Балдар биздин келечегибиз болсо, анда неге аларга аз көңүл бөлөбүз?
Гумандуу өлкөлөрдүн баардыгы балдарды бактылуу жашоо менен камсыз кылууга умтулушат. Алардын катарында Кыргызстан дагы "балдар биздин келечегибиз" деп эсептейт жана алардын жаркын келечеги үчүн эч нерседен аянбайбыз деп жыл сайын балдарды коргоонун эл аралык күнүндө расмий жар салынат.

Клара Тапкеева
Ырас, көбүнесе кагаз жүзүндө сөздүн берметтерин тизип салмай адатыбыз бар. Өкмөт түгүл, ата-энелер өзүбүз деле ошентебиз. Таш ыргытсаң, балдардын керектөөсүнө эң акыркы кезекте көңүл бөлгөн ата-энелерге тиет. Бирок мындай ата-энелер баласы үчүн үй-бүлөлүк капчыктан каражат ашыра албай атканын мойнуна кем алат. Анын ордуна мамлекет эртеңки келечегине начар же тийиштүү деңгээлде кам көрбөй жатканын айыптайт.
Иши кылса керкисинде да, кемтигинде да бар экендиги чын.

СҮТ САТКАН БАЛА
Күн сайын бир баладан сүт сатып алам. Биздин короого сүт сатып келип жүргөнүнө бир топ болуп калды. Атын Бекболсун деп айткан. Өзүнүн сөзүнө караганда мектепте окуйт. Сузактын Барпы айылдык округунан болом дейт. "Мектепте кандай окуйсуң?" деген суроомо оозу бош "жакшы эле" дейт.
Жайы-кышы дебей күн сайын таң эртеден сүт сатып шаар кыдырган ушул өңдүү тестиер балдар Жалал-Абад шаарында ондоп саналат. Энелери көр тириликтин айынан жетише албай балдарын кошо ээрчитип, акча табууга үйрөтүп баштаганын бирде туура түшүнгүң келсе, бирде айыптагың келет. Бекболсундун сөзү боюнча атасы "окугандан пайда жок, андан көрө мал бакканды жакшылап үйрөнүп алсаң чоңойгондо кор болбойсуң" деп кулагына куят. Апасы да азыртан акча тапканды үйрөнүп, үй-тиричилигине кол-кабыш кылуу маанилүү дейт экен.
Бекболсун күндө канча сомдук сүт сатарын коммерциялык сыр катары айтпайт. Бирок, сүттөн түшкөн акчанын төрттөн бир бөлүгүнүн жарымысы өзүндө калат. Калганын апасына эсептеп өткөрүп берет. "Мен биринчи жолу сүт сатууга чыккан күнү тапкан акчама апам ырымдап өзүнө жоолук сатып алган" дейт сүт саткан бала. Ал эми өзүнүн чөнтөгүнө калып жаткан үлүшүн күндүзү шаарга келип кээде компьютердик оюндарга кирсе, айрым учурда балмуздак өңдүү таттуу нерселер коротот. Бекболсун башка классташ балдарындай болуп күн сайын апасынан акча сурап отурбаганына сыймыктангандай түрү бар. Бирок, өзү айтмакчы мээнет менен таап жаткан акчасын спорт залга же музыкалык мектепке барып короткусу келбейт. Себеби ата-энеси деле андай кеңеш бербейт. Анын үстүнө айылдагы күчкө жараган элдин баары акчанын артынан Россияга кетип атса Бекболсунга окшогон балдарды дене тарбияга ким кызыктырмак эле?
Анын азыркы максаты 9-классты бүтөөрү менен Россияга сапар тартуу. Анткени, айылдагы өзү теңдүү балдар жайкы эс алууга чыгаары менен жапырт ошол тарапка кетишет. Алар кетсе Бекболсун айылда жалгызсырайт жана теңтуштары дагы "биз барган жерге бара элексиң" деп шылдыңдашы мүмкүн. Ошондуктан жол кирени да өзү камдап жүрүптүр.
Баса, ал мага аты-жөнүмдү жана окуган мектебимди ачык жазбаңыз деп суранганынан мен дагы ага берген убадамды аткардым.

ЧОҢОЙГОНДО ФИОНА БОЛГУСУ КЕЛГЕН ЖИБЕК
Бакыт кызы Жибек азыр төрт жарым жашта. Ал күн сайын бакчадан үйүнө бара жатып апасынан "Актан менен Акылай" бүтө элекпи деп сурайт. Тилекке каршы, алар кийинки башка балдар бакчасынан бөбөгүн алып үйлөрүнө жеткиче бешим маалында улуттук канал аркылуу берилген "Керемет көч" берүүсү бүтүп жаткан болот. "Бизде күн сайын "Актан менен Акылайдын" жаңжалы" дейт Жибектин апасы Гүлзат Бекбоева. Анын сөзүнө караганда, балдары жогоруда аты аталган берүүнү кызыгып көрүшөт. Каармандар Актан менен Акылайдын суроолоруна алар уга тургансып жооп беришет. Алар эмне жасаса кошо жасап үйрөнүүгө аракет кылышат экен. Тилекке каршы, ал берүү балдар бакчадан кайтаар мезгилде эфирден көрсөтүлгөндүктөн көп учурда жетишпей калышат. "Апа, сиз Актан менен Акылайга телефон чалып айтыңызчы, телевизорго кечирээк чыгышсын же биз бакчага барбай эле коелучу",-деп кыйнашат дейт Г.Бекбоева.
Кичинекей Жибектин апасын кыйнаганынын да жөнү бар. Себеби Кыргызстандын түштүк аймагы негизинен Улуттук каналды гана көрө алышат. Ырас, андан сырткары Өзбекстандын каналдары толтура. Алар керели кечке өзбек тилинде тартылган улуттук сериалдары менен индиянын кинолорун жана концерттик программаларды аябай беришет. Ошол эле маалда өнүгө албай жаткан коңшулаш Кыргызстанды да ашата сындашат. "Ошондуктан өзбек каналдарынан өзбек тилине которулган мультипликациялык фильмдерди көргүчө орус тилиндеги дисктерди сатып берүүгө аргасызмын,- дейт Жибектин апасы. Ошондон улам го, татынакай Жибек чоңойгондо "Шрек" мультфильминдеги башкы каармандардын бири, огрга айланган Фиона болом деп кыялданат. Жалал-Абад шаарындагы басма сөз кызматтарынын биринде иштеген Гүлзат Бекбоева "кызым Фиона болуп чоңоём дегендин ордуна Каныкей, Айчүрөк, Жаңыл Мырзадай болом деп кыялданса жакшы болбойт беле",- дейт.
"Анын үстүнө балдар уккандан көрө көз менен көргөндү тез кабыл алат эмеспи. Ошондуктан чет элдик фильмдердин каармандарын жаттап, ошолордой кыйын болууну эңсешет. Өп-чап экономикасы бар Кыргызстандын кино индустриясы улутубуздун даңазалуу чыгармаларын экрандаштырууга чамасы келбей атканы айдан ачык дечи, ошондуктан бул көйгөйдү аз да болсо чеүү жагын улуттук канал колго алып берсе болор беле" деген пикирин да кошумчалайт биздин каармандын энеси.
Кичинекей сулуулар же Бетман менен "Жөргөмүш киши" (Человек паук) болуп чоңоюну кыялданган эркек балдар Манас менен Эр төштүктүн атын да угуп көрө элек чыгар, муну жашырып не?
Ошондуктан Гүлзат тынчсыздангандай, өлкөнүн бүткүл аймагын камтыган кыргыз телевидениесинен кичинекей теле көрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу жана көбүрөөк убакыт бөлүнсө айрыкча айылдагы бөбөктөрдүн көктөн издегени жерден табылгыдай болуп турат. Анткени улуттук канал улут кызыкчылыгын көздөйт жана мамлекеттин үнүн элге жеткирүүчү көпүрө болуп саналат. Ал эми мамлекет балдар үчүн эч нерсе аябоого тийиш. Себеби, балдар мамлекеттин эртеңки келечеги да.





Абдыкерим Муратов
Адеп сабагы
17-сабак: Угузуу адеби
Акылмандар айтат: "Ар кандай жаман кабарды жеңилирээк кылып угууга аракет кылгыла, болбосо кайгы кабары адамды бир паста жок кылып коюшу мүмкүн", - деп. Жанагы азыр аябай көбөйүп жаткан мээге кан куюлуу, кант диабети, жүрөктүн, кан тамырдын ар кандай аты жаман оорулары ушул нерседен - жаман кабарды дароо угуудан келип чыгат дешет.
