Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган жумушсуздук
"British Airways" компаниясы 1700 кызматкерин "жолго салганы" турат. Ал эле эмес эки жылга чейин жайкы учурда берилүүчү эмгек акыларды да токтотуп коюуну ойлоп жатышат.

Ал эми жаңыдан кабыл алынган кызматкерлерге шарты азыркыдан төмөнүрөөк келишимдерди сунуш кылууну да чечишти.
Ноябрь айынын соңунан баштап учуучу курамдан 1000ге жакын адам өз каалоосу менен жумуштан кетишет, андан сырткары компаниянын дагы 3000ге жакын кызматкери толук эмес жумушчу күнгө иштегенге өтүшөт.
Компаниянын билдирүүсүнө караганда, мындай аргасыз чаралар экономикалык каатчылык артка сүрүлгүчө улануусу мүмкүн.
Жакында эле авиаунаалардын Эл аралык ассоциациясы сөз болуп жаткан тармак быйыл 11 млрд. доллар чыгым тартат деген божомолун билдирген. Аталган компаниянын кызматкерлери мүчө болуп саналган "Unite" кесиптик кошууну мындай билдирүүнү четке кагууда.
Абалды эптеп болсо да жеңилдетүү үчүн компания айласы кеткенде өткөн жайда бир ай бою жумушчуларды акысыз иштеп берүүсүн же толук эмес жумушчу күнгө өтүүнү сунуш кылышкан. Ал гана эмес кыска багыттагы каттамдардан эртең мененки тамакты алып салууга мажбур болгон. Андан сырткары салон ичинде жүргүнчү өзү каалаган орундукка отургусу келсе, анда ал орундук үчүн кошумча акы киргизилген.

АКШда жумушсуздук күчөп барат
Жумушсуздук АКШнын экономикасынын эң талуу жери болуп калууда. Сентябрда 263 миң америкалык жаран жумушу менен кош айтышууга мажбур болушту. Бул көрсөткүч серепчилердин божомолунан да ашып түштү. Август айында америка өкмөтү жумушсуздардын санын 217 миңдин ордуна 201 адамга чейин азыраак көрсөтсө дагы июль ичинде эмгек биржаларына 304 миң адам кайрылгандыгы жөнүндө маалыматтар калкып чыккан. Жумушунан ажырагандардын көбү кызмат көрсөтүү жана курулуш индустриясында иштегендер.
Жумуш берүүчүлөр кыскартуулар менен жумуштан бошотууларды токто турган түрү жок. Мисалы, "General Motors" авто концерни "Saturn" брендди сатуудан көңүлү калгандыгынан анын таптакыр жабылганын жар салды. А бул жерде 13 миң кызматкер жана 350 дилердик компания жан багып келген.




Индиядагы суу ташкыны элди жүдөттү
Индиянын түштүгүндөгү суу ташкындарынан каза болгон адамдардын саны 280ге жетти. Ал эми 2,5 млн. адам Карнатака жана Андхра-Прадеш штаттарында болгон суу ташкындарынын натыйжасында үй-жайсыз калышты.
"Акыркы 100 жыл ичинде мындай кыйроону алып келген суу ташкындары боло элек эле",- дейт Андхра-Прадеш штатынын саламаттыкты сактоо министри Прасадо Рао. Кришна жана Тунгабхадра дарыялары жээктен чыгып, суу сактагычтан ашып чыккан суулар Карнатака штатындагы 12 райондун кант өстүрүлгөн аянттары менен миңдеген турак үйлөрдү кыйратып кеткен.
"Экономик таймс" гезитинин маалыматтары боюнча табигый кырсыктын кесепетинен болгон жалпы чыгымдардын өлчөмү 4,6 млрд. еврону түзөт. Индиянын түштүгүндө кырсыктан жапа чеккендер үчүн убактылуу уюштурулган лагерлерде учурда 5 млн. киши баш калкалашууда.

