Мугалим менен окуучунун "ишкердигине" чек коюлабы?
Билим берүү жана илим министрлиги мектептеги мыйзамсыз акча чогултууну токтотуу чечимин чыгарды. Ал эми Ички иштер министрлиги республика боюнча орточо күн сайын бир мектепте мушташ болорун билдирди. Мунун баары акчага барып такалса, качан буга чек коюлат?

Окуу башталып-башталбай, окуучуларга мектептен "журналга, пол жуугучка, ремонтко ж.б." деп жатып, олчойгон "салык" салынат. Өз учурунда окуучулар "басып жүргөн аймакка, дем алган абага" деп улуусу кичүүсүнөн акча сурайт.

КАМКОРЧУ КЕҢЕШ ТҮЗҮЛӨТ
Сөз башы мектеп администрациясынан болсо, Билим берүү жана илим министрлиги өлкөнүн билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча жыйнамайды токтотуу боюнча буйрук кабыл алды. Ага ылайык, мектептер материалдык-техникалык базаны жакшыртуу үчүн ата-энелер жана юридикалык адамдардан колдоо алууга укуктуу. Бирок бул жардам өз ыктыяры менен берилиши шарт. Алынган каражат максаттуу пайдаланылышы зарыл. Мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин директорлоруна бир ай ичинде камкорчу кеңешти түзүүгө буйрук берилди. Анын катарына ата-эне, коомдук ишмерлер жана де- мөөрчүлөр кирип, мектеп администрациясынын өкүлдөрү кошулууга уруксат берилбейт. Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрү каражатты көзөмөлдөп, аны керектүү жактарга бөлүштүрөт.

КУРАЛЧАН ОКУУЧУЛАР ЖҮРӨТ
Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин айтымында, 10-октябрдан 12-октябрга чейин укук коргоочу органдарга боло турган эки массалык мушташ жөнүндө кабар түшкөн. Анын биринде 50дөй өспүрүм чогулуп, анын 17си милициялар тарабынан кармалды. Алардын ичинен №67 гимназиясынын 11-классынын окуучусунан октору бар пистолет менен маки бычак табылган. Курал атасына тиешелүү болуп чыккан. "Эми ата-энесинин шалаакылыгынан улам, алар жоопкерчиликке тартылат",-дейт министр. Экинчи окуя Сокулук районуна караштуу Селекция айылында катталган. Ал жерде мектептин окуучулары жыйнала баштаган, бирок милициялар келгенде, аларды таппай калышкан. Молдомуса Конгантиевдин айтуусунда, өспүрүмдөр арасындагы уруш ырайымсыздык жана оройлук менен өзгөчөлөнөт. Эгерде мурун алар мушташып гана тим болсо, бүгүн курал көтөрүп бармай башталган. "Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында жашы жетпегендер тарабынан 30 жолу киши өлтүрүү катталган",-дейт М.Конгантиев. Жыл сайын өспүрүм кылмышкерлердин жашы да жашарууда.

БИЗ БАНДИТПИЗБИ?
28-сентябрь күнү Республикалык олимпиада резервин даярдоо окуу жайынын 50 окуучусу күндүзү Аламүдүн районундагы №2 мектеп-гимназиясынын жана Бишкектеги №38 мектептин терезелерин таш менен талкалап салышкан. Учурда укук коргоочулар тарабынан 8 окуучуга күнөө тагылып, иликтөө иштери жүрүүдө. "Кыргызстанда Республикалык олимпиада резервин даярдоо окуу жайынын тарбиялануучуларын окуудан чыгаруу рекет маселесин чечпейт",-дейт мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин төрагасы Александр Воинов. Анын айтымында, жаза катары окуудан чыгаруу менен алар уюшулган кылмыш топторуна кошулушу ыктымал. "Булар айылдарына кайтышпайт, шаарда калып, дени чың жана эрки күчтүү балдар оңой эле кылмышка аралашып кетет",-дейт А.Воинов. Азыркы учурда Республикалык олимпиада резервин даярдоо окуу жайында тарбиялык иштерди күчөтүү зарыл. "Ага ашыкча каражат керек, эгерде шарттар ушул боюнча кала берсе, анда окуу жайды жаап салууну кароо керек",-дейт агенттиктин төрагасы. Андан сырткары окуу жайды бүтүп кеткен "Ак Шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев, Улуттук Олимпиадалык комитеттин президенти Мурат Саралинов жана Мамлекеттик патенттик кызматтын төрагасынын орунбасары Турусбек Коеналиевдер болуп өткөн окуяга тынчсызданып жаткандыгын билдирген. "Биздин мектептин жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан жамандалып жатканы өкүндүрөт. "Мектеп уюшулган кылмыштын топторун даярдашат" деп чыгышты, эмне биз бандитпизби?",-дейт Т.Коеналиев. Бүтүрүүчүлөрдүн айтымында, окуяны ырбата бербей, аларды жараштыруу керек. ЭЛЬВИРА КАРАЕВА




"Эшигин тазалабагандардын электри өчүрүлөт"
Мындай чечим Ош шаардык мэриясында өткөн жамааттык жыйында маалым болду. Шаар аймагында тазалык боюнча бир айлык жарыяланып, анын алкагында көчө-көйлөрдөгү, соода-сатык, тамак-аш сатуучу жана коомдук жайлардагы таштандылар тазаланмакчы.
Ош шаарынын мэри Мэлис Мырзакматов баштаган жетекчилер шаар аймагын бир күн бою түрө кыдырып чыгышты. Натыйжада, шаардын тазалыгы канааттандырарлык эмес деп эсептеген шаар башчысы мындан ары ыпластыкка жол койгон, бөлүнгөн аянттарында тазалыкка кош көңүл мамиле жасаган ишканалардын жарыгы эскертүүсүз өчүрүлөт деп билдирди. "Эгерде бир айга мерчемделген убакыт ичинде шаар ичин таштандылардан арылтып тазалабасак, кардын астында калган таштандылар жаз алды менен кайрадан көтөрүлүп, эпизоотикалык абалдын курчушуна алып келет",-дейт М.Мырзакматов.
Жергиликтүү серепчилер тазалык маселеси жарыяланган бир айдын ичинде эле жолго коюлбайт деп эсептешет. Жылдын бардык мезгилин бул маселеге арнап, эң оболу жашоочуларды тартипке көндүрүү керек деп эсептешет. Мындай пикирди кубаттаган Шарипа айым шаарда он жылдан бери көчө шыпырып иштеп келе жатат. Ал шаардагы тазалыктын сакталбай жатышына биринчи иретте жашоочулардын өздөрү күнөөлүү деп эсептейт. "Күн сайын эрте менен көчөлөрдү шыпырабыз. Шыпырындылардын дээрлик бардыгы тургундардын күнүмдүк керектөөсүнөн чыккан таштандылар. Алар атайын орнотулган урналарга төкпөстөн ар кайсы жерге таштап кете беришет. Ар бир жаран өз үйүнө кандай камкор мамиле жасагандай, шаарга да ошондой мамиле жасаса, бул маселе чоң көйгөйгө айланмак эмес", - дейт. Н.Бостонбаева, Ош




Жогорку Кеңеште
Дыйкандардын эмгеги акталбай…
Депутат Бейшенбек Абдырасаков Жогорку Кеңештеги өкмөттүн өкүлү Нурканбек Момуналиевге кайрылды. Эл өкүлдүн айтымында, тамеки, пахта жана кызылчанын баасы дыйкандарга киреше алып келбей жатат. Азыркы учурда дыйкандарга бул продуктуларды өндүрүү пайдасыз, анткени баасы төмөн.

Учактар уруксат ала албай…
"Кыргызстандан ажыга барчуларды жеткире турган авиакомпаниялар Сауд Аравияга конууга уруксат ала албай жатышат",-дейт депутат Пархат Тулендыбаев. Бул маселе убагында чечилбесе, былтыркыдай көйгөйлөр чыгышы ыктымал.

Эмдиги жылы пенсия 15 пайызга көбөйөт
"Социалдык фонддун 2009-2010-2011-жылдардын бюджети жөнүндө" мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизилди. Социалдык фонддун төрайымы Тажикан Калимбетованын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 1-июлунда пенсиянын көлөмү 50 пайызга көбөйгөнүнө байланыштуу өзгөртүүлөр киргизилиши шарт болчу. Андан сырткары, эмдиги жылдын март айында пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүгү 14-15 пайызга жогорулайт. Быйыл базалык бөлүк 530 сомдон 800 сомго чейин көтөрүлгөн. Төрайымдын айтуусунда, республикада 526 миң пенсионер бар. Электроэнергиянын тарифи кымбаттаса, пенсионерлердин атайын категорияларына да компенсация төлөнөт.

Дагы курулат, бирок дагы талкаланбасын!
Эмдиги жылы Нарын облусунда Бишкек-Торугарт жолун реконструкциялоо башталат. "Бир маселеге көңүл бурсак, бул жолдо көбүнчө жүк ташуучу машиналар жүрүп, жолду талкалап жатышат",-дейт депутат Роза Абдыраимова. Ошондуктан, ал өкмөттүн мындай көйгөйгө көңүл бөлүүсүн сунуштады.

Бюджетти көбөйтүүнүн амалы
Депутат Динара Молдошеванын айтымында, Ош жана Баткен облустарында газ сактоочу жайлар бар. Алсак, Баткендеги "Түндүк Сох" газ сактагычы. Эл өкүлдүн айтуусунда, буларга ижара акысын төлөтүү керек. "Эгерде маселе оң жагына чечилсе, бюджет жыл сайын 4-5 млн. долларга толуп турмак",-дейт Д.Молдошева.

Чек арадан мыйзамсыз өтүп, малын жайышат
Депутат Зиядин Жамалдиновдун айтымында, өзбекстандык малчылар Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, биздин жайыттарга малын жайышат. Ага мисал катары Араван районундагы окуяны келтирди. Учурда ал жерде сот иши жүрүп жатат. "Бир гана айып пул менен чектелбей, алардын малын конфискациялаш керек",-дейт ал. ЭЛЬВИРА КАРАЕВА




"Сибирь жарасы" сестендирип…
Ак-Суу райондагы Тепке айыл округунан алынган маалымат боюнча, бул чөлкөмдөн аныкталган "Сибирь жарасынын" калдыктары көмүлгөн жерди адам өмүрүнө коркунуч келтирбегендей жоготуу үчүн керектүү каражат дээрлик жок. Жугуштуу бул ылаңдын адам өмүрү үчүн өтө коркунучтуу экендигине маани бергендер аз. Райондун башка аймактарында мындай коркунучтуу жайдын 18и аныкталып, анын тогузунун жайгашкан жери такталган. "Сибирь жарасы" элди сестендиргени менен жугуштуу бул ылаңга каршы алдын-алуу чаралары анча көрүлбөйт. Шейшекан ЖАНАЛИЕВА, Ысык-Көл


Эми кен пайдалануучуларга лицензия берүү чектелбейт…
Мындан ары кен пайдалануучулар тарабынан жаңы лицензияга уруксат алуу чектелбейт. Буга чейин КРнын "Кен пайдаланууну лицензиялоонун тартиби" жобосунда лицензиядагы шартты бузган кен пайдалануучуларга ал жараксыз деп табылган күндөн тарта 6 ай ичинде кайтадан билдирме (заявка) кабыл алынбайт деген норма коюлган. Бул норма кен байлыктарды пайдаланууга төлөнгөн бир жолку салыкты төлөөдө өзүнүн административдик маанисин жоготот жана республикалык бюджетке терс таасирин тийгизет. АЙМИРА МЕНДЕЕВА