Учурда "Суусамыр" жайлоосуна жайылып бараткан алтыганага каршы союз мезгилинде гербициддер чачылып, дагы башка түрдүү иштер жүргүзүлчү. Азыр бул иштер жасалбай калды. СҮРӨТ: АЛИЖАН ЯКУБОВ
Жабыркаган жайыттар…
Алтыгана арманы…
Абдималик Эгембердиев
БАШЫ БИРИНЧИ БЕТТЕ
Мыйзамдын биринчи бөлүмүндөгү "мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу үчүн жоопкерчилик жана көзөмөлдү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү" жобосу боюнча комиссиялар түзүлдү. Алар азыр чек араларды тактоо багытында иш жүргүзүшүүдө. Ал эми жайыт комитеттерине жайыт пайдалануучулардын өздөрүнүн ичинен шайланат. Жайыттарды пайдалануу, көзөмөлдөө милдеттеринин бардыгы жайыт комитеттерине жүктөлөт. Алар жайыт пайдалануучуларга жайыт белетин берет, жайытка жараша акыны даярдайт жана жыйнайт. Бул каражатты алар жайыт жолдоруна, көпүрө оңдоого жана башка муктаждыктарына жумшайт. Демек, азыр жайытты башкаруу, пайдалануу укугу жайыт пайдалануучулардын өздөрүнүн колдоруна берилет. Алар жайыттан түшкөн акчадан бир тыйын да өкмөткө беришпейт, канча каражат жыйнаса дагы жайытка гана жумшоого милдеттүү. Ал эми салык жыйноо мамлекеттик салык жыйноо органы тарабынан жүргүзүлөт.

АЛТЫГАНА СУУСАМЫРДАН КӨЛГӨ ЧЕЙИН СОЗУЛУУДА…
Жайыттарды алтыгана басып кетиши өтө чоң көйгөй болууда. Бул өзгөчө Суусамыр өрөөнүндө кулач жаюуда. Мурда союз учурунда Суусамырда мал өтө көп болчу. Элибизде "Жайлоонун көркү мал менен" деп айтылып келе жаткандай, мал жайылып, жайлоо көркүндө эле. Мал азайганда мал жебей турган уулуу чөптөр көбөйө баштайт, ошонун бири алтыгана деп аталат. Ал үрөөнү менен да, тамыры менен да жайыла турган өсүмдүк болгондуктан анын аянты өтө тездик менен көбөйүп бара жатат. Алтыгананын жара сыяктуу жайылып бара жатканы элди өтө тынчсыздандырууда.
Учурда Суусамыр өрөөнүнүн жайытын жакшыртуу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын (ПРООН) долбоору иштеп жатат. Анда алтыгананы жок кылуу боюнча иш чара каралууда. Тилекке каршы, Айлана чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттик алтыгананы түп орду менен кыйып таштаганга каршы. Алардын пикиринде, бул жаратылышты сактайт жана кыртыштын тең салмактуулугун кармайт. Бул малдын азайып калгандыгынан жана ага эч бир күрөш жүргүзүлбөгөндүктөн улам болууда. Жергиликтүү эл муну шыпыргы катары пайдалануу үчүн кыялы деген сунуш айтып жатышат, бирок буга дагы экологдор каршы болууда. Мурда союз учурунда алтыганага каршы гербициддер чачылып, дагы башка түрдүү иштер жүргүзүлчү. Азыр бул иштер жасалбай калды. Алтыгана көл өрөөнүнө да жайылып барат.

АТА-БАБАЛАР ЖАЙЫТТЫ ӨТӨ АЯРЛАШКАН
Кыргыз жергесиндеги жайыттар кыргыз элине кудайдын берген зор белеги. Бул биздин экономикабызга чоң таасирин тийгизет, себеби, ал мал чарбасын өнүктүрүүдөгү негизги фактор. Аны туура пайдалануу, камкордук көрүү экономикага чоң өбөлгө боло турган ресурс. Буга мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу керек, эгер биз жайытыбызды жок кылып алсак, элибиздин турмуш-шартына зыяны тийип калат. Андыктан кеч боло электе жайытты жакшыртууну колго алуу зарыл. Биздин ата-бабалар эзелтеден эле жайыттар менен күн көрүшүп, ага өзгөчө аяр мамиле кылып келишкен.
Алардын жайытты пайдалануу ыкмасы өтө кеменгерлик болгон. Бүгүнкү күндө жайыт пайдалануудагы маселелердин тереңдеп кеткендиги өкүндүрүп отурат. Тилекке каршы айылдын четиндеги жайыттарга малды эртели-кеч кайтарып жатып, такыр болуп бүткөн.