НАТО Россияга кол сунгусу келет
Москва менен Түндүк атлантика альянсы (НАТО) аскер чөйрөсүнө байланышкан мамилелерин жакшыртууга тийиш. Аптанын шейшембисинде НАТОнун расмий өкүлү Жеймс Аппатура дал ушундай чакырык менен чыкты. "Афганистан боюнча, террорчулар жана каракчылык менен күрөшүү, андан сырткары аскердик чөйрө боюнча кызматташууну күчөтүү зарыл" деп белгилейт "РИА Новости" маалымат агенттиги түндүк блоктун расмий өкүлүнүн сөзүнө таянып. Жеймс Аппатуранын пикири боюнча биргелешкен аракеттерди жүргүзүүчү багыттар айкын.
Бирок, Россия менен мамиле түзүү шыдыр кетпей жатканын аталган расмий өкүл жашырбай эле мойнуна алууда. "Ага карабастан Россия менен чогуу аракет көрөрүбүзгө үмүтүбүз бар",-деп жарыялады Жеймс Аппатура. Ал андан сырткары биргелешип аракет көрүүнүн конструктивдүү кырдаалын жана "саясый тажрыйба алмашуунун деңгээлин жогорулатууну" жактаарын билдирген.




Иракта кайрадан кан төгүлдү
Ирактын батышында болуп өткөн террактын натыйжасында 30 адам жарадар болсо, 9 адам каза тапты. ИТАР-ТАССтын билдирүүсү боюнча Багдаддын батыш жагында жайгашкан Анбарк провинциясына караштуу Эль-Амирия калктуу конушунун базарында мина коюлган унаа жарылган. Жардыруунун кесепетинен ага жакын жайгашкан курулуштар жабыркап, ал жерде токтоп турган бир канча унаалар өрттөнүп кеткен. Жергиликтүү дарыгерлер жапа чеккен адамдардын саны дагы өсүүсү мүмкүн экендигин айтышууда. Иракта мындай терракттар үзгүлтүксүз болуп тураарын белгилөөгө болот. Сентябрь айынын этегинде эле 13 адамдын өмүрүн алып кеткен жардырууларды жергиликтүү эл унута элек. Анбар батыш провинциясында жанкечти автоцистернаны жардырган. Анда полициянын 7 кызматкери каза таап, дагы 10 адам жарадар болгон. Анын жака-белинде турган унаалар бүт өрттөнүп, полициялык участка керектен чыккан. Август айынын орто ченинде да Багдадда ар 10 мүнөт сайын жардыруулар катталып, 90дон ашуун адам каза, 400 адам жарадар болушкан.
Ирактагы басмырлоонун мындай толкундары АКШ өзүнүн күжүрмөн бөлүктөрүн ирактын шаарларынан чыгарып кетери менен башталганы айтылууда.

Молдова президенттик шайлоо өткөрөт
Молдованын парламенти 23-октябрда президентин кайрадан шайлаганы турат. Өлкөнүн мыйзамына ылайык (экс-президент Владимир Ворониндин кызматтан кеткен күнүнөн баштап), 2 айдын ичинде президенттик шайлоо өтүшү керек.
Жеңилип калган коммунисттердин жетеги менен болуп өткөн жапырт толкундоолордун соңунан жайында аталган өлкөдө кезексиз шайлоо болуп өткөн. Ал жолу коммунисттер өз талапкерин президент кылып шайлоо үчүн 1 добуштан уттуруп коюшкан.
Европалык интеграция үчүн күрөшкөн Альянс мамлекет башчысын шайлоо үчүн зарыл болгон 61 мандаттын ордуна 53 мандатка гана ээ болгон.
Парламентте 48 добушу бар коммунисттер партиясы шайлоого катышпай турган ниеттерин билдиришүүдө. Эгер коммунисттер шайлоого катышпай турган болсо анда, президенттик шайлоо атаандаштык негизде өтүүсү үчүн альянсчылар башкы талапкерге кошуп дагы бир атаандашты чыгарууга мажбур болушат. Кокус, шайлоого катышкан 2 талапкердин бири 61 добуш ала албаса анда, президенттин милдетин аткаруучу, парламенттин төрагасы Михай Гимпу парламентти таратат да, кайрадан парламенттик кезексиз шайлоо белгилейт. Андай шайлоо келерки жылы болушу мүмкүн.


  Борбор Азия

Эми 12 жыл окушат
Тажикстанда 2014-жылдан баштап 12 жылдык билим берүүгө өтүшөт.
Учурда билим берүүнүн жаңы системасына өтүүнүн даярдыктары күч. Билим берүү министри Абдужаббар Рахмоновдун сөзүнө караганда 12 жылдык билими бар тажик окуучулары АКШ, Канада, Япония жана Европа союзунун өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынан окуй алышат.

Тажикстанда орус тилин барктабай калышты
Эмомали Рахмон Тажикстанда орус тилинин баркын төмөндөтүү жөнүндөгү мыйзамга кол коёру менен ал күчүнө кирди. ТРнын конституциясы орус тилин улуттар аралык баарлашуу тили катары тааныганы менен президент жаңы кол койгон "Мамлекеттик тил жөнүндөгү" мыйзамда орус тилинин өзгөчө орду жөнүндө эч нерсе айтылбайт. Мыйзам күчүнө киргенден тартып бардык иш кагаздары жалаң гана мамлекеттик тилде жүргүзүлөт. Мыйзамга баш ийбегендер дароо 160, ал эми юридикалык тараптар 320 доллар өлчөмүндө айып тартышат.

Атыраудагы кызыл-чеке мушташ
Казакстандын Атырау шаарында каржы жана жол полициясы кызматкерлери мушташа кетишип жол полициясынын 2 кызматкери таяк жеп калган. Атырау облусунун ички иштер департаментинин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө каржы полициясынын өкүлдөрү кызматтык күбөлүктөрүн көрсөтпөй туруп жол полициясынын облустук башкармалыгынын кызматкери пара алган деген күмөн менен кармоого аракеттенишкен. Мушташуу учурунда жол полициясынын кызматкери из жашырып кетүүгө үлгүргөн. Албетте, учурда текшерүү жүрүп жаткан кези.

Өзбекстан Афганистанга аттанды
Өзбекстан Республикасы Афганистанда биринчи темир жолду кура турган болду. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Азия өнүктүрүү банкы Өзбекстанга 165 млн. доллар каражат берет. Темир жолдун курулушу 2011- жылдын жай мезгилинде бүтүшү керек. Аталган курулуш үчүн афган өкмөтү да 5 млн. берүүнү убада кылган. Долбоордун жалпы наркы 170 млн. доллар турат.

Мода жумалыгы
Бүткүл дүйнөгө аты чыккан дизайнерлер Валентино менен Оскар де ла Рента Ташкентте өтүүчү мода жумалыгына ардактуу конок катары келишет. Дүйнөнүн эң атактуу айымдары жарым кылымга жакын убакыт жалаң Валентинонун колунан тигилген кийимдерди кийип келишкен. Жеки Кеннединин үйлөнүү тоюнда кийген көйнөгүн да ушул дизайнер тигип берген. Оскар де ла Рента болсо Лора Буш, Хиллари Клинтон, Сара Жессика Паркер үчүн чеберчилик талантын аябай келет.

"Эйр Астана" алысты жакындатууда
Мындан ары Астанадан Малайзиянын борбору - Куала-Лумпурга чейин токтобой уча турган авиакаттамдар ачылды. Бул авиакаттамдарды улуттук "Эйр Астана" компаниясы жүзөгө ашырат. Азырынча каттамдар ишемби күндөрү жүргүзүлөт жана адистердин айтуусуна караганда, учуу 8 саатка созулат. Интернет булактарынан алып даярдаган Клара Тапкеева