Дүйнөлүк каатчылык сазында
Авиажүктөрдү ташуу тармагындагы чыгаша үстүбүздөгү жылдын алты айы үчүн дүйнө жүзү боюнча алты миллиард долларды чапчыды деп билдирет Эл аралык аба каттамдар ассоциациясы. Аталган уюмдун маалыматы боюнча каатчылык (кризис) аягына чыгып бараткандай. Анткени ушул эле жылдын биринчи кварталында чыгаша төрт миллиард доллар болсо, экинчи кварталда эки эсе азайган. Авиакомпаниялардагы чыгашанын себеби жүргүнчүлөрдүн жана жүктөрдүн санынын кескин кыскарышына байланыштуу болууда. Июль айында жүргүнчүлөрдүн саны өткөн жылдын так ушул айына (июль) салыштырмалуу 2,9 пайызга аз болгон. Ал эми жети ай ичинде бул көрсөткүч 6,8 пайызга жеткен. Эл аралык аба каттамдар ассоциациясынын алдын ала берген маалыматы боюнча ушул жылдагы жалпы чыгаша 9 миллиардга жетмек.

Каатчылык кимге кандай таасир берди?
Каатчылыктын айынан ресторандардан тамактангандардын саны кескин азайып кетти деп маалымдайт эл аралык "Roper" компаниясы. Алардын айтымында, жер шарынын жашоочуларынын 84 пайызы айла жок ашыкча чыгашаларды кыскартып, үнөмдөө максатында кафе-ресторандардан тамактануудан баш тартышкан. Аталган компания 15 жаштан жогорку курактагы 30 000 адамдан сурамжылоо жүргүзүп, ар кандай көңүл ачуучу кечелерге, майрамдарга, кийимге кеткен чыгымдардын саны азайганын байкашкан. Бул сурамжылоо дүйнөнүн 25 өлкөсүнө жүргүзүлгөн. Сурамжылоонун негизинде экономикалык каатчылык адамдардын жашоо образына гана эмес эмоциясына да таасирин тийгизгени аныкталган. Мисалы, АКШ, Канада, Улуубритания, Франция жана Австралиянын жашоочуларына каатчылылык катуу таасирин тийгизген. Суралгандардын көпчүлүгү жумушунан кыскарганын жана өмүрүндө мындай кыйынчылыкка туш келбегенин айтышкан. Ал эми Индия, Япония, Россия, Аргентина жана Түштүк Африканын тургундары каатчылыктан анча деле кыйналбаганын айтышкан.


Жарым кылым жашаган партия жок болду
Акыркы 54 жылдан бери иштеп келген Япониянын Либерал-демократиялык партиясынын (ЛДП) бийлиги аягына чