Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн билим берүүгө арналган 7-форуму болуп өттү. СҮРӨТ: ЭЛЬВИРА КАРАЕВА
Мектеп: сабашкан жана сабатсыз окуучу
Сентябрдын бул аптасы билим берүү тармагына тиешелүү үч окуя менен эсте калды. Биринчиси, Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн билим берүүгө арналган 7-форуму башталды. Кийинкиси, АКШнын окумуштуусу Гита Штайнер-Хамси Кыргызстандын мектептерине изилдөө жүргүзүп, анын жыйынтыктарын жарыялады. Акыркысы, Талас облусунун жашоочусу Саадабай Токтоналиев 16 жашар уулунун мектеп рекетчилигинен улам каза болгонун айтты.

ЭЛЬВИРА КАРАЕВА
Кыргызстандын эгемендигине 18 жыл толду, бирок ушул аралыкта өлкөнүн бардык тармактары жана ар бир адамдын жашоосу миң жолу кубулду. Мындай көрүнүш мектепке да тиешелүү. Улуу муун анча аңдабаган чыгар, же андайды башынан өткөрбөгөндөн азыркы мектептин абалын анча билишпейт. Буга далил жогоруда айтылган Саадабай Токтоналиев. Ал өзү мектепте дене-тарбия сабагынын мугалими экенине карабастан, баласынын эки жыл бою токмок жеп жүргөнүнөн кабарсыз болгон. Ал эми америкалык доктор Гита Штайнер-Хамси: "Мугалим-дердин дептер текшергенине айына 50 сом алганы акылга сыйбайт",-деп таң калат. Бул эки окуядан алганда бүгүнкү мектептин көйгөйү эки нерседен турат. Мугалим жетишсиздиги жана окуучулар арасындагы рекетчилик. Q КАБАРЛАР 02




Жабыркаган жайыттар…
Алтыгана арманы…
АЙМИРА МЕНДЕЕВА
Кыргыз элинин түгөнгүс байлыктарынын бири бул - жайыттар. Бирок, анын учурда жардыланып, зыяндуу чөп басып бара жатканы коомчулукту тынчсыздандырууда. Буга байланыштуу Айыл, суу чарба министрлигинин жана КРнын өкмөтүнүн алдындагы Жайыт департаментинин директору Абдималик Эгембердиев менен маек курдук.

ЖАЙЫТКА БОЛГОН УКУК ПАЙДАЛАНУУЧУЛАРГА БЕРИЛЕТ
Быйыл 2009-жылы жайыттар боюнча жаңы мыйзам кабыл алынды. Буга чейин мыйзамдын негизги багыттары жер-жерлерде фермерлер, жергиликтүү органдар, мамлекеттик эмес уюмдар, окумуштуулар, адистер менен эки жыл талкууланган. Бул боюнча жолугушуулар өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлүп, басма сөз каражаттары аркылуу сын-пикир, сунуштар айтылды. Алардын ичинен тандалганы Жогорку Кеңешке сунушталган. Өз кезегинде депутаттар да бул маселе талкууланып жатканда 100 пайыз колдошуп, мыйзамды ишке ашыруу боюнча бир канча жоболор кабыл алынды. Q КӨЙГӨЙ 07

Келерки жылы 382 чакырым жолду оңдоого 270 млн. доллар талап кылынат.
Бишкек-Нарын-Торугарт жолу оңдолмокчу
Транспорт жана коммуникация министрлигинин стат-кат-чысы Кубанычбек Мамаевдин айтымында, эмдиги жылы Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда оңдоо иштери башталат. Жолдун узундугу 530 чакырымды түзөт. Келерки жылы 382 чакырым жолду оңдоого 270 млн. доллар талап кылынат. "Бул акчаны грант жана кредит түрүндө издешибиз зарыл",-дейт К.Мамаев. Азыркы учурда Азия өнүктүрүү банкы жеңилдетилген кредитти 32 жылга, Кытай банкы 20 жылга берүүгө даяр экен. Анын айтуусунда, жолду толук оңдоо 2014-жылга чейин созулат. ЭЛЬВИРА КАРАЕВА




Өлгөн төрт эненин үчөөсүн сактап калууга болмок
Ушул жылдын июль, август айларында Бишкек шаарындагы перинаталдык борбордо төрөттөн катары менен 4 аялдын көз жумушу коомчулукту ойлондура турган олуттуу маселеге айланды. 2008-жылы төрөттөн 48 эне набыт болсо, ушул жылдын 8 айынын ичинде 58и жарык дүйнө менен кош айтышкан.
Бишкек шаарынын перинаталдык борборунда төрөт учурунда каза болгон төрт эненин үчөөнү сактап калууга мүмкүн болчу, буга дарыгерлердин шалаакылыгы түрткү болду. Мындай пикирди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Абдыманап Муратов билдирди. Анын айтымында, төрөт үйүнүн сактоо бөлүмүндө 2 жарым ай жаткан аял, операция учурунда кандын жетишсиздигинен көз жумган. Буга оорукананын жетекчилиги алдын ала кам көрүп, зарыл болгон кандын запасын даярдашы керек болчу. Q КАБАРЛАР 02