Илгери кыргыздар оор кабарды угузаар алдында адегенде ошол кабарды угаар адамдын жакындары топтолгон, анан сөз алыстан башталган да, келип-келип эң нарктуу, оозунда сөзүнүн эми бар, кебинин келишкен тузу бар киши гана кабар айткан, айтканда да айлантып келип айткан.
Атактуу Алымкул төкмөнүн Таласта атасынын көзү өткөндүгү тууралуу кабар адегенде ал иштеген филармониянын жетекчилигине келет, анан ал кезде Алымкул Үсөнбаев эл артисти гана эмес, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин бир нече чакырылышынан депутаты, абройлуу киши. Анан кабарды угузуу үчүн Осмонкул баш болгон аксакалдар, жетекчилер Алымкулдун үйүнө барышат, аны сүйлөп-муну сүйлөп кабарды угузууга даабай турса, сырттан кабагым, кашым дебеген, оозу күлкүдөн тыйылбаган Шаршен куудул шарт кирип эле, "эмне болсоң ошол бол, Алымкул, атаң дагы өлүптүр" деп айтып ийиптир. Куудул куудулданып атат деп Алымкул күлүп, Шаршенди отургузса, калгандар анан "чын, Алымкул, чын, атабыздан айрылдык" деген экен. Шаршендин Шаршенче угузганы абалды бир кыйла жеңилдеткен.
Же болбосо Айкандын баласынын угузгандыгы тууралуу Кетбуканыкы деген ат менен таралган элдик күү жана ыр бар, анда Айкан (Чыңгыз хан деп да айтылат) жакшы көргөн баласын жоготкондо ал тууралуу Кетбука жалаң гана башка бир маанидеги сөздөр менен өлүм кабарын түшүндүрөт: "Туу куйругу бир кучак, тулпар качты", "туурунан бошонуп шумкар качты", "алтын така, күмүш мык дулдул качты", андан ары "туйгун качты", "көл бөксөрдү", "жер бөксөрдү", "бел бөксөрдү", "эл бөксөрдү", "төл бөксөрдү", "ынак көчтү", "чырак өчтү" ж.б. Анан ушулардан баарын туйган хан "Кет, кет, Бука, кет, Бука, кеби жаман, ит Бука" деп Бука акын Кетбука аталган да, хандын каарынан өлүм кабарын угузчу адам аман калган.
Токтогул Сатылган уулу Шибер түрмөсүнөн кайтып келгенде аны өтө кайгылуу окуялар: энесинин ооруп жатканы, жарынын кетип калганы, жалгыз баласы Топчубайдын оо дүйнө салганы тууралуу кабарлар күтүп турган. Эл ошондо баласын угузуунун чоң милдет-тапшырмасын Досу уулу Коргоол акынга жүктөйт. Ал болсо трагедиялуу кабарды түз айтпай "аткардык жалгыз балаңды", "качырдык жалгыз балаңды", "бегана болгон дүйнөдөн", "учурдук жалган дүйнөдөн", "жибердик жалган дүйнөдөн", "мусапыр сапар жол кеткен", "күн тийбес сапар жол кеткен", "караңгы сапар жол кеткен" деген сыяктуу өтмө маанилер менен туюнтат.
Бир падыша бар экен да, анын абдан жакшы көргөн жаныбары - пили болуптур. Пил картайып, күнү бүтүп, жашы толуптур да, падышаны таштап кайтар кези келиптир. Ошондо аны жакын кыштакка алып барышат да, өкүмдардын каарынан корккон кыштактыктар аябай бапестеп багып, пилдин көзүн карашат. Болмок беле, күнү бүткөн картаң пил келгис сапарга кете берет.
Бул кабарды падышага ким угузат? Эч ким чыкпайт, акыры бир акылман макул болот да, падышанын астына барып мындай дейт:
- Урматтуу падышам, сиздин сүйүктүү пилиңиз оозуна наар албай жатат, суу да ичпейт, кала берсе дем да албай калды!
Муну уккан падыша:
- Эмне өлдүбү!? - деп ордунан атып турат.
- Бул сөздү мен айтпадым, сиз айттыңыз, урматтуу, падышам, - деген экен кабар угузууга келген киши.
Адам болгондон кийин, жашоо болгондон кийин жакшы-жаман кабарлар болот, аларды угузуу да, угуу да адеп белгисидир…