Стамбулдун чоң көчөлөрү дайраларга айланды
БАШЫ БИРИНЧИ БЕТТЕ
Стамбулдун өнөр жай зоналары өзгөчө сел капшабында калып, адамдар дөңсөөлөргө качып чыгышкан, кээ бирлер муну "экинчи топон суу" каптады деп аташты. Текстиль фабрикасына жумушка бараткан жети аял да кичиавтобус-тун ичинде калып "топон суунун" курмандыгына айланды.
Селимпаша шаарчасында 200дөн ашык автомобиль Мармара деңизине чөгүп, 800дөй имаратты деңиз суусу каптап кетти. Эң ири Ататүрк учакжайы жапа чекпегени менен ал жакка баруучу жолдор сел алдында калып, жүргүнчүлөр көздөгөн жерине жетпей убара тартты.
"Zaman" газетасынан алынган маалыматка караганда Текирдагда 5 адам, Стамбулда 26 адам набыт болуп, жалпысы курман болгондор 31ди түзөт, андан башка 7 адам жоголгон. Бул цифралар али такталып бүтө электиги түшүнүктүү.
Түркиянын премьер-министри Р.Т.Эрдоган сел кырсыктарын жоюу үчүн азыркы биринчи этапта Текирдагга 250 млн., Стамбулга 2 млн. түрк лирасын бөлгөндүгүн айтты.





Жогорку Кеңеште
Дарыгерлердин кесепетинен энелер каза болууда
Депутат Ибрагим Жунусовдун айтымында, үстүбүздөгү жылдын апрель айында Лейлек районуна караштуу Кулунду айылында врачтардын шалаакылыгынан төрөт учурунда бир аял каза тапкан. Кайтыш болгондун туугандары бир канча жолу Баш прокуратурага кайрылса да, жооп ала алышкан эмес. Ушундай эле маселени эл өкүлү Динара Молдошева да көтөрүп чыкты. Анын айтымында, Бишкек шаарынын ооруканасында 4 эненин өлүмү катталган.

"Май куюучу жайлар үйдөн алыс болсун"
Алтынбек Сулайманов менен Галина Куликова май куюучу жайларды куруу эрежелери туура сакталбагандыктан, өлкөнүн экологиялык кырдаалына таасир берип жатат дешет. Алардын айтымында, мындай жайлардын үй, оорукана ж.б. социалдык имараттардын жанында курулганы катталууда. Галина Куликованын айтымында, май куюучу жайлардын үйгө жакын курулушу боюнча өкмөттүн токтомун жокко чыгаруу керек.

Бишкек-Ош жолунда май ташууга тыюу…
Эл өкүлү Алишер Сабиров түштүккө күйүүчү майды ташуу маселесине токтолду. Анын айтымында, Бишкек-Ош жолунда күндүзү майды ташууга тыюу салуу зарыл. Ошондой эле Алишер Сабиров сейилдөөчү бак жана үйгө жакын аймактарды башка курулушка, же жер тилкеге бөлүп сатууну токтотууну сунуштады.

Таш-Тумшук мектепке муктаж
Жогорку Кеңештин депутаттары үстүбүздөгү жылдын июнь айында Баткен облусунда болуп кайтышкан. Депутат Роза Абдыраимованын айтымында, Тажик- стан менен чектешкен Таш-Тумшук айылында орто мектеп жок. "Айылдын жашоочулары мектептин курулушуна 2 млн. сом топтошкон, бирок дагы 3 млн. сом жетпейт",-дейт эл өкүлү. Бул тууралуу өкмөткө кайрылышканда, вице премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева каражаттын жоктугун билдирген. Анын айтымында, вице премьер-министр бул маселени чечүүгө кызыкдар эмес.

Эмнеге бензин кымбаттайт?
Төраганын орунбасары Кубанычбек Исабековдун айтымында, бензиндин баасы күндөн-күнгө көтөрүлүп жатат. Бирок нефтинин баасы эл аралык биржада арзандоодо. Азыркы тапта эгинди жыйнап жатканда, күйүүчү майдын маселеси маанилүү. Андан сырткары, эл өкүлү талапка жооп бербеген жеңил машиналардын айлана-чөйрөгө тийгизип жаткан терс таасирлерине токтолду. Бул маселени депутат Аскар Салымбеков да колдоду.

70ке таяган Жогорку Кеңеш
Үстүбүздөгү жылы 20-ноябрда Жогорку Кеңеш 70 жылдык юбилейин белгилейт. Анда "Монетный двор" компаниясынан даярдалган медалдар менен бардык чакырылыштагы депутаттар сыйланат. Ошондой эле кыргыз парламентинин тарыхын камтыган китеп басылып чыгат. "Курултайдан Жогорку Кеңешке чейин" деген аталыштагы жыйырма мүнөттүк даректүү тасма даярдалууда. Төраганын орунбасары Кубанычбек Исабековдун айтымында, юбилейди майрамдоо чыгымы Жогорку Кеңештин буга чейин үнөмдөлгөн акча эсебинен жана төраганын фондунан бөлүнөт. ЭЛЬВИРА КАРАЕВА

Депутаттар сунушташты, эскертишти…
Депутат Акбаралы Кабаев өкмөт өкүлдөрүн "Бишкек-Ош" авто жолунда күзөттө турушкан Транспорт министрлигинин кызматкерлерин жоопко тартууга чакырды. Анын айтымында, ушул жылдын 27-августунда түн ичинде туннель белгисиз себептер менен жабык турган.
Ал эми депутат Зиядин Жамалдинов өзүнүн коллегаларына парламент тарабынан мурда кабыл алынган мыйзамды кайра карап чыгууну сунуштады. Ал мыйзам боюнча өлкөнүн айрым административдик-аймактары (айылдык округдар) жоюлган болчу.
Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында республиканын Омбудсменинин орун басарларынын биринин бийлик кылуу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу депутат Алишер Мамасалиев эскертти.

Өрт өчүрүүчү учактарга акча керек
Авиатранспорт сатып алуу үчүн 40 млн. сом талап кылынат. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев
КРнын "Өрт коопсуздугу тууралуу техникалык регламенти" тууралуу мыйзам долбоорун ЖКда талкуулоо учурунда билдирди. Ал республикадагы техникалар эскиргендигин белгиледи. Акыркы 18 жылдан бери республикага 2008-жылы гана 73 өрт өчүрүүчү машина келген. К.Ташиев токой өрттөнсө жана тоолуу жерлердеги өрттө өрт кызматы кырдаалды көзөмөлдөй албастыгын кошумчалады.

Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилмекчи
Үстүбүздөгү жылдын 10-сентябрында ЖКнын пленардык отурумунда Адилет министри Нурлан Турсункулов мыйзам долбоорлору менен тааныштырды. Алар "Акционердик коомдор тууралуу" Мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү, "Кооперативдер тууралуу", "Дыйкан (фермердик) чарбалары", "Чарбалык жолдошчулук жана коомчулук", ошондой эле Кыргызстандын Жарандык кодексинин биринчи бөлүгүнө оңдоолорду киргизүү.
Министрдин айтымында, бул оңдоолор жана өзгөртүүлөр мыйзамдагы айрым карама-каршылыктарды жоюу максатында ишке ашырылмакчы.

Бала бакчаларга кам көрүлөт
Мектепке чейинки мекемелер жаатында бардык нормативдик-укуктук актыларды шайкештөө жана инвентаризациялоо боюнча ЖКнын жумушчу тобу түзүлдү. Ага республиканын өкмөтүнүн, кызыкдар министрликтер, ведомстволор, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана бала бакчалардын директорлору тартылды. "Мектепке чейинки билим берүү тууралуу" жаңы Мыйзам Кыргызстандагы мектепке чейинки билим берүү жана балдарды өстүрүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптерин аныктайт. АЙМИРА МЕНДЕЕВА




Жалал-Абадда гарантиялык фонд түзүлдү
Аптанын шаршембисинде Жалал-Абад шаарында түзүлгөн гарантиялык фонддун ачылыш аземи болду. Гарантиялык фонд түзүү жөнүндө шаардык кеңештин депутаттары жыл башында чечим кабыл алышып, ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 2 млн. сом бөлүнгөн. Мындай фондду түзүүнүн максаты шаардагы жеке ишкерлерди колдоо болуп саналат. Жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салыжан Умаровдун сөзү боюнча гарантиялык фонддун Уставы Адилет органдарынан каттоодон өтүп, анын кеңеши жана директору бекитилген.
Фондду түзүүчүлөр мэрия менен шаардык кеңеш болгонуна карабастан анын директорлугуна жергиликтүү бийликтен көз каранды эмес инсан, шаардык парламенттин депутаты Жеңиш Эрназаров дайындалган. Учурда аталган фонд кичи жана орто бизнестин өкүлдөрүн колдоого даяр. САНЖАР ЭРАЛИЕВ

Ак-Бечелдеги алгачкы аракеттер
Учурда Нарын шаарын таза суу менен камсыздоочу "Ак-Бечел" суу алуучу жайында кайра калыбына келтирүү жумуштары жасалып жатат. Курулуш иштерди аткарып жаткан "ЭКАРАС" жоопкерчилиги чектелген коомунун прорабы Тойчубек Абдылдаевдин маалыматы боюнча суу алуучу жай үчүн быйыл өкмөттөн 7 миллион сом бөлүнгөн жана анын сентябрь айына карата 27 пайызы аткарылган. "Жалпы наркы азырынча 65 миллион сомду түзгөн долбоор алкагында суу тазалоочу алты фильтрлер, сыйымдуулугу 3000 куб. метрди түзгөн 2 суу сактагыч, суу зыянсыздандыруучу хлоратор салынып, 3 чакырым аралыктагы түтүктөр алмаштырылмакчы. Ал эми 10 кВт электр линиясы болсо тартылып бүттү. Азырынча курулушта жалпысы 30 адам эмгектенип жатат. Эгерде каражат толук берилсе, курулушчулар санын 100гө жеткирип, келерки жылдын күз маалында курулуш иштери аяктамакчы", -деп белгилейт Т.Абдылдаев. Ал эми Нарын суу-канал ишканасынын жетекчиси Темирбек Ыбраевдин айтымында, Нарын шаарынын калкынын 80 пайызын таза суу менен камсыз кылган "Ак-Бечел" суу алуучу жайдагы кайра калыбына келтирилүүчү жумуштар толук аяктаганда Нарын шаарына берилген суу көлөмү азыркы маалдан 6 эсеге көбөйөт. Ошону менен катар жаз маалында азыркыдай сапатсыз суулардын болушу кан буугандай токтомокчу. "Ак-Бечел суу алуучу жай 70-жылдарда курулган. Суткасына 6 миң куб. метр суу берилет. Бул жайдан суу алуу көлөмүн көбөйтүү союз маалында эле көтөрүлгөн. Ошондон тарта айтылып эле келе жатат. Эми минтип быйыл курулуштар башталды. Маселен, азыркы учурда суу сактагычтардын көлөмү 1000 куб. метр. Курулуш аяктаганда суу сактагычта суу көлөмү 6000 куб. метр болуп, элге берилүүчү суу 8 миң куб. метрге жетмекчи. Күндүзү элге суу жетпей жаткандыгы ушундан болууда", -дейт Т.Ыбраев. КҮМӨНДӨР УСУПТЕГИН