МОНГОЛДОРДО ЭТ АРЗАН
Суусамыр айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы, мүчөлөрү жана ушул долбоордун менеджери болуп Монголияга тажрыйба алмашуу максатында барышкан. Ал жерде жайыт Кыргыз- станга салыштырмалуу көп, мисалы бизде 9 млн. гектар болсо, аларда 120 млн. гектар. Калкы 2 млн. 700 миң болсо, 60 млн. кою бар. Бул киши башына которгондо да өтө көп. Аларда мал, эт арзан болуп, жашылча, жемиш этке караганда 3-4 эсе кымбат. Жайыттары өтө кенен. Ал Монголиянын борбор шаары Улан-Батордун тегерегине чейин созулуп, эл келип олтуруп борборду курчап калган. Аларда дагы шаардын тегерегиндеги жайыттар, кыргыз жериндеги айылдардын жанындагы жайыттарга окшоп начарлай баштаган.
Мындай маселелерди жайыт пайдалануучулардын деңгээлинде, жайыттарды коргоо боюнча дүйнөлүк долбоорлордун негизинде, жайыттарды кимдир-бирөөлөргө бекитип берүү менен аларды коргоонун камын көрө башташкан. Аларда дагы малдын башына акы төлөө боюнча мыйзам долбоору даярдалган. Монголияда суу проблемасы өтө курч болгондуктан жайыттарга кудуктарды казуу иштерин колго алышкан. Болбосо, мал суу бар жерлерде гана көбөйүп, анын үстүнө ошол жайыт да такыр болуп кеткен. Буга байланыштуу алар жылына 4 миң кудук казууну пландашкан, буга жылына 2 млн. АКШ доллары бөлүнүп турат. 2014-жылы бардык муктаждыктарды толук канагаттандыра турган кудуктарды казуу боюнча атайы программа түзүлгөн. Бул толугу менен мамлекет тарабынан каржыланат. Ал жерде "үлгүлүү жайыт" деген аталыш менен төгөрөгү төп келген жайытты мал киргизбей корукка алып коюшат. Ал жайыттарда бетегеси белден келет. Аларда да мал жебей турган чөптөр көбөйүп баратканы байкалат. Бирок, аларда жайыт өтө кенендигине байланыштуу, бул көйгөй анча сезилерлик эмес.

ШВЕЙЦАРИЯДА ЖАЙЫТ ҮЧ КҮНДӨ БИР КОТОРУЛАТ
Жайыттар боюнча Швейцарияга жасалаган атайы иш сапарда алардан кыргыз эли үйрөнө турган бир топ жакшы нерселери бар экенине күбө болушкан. Ал өтө өнүккөн бай өлкө болгондуктан, жайыттар абдан жакшы тартипке салынган. Аларда жайыттар кашарларга бөлүнүп, негизинен уй багылат. Бир кашарда мал үч күндөн ашык оттобойт, чөптүн 50-55 пайызын гана жеген мал төртүнчү күнү кайрадан башка кашарга которулат. Бул тоюттун кайрадан өзүнүн калыбына келишине шарт түзөт. Мал ушундай тартипте каралып, атайы график менен жайылат. Анда өскөн чөптөрдүн зыяндуусу да, пайдалуусу да кандай өсүп жаткандыгына анализ жүргүзүлүп турат. Эгер малга жагымдуу чөптөр азайып бара жатса, анда анын уругу себилип, толукталып турат. Жайыттагы илим изилдөө маселесине да абдан чоң көңүл бурулуп, атайы илим изилдөө институттары иштейт. Мамлекет жайытты туура пайдалангандарга жана сыр өстүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Мисалы тоолуу жерлерде сыр өстүрүп жаткандарга атайы жөлөк пул берилет. Бул адамдардын эмгектенүүсүнө чоң өбөлгө түзөт. Аларда салык деген нерсе жок, мал башына жараша төлөнгөн акча жайыттарды жакшыртууга жумшалат.

