Ордолуу Ош үч миң жылды карытты, Жаңыртабыз, унутпайбыз тарыхты
Мелисбек Мырзакматов
Ош шаарынын мэри
Үч миң жылдык карт тарыхы бар ордолуу Ош шаары мамлекетибиздин чар тараптуу турмушуна терең маанилүү окуялардын үрөнүн сээп, эчендеген эстен кеткис көз ирмемдерди баштан кечирди.

"Ош калаасы, Сулайман Тоо, Ак Буура,
Үчөөнүн табияты, баскан жолу төп келип.
Таржымалы, тагдырлары танапташ,
Бир-бирине кубат берип, көрк берип", - деп атактуу Кыргыз Эл акыны Жусуев Соо-ронбай агабыз жазгандай, көптөгөн акын-жазуучулар, сүрөтчү, обончулар шаардын кооз табиятына суктанып, тунук аба-суу-сунан илхам алып, кереметтүү Ошубузду даңктаган өлбөс-өчпөс чыгармаларды жаратып келишти. Адам баласына мына ушундай жагымдуу маанай ыроологон шаарыбыздын учурдагы социалдык-экономикалык жана маданий абалы көпчүлүктүн купулуна толо бербейт. Чыныгы ахыбалыбызды карап туруп, кээде чет өлкөдөн келген конок-тордун алдында намыстанат экенсиң. Шаар-дыктар менен жер-жерлерде болуп өткөн жолугушууларда жамгырдай жааган суроолорду угуп туруп, чыдап тура албайсың. Көп жылдан бери чечилбей келген мындай көйгөйлүү меселелерди жоюуга эмнелер тоскоол болуп жатат? Мына ушул суроонун айланасында коомчулук менен азыноолак ой бөлүшүүнү туура таптым.
Жакында өлкө башчыбыз Курманбек Салиевич Бакиев өлкөбүздү өнүктүрүүгө арналган "Жаңылануу багытын" сунуштап, ал программаны ишке ашыруунун зарылчылыгын жана реалдуу шарттарын 1-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында ташка тамга баскандай таасын белгилеп берди. Президентибиздин олуттуу ойлору, чечкиндүү чечимдери жана маңыздуу чакырыктары Ата-Журтубуздун келечегине сергек караган ар бир кыргызстандыктын көкүрөгүндө ишеним отун жандандырып, алдыга коюлган улуу милдеттерди жүзөгө ашырууга дем-күч жаратты.
Айрыкча, "Кыргыздардын мурасы жана келечек" долбоорунун бет ачар аземинде сүйлөгөн сөзүндө улуттук-маданий саясаты жок өлкөнүн күчтүү боло албастыгын өктөм белгилеп, жалпы жетекчилерге кайсы багытка көбүрөөк көңүл буруу керектигин эскертип өттү. Өлкө башчыбыздын "Жаңылануу багытынын" алкагында жүргүзүп жаткан демилгелерин жана тапшырмаларын турмушка ашыруу максатында мен да Ош шаарынын мэри катары Ош шаардык бийликтин бардык бутактарына кечиктирилгис милдеттерди коемун. Бул багытта, тагы- раак айтканда, шаардын саясий, социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсүнө, калкыбыздын коопсуз жашоосуна өбөлгө түзүү максатында Ош шаарынын жаңы стратегиялык өнүгүү планы иштелип жатат. Биздин негизги максатыбыз - шаарыбыздын тарыхтагы салабаттуу ордун бекемдеп, мамлекетибиздин Баш мыйзамында жана акындарыбыздын ырларында жазылгандай Оштун чыныгы абалын калыбына келтирүү болуп саналат.

Ош тарых барактарында
Ош шаарынын тарыхый-маданий мурасы бизге чейин эле эчен жолу изилденип, окумуштуу-археологдордун аракети менен байыркылыгы жана түпкүлүктүүлүгү тас-тыкталган. Шаардагы тарыхый баалуу мурастарды көздүн карегиндей сактоо, шаар-дын байыркылыгын чагылдырган эстеликтерди калыбына келтирүү жана алар аркылуу Оштун кайталангыс бейнесин түзүү менин шаар башчысы катары башкы милдетим деп эсептеймин. Учурдан пайдаланып, Ош шаарынын байманалуу тарыхы тууралуу да кеп кылууну эп көрүп турамын.
Мени илгерттен эле шаардын "Ош" деп аталып калышы кызыктыра берчү. "Эмнеге шаар Ош аталып калды, ал эмнени түшүндүрөт?" деген суроолор мени ар дайым кызыктырып жүрдү. Күндөрдүн биринде куттуу шаардын аталыш таржымалын иликтеп көрүүгө астейдил кириштим. Ар түрдүү маалымат булактарын салыштырып көрүп, эл арасында да, илимпоздор арасында да бул багытта бирдиктүү пикир жок экенин байкадым. Айрым уламыштарда Адам атага байланыштырылса, кээ бирлеринде Сулайман пайгамбарга, дагы бирөөлөрүндө Александр Македонскийге байланыштуу чечмеленет экен. Мага баарынан да Оштун аталышын түздөн-түз Манас атабыз менен байланыштырган варианты ынанымдуу-раак сезилди. Анткени, мындай көз караштагы окумуштуулардын айтымында, Манас баатырга бала чагында тарбия берген, аны эр жүрөктүккө үйрөткөн Ошпур баатыр мына ушул Ош калаасын негиздөөгө салым кошкон. Бул ойдун далили катары "Манас" эпосунда мындайча айтылат:

"Ошпур курган бул калаа,
Өз атына Ош болсун.
Чыккынчыга кас болсун,
Калыстарга дос болсун".
Мындан тышкары Манас баатыр Отуз-Адыр тараптан кырк чоросу менен сейилдеп келе жатып, агыны катуу дарыядан Аккуласы менен кечип өтөөрдө аз жерден агып кете жаздагандыгы мындайча баяндалат:

"Көрүнгөн менен аз гана.
Кирет экен буурадай.
Кечээ Ошпур баатырдан.
Кечиптирбиз сурабай.
Аты жок ушул дайраны,
Ак-Буура койсок туурадай", - деп бул дайранын атын да Манас атабыздын койгону айтылат.
Орто кылымдарда Ош чыгыш үлгүсүндөгү классикалык шаарга айланган. Негизги үч - цитадел, шахристан жана рабад деп аталган бөлүктөргө бөлүнүп, ири базарлар, кооз мечиттер курулган. Ошондой эле көз уялткан "Дарваза-йи-Кух" (тоо дарбазасы), "Дарваза-йи-Аб" (суу дарбазасы) жана "Дарваза-йи-Мугкеде" (отко сыйынуучулардын дарбазасы) деп аталган даңазалуу дарбазалары менен да атагы чыккан.
Арийне, Ош шаары Борбордук Азия чөлкөмү эле эмес, дүйнөдөгү эң байыркы шаарлардын бири болгон. Ал Батыш менен Чыгыш мамлекеттерин байланыштырган Улуу Жибек жолунун тоомунда жайгашкан. Ош шаары аркылуу Улуу Жибек жолунун багыттары бир жагы Гүлчө, Терек, Даван, Эркештам, Турфан, Урумчи, Кашкар аркылуу Кытайга, экинчи буруму Өзгөн, Кошой-Коргон, Нарын, Барсхан, Жети-Суу чөлкөмүнө, Чыгыш Түркестан аркылуу андан ары Кытайдын тереңине, үчүнчү багыты Куба, Аксыкент, Фергана аркылуу Ташкент, Самарканд, Бухара, андан ары Жейхун, Хорезм, Ургенч, Замджан аркылуу Урал, Самара чөлкөмү менен Булгарларга, андан Волга бойлоп орустун кең аймагы аркылуу Европага кеткен. Демек, Ош географиялык жактан ээлеген ордуна ылайык ар түрдүү элдердин жана мамлекеттердин соода-экономикалык жана руханий байланышын чыңдап, мына ушул байланыш аркылуу тынымсыз өнүгүп турган шаар болгон.
Айрым маалыматтарга караганда, байыркы кылымдарда Ош оазиси дүйнөдөгү сейрек кездешүүчү жайлардын бири болгондуктан ага индоевропалыктар, ирандыктар, түрк, монгол жана орус сыяктуу ири этностор көз артып, саясий-экономикалык кызыкчылыктардан улам тирешүүлөргө, кээде чабышууларга чейин барышкан.
Демек, Ош шаарыбыз тогуз жолдун тоо-мунда байыр алып, өзгөчө саясий-стратегиялык, социалдык-экономикалык жана маданий-идеологиялык жактан бийик потенциалга ээ болгон.

Оштун даңкын чыгарган залкарлар
Дүйнө жүзүнө аттын кашкасындай таанымал окумуштуу аалымдардын, саясатчылардын шаарыбыз тууралуу чын дилден суктанып жазып калтырган баа-сүрөттөмөлөрүн окуп алып, биресе сыймыктансаң, биресе улуу жоопкерчиликти сезе баштайт экенсиң. Андай улуу инсандардын катарында Ибн Хордадбек, аль Хамадани, Аль Истахри, ибн Хаукал, ибн аль Факих, аль Мукаддаси, Йакути жана белгисиз автор калтырган "Чыгыштан Батышты карай дүйнөнүн чектери" аттуу эмгек да бар.
Орто кылымдарда шаарыбыздан бир катар чыгаан инсандар: Али ибн Осман аль Оши, Омар ибн Мусса аль Оши, Мансур аль Оши жана анын балдары Имран, Масуд, Шейх-уль-ислам Насуриддин Абу Мухаммед бин Сулейман Эл Оши, Мухаммад ибн Али ибн Хамид Абу Абдуллах аль Оши ж.б. ислам динин жайылтуучу көрүнүктүү аалымдар чыккан. Алардын айрымдары ошол кездеги илимдин кайнаган борбору болгон Багдадка чейин барып билим алышкан. Али ибн Осман болсо Чыгыш дүйнөсүнө Сиражуддин деген ысым менен белгилүү болуп, анын кол жазмасы 1827-жылы Калькуттада (Индия), 1915-жылы Англияда басылып чыккан. Кол жазманын түп нускасы учурда Багдадда сакталып турат.
Тарых барагын андан ары барактаганыбызда Оштун башкаруу ордосунда Кубат бийдин, Ажы бийдин, Алымбек датканын, Курманжан датканын, Полот хандын, Абдылдабек Алымбек уулунун жана ушулар сыяктуу бир нече чыгаан инсандардын аты аталып, шаарыбыздын коомдук-саясий турмушунда эбегейсиз кызмат өтөгөндүгүнө күбө болобуз. Ооба, мындай жүз жылда бир жаралуучу залкар инсандардын баалуу эмгектерин түбөлүк унутпайбыз.

Сулайман Тоо - карт тарыхтын күзгүсү
Айрым таш жазууларын изилдеген окумуштуулардын айтымында, Сулайман Тоосундагы көптөгөн таштардын беттеринен сүрөттөрдү, жазууларды кезиктирүүгө болот. Изилдөөчүлөр арасында бул тоону - карт тарыхтын күзгүсү деп атагандары да бар. Адамзаттын кайталангыс мурасы катары дүйнөгө кеңири таанылган мына ушул Сулайман Тоосу өз кезегинде шаардыктардын турмушунда социалдык-экономикалык жана маданий жактан зор мааниге ээ болгон. Алгач байыркы зороастриялыктардын отко сыйынуучу жайы болсо, кийинчерээк мусулмандардын зыярат кылуучу жайына айланган. Мезгилдин өтүшү менен тоонун айланасына көптөгөн көрүстөндөр, мечиттер жана мавзолейлер түшкөндүктөн жалпы элдин түшүнүгүнө касиеттүү жер катары бекем уюп баштаган.
Баса белгилеп кетүүчү жагдай, бир топ жылдан берки обьективдүү жана субьективдүү тоскоолдуктарды жеңип, быйыл Сулайман Тообузду ЮНЕСКОнун ыйык му-растар тизмесине киргизүүгө жетиштик. Бул да болсо өлкөбүздүн эл аралык аброюнун арткандыгынан кабар берип, жалпыбызды чексиз кубанычка бөлөдү.
Кылымдарды карыткан Ош шаарынын дагы бир сыймыгы - анын архитектуралык тарыхый эстеликтери. Шаарыбызда ар түрдүү доорлордо ири базарлар, көптөгөн кербен сарайлар, мечиттер, шаар көркүнө көрк кошкон бир топ кооз жайлар болгон. Алар: Асаф ибн Бурхиянын мавзолейи, Бабурдун үйү, Абдуллах хандын мечити, Алымбектин Ак медресеси, Абдрахман афтобачынын баласы салдырган чоң мечит ж.б. Булардын баары учурунда шаардын архитектуралык жактан калыптанышына өбөлгө түзүп, көрк берип, кайталангыс ырахат тартуулап турган.

Өтмүштөн сабак алып,
Келечектин камын көрөлү
Жогоруда аталган эмгектердин жана кереметтердин баары үч миң жылдан ашуун тарыхы бар Ош шаарынын өзүнүн жүзү, улуттук колориттеги үлгүсү, тарыхый-саясий өзгөчө орду бар шаар экендигинен кабар берет. Тилекке каршы, Ош шаарынын бүгүнкү абалы айрым жетишкендиктерге карабастан көптөгөн маселелерди чечүүнү талап кылып жатат. Анткени, азыркы учурдагы шаардын абалы мени көп ойго салып, канткенде көп жылдар бою чечилбей келе жаткан актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө болот деген маселе тынчымды алып келет.
Чынын айтканда, шаарыбыздын, шаардыктардын келечеги үчүн жеке кызыкчылыктардан өйдө көтөрүлүп, айрым бир ууч адамдардын тоскоолдуктарына карабай чечкиндүү чараларды көрө турган мезгил келди. Эгер биз терең ойлонуп, жети өлчөп бир кесип, шаардын өнүгүшү үчүн пайдалуу иштерди азыртан баштап колго албасак, эртең бизди тарых кечирбей коет. Азыркы турмуш шартыбызды, көр оокатыбызды шылтоолоп, көөдөндөгү ач көздүктү жеңе албай, орчундуу деп эсептелген түбөлүгү түз иштерди улам кийинки күнгө, улам кийинки муунга "таберик" катары жылдыра берсек, анда бизди урпактар да кечирбей коет.
Кээде шаардын көчөлөрүн аралап жүрүп буга чейин эч убакта Ошто болбогон транзиттик жүргүнчүлөрдү, туристтерди жолуктуруп калам. Алардын ордуна өзүмдү коюп, шаардын эмнесин кыдырууга болот деп өзүмө-өзүм суроо берем. Сулайман Тоосу, музейи, театры, филармониясы жана эскилиги жеткен эки паркы. Булардан башка эч нерсе жок. Ошко келген меймандар эки-үч күнгө жетпей бат эле кызыгы тарайт. Ал эми биз болсо шаарыбыздын 3000 жылдык тарыхы бар, Кыргызстандын Түштүк борбору деп көкүрөк кагабыз. Шаарыбыздын атына затын жараштырып чыгуу максатында чыгармачыл архитекторлор, скульпторлор, сүрөтчүлөр, окумуштуулар жана жазуучулардан, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн турган атайын топтор аталган маселе үстүнөн ойлонуп көргөнгө эмнеге болбосун? Ансыз деле закымдап учкан мезгил талабынан артта калып кеттик го.
Демек, шаардагы айрым терс көрүнүштөрдү жоюуга мезгил келип жетти. Шаардын кунарын учурган, көзгө комсоо көрүнгөн соода түйүндөрдү, майда тиричилик дүкөндөрдү, ыраатсыз, уруксатсыз жайгашкан нан, эт, жашылча жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатуучу жайларды, айлананы түтүнгө ыштаган ашкана, чайкана, самсаканаларды иреттеп, талапка ылайык кайра курууга, оңдоп түзөөгө мезгил келип жетти деп эсептеймин.
Мындай кунарсыз көрүнүшкө, иретсиз иштерге бир эле мэрия эмес, Ошто жашап, ыйман-ынсапты туу туткан бардык шаар тургундары жапатырмак киришүүсү абзел. Анткени, бул көйгөй баарыбыздын абийирибизге шек келтирип, жалпыбыздын жүзүбүзгө көө сыйпап жатат.

Калкыбызга адал кызмат кылабыз,
Калаабызга ыйык мурас курабыз!
Маселе, биз канткенде Кыргызстандын Түштүк борбору болгон Ош шаарын бүгүнкү күндүн талабына ылайык кооз, көрктүү, чыныгы Түштүк борборуна айланта алабыз? Биз качан гана шаардын архитектуралык абалын түп тамырынан бери өзгөртүп, Оштун нукура жүзүн, улуттук колоритти чагылдырган заманбап облигин өзгөрткөнүбүздө гана сүйүктүү шаарыбыз үчүн атуулдук парзыбызды аткарган болоор элек.
"Сизге Ош шаары жактыбы?",- деп бизге келген конокторго ар дайым суроо узатам. Тилекке каршы, алар ар дайым бир гана жоопту айтышат: шаарда Сулайман Тоосу, Ак-Буура дарыясы, кооз базары бар экен дешет. Анан көчө бойлоруна илинген айрым пейзаждар, "Кош келиңиздер!" деп жазылган көрнөктөр жана жарнамалар тууралуу айтышат. Демек, биздин эстетикалык табитибиз, руханий деңгээлибиз мына ушулар менен гана чектелүү.
Менин байкоомдо, шаарыбыздын азыркы абалына күбө болгон коноктор Ош шаарын Борбордук Азиядагы байыркы, ири шаар экендигинен, Улуу Жибек жолунун чордонунда жайгашкан нарктуу шаар экендигинен күмөн санашат. Мындай күмөн саноо-ну болтурбоо максатында биз борбордук базарды шаардын четирээк аймагына көчүрүп, шаардын төрт тарабына жогорку эстетикалык үлгүдө жасалгаланган дарбазаларды курууну пландаштырып жатабыз. Алардын бири Алай, Өзгөн, Кара-Кулжа багыты боюнча, экинчиси Кара-Суу багыты боюнча, үчүнчүсү Андижан багыты боюнча, ал эми төртүнчүсү Ноокат, Араван багыты боюнча курулуп, Ош шаарына кирип-чыгуучу, шаардын чегин так аныктоочу ак босого катары кызмат кылмакчы. Эгер биз шартыбызга карап, тиешелүү инвесторлордун көмөктөшүүсү менен бул дарбазаларды куруп алчу болсок, келечек муундун алдында бир аз болсо да жүзүбүз жарык болмок. Анткени, биз ата-бабалар куруп берген салабаттуу дарбазаларды өз мезгилинде кастарлап кала алган жокпуз.
Чындыгында салтанаттуу, заңгыраган чоң дарбазалар шаарыбызга баш баккан ар бир инсанга жагымдуу таасир тартуулап, эстен кеткис көз ирмем ыроолойт. Ордобуздун көркүнө көрк, даңкына даңк кошуп, өзгөчө сүрдүү, өзгөчө сүйкүмдүү аура жаратат. "Эшигин көрүп төрүнө өт" демекчи, шаарга агылган ар бир коноктун көңүлүндө Ошубузга болгон арзуусу артып, кусалыгы пайда болот. Шаарыбызга карата мындай аруу сезимдердин пайда болушун байыркы Ош шаарынын кайра төрөлүшү деп баалаймын. Анткени, мындай дарбазалар өткөн тарыхтын элесин келечекке чагылдырып, Ордолуу Оштогу байыркы Улуу Жибек жолунун даңазасын кайрадан чыгарат деп терең ишенемин.

Жыйынтыктап айтканда…
Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы "жапайы" менчиктештирүүнүн, талап-тоноонун айынан көптөгөн бейчеки иштер болуп кетти. Эми канча өкүнбөйлү өткөн мезгилди артка кайтара албайбыз. Эми биз улуу муундун бизге жеткен мурастарына каниет кылышыбыз керек. Ош шаарыбызды мындан ары өнүктүрүүнүн жолун чогуу издейли. Аны башка шаарлардан обочолонткон, өзүнө гана таандык өзгөчөлүктөрү бар керемет шаарга айланталы. Бул максаттарды ишке ашырууга баарыбыз чогуу аракет жасасак, Ош шаары кадимки Самарканд, Бухара, Хива, Ташкент, Хорезм жана Ашхабад сыяктуу кайталангыс шаар болууга толук укугу да, мүмкүнчүлүгү да бар. Менимче, жогоруда аталган шаарлардын негизги өзгөчөлүгү - улуттук колоритти бекем сактагандыгында, курулуштарга архитектуралык жактан заманбап өң-түс бергендигинде, эң башкысы жалпы коомчулуктун шаарды аздектөөгө көздүн карегиндей астейдил мамиле жасагандыгында.
Кана эми биздин Ошубуз да өлкөнүн Түштүк борбору катары бүгүнкү күндүн талабына ылайык соода-экономикалык, өндүрүштүк жана маданий жактан дүкүрөп өнүккөн Борбордук Азиянын ири шаары катары бат эле өз ордун ээлеп калса. Мындай илгери үмүттүн турмушка ашуусун Кудайдан тилеп коюу аздык кылат. Биз качан гана мындай аруу тилектерди иш жүзүнө ырааттуу ашыра баштаганыбызда гана Ата Журтубуздун тарых барактарына өзгөртүү киргизе алабыз. Көөнөрбөс улуттук мурастарга таянуу менен жаңы маданий табылгаларды издеп, көчөлөрдүн, аянттардын аталыштарын, сырткы жасалгаларын кайра баштан карап чыгып, шаарды өлкөнүн Түштүк борбору статусуна жооп бергидей даражага алып келишибиз керек. Шаардын көп улуттуу элинин ортосунда ынтымак-ырашкерликти бекемдеген иш чараларды күчөтүп, ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө патриоттук сезимди уялатуу зарыл.
Жыйынтыктап айтканда, эгер биз чындап оңолуу жолуна түшкүбүз келсе, анда элибиздин, Кыргыз мамлекетибиздин маданий мурастарына кайрылып, аларды жандандырып, кайрадан тарых чындыгына жакын келтирип, кала берсе жеке турмушубузда да реалдуу чечүүчү күчкө айландырышыбыз керек. Ансыз биз алга карай өнүгүүнү куру кыял катары элестетип жүрө беребиз. Бизди улут катары, бир бүтүн журт катары, эгемендүү Кыргыз мамлекети катары сактап кала турган өзүбүздөн башка эч ким жок экендигин эсибиден эч качан чыгарбашыбыз керек.