Ошко автобустар "жаады"
Жаңы автобустар 27 орунга ылайыкташтырылып, заманбап жабдуулар менен жабдылган.
СҮРӨТ: НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА

НАЗГҮЛ Бостонбаева Ош
Бүгүнкү күндө Ош шаарында миңден ашуун менчик маршруттук такси жүргүнчүлөрдү тейлеп келген болсо, эми алардын 300ү кыскарат. Алардын ордун Кытайдан алынып келинген 30 жаңы автобус толуктамакчы. Ош шаарынын муниципалдык транспорт паркы көп жылдан бери жаңылана электигин белгилеген калаа жетекчиси Мелис Мырзакматов мэриянын атайын долбоорунун негизинде дагы 70 автобус, 30 троллейбус алынып келинерин билдирди. Жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлөө максатында алынып келинген жаңы автобустарды калаа тургундары өзгөчө маанайда тосуп алышты. Аларды буга чейин жалаң менчик унаалар тейлеп келгендиктен айдоочулар да каалаган мезгилде жол кире акысын көтөрүп алуусуна чекит коюларын айтышууда. "Шаардагы жүргүнчүлөрдүн өңчөй бөлүгүн студенттер, окутуучулар, мекеме-ишканалардын кызматкерлери түзөт. Жол кире акысынын көтөрүлүүсү биринчи иретте калктын ушул катмарына таасир этчү. Эми менчик унаалардын жоюлушу менен жол акы да бир нукка түшүп, мурдагыдай көйгөй жаратпайт", - деп кубанганын жашырбады агартуу тармагынын кызматкери Ибадат Жусупова.
Эскерте кетсек, жаңы автобустар 27 орунга ылайыкташтырылып, заманбап жабдуулар менен жабдылган. Ал эми шаар ичинде автобуста жүрүүчүлөр үчүн жол кире акысы 4 сомду түзөт.




"Токтогул" паркы томсорбой калды
Жалал-Абад шаарынын борбордук бөлүгүндөгү "Токтогул" паркына Кыргызстандын эгемендүүлүк майрамынын алдында жаңы ат-тракциондор орнотулду. Көп мезгилдерден бери ээнсиреп турган улуу акындын атындагы эс алуу багы заматта жаштар менен кичинекей жалал-абаддыктардын шаңынын кучагында калды.
"Эс алуу багына заманбап жаңы аттракциондорду орнотуу үчүн шаар мэриясына караштуу муниципалдык менчикти башкаруу комитети тендер өткөргөнбүз. Ал тендерди бишкектик жеке фирма утуп алып, кыска мөөнөттүн ичинде Токтогул эс алуу багына балдар ойноп, көңүл ача турган аттракциондорду орнотуп беришти"-деп маалымдайт аталган комитеттин жетекчиси Кочкорбай Алдосов.
Шаардагы коммуналдык департаментинин жетекчиси Акылбек Нуркуловдун сөзү боюнча бак ичинде турган мурунку эски аттракциондор дээрлик иштен чыгып калган жана аларды парктын дирекциясынын кызматкерлери улам оңдоп чарчашчу. Ошондуктан да мында көңүл ачканы келген балдар дээрлик жок болчу.
Учурда бак ичинде 6 аттракцион тынбай иштеп, мында ойногону келген балдардын аягы каш карайганда гана тыйылат. Коммуналдык мекемелердин жетекчилеринин айтуусунда, аттракциондорду жаңылоо ал үчүн тендер өткөрүү демилгеси шаар мэри Тилек Акамбаевге таандык. Мындан ары бактын ичиндеги аттракциондор үчүн берилген тилкеден мэриянын муниципалдык башкармалыгына ай сайын 15 миң сомдон түшүп турмакчы.




Тагдыры чечилбеген Тайгараев
Былтыркы жылга чейин Жалал-Абад шаарына караштуу мурдагы Тайгараев айыл өкмөтүнүн тагдыры азыркы күнгө чейин чечилбей келет. "Бир жылдан бери Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу улуттук агенттигинен тартып, өкмөткө, президентке чейин бизди бир жаңсыл кылып чечип бергиле деп кайрылып келүүдөбүз. Бирок эч тыянак чыга элек. Улуттук агенттигинен алган жоопко караганда өкмөттө бизге окшоп кыскартууга дуушар болгон 13 айыл өкмөттүн тагдырын чечүүчү токтом даярдалып жатыптыр, ошол токтомдун чыгышын күтүп жатабыз",-деп маалымдайт азыркы Тайгараев муниципалдык аймактык башкаруунун башчысынын орун басары Амангелди Асанов. "Ара жолдо жүргөнүбүздүн натыйжасында штаттык түзүмдөрүбүз али белгисиз. Иштей турган кадрлар анык болбогондуктан салык жыйноо маселесине окшогон маанилүү жагдайлар аксап жатат",-дейт ал. Клара Тапкеева, Жалал-Абад


