Улгайгандарды унутта калтырбасак…
БАШЫ БИРИНЧИ БЕТТЕ
Беш кол тең эмес дегендей, айрым уул-кыздар ата-энелерин алпештеп багып жатышса, айрымдары өз турмушунун убарасын чегишет. Элеттеги ардагерлер жашылча-жемиш, сүт азыктарынын көйгөйүн көп тартпаганы менен кыш айларына карата отун, көмүр алууда кыйналышат. Электр жарыгынын өчүрүлүшү да отун ала албай жалгыз калган карылар үчүн чоң жоготууга тете. Шаарда жашаган карылар бир жагынан азык-түлүктүн, бир жагынан коммуналдык кызматтарга төлөнүүчү акынын кымбатташынан улам жапа чегишип, жокчулуктун кээрин тартып келишет. Төмөндө элет менен шаарда жашаган карылардын жашоо-турмушун иликтеп көрдүк.

АРДАГЕРЛЕР КЫШТАН КАНТИП ЧЫГЫШАТ?
Лидия Фомова атындагы калкты социалдык коргоо коомдук уюмунун төрайымы Зинаида Зажигаеванын айтымында, учурда ардагерлерди кабатыр кылган көйгөйдүн бири - электр энергиясына болгон баанын көтөрүлүшү. Мунун аркасы менен коммуналдык кызмат, тамак-аш ж.б. тиричиликке керектүү нерселердин бардыгы кымбаттайт. Светке акы төлөөгө жеңилдиктер каралганы менен бул система туура иштелип чыккан эмес. "2 000 сомго чейин пенсия алгандарга гана светке акы төлөөгө жеңилдиктер каралган. Эгерде пенсионер 2 001 сом ала турган болсо, анда бул категорияга кирбей калат. Бул туура эмес, андыктан биз өкмөттөн пенсионерлердин минималдык керектөө бюджетин (МКБ) кайрадан карап чыгууну талап кылабыз. МКБ 3 291 сом, ал эми пенсиянын орточо өлчөмү 2 120 сом. Пенсионерлердин 0,4 пайызы МКБдан төмөнкү өлчөмдөгү пенсия алышат",-дейт З.Зажигаева.
Жеке сектордо жашаган ардагерлердин кышка даярдык көрүүгө эч кандай мүмкүнчүлүктөрү жок. Көмүрдүн эң арзаны 2 800-3 500 сом, ташып келүү 1 200 сом, отун үчүн жыгач калдыктары 1 200 сом турат. Мындай кымбатчылык жана жарыбаган пенсия менен ардагерлер согуш убагындагыдай өлбөстүн күнүн көрүп, кышы менен муздак төшөктө жатып калаары да анык иш. "Азыр бардыгы башын мыкчып олтурган кездери. Алар кайсы каражатка кышкыга даярдык көрүшөт? Кары-картаңдар Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагыдай муздак төшөктө жатып калышы да толук ыктымал болууда. Айласы кеткендер өздөрүнүн мөмө-жемиш бактарын кыюуга да мажбур болуп жатышат",-дейт З.Зажигаева.
Былтыр ушул учурда көмүр менен отунду бир тобу камдап алышкан болсо быйыл бул көрсөткүч бир кыйла төмөндөп кеткен. Азыр аларда таптакыр акча жок, былтыр айрымдары өтө зарыл учурга деп кичинеден чогулткан каражаттарына көмүр сатып алышса, быйыл болсо эч кандай акча да чогулта алганыбыз жок дешет. Алдыда маал-маалы менен өчүрүүнүн жеке сектор үчүн гана пландалып жаткандыгы да ансыз оор акыбалды тереңдетиши мүмкүн. Бул элетте жашаган карылар үчүн дагы кошумча кыйынчылыктарды алып келет. Түнү менен балдар да, карылар да жарыктын жоктугунан кыйналып, ооругандар ого бетер азап чегишет. Оорулуу карылар караңгылыктан ийне сайдыра алышпайт. Союз учурунда фабрика-заводдор бүт иштеп турган учурда да электр жарыгы эч качан өчкөн эмес. З.Зажигаеванын пикиринде, суу жөндөн-жөн эле азая бериши мүмкүн эмес, бул үчүн компетенттүү комиссия түзүп, текшерүүгө алынышы керек.
Ал эми көп кабаттуу үйлөрдө жашагандар да ушундай эле кыйынчылыкка дуушар болгону турат. Анткени азыр баары кымбаттагандыктан эч нерсени төлөй албай калышты. Жөлөк пулга кошулган анча-мынча жарыбаган тыйын менен кайсы бир тешикти жамаарын билбей калган карылардан ишеним кетти. Турмуш-тиричилик, тамак-аш, кийимден сырткары дарылануу үчүн да акча керек. Көзгө тамчылатуучу жөнөкөй эле дары 20 сом турса, калган дары каражаттарынын баасы жөнүндө айтуунун кажети деле жок.

ПЕНСИЯ КӨЙГӨЙҮ
60 жаштагы Бурул Орузбаева учурда 1 600 сом пенсия алат. Бул адам өмүр бою бейтаптарды дарылап, алардын ысыгына күйүп, суугуна тоңгон. Кыргызстанда туулган бул аял, Өзбекстанда 20 жыл бою врач болуп иштеп келген. Анын айтымында, пенсияга да ошол коңшу өлкөдөн чыгып, айына 200 Америка долларын алчу. Мектепти алтын медаль, ал эми медициналык окуу жайын кызыл диплом менен Кыргызстанда аяктаган. Ал ушунча жылдык эмгегинен кийин жарыбаган пенсия алып жатканына кейип да, ызаланып да ыйлайт. "Бул жакка 79 жаштагы апамды багайын деп биротоло келгениме 4 жыл болду. Документтеримдин бардыгын даярдап тиешелүү жерге өткөрүп бердим. Бул жактагылар менин Өзбекстандан алган пенсиямды 5 эсе кыскартып салышты. Ал эми менин пенсиядагы кесиптештерим алган акчаны ала албаганыма ыза болом. Күйөөм 30 жашында эле каза болгон, бир балам менен калгам. Азыр Өзбекстандагы үйүмдү сатып, бул жерден бир бөлмө үй алсам, мен анын коммуналдык кызматтарын да төлөй албайм. Учурда апамдын үйүндө жашайм, апамдын деле пенсиясы 2600 сом, ал өзүнүн дары-дармегине кетет. Менин акыбалым өтө айласыз",-дейт ардагер.

КАРЫЛАР КАЙЫР СУРООГО АРГАСЫЗ БОЛУУДА
З.Зажигаеванын айтымында көпчүлүк кары-картаңдар каражат жетишсиздигинен улам кайыр суроого аргасыз болушат. Карылардын көпчүлүгү эмгектин ардагерлери, аларга эч кандай жеңилдиктер каралган эмес. Ушул жашоону курган адамдар өздөрүнө татыктуу сыйды ала албай жатышат. "Мен өзүм Жылуулук электр борбору жакта жашагандыктан, эртең менен ишке келе жатып кайыр сурап турган Зинаида Трушкина деген 1918-жылы туулган 91 жаштагы чоң энени көрдүм. Ал мүмкүнчүлүгү чектелген 65 жаштагы уулу менен Көлбаев көчөсүндөгү № 4 үйдүн 25-квартирасында жашайт. Пенсиясы 1200 сом. Ал эч качан биздин органдарга жардам сурап кайрылган эмес жана биздин уюм жөнүндө да билбейт. Көзү да жакшы көрбөйт. Биздин улгайгып бара жаткан калкыбыз жоголуунун, өлүүнүн чегине жетип калды",-дейт ал.
