presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


Л€У…Р’Жђ

Иран менен Пакистандын мамилеси курчууда
Жекшемби күнкү жардыруу болору менен, ошо замат Махмуд Ахмадинежад(солдо) Исламабаддагы бийликке кайрылуу жасап, "кылмышкерлерди тез аранын ичинде колго түшүрүүгө" чакырды. СҮРӨТ: AP, VAHID SALEMI

КУБАН АБДЫМЕН
Ирандын расмий бийликтери Революция сакчыларынын корпусунун штабына каршы жүргүзүлгөн террористтик акциянын артында Пакистандын "коопсуздук күчтөрү" турат деген маалыматка ээ болушканын айтып чыгышты. Жекшемби күнкү жардыруу болору менен, ошо замат Иран президенти Махмуд Ахмадинежад Исламабаддагы бийликке кайрылуу жасап, "кылмышкерлерди тез аранын ичинде колго түшүрүүгө" чакырды. Шииттер көпчүлүктү түзгөн Иран буга чейин эле Пакистанды ирандык сунниттерден турган "Жандола" уюмуна колдоо көрсөтүп келгендиги үчүн күнөөлөп жүргөн. Ал эми Ирандын куралдуу күчтөрүнүн штабына каршы чабуул жасоону дал ушул уюм өткөргөнүн мойнуна алгандыгы белгилүү. Жан кечтинин колу менен жекшемби күнү жасалган теракттын айынан ондогон ирандык жогорку чиндүү офицерлер менен жөнөкөй адамдар курман болушкан эле.
Ахмадинежаддын кайрылуусуна тез арада жооп берген Пакистан бийликтери, мындан ары Иран менен болгон чек араны бекемдөө чараларын көрүүнү убада кылган. Ошентсе да Тегеран өз позициясын катуу билдиргенге аракеттенип, натыйжалуу чара көрүлбөсө, анын куралдуу күчтөрү "Жандола" уюму жайгашкан чөлкөмгө куралдуу топторду жиберген кадамга барарын айтты. Ирандын тышкы иштер министрлиги да кезегинде кошумча маалымат менен чыгып, бул террористтик уюм Ооганстан менен Пакистанда кулач жайып, улам күчөп бараткан "Талибан" кыймылы менен тыгыз байланышта экендигин айтып чыкты. Министрликтин расмий билдирүүсү боюнча, бул уюм эки өлкөнүн чек арасын тынымсыз бузуп, дагы жаңы террористтик акцияларды өткөрүүгө камданууда.
"Биз террористтерди колдогондордун колдорун кесип салабыз",-деп жарыя кылды Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки. Бирок ал Пакистандын кызматтары эч нерсе кылбай жатат деп ачык айтуудан карманып, эки элдин ортосунда "тынчтык чек арасы" турат деп гана тим болду. Ал эми Ирандын чалгындоо кызматынын жетекчиси Гейдар Мослехи болсо Пакистан бийлигине кайрылып, "Жандола" уюмуна болгон мамилесин тактап чыгуусун талап кылган.
Ирандын аскер жетекчилиги террордук чабуулдан кийин өзүлөрүн араң кармап турушат. Алардын арасында Пакистандын аймагына кирип барууга уруксат берилиши зарыл деп чыккандары да бар. Муну менен алар Ирандагы жекшемби күнкү кандуу окуянын кегин алууну көксөп жатышканын билдиришкен.
Апта башында Ирандын жетекчиси Ахмадинежад Пакистандын президенти Али Зардари менен байланышып, терактка күнөөкөр болгондорду куугунтуктоого чакырган, деп маалымдады ИРНА маалымат агенттиги. Иран президенти Ахмадинежад "Жандола" сыяктуу уюмдарга Пакистанга окшогон өлкөлөрдө калкалануу үчүн орун болбошу керек, эгерде андай болсо, анда бул иш кечиримсиз деп айтты. Пакистан тарап катуу жооп айтуудан карманып турат. Мунун артында Исламабаддагы бийлик коңшу Иран менен достук мамиледе болууга ниети түз экенин билдирүүсү байкалат.
Пакистандын тышкы иштер министрлигинин айтуусунда, "эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилени бузууну каалаган башка күчтөр бар. Бирок, биздин мамилебиз бекем болгондуктан, андай кара өзгөй ойлорго туруштук бере алабыз". Ал эми Пакистандын тышкы иштер министри Махмуд Куреши, Пакистандын өкмөт күчтөрү Иранга жакын чек арада жайланышкан кандай гана террористтик уюм болбосун, табылары менен аны кыйратууга учуратат деп тастыктаган.

Индия менен болгон мамиле эске түшөт
Учурдагы Иран менен Пакистандын ортосундагы түзүлгөн кырдаал Пакистан менен Индиянын ортосунда түзүлгөн мамилеге окшоп кетет. 2008-жылы Индиянын Мумбай шаарында исламдык фундаменталисттерге жакын күчтөр кандуу террордук акцияны жүргүзүп, анын кесепетинен 200гө жакын күнөөсү жок адам каза тапкан. Чабуулду ишке ашырган топ Пакистанда жайгашкан "Лашкари-Тайба" уюмуна тиешелүү болуп чыгып, индиялык бийлик эки ортодогу мамилени согуш кырдаалына чейин жеткирип, Исламабаддан ал уюмду куугунтуктоого алууну жана жазалоону талап кылган.
Акыркы маалыматтарга караганда, өткөн жекшемби күнү Ирандын Пишин шаарына жакын жерде ишке ашырылган терактынын натыйжасында 45 адам курман болуп, алардын арасында "Ислам Революциясынын сакчыларынын" жогорку деңгээлдеги 6 офицери да өлгөн. Курман болгондордун арасында 2 генерал каза болгон. Алар- Систан жана Белужистан провинциясынын Революция сакчылары корпусунун башчысы Раджаб Мохаммадзаде менен Ирандын жөө күчтөрүнүн башчысынын орун басары Нурали Шуштар.
"Жандола" уюмунун мүчөлөрү дал ошол Систан жана Белужистан аймактарында сезилээрлик иш жүргүзүп, Ирандын бийлик өкүлдөрүнө каршы күчтүү чабуулдарды жасоого үлгүргөн. 2007-жылы автобусту жардыруунун айынан "Революция сакчылар корпусунун" 11 жоокери курман болгон, былтыр дагы 16 жоокер жардыруунун айынан курман болушкан. Ал эми быйыл ошол провинциянын борбору болгон Захедане шаарындагы шииттик мечит жардырылып, 25 адам өлгөн.
Учурда Революциянын сакчылар корпусунун башчысы генерал Мохаммад Пакпур, Пакистандын аймагына кирип барып, "Жандолага" каршы антитеррордук операция өткөрүүгө уруксат алууну каалап жат-канын маалымдап чыкты.
Кытайлык Синьхуа маалымат агенттиги кабарлагандай, Ирандын чалгындоо кызматынын башчысы Гейдар Мослехи, пакистандык коопсуздук кызматы Иранда өткөрүлгөн чабуулга тиешеси бардыгын далилдеген маалыматка ээ болгон. Анын айтымында, "Жандола" уюмунун өкүлдөрү пакистандык чалгындоо кызматтары менен байланышта болгонун күбөлөгөн маалыматтарга ээ. Эми Ирандык расмий бийлик өкүлдөрү ошол далилдер менен Исламабаддга сапар алууга даярданып жатышат.
Расмий Тегеран "Жандола" уюмун, Пакистандан сырткары, АКШ, Улуу Британия жана Израиль каржылоодо деген айыпты айтып чыккан.




Француздар кыргыз милициясына ыраазы
Кристоф Массот менен Марилиа Петит Жалал-Абаддагы кыргыз-швейцариялык Inter cоoperation уюмунун офисинде. СҮРӨТ: САНЖАР ЭРАЛИЕВ

Үстүбүздөгү жылдын март айында Франциянын Батыш провинциясынан дүйнөнү велосипедде айланууга чыгышкан Кристоф Массот менен Марилиа Петит ушул күндөрү Кыргызстанда жүрүшөт. Кристофдун кесиби - токойчу-эколог, ал эми Марилиа болсо - ботаник. Алардын дүйнө кезишинен негизги максат - токойлорду көрүү, үйрөнүү, башка өлкөлөрдөгү өсүмдүктөр дүйнөсү менен жакындан таанышуу.
Эки саякатчы өткөн жумада Жалал-Абад шаарында болушту. Алардын Кыргызстанга келгенине бир айга жакындап калыптыр. Бишкек, Токтогул, Кара-Көл, Сары-Челек сыяктуу жерлерди айланышып, токойлор менен жакындан таанышкан саякатчылар Жалал-Абаддан ары Өзгөн, Салам-Алик жана Ошко барышмакчы. Кыргызстандагы сапарлары Ноокат жергесинен аяктайт экен.
Биз франциялык саякатчыларды кепке тарттык. Суроолорубузга негизинен орус тилин жакшы билген Марилиа жооп берди.
- Кыргызстанга кош келипсиңер!
- Ракмат. Силердин өлкөңөр бизге аябай жакты. Айрыкча тоолору, токойлору.
- Мурда Кыргызстан тууралуу уктуңар беле, сапарыныздар кайдан башталды?
- Аз-маз укканыбыз бар. Дээрлик маалыматыбыз жок эле. Бирок силердин боз үйүңөр тууралуу курбуларымдан уккам. Боз үйдү көрбөсөм да, таанышымдын сүрөттөп беришинин негизинде өзүм боз үй жасагам. Мага аябай жаккандыктан ал үйдө бир жыл жашадым. Биз иштеген мекеме "Kеrninos" деп аталат. Негизинен, токойчулук менен алектенебиз. Өсүмдүктөрдү үйрөнүп, алардын жоголуп кетүүсүнүн алдын алабыз. Ар барган жерибиздеги токойлорду видеокамерага тартып, аны документалдуу фильм кылып, мектеп окуучуларына, студенттерге көрсөтөбүз.
- Боз үйдүн эмнеси сизге жакты?
- Мага төрт бурчтукка караганда тегерек формадагы үйлөр жагат. Боз үй жылуу да болот экен. Анын ичинде өзүңдүн ишиң менен алектенгенге убакыт кенен. Свет жок болот, ошондуктан телевизор менен радио убактыңды албайт…
- Силер негизинен токойлор менен таанышканы келген турбайсыңарбы. Биздин токойлорубуз жактыбы?
- Сөз болушу мүмкүн эмес. Аябай кооз жаратылышыңар бар экен. Бирок адамдар тарабынан токойлорго, жаратылышка жасалган мамиле көңүлүбүздү жылытпады. Токойлор чоң байлык. Аны сакташ керек. Үй-бүлөнү алып же жамаатташып токойго барып, эс алып, дарактар менен жакындан таанышып келгенге мүмкүнчүлүк кенен экен. Бирок биздин байкаганыбызга караганда, токойлорго, жаратылыш койнуна чыккандар табият менен жакын таанышуунун ордуна казан асып, тамак бышырып жеп, үйгө кайтып кете беришет экен… Жаратылышка жакын жашаганыңар менен аны сактаганга көңүл бурбайт экенсиңер.
- Кыргызстанда силерди дагы эмнелер таң калтырды?
- Таң калтырган нерсе, кыргызстандыктар аябай меймандос келишет экен… Анан биз менен жолуккандардын дээрлик бардыгы саякатыбыз үчүн канча акча алышыбызга кызыгышты. Эч кандай маяна албай турганыбызды угушуп, "силерге эмне зарыл?" дешип, таң калышты.
- Тамактарыбыз боюнча кандай пикирдесиңер?
- Каерге барбайлы майлуу эттерди дасторконго тартышат. Башында бул бизге аябай таң калыштуу болду. Көрсө, силерде конокту ушинтип тосот турбайбы. Суюк тамактардын бетинде беш-алты кашык майдын калкып турушу чынын айтсак, жакпады. Эң жакканы курут болду. Казакстанда деле курут жедик, алар курт дешет экен. Бирок Кыргызстандын куруту чындап эле мактоого арзыйт. Тандыр наныңар, кымызыңарга да сөз болушу мүмкүн эмес.
- Милиция тосуп, кыйынчылыкка дуушар болбодуңарбы?
- Эми ушул тууралуу айтайын дегем. Кыргызстанда бизди бир да милиция тосуп, документ сураган жок. Бул жагынан аларга ыраазы болдук. Ал эми Казакстанда текшере берип жүдөтүштү эле…
- Саякат убагында кыйынчылыкка да дуушар болсоңор керек?
- Ансыз болот беле. Бирок кандай кыйынчылык болбосун, алга карай умтулуп, планыбызды ишке ашырганга аракет кылып жатабыз. Кыйын кездерде адамдар жардамын аяшкан жок…
- Мындан ары сапарыңар кандай болмокчу?
- Россия жана Казакстан мамлекеттеринин токойлуу жерлерине саякат жасадык. Эми Борбордук Азиянын башка мамлекеттерине, Владивостокко, Түштүк Америкага анан Африка аймагына барабыз. Санжарбек ЭРАЛИЕВ, Жалал-Абад





кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"
email • архив • редакция 
23-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
Чочко пандемиясына биздин өлкө даярбы?
2-бет
Өкмөттүн отставкасы: Министрлер дээрлик алмашкан жок
3-бет
Америкада тыңчылар жетишпейт
4-бет
Премьер-министрлер парады: ким качан иштеди?
5-бет
Кимдин шалаакылыгы өспүрүмдү майып кылды?
6-бет
Чочко пандемиясына биздин өлкө даярбы?
7-бет
Түркия чыныгы достордун бири
9-бет
Мектепке чейинки тарбия мерчемдүү орунда
12-бет
Иран менен Пакистандын мамилеси курчууда
13-бет
Калык акындын келини
14-бет
Раатбек Санатбаевдин аты мектепке
ыйгарылып, эстелиги ачылды
а ­е¦Є.НҐй«