АТА САЛТЫНА КАЙРА КАЙРЫЛСАК…
Улуу Октябрь революциясына чейин кыргыз эли бир жерде дайыма олтурбай жаз, күз айланып жүрчү. Биздин ата-бабаларыбыз бир баскан жерин эки баспай орун которуп турушчу. Демек, ошондо эле алар жайытты коргоону жана аны пайдаланууну билишкен. Алар жайытка өтө аяр, өзгөчө кастарлоо менен мамиле жасашкан. Биз азыр андан алыстап кеттик. Жаңы мыйзам боюнча 1 жылдык жана беш жылдык жайыт пайдалануу пландалып жатат. Муну акырындык менен элди көндүрүү жолу менен ишке ашыруу керек. Элдик каада-салтты аз да болсо калыбына келтирүү зарыл. 60-жылдарда тоо жакаларындагы айылдарды көчүрүп, райондорго борборлоштуруу жайыттарды пайдаланууга терс таасирин тийгизди. Ал жерде бир уруу, туугандар жашачу, эгер ошондой көчүрүү болбогондо алар жайытты аярлап пайдаланышмак. Ошол сыяктуу эле Швейцариянын тоолуу аймактарында да 7-8ден үй-бүлө жашайт. Алар цивилизацияга жетишкен, турмуш-тиричилик үчүн зарыл болгон шарттын бардыгы түзүлгөн. Телефон, телевизор, электр жарыгы бар, жолдору болсо машинанын кандай гана маркасы болбосун жүрө ала тургандай түз. Демек, адам канчалык азыраак отурукташса, жайыт да ошончолук үнөмдүү пайдаланылат.




Жамгыр эгин жыйноону кечеңдетти
Ысык-Көл областында нөшөрлөп жааган жамгырга байланыштуу 2009-жылдын 30-августунан 10-сентябрына чейин эгин жыйноо токтогон. Мындай маалымат вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун республикадагы эгин жыйноо боюнча өткөргөн шашылыш жыйынында дайын болду. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Искендербек Айдаралиевдин айтымында, Ысык-Көл өрөөнүндөгү жаан-чачындан улам дан эгиндери былтыркы жылга салыштырмалуу 16 миң 905 гектарга аз жыйналып, дан эгиндеринин жетилүүсү 10-15 күнгө кечеңдеген. Учурда буудай чабуучу 486 комбайн иштеп жатат. "Эгин жыйнап алууну өз учурунда жана ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн, Ысык-Көл жана Нарын областтарын зарыл болгон техника менен камсыз кылуу керек",-дейт Ө.Бабанов.

Кен казууга уруксат алуу жеңилдейт
Мамлекеттин карамагындагы кен байлыктар жайгашкан жерлерди пайдалануу укугу эми кен байлыктарды пайдалануу боюнча атайы мамлекеттик бийлик органы тарабынан берилмекчи. Мындай чечим инвесторлорго кен байлыктарды изилдөө жана аны казып алууда жер берүү системасындагы бюрократиялык процедураларды кыскартуу максатында кабыл алынды. Буга байланыштуу Мамлекеттик геология агенттигинде "жер астындагы кен байлыктарды иштетүү үчүн жерлер" деп аталган жаңы категория киргизилди. Белгилей кетүүчү нерсе, кен издөөгө уруксат берүү баштагыдай эле жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жүргүзүлөт.

Кыргызстандагы жаңгак токою жоголуу коркунучунда
Кыргызстандагы негизги кен байлыктардын бири болгон жаңгак токою кыйын абалда. Бул тууралуу Токой экологиялык системасын өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Баянбек Кадыров билдирди. Анын айтымында, 611 миң гектарга созулган жаңгак токоюнун жанында 45 миң үй-бүлө жашайт. Алар турмуш-тиричиликке керектүү болгон бардык зарылчылыктарын жалаң жаңгак токоюн кыюу менен камсыз кылышат. Адистердин изилдөөсүндө жылына 1 үй-бүлө 20 куб. метр жаңгак кыйышса, анда 45 миң түтүн 450 миң куб. метр токойго зыян келтиришет. Буга байланыштуу ар кандай иш-чаралар уюштурулууда. "Арсланбаб, Кызыл-Үңкүр токой чарбаларына жакын жайгашкан үйлөргө кара тал тигилүүдө. Андан сырткары 2010-жылдан тартып, ар бир кыргызстандыктын үйүнө кара тал, терек өстүрүү пландалып жатат. Мындай жол менен биз токойду сактап кала алабыз",-дейт Б.Кадыров. АЙМИРА МЕНДЕЕВА