Калкты социалдык коргоо коомдук уюмунун башчысы Галина Хмелеванын маалыматы боюнча өлкөдөгү 74 миң 740 пенсионердин ичинен 65 пайызы жакырчылыкта жашайт. Пенсияга бул жылы 2 жолу дотация кошулганы менен инфляция токтоосуз өсүүдө. Зарыл болгон тамак-ашка баалар көтөрүлүп, ардагерлер акчанын жоктугунан эт, сүт өңдүү азыктарды колдоно албай калышты. Кумшекер, өсүмдүк майы, картошка жана башка жашылчаларга да баа өсүп жатат. Дүңүнөн сатуучу жашылча-жемиш базары өтө алыс болгондуктан ардагерлер бара алышпай, өздөрү жашаган райондон кымбатка сатып алышат. "Кыштын келишин кооптонуу менен күтүп жатабыз. Биздин ардагерлерди муздак жана ач кыш күтүп жатат. Карылар ооруган буту-колуна карабастан короо шыпыруучу, кароолчу болуп иштеп жатышат. Ал эми ага жарабай тургандары көчөлөрдө кайыр сурап, таштанды салган бактарды аңтарып жүрүшөт",-дейт Г.Хмелева.

ТЕЗ ЖАРДАМ НЕГЕ КАЙДЫГЕР?
Адам укугу боюнча жалпы Декларацияда (1-параграф, 25-берене) ар бир адам жумушсуздукта, оору, майыптык, жесирлик, карыган чакта же өзүнөн көз каранды болбогон кырдаалдарда жашаганга каражаты жок калган учурда саламаттыгын, өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн жыргалчылыгын колдоо үчүн зарыл болгон тамак-аш, кийим-кече, турак-жай, медициналык кароого, социалдык тейлөөгө укугу бар деп айтылат. Ошентсе да ардагерлер көп жагынан укуктарынын тебеленүүсүнө дуушар болушууда.
Токмок шаарындагы карылардын өз ара жардам топторунун башчысы Раира Качкенованын айтымында, карылар медициналык тейлөөгө келгенде басмырлоого туш болушат. "Тез жардам чакырган учурда эң биринчи кезекте эле алардын жаш курагын сурашат, эгер жашы 80де болсо анда алар ар кандай шылтоолорду айтуу менен кечигип келишет же келбей да коюшат",-дейт Р.Качкенова.
Кыргызстанда 2009-жылдын 1-июлуна карата алсак, 522 миң 804 пенсионер жашайт, алдын-ала эсептөөлөр боюнча бул сан жылдын аягына чейин 540 миңге жетет. Кары адамдар алсыз келгендиктен басмырлоого жана орой мамилеге көбүрөөк дуушар болушат. Ошондой эле глобалдашкан жана индустриялашкан дүйнө жүзүнүн тез өзгөрүп турушу менен кары адамдар пайдасыз деген пикир тараган. Алардын саны барган сайын өсүп бара жаткандыгына байланыштуу карылардын укуктарына жана алардын биздин жашоодогу ролуна көбүрөөк көңүл буруу талап кылынат.
"Адро-Агро" кары адамдардын өз ара жардам тобунун лидери Рафик Хабибулиндин айтымында, Кыргызстанда 60 жаштан өткөн курактагы адамдардын саны барган сайын азайып бара жатат. Биздин өлкөдө 90 миңге жакын ардагер иштейт. Пенсия курагындагы мыкты адистерди ишке тартуу менен өлкөгө да, ардагерлердин өздөрүнө да пайда келтирүүгө болот. Ал үчүн салык жагынан жеңилдиктер каралышы керек. "Мен пенсияга чыкканыма карабастан 6 жылдан бери коомдук уюмда иштейм. Мисалы, социалдык фонддо коомдук уюмдарда иштеген пенсионерлерге кадимки ишканаларда эмгектенгендерге салыштырмалуу мыйзам боюнча жеңилдиктер берилет. Андыктан Кыргызстандагы бардык иштеген ардагерлерге жеңилдиктер каралса, жумуш берүүчүлөргө да жакшы болмок, себеби, өлкөгө тажрыйбалуу адистер зарыл",-дейт Р.Хабибулин.

АКЫСЫЗ БАЛА БАГУУЧУЛАР…
Учурда Кыргызстандын алыскы аймактарында, өзгөчө түштүк жактагы үй-бүлөлөр негизинен кары адамдардын пенсиясына жашайт. Бул ардагерлердин өз керектөөсүнө акча жумшоосун чектейт. Карылар айласыздан алыска кеткен уул-кыздарынын балдарын багып калууга мажбур болушууда. "Ош жана Баткен областындагы кары адамдардын укугун жана кызыкчылыктарын ишке ашыруу" долбоорунун координатору Назым Жалилованын айтымында, чек арага жакын райондордо аны кайтара турган киши да калган эмес. Буга байланыштуу карыларга бул ишти да аткарууга туура келүүдө. Андыктан алыскы аймактарда жашаган ардагерлерге акча каражаты менен социалдык жардам көрсөтүү зарыл.
Ал эми Чүй областынын "Жаңы-Пахта" айылындагы "Ырыс" карылардын өз ара жардам тобунун башчысы Дина Мухатаеванын айтымында, ардагерлердин жашоосун аз да болсо жеңилдетүү үчүн айылдарга бала бакчаларды куруу зарыл. "Биздин айылда башка жактардан көчүп келген кыргыздар өтө көп. Бир үй-бүлөдө чоң ата, чоң энелер 6-7 небереге чейин тарбиялашат. Эгерде бала бакчалар ачылса аларга чоң жардам болоор эле, себеби, бала түйшүгүнөн улам алар күнүмдүк тиричиликке гана эмес, уйкусун кандырып, эс алууга да убактысын бөлө алышпайт. Неберелердин ата-энелери Россия, Казакстанга жумуш издеп кетишкен. Бирок, көпчүлүк учурда ал жерден жарытып акча таба албайт же тапканын ала алышпайт, бул кары-картаңдарга да кошумча түйшүк болууда. Бул маселени Тышкы иштер министрлиги эске алса жакшы болот эле",-дейт Д.Мухатаева.

УЛГАЙГАНДАР КОМПЬЮТЕРГЕ КЫЗЫГЫШАТ
Жалаң эле көйгөйлөр менен чектелбестен, кыйын учурдан чыга билүүнүн жолун издеген каарман карылар да жок эмес. Буга ардагерлердин өз ара жардам топтору буга мисал боло алат. Алардын бири болгон "Адро-Агродо" бардыгы болуп 3 миң адамды камтыган 31 топ бар. Бул уюм 14 жылдан бери даниялык ардагерлердин демөөрчүлүгү менен иштеп келет. Даниялык 500 миң пенсионер каражат топтоп "АДРА" аркылуу Кыргызстанга жөнөтүшөт. Топтогу чоң энелер кийим, шейшептерди тигишсе, чоң аталар чырпыктан корзина, эмеректерди токушат, жыгачтан буюмдарды жасашат, бакчаларга жашылча-жемиштерди өстүрүшөт. Алар кийим тигүүчү машина, сокмо согуучу станок жана агрономиялык жабдуулар менен камсыз болушат. Бул топтун лидери болгон Р.Хабибулиндин айтымында, мындай жол менен карылар өздөрүнүн муктаждыктарынын бир кыйласын чечип алууга мүмкүндүк алышууда. Учурда алардын карамагында өздөрүнүн жасаган жана өндүргөн продукцияларын сатуу үчүн 2 дүкөнчөсү бар. Андан сырткары "Үчүнчү курактагылардын институту" деп аталган кошумча окутуу каралган. Анда кыргыз, англис, немис тилдерин окутуу менен компьютер үйрөтүшөт. Ошондой эле сергек жашоо образы, коопсуз тамак-аш боюнча маалымат берилип, хор кружоктору да иштейт. Баарынан таң калычтуусу, ардагерлерди компьютер кызыктырат. Эң башкысы бул топтогулар бири-бири менен мамиле түзүшөт, ойлорун айтышат, алар өздөрүнүн али да болсо көп нерсе жасай ала тургандыктарына, пайда келтире алышарына ишенишет.
Кыргыз эзелтеден карысын сыйлап, анын акылман кеңеши менен эл башкарып, далай кыйынчылыктарды жеңип келген. Бүгүнкү күндө дагы биздин жашообузда карылардын акылы, тажрыйбасы абадай зарыл. Андыктан, ар бир жаш адам өзү да бир кезекте карый тургандыгын, ата-энесине, улууларга азыр кандай мамиле жасаса келечекте өз балдарынан жана неберелеринен ошону көрө тургандыгын унутпаса.