Кытай кризистен коркпойбу?
Бүгүнкү күндө Кытай дүйнөнүн мүнөзүн өзгөртүп коюучу күчкө ээ болуп барат. Эгерде ар бир жумушчу 40 доллар айлык алса, анын тең жарымын өкмөт сарамжалдаган кези. Бирок бул үнөмдөлгөн каражат кайда кетип жатат?


Кытайлык компания Сатып алынган компания Суммасы
Sinopec Addax Petroleum (Швейцария) 7,5 млрд. доллар
Yanzhou Coal of China Felix Resources (Австралия) 3,3 млрд. доллар
CNPC жана CNOOC YPF (Аргентина) 17 млрд. доллар
CNPC Мангистаумунайгаз (Казакстан) 3,3 млрд. доллар
PetroChina менен Exxon Mobil Gorgon (Австралия) 41 млрд. доллар

ЭЛЬВИРА КАРАЕВА БИШКЕК
Кытай сарамжалдоону тышкы жана ички каналдардын эсебинен бирдей жүргүзүп баштаган. Ички аймакта бийлик өзүнүн банктары (алар өлкөнүн 90 пайызын түзөт) аркылуу калктан акча топтоп, өкмөттүн талабын канааттандырууда.

"КЫЙЫН" ӨЛКӨ ЭМНЕДЕН ЧОЧУЛАП ТУРАТ?
Кытай ушул убакытка чейин бардык каражатын Америкага коротуп, түрдүү долбоорлорго акчасын жумшаган. Сарпталган инвестициянын көлөмү 1,5 триллиондун тегерегин түзөт. Ошондуктан, кокусунан доллардын өз баасы төмөндөп кетсе, баарынан Кытай жабыркары турган иш. Алсак, америкалык тамеки чыгарган "дөөлөр" AIG менен Lehman Brothers компаниялары банкрот болгондо да, эң көп акча жоготкондордун ичинен кытайлар болду. Учурда Кытай инвестициясын акчалай кайтарып ала албастыгын билет. Кырдаалдан оңой чыгыш үчүн АКШ акча басып чыгарып, толтура кагазды карматышы мүмкүн. Бирок мындан доллардын курсу түшүп кетиши ыктымал. Анын артынан аты жаман инфляция чуркап келет… Ал эми инфляциядан бир гана карапайым калк, же өлкө башчылары чочубастан, акчалуу ишкерлер да коркушат.

ЭМНЕ ҮЧҮН КЫТАЙДА КРИЗИС ЖОК?
Жылдын башында Кытай экономикасын калыптандыруу үчүн 560 млрд. доллар короткон. Ошентип, акчанын көлөмү бир жылдын ичинде 30 пайызга көбөйдү. Андан сырткары мамлекеттин банктары быйылкы жылдын I жарым жылдыгында эле элге 1 триллион долларга жакын кредит берген. Былтыркы жылы болсо, 550 млрд. долларды карматышкан эле. Ушунча колдоо көрсөтүлүп турса, Кытайда кайдагы кризис? Экономикасы ашыгы менен кошулуп жатса, кантип өспөсүн?

ЭКИ ИРИ ДЕРЖАВАНЫН АЙЫРМАЧЫЛЫГЫ…
2000-жылдан баштап 2007-жылга чейин дүйнөлүк экономика тынымсыз өнүгүүдө болгон. Бул аралыкта АКШ үнөмдөлгөн каражаттын 80 пайызын чыгымдаса, Кытай 35 пайызын гана сарптаган. Ошол эле учурда Кытай пайдасын улам ишке жумшап, бир топ каражат топтоп алган. Жөнөкөйлөтүп айтканда, АКШ тапканын жей берди, Кытай "өлөр күнгө" чогулта берди. Байлыкты чачпай, үйө берүү бул - өзү чыгыш менталитетине ылайык. Анткени, Азиядагы бир топ өнүккөн өлкөлөр Кытайдын ыкмасын пайдаланып, кризистен өтө жабыркашкан жок. АКШнын карызы дале чачтан көп, жумушсуздук күч. Ал эми Кытай буга чейин топтоп келген каражатын жумушсуз калган жарандарына жумшап, же колдоочу кредит берип, же убактылуу пособие таркатууда. Бирок, маселе Кытайдын кайсы убакытка чейин элин бага аларында турат.

КЫЙЫРЫ ЖОК АКЧА ДА КЫПЫНДАЙ КӨРҮНҮП…
Сентябрдын башында Эл аралык валюталык фонд (ЭВФ) Кытайдын 50 млрд. долларга баалуу кагаздарды сатып аларын билдирди. Мындай макулдашууга ЭВФ да, Кытай да кол койду. ЭВФтин айтымында, Кытай баалуу кагаздарды сатып алуу менен ишеничтүү каржылык инструментке ээ болот. Андан сырткары, ЭВФ өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экономикасына жардам берүүгө кошумча каражат таап жатат. Кытайдан тышкары Россия, Индия жана Бразилия да баалуу кагаздарды сатып алат. Аналитиктердин айтымында, ЭВФтин бул кадамы анын таасирин жогорулатат жана америкалык экономикага капиталдык салымдарды кошууну азайтат.

КЫТАЙДЫН КЫЧЫРАГАНЫН МЫНДАН БАЙКА…
"Акча жок, кокуй, банкрот болдук" деп Батыш ыйлактап жатса, Кытай катарынан арзандап жаткан ишкана, компания, баалуу кагаздардын баарын сатып алып жатат. Өзгөчө нефтини укмуш басып алышууда. Алсак, "Роснефти" компаниясына Кытайга жыйырма жыл бою 300 млн. тонна нефти ташуу кепилдигине 25 млрд. доллар берди. Ушундай эле макулдашууга бразилиялыктар менен 10 млрд. долларга келишти. Ошентип, алар күндө Кытайга 160 миң баррель нефти ташымак болду. Дагы бир 4 млрд. долларлык келишим Венесуэла менен түзүлдү. Жогорудагы үч документке бир жуманын ичинде (үстүбүздөгү жылдын 17-21-февралдары) кол коюлду. Жогоруда ушул жылдын ичиндеги Кытайдын сатып алган ишканаларына көз салыңыз.




Бишкек ири банкирлер менен инвесторлорду күтүп жатат
Бишкек шаарында 23-25-сентябрда салтка айланып калган "Борбордук Азиялык баарлашуу" деген аталыштагы Бишкек эл аралык банк конференциясы өткөрүлмөкчү. Уюштуруучу тарап Кыргызстандын банктар Союзу. Келе жаткан иш-чаранын коноктору жана катышуучулары "Глобалдуу финансылык кризис: Борбордук Азияга таасири", "Финансы жана банк кызматтарынын өнүгүүсү - кайсы багытта реформа жүргүзүү керек", "Банктык жаңы продуктыларды киргизүү мүмкүнчүлүктөрү: акча которуу, соода каржылоо, мобилдүү банкинг, микрокаржылоо" ж.б. маселелерди талкуулашат. Аталган темалар боюнча ой-пикирин сурап, биз Кыргызстандын банктар Союзунун төрагасы Анвар Абдраев мырза менен маек курдук.

- Анвар Карикеевич, көп убакыттан бери банк тармагында иштеп келе жатасыз. Сиздин көз карашыңызда, Кыргызстандын банк системасынын өнүгүшүн кандай бааласак болот?
- Белгилей кетчү нерсе, кризистин кесепеттери, тактап айканда, АКШ, Россия жана Казакстанда орун алган банктардын жана жеке тараптардын банкрот болушу, капиталдын агылып кетүүсү, тилекке жараша Кыргызстанда орун алган жок. Кризис түздөн-түз Кыргызстанга таасирин тийгизбеди. Албетте, өлкөнүн экономикасында тигил же бул кыйынчылыктар орун алды. Мисалы үчүн, кардарлар базасы кыскарды, кредиттик куржундун алсыздашы байкалган. Өзгөчө, татаал кырдаал өзүнүн продукциясын экспортко багыттаган тармактарда байкалган. Бирок экономика таптакыр эле сынып кеткен жок. Анткени өкмөт, Улуттук банк иштеп чыккан иш-чаралардын комплекси жана президенттин колдоосу жакшы жыйынтыктарга алып келди. Мисалы үчүн, Кыргызстанда депозиттерди коргоо Агенттиги түзүлдү. Анын негизги максаты - калктын кызыкчылыктарын коргоо. Тактап айтканда, банкроттукка учурап калган банктагы кардардын депозитин коргоп, аны төлөп берүү максатында - депозиттин ордун толтуруу чеги беш эсеге - 20 000 сомдон 100 000 сомго чейин жогорулатылган. Мындан тышкары, банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду, Кыргызстандын Өнүктүрүү фонду түзүлгөн да, коммерциялык банктардын ишмердүүлүгүн жөнгө салган башка нормативдик өзгөртүүлөр кабыл алынган. Аталган институттарды жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн негизги максаты - экономиканы колдоо, калктын жана бизнестин банк тармагына карата ишенимин чыңдоо, улуттук маанидеги долбоорлорду каржылоо жана Кыргызстандагы бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.
Башка жактан алып карасак, өлкөнүн экономикасындагы салыштырмалуу туруктуу абал тууралуу чет элдик инвесторлордун Кыргызстандын банк секторуна болгон кызыгуусу да далилдейт. Андыктан, өлкөнүн экономикасындагы, өзгөчө банк секторундагы кырдаал тууралуу акталдуу жана толук маалыматты алуудагы баалуу мүмкүнчүлүк дал ушул келе жаткан конференциянын алкагында тартууланат.
- Сиздин оюңузча, ушундай сыяктуу иш-чараларды өткөрүү канчалык деңгээлде пайдалуу?
- Конференция, кандайдыр бир деңгээлде кеңешме катары бааланат. Анда ар түрдүү маселелер талкууга алынып, тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп, натыйжада кеңешменин ар бир катышуучусу өзүнө кандайдыр бир жаңы маалымат алып чыга алат. Андыктан мындай иш-чаралар ар тараптан кызыктуу. Муну мен биринчи иретте угуучу, анан гана уюштуруучу катары айтып жатам. Банк тармагынын катышуучуларына, айрыкча, кыргызстандык банктарга, башка мамлекеттерде жана континенттердеги банк тармагында орун алып жаткан жаңы жана кызыктуу тажрыйба пайдалуу.
Ушуну менен бирге, Кыргызстандын да айта турган сөзү, бөлүшө турган тажрыйбасы бар. Мисалы үчүн, микрокаржылоо тармагында. Бул багытты өнүктүрүү кандайдыр бир деңгээлде Борбордук Азия жана КМШ мамлекеттерине мисал болушу мүмкүн. Анткени биз микрокаржылоо уюмдарынын саны, мыйзам базасы, бул тармакты жылдыруу, инвестицияларды тартуу жана калкка көрсөтүп жаткан кызматтары тууралуу айтып бере алабыз.
- Ушундан улам мындай суроо жаралууда. Борбордук Азия, КМШ, Европа мамлекеттерине салыштырмалуу Кыргызстандын банк тармагынын интенсивдүү өнүгүшүнө, сиздин оюңузча эмне тоскоолдук кылат? Бул суроонун өзү өнүккөн өлкөлөрдө ишке ашырылган банк кызматтары, продуктылары жана каражаттарынын фонунда чыгып жатат.
- Менин оюмча, ар бир иштин өзүнүн орду жана убактысы бар. Жаңы банк продуктыларын, кызматтарын жана каражаттарын киргизүү үчүн өлкөнүн экономикасынын башка тармактарынын так жана ойлонулган ишин жөнгө салуу зарыл. Банк тармагы сөзсүз түрдө эле экономиканын башка тармактарына салыштырмалуу алдыга чыгып кетүүсүнүн кереги жок. Биринчиден, калктын жана институттардын акча агымдарын жөнгө салуунун катуу жана ирээттүү системасын ишке киргизүү зарыл. Экинчиден, кредиттер боюнча маалымат базасынын натыйжалуу ишин орундатуу жана камсыз кылуу керек.
Андыктан, менин оюмча, өнүккөн өлкөлөрдө ишке ашырылган кызматтарды Кыргызстанда ишке ашыруу үчүн азырынча эрте. Бирок, "Борбордук Азиялык баарлашуу" конференциясында карала турган маселелер жергиликтүү банктар үчүн жаңы маалымат алып келип, тажрыйба алмашууда мыкты шарт түзүп, ушуну менен бирге, өнүккөн өлкөлөрдүн тигил же бул банктык инструменттерди киргизүү жолунда урунган катачылыктарын кайталабоо максаты үчүн пайдалуу.
Алдын-ала маалыматтар боюнча, Бишкекке белгилүү эл аралык банктардын жана эл аралык уюмдардын, Борбордук Азия, КМШ, Европа өлкөлөрүнүн, АКШ жана башка мамлекеттердин борбордук банктарынын жана жөнгө салуу органдарынын өкүлдөрү, жеке жана институционалдык инвесторлор келмекчи. НУРГҮЛ ТУРАТБЕКОВА