дубалдан тешик чыгарып, ошол жерден чыгасыз".
Туура таап алганга ачуусу келген падыша "Абу Райханды сыртка түртүп ийгилечи" деп буйрук берет. Айтылгандай кылышат. Карап турушса Беруний бийик балаханадан жерге талп деп кулабастан, акырын түшүп баратат. Көрсө ал тамга тартылган тор жипти кармап баратыптыр.
Муну көрүп турган Махмуд Газнавий дагы да ачуусу келип:
- Сен эмне бул балакеттин болорун да билдиң беле? - дейт.
- Ооба, падышам, билдим эле, аман-эсен калуу үчүн керектүү нерселердин баарын алдын ала ойлонуштуруп койдум эле, - деп жооп бериптир Абу Райхан Беруний.
Бул ибарат бекер айтылбайт. Адамдын акылы, парасаты, аңдоосу керек болсо баарын алдынан билет, баарын алдын ала даярдап коёт жана ар кандай туңгуюктан жол таап чыгат.
Кыргыздардын мындай макалдары бар: "Акылдуу мактанса, ишти тындырат, акмак мактанса бутун сындырат", "Акылы бар билимди самайт, акылы жок кийимди самайт", "Акыл - тозбос тон, билим - түгөнбөс кен", "Кеңешти акылдуудан сура", "Акылдуу элге тартат, акмак тууганына тартат" ж.б. Мына ушуларда акыл дааналык даңазаланат, адамдарды акыл-парасаттуу болууга чакырат.
Бир жолу кычыраган кышта Аяз өзү токуган муздарын арыктагы сууда чагып жүргөн экен. Падыша увазирлери менен көчөдөн өтүп баратып көрүп калат. Салам-аликтен кийин падыша Аязга айтат:
- Аяз, сен эмне үчтөн төрттү чыгара албай атасыңбы?
- Жо-ок, таксыр, - дептир Аяз өкүмдарга таазим кыла.
- Андай болсо сага эки каз жиберем, жакшылап жүнүн жулуп ал.
- Макул, падышам.
Увазирлер бул экөөнүн эмне тууралуу сүйлөшкөнүн аңдай албаптыр да, өздөрүнчө ичинен, падыша сурап калса эмне дейбиз деп кыжаалат болуптур.
Кечирээк эки увазир Аяздын алдына келет:
- Аяз, бая падышабыз менен эмне тууралуу сүйлөштүңөр? - деп сурашат андан.
- Айтпаймын, - Аяз ал тууралуу ооз ачпайт.
Увазирлер жалынат, жалбарат. Аяз дале сырын чыгарбайт. Мал-мүлк убада кылат. Дале айтпайт. Акыры көп байлык алып келишет. Ошондо Аяз сөз төркүнүн мындай чечмелейт:
- "Үчтөн төрттү чыгара албадыңбы" дегендин мааниси: үч мезгил - жаз, жай, күз - үчөө, алар кетип, эми төртүнчүсүн - кышты чыгара албай жатасыңбы дегени. Мен падышага "жок" дедим, падыша болсо: "эки каз жиберем, жакшылап жүнүн жулуп ал" деди. Мааниси: "Увазирлерим түшүнбөдү, келип сенден падыша менен эмне тууралуу сүйлөштүңөр", - деп сурашат. Мына, силер келдиңер, мен болсо жүнүңөрдү жулдум.
Бул окуя ушундайча айтылып келет, адамдагы акыл-парасат улуктанат, ар кандай сырдуу сөздөрдү түшүнүүнүн миң кыл жолдору ибаратталат.