Аксыда жаңы чегара заставасы ачылды
Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш аймактары дагы бир чегара заставасы менен толукталды.

Ачылыш аземине Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын коргонуу, тартип жана өзгөчө кыр- даалдар бөлүмүнүн башчысы Кадырбек Бечелов, облустун губернаторунун коопсуздук боюнча кеңешчиси Акматалы Темишов, Аксы районунун акими Талантбек Орозов, Үч-Коргон айылдык округунун башчысы Мадамин Шайымкулов катышты.
СҮРӨТ: САНЖАР ЭРАЛИЕВ

Санжарбек ЭРАЛИЕВ Жалал-Абад
Аксы районунун Үч-Коргон айыл округунун аймагында Жийде-Сай чегара заставасы ишин баштады. Шамалдуу-Сайдагы №2027 аскер бөлүгүнүн командири Сабырбек Касманбетовдун айтымында, мамлекеттин чегарасын бекемдөө, контрабандага жол бербөө жана элдин бейпилдигин камсыздоо максатында аталган чегара заставасын ачуу зарылчылыгы келип чыккан. Учурда застава толук кандуу ишин баштады.
"Булардын көзөмөлүндө эки пост болот, алар - Сасык жана Дейрес айылдарында ачылды. Иштин алгылыктуу болушу үчүн аскерлерге бардык шарттар түзүлгөн жана тартип дайыма көзөмөлдө болот",- дейт С.Касманбетов.
Октябрдын башында аталган чегара заставасынын ачылыш аземи болуп, ага Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын коргонуу, тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Кадырбек Бечелов, облустун губернаторунун коопсуздук боюнча кеңешчиси Акматалы Темишов, Аксы районунун акими Талантбек Орозов, Үч-Коргон айылдык округунун башчысы Мадамин Шайымкулов, айыл аксакалдары, мектеп окуучулары жана башка коноктор катышты.




Жалалабаддык жетекчилер төш белги тагынышты
6Жалал-Абад облусунун губернатору Кошбай Масиров "Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды.
Ал сыйлыкты СССРдин Эл ар-тисти Муратбек Рыскуловдун 100 жылдыгына карата Жалал-Абадда өткөн IV республикалык театралдык фестивалдын жабылуу аземинде Маданият жана маалымат министри Султан Раев тапшырды.
Губернатор менен кошо ушундай төш белги менен губернатордун орунбасары Дамира Алимжанова, Жалал-Абад шаарынын мэри Тилек Акамбаев, мэрдин орунбасары Санам Нарматова дагы сыйланышты.
Министр белгилегендей, бул төш белги жетекчилерге IV театралдык фестивалдын Жалал-Абад жергесинде өткөрүүнү мыкты уюштурушкандыгы үчүн тапшырылды. Санжарбек ЭРАЛИЕВ, Жалал-Абад




Биринчилик - "Учурга", эстафета - Нарынга
Эл артисти Муратбек Рыскуловдун 100 жылдыгына карата Жалал-Абад шаарында өткөрүлгөн IV театралдык фестивалдын жыйынтыгында, "Учур" телетеатры даярдап келген "Тартюф" чыгармасы фестивалдын эң мыкты спектакли деп табылды. Эскерте кетсек, аталган иш-чарада республиканын аймагындагы он театрдын жамааты жаңы спектаклдери менен катышты. Санжарбек Эралиев, Жалал-Абад



Жамандыкты амандык жеңет
Өткөн жылдын 5-октябрында катуу зилзаладан соң кыйроого учураган Нура айылы жыл айланбай кайрадан толугу менен түптөлдү.

Эки жана үч бөлмөдөн турган 151 үй пайдаланууга тапшырылды. Андан сырткары фельдшердик-акушердик пункт, мончо, типтүү мектеп спорт залы менен курулду. Жаңы айылды куруу үчүн республикалык казынадан 185 млн. сом зилзаладан жабыр тарткандарды колдоо үчүн түзүлгөн атайын эсеп-чоттон 63 млн. сом акча каражаты сарпталган. Жаңы технологиянын негизинде курул-ган үйлөргө жылытуу системасы эки типте киргизилип, ар бир үй-бүлөгө эки тоннадан көмүр акысыз түшүрүлүп берилди.
Мындан сырткары зилзалада каза болгон 75 атуулга монумент тургузулуп, кырсык болгон мүнөттү чагылдырган сааттын жебеси 21:54тү көрсөткөн боюнча токтоп калган эстелик тургузулган.
Жаңы конуштарды тапшыруу жана кырсыктан көз жумган нуралыктардын жылдык эскерүү зыйнатына президенттик администрациянын башчысы Данияр Үсөнов, Ош облусунун губернатору Аалы Карашев, Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев баштаган расмий жетекчилер барышты. Н.Бостонбаева, Ош




Коомчулуктун да колдоосу керек
Учурда Ысык-Көл областы боюнча ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Хизб-ут-Тахрир" уюмуна мүчө болгондор орточо эсеп 18-40 жаш курагындагы адамдар. Учурда аталган аймак боюнча каттоодо тургандардын саны 73 болсо, алардын тогузу кыз-келиндер.
Бул туурасында областтык ички иштер башкармалыгынын 9-бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Азис Дөлөсбаев Каракол шаарында өткөн "Жергиликтүү коомчулуктун арасында диний иштерди чечүү жана институционалдык мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу" деген аталыштагы семинарда билдирди.
Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Каныбек Мурзахалилов маалымат берди. Анын айтымында, областтык мамлекеттик администрациясы менен кызматташтык тыгыз байланыш, ошондой эле өз ара түшүнүшүү мамилеси бекем. Айрыкча, даабатчылардын Көл аймагындагы даабат иштерин убактылуу токтотууга жергиликтүү бийлик жетекчилери бир топ жардам көрсөтүштү. Областтык ички иштер башкармалыгынын 9-бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Азис Дөлөсбаев да кыскача маалымат берди. Анын тастыктоосуна караганда, ушул жылдын 9 айынын ичинде эле "Хизб-ут-Тахрир" уюмунун баракчаларын, башка адабияттарын таркатып жүргөн жеринен 9 адам кармалган. Жалпысынан баракча, китеп, брошюралар, DVD дискттер жана плакат колго түшүрүлгөн. 8 факт боюнча кылмыш иши козголуп, 7 кылмыш иши райондук, шаардык соттордо каралды. Ушул тапта аталган уюмдун 4 жерде уюшкан тобу, мындан башка 2 жерде ячейкасы бар. Учурда 9-бөлүмдүн каттоосунда 73 адам турат, алардын 9у кыз-келиндер. Иликтөөлөр көрсөткөндөй "Хизб-ут-Тахрир" уюмунун терс таасирине киргендердин басымдуу бөлүгү 18-40 жаш курагындагы адамдар.
Аталган семинар Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Европалык Коопсуздук жана кызматташуу уюмунун каржылык колдоосу менен өттү. Ш. ЖАНАЛИЕВА, Ысык-Көл




Шаар күнү шаң менен коштолду
Жыл сайын октябрдын төртү Ош шаарынын күнү катары белгиленип келет. Быйылкы жылы да бул датага байланыштуу бир нече жаңы объектилер ишке берилип, алардын кызыл тасмасы кыркылды.
Ош шаарында калаа тургундарынын маданий эс алуусун камсыз кылуучу жайлардын катарын Сулайман-Тоонун этегинде курулган музыканын ыргагына карай түс берүүчү оргума (фонтан) толуктады. Мындай түстүү оргуманын бүткөрүлүшү шаар күнүнө карата тургундар үчүн чоң белек болуп калды. Н.Бостонбаева, Ош


Ажыга Баткенден 350 адам барат
Баткен областынан Ажы зыяратына баруучулардын тизмеси такталып, тиешелүү документтери даярдалып жатат.
Мындай маалымат Баткен областынын казысы Султан Ажы Гапыровдон алынды.
Анын айтымында, быйыл областка 350 орунга квота берилген. Квотага ылайык орундар областтын район, шаарларына бөлүштүрүлгөн. Казынын айтымында, учурда Ажылык сапарга аттангандардын тизмелери такталып, тийиштүү документтери даярдалып жатат. Эскерте кетсек, Баткен областынан өткөн жылы да 350 атуул Меккеге барып, мусулманчылыктын ыйык парздарынан болгон Ажылык зыяратын аткарып келген. Улан Кожотегин, Баткен




Мүмкүнчүлүгү чектелгендерге майыптык кол араба берилди
Наркы 58 доллар турган 113 майыптык кол арабалар (коляскалар) Нарын дубанына таркатылды. Облустук социалдык кызмат көрсөтүү борбору аркылуу берегидей кол арабаларга Нарын шаарынан 3 адамга жолдомо берилген экен. Бирок аталган калаанын коргоо бөлүмүндө мүмкүнчүлүгү чектелген 4 адам каттоодо тургандыгы белгилүү болду. Аталган гуманитардык жардамды америкалык кайрымдуулук мекемеси Каунтерпарт Интернешлдин программасы аркылуу келген. Мындай жөрөлгөгө Кыргызстан "Студенттер альянсы", "Данко" кору жана "Элим үчүн" коомдук бирикмеси өнөктөш болгондугу кол арабаларды тапшыруу азем учурунда маалымдалды.


Мөмөлүү дарактарга таазим
Мугалимдер күнүнө арналган азем М.Ырыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрында белгиленди. Нарын шаардык билим берүү бөлүмү өткөргөн салтанатта шаардын 16 мугалимине КРнын Билим берүү министрлигинин "Ардак громатасы" тапшырылса, 11 мугалим "Эл агартуунун отличниги" төш белгиси менен сыйланышты. Ошондой эле бир катар мугалимдер Нарын облустук акимчиликтин, Нарын шаардык мэриясынын "Ардак громаталарына" ээ болушту. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Марипа Алиева берген маалымат боюнча Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө караган 8 орто мектепте 589 мугалим, 6 бала бакчада 78 тарбиячы жана 2 спорт мектепте 27 машыктыруучу иштейт. Күмөндөр Усуптегин, Нарын


Чыныбек Аалиевдин ысымы ыйгарылды
Тоң райондук ички иштер бөлүмүнө милициянын генерал-майору Чыныбек Аалиевдин ысымы ыйгарылды. Райондун борборунан Төрт-Күл айылына көчүрүлгөн райондук ички иштер бөлүмү мындан ары Чыныбек Аалиевдин ысымын алып жүрөрү дайын болду. Райондук ички иштер бөлүмүнүн алдына маркумдун айкели орнотулуп, аз жана саз жашоо кечирген генерал-майордун өмүр таржымалы муундан-муунга көөнөрбөй айтылып калаарынан шек албаган төрт-күлдүктөр: "Эл үчүн өтөгөн эмгек эртеби, кечпи бааланбай койбойт тура" деген көз карашта. Өмүрүнүн соңку жылдары Республиканын ички иштер министрлигинин алдындагы кызматтык кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармасынын начальниги кызматын аркалаган Чыныбек Аалиевдин бир туугандарынын эскерүүлөрүнө караганда, ал тестиер кезинен эле тартип коргоо органында иштөөгө дилгир болуп жүрүп, көздөгөн ой-максатына жеткен. Шейшекан ЖАНАЛИЕВА, Ысык-Көл