Ишкерлер күрөөсүз кредит алышмакчы
Мындан ары Жалал-Абад шаарындагы ишкерлер күрөөсүз жана пайызсыз кредит алышып, бизнесин өнүктүрө алышат. Бул тууралуу шаарда жаңыдан түзүлгөн "Кепилдик фондунун" төрагасы, шаардык кеңештин депутаты Жеңиш Эрназаров билдирди.
Фонддун башчысынын айтымында, жылдын башында шаардык мэриянын алдында ишкерлерди колдоо максатында "Кепилдик фонду" түзүлүп, ага жергиликтүү бюджеттен 2 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн. Фонддун түзүүчүлөрү болуп шаардык бийлик менен шаардык кеңеш эсептелет.
"Фонддогу акча ишкерлерге жумушту өнүктүрүү үчүн кредит катары берилет. Бирок, эч кандай күрөө жана пайыз талап кылынбайт. Бул ишкерлер үчүн аябай ыңгайлуу. Дагы айта кетчү сөз, аларга берилген акчалар каржы башкармалыгынын аралашуусуз эле керектөөчүлөргө берилет",- дейт Ж.Эрназаров.
10-сентябрь күнү фонддун бетачары болуп, анда шаардагы ишкерлердин дээрлик бардыгы катышты. Мындан ары "Кепилдик фондундагы" акчалар ишкерлерге кредит катары бериле баштайт. С. ЭРАЛИЕВ, ЖАЛАЛ-АБАД




Жергиликтүү басылмаларга эмне жетишпейт?
Жалалидин Маширапов маалымат айдыңына тааныш жана тааныш эмес ысым. Алыскы Чоң-Алай өрөөнүнүн жашоо-турмушу, райондун жаңылыктары камтылган "Чоң-Алай жаңырыгы" аттуу гезитти эки жылдан бери чыгарып келет. Айына эки мертебе жарык көргөн басылманын бардык түйшүгү бир гана адамдын мойнунда: гезиттин редактору, корректору, кабарчысы да Жалалидин мырза өзү. Бир күндүк жолду басып Ош шаарына келип, чакан басылманы чыгарып жүргөн калемгер гезит чыгаруудагы башкы мүдөөсү, учурдагы көйгөйлөр тууралуу пикирлешти.
Ири алдыда район ичиндеги аткарылып жаткан иштер, жакшы саамалыктар, мекеме-ишканалардагы алгылыктуу иш аракеттер, каада-салт, поэзия сүйүүчүлөрүнүн ырлары, өмүрү өрнөк атуулдардын ишмердиги, тарыхый инсандар тууралуу материалдар жарыяланат.
Биздин гезит негизинен эркин сатыкка чыкпайт. Райондук мекеме-ишканалардын жамаатына таңуулоо, башкача айтканда, жазылуу аркылуу таркатылат. Ошол себептүү гезитти да негизинен калктын билимдүү катмары: мугалимдер, дарыгерлер өңдүү мекеме-ишканалардын кызматкерлери көбүрөөк окушат. Ошондой болсо да жергиликтүү окурмандар арасында орду жаман эмес. Анткени, райондун ичиндеги окуяларды башка гезиттер чагылдырбайт да.
Ырас, айрым материалдарыбыз эскирип да жарык көрөт. Бирок, эл арасындагы бүйүр кызыткан күдүк ойлордун туура же натууралыгын аныктап-тактап чыгарганга шарт түзүлөт. Эскирсе да ошол учурдун урунттуу окуялары басма сөзгө жарыяланып тарыхта калат. Маселен, тээ 1958-жылдары райондук гезит жабылып калып, 2000-жылга чейин ошол кездеги окуялар, аткарылган иштер көмүскөдө калган. Натыйжада, 30 жыл бою кагаз бетинде бир дагы ошол учурду чагылдырган материал калган эмес.
Түйшүксүз, мээнет коротмоюнча жакшы нерсе жаралбайт. Ошондой кыйынчылыктан улам, гезит 2007-жылдын биринчи жарымында чыкпай калды. Анан аким гезитти үзгүлтүксүз чыгарып туруу сунушу менен мага кайрылган. Убада берип келгенден кийин кыйынчылыкка чыдоого туура келди. Жөнөкөй эле мисал, редакциядагы үч кызматкер: редактор, бухгалтер жана оператордун бир айлык маянасы бир айыл округунун башчысынын орун басарынын маянасына да жетпейт. Кыйынчылыгы көп болот экен деп гезит чыгарбай кол шилтеп коюуга да болот. Бирок, өз алдынча район болуп туруп канча доорду түпкүргө калтырып, сайда саны, кумда изи жок кала берүү өкүнүчтүү. Райондук басылмабыз менен да башка райондор менен тең ата болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло турган саясий мааниси зор деп эсептейм.
Басылманын бардык жүгүн өзүм көтөргөндүктөн, көпчүлүк учурда сапатсыз материалдар чыгып кетет. Ички мазмунун көтөрүү үчүн жарыкка чыга турган материалдарды ийине жеткирип караганга мүмкүнчүлүк жок. Окурмандардын табитин канааттандыруу үчүн мыкты жазмакерлерди жумушка алуу керек. Тилекке каршы, көпчүлүк жаштар мындан жаа бою качышат. Биздин эң негизги аксаганыбыз да журналисттик билими бар, калеми курч кесипкөй адистердин жоктугунда болуп жатат.
Чоң-Алайдан кыргыз масс медиасында жарык көрүп жаткан басылмалардын дээрлик бардыгын табууга болот. Бирок, телекөрсөтүү жаатында бир гана улуттук биринчи канал жана Россиянын биринчи каналы тартат. Ал эми Интернет түйүнү да чектелүү. Бир гана райондук акимчиликте бар. Ой бӨлҮшкӨн Н.Бостонбаева




Мектеп формасы Венадан келди
Ак-Суу районундагы Ж.Асаналиев атындагы Үч-Кайнар орто мектебинин мугалимдери жана окуучулары быйылкы жаңы окуу жылында күтүлбөгөн жерден белек алышты. Ата-энелерге да бир топ жеңилдик кетирген мындай ойдо жок жердеги кайрымдуулук акциясы Австриянын МУАДИБ фирмасынын жардамы менен уюштурулду.
Мектеп окуучуларын кубанткан мындай белек кандайча келип калды деген суроо туулушу мүмкүн. Алыскы Вена шаарында 9 жылдан бери Үч-Кайнар айылынын тургуну Алмаз Дырылдаев жашап, аталган фирманын өкүлү болуп иштейт. Уулунун туулуп өскөн жерине пайдасын тийгизүүнү чечкенин, акыры алдына койгон ой-максатын ишке ашырганын аталган мектепте өткөн жыйында толук маалымдап берген республиканын эмгек сиңирген дарыгери Абакир Исмаиловдун айтканына караганда, окуучулардын формалары МУАДИБ фирмасынын мектеп директорлорунун койгон талабына ылайык, ар бир өспүрүмгө жекече тапшырылды. Айрыкча оокаты тартыш, социалдык колдоого муктаж көп балалуу үй-бүлөлөргө берилген мындай жардам аларга кандай жагымдуу таасир калтыргандыгын элестетүү кыйын эмес. Балдары жаңы костюм, кыздары жаңы юбка кийгенин көргөн ата-энелер алыста жүрсө да "эли-жериме пайдам тийсе" деген асыл ой-максат менен жашаган Алмаз Дырылдаевге ыраазычылыктарын билдиришип, анын ишине ийгилик, бекем ден соолук каалашты.

Чыгармачылык ачык кароо-сынак жарыяланды
"Ысык-Көл. Жээктин сызыгы. Жашоонун сызыгы, Жүрөктүн сызыгы" деген аталыш менен областтык мамлекеттик администрациясы, "Кумтөр оперейтинг компани" жана "Журналисттер үйү" коомдук бирикмеси жергиликтүү басылмалардын, журналисттердин арасында аймактын тарыхы, ошондой эле социалдык, экономикалык, саясий, маданий өсүш-өнүгүштөрүн чагылдырган материалдарга ачык кароо-сынак уюштуруу демилгеси менен чыгышты. Кароо-сынак областтын 70 жылдык тарыхын чагылдыруу максатын көздөйт. Журналисттер жана басылмалар, телерадио компаниялар ортосундагы чыгармачылык күч сынашуунун жыйынтыгы ушул жылдын октябрь айында чыгарылып, жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар ыйгарылат. Ш.ЖАНАЛИЕВА, Ысык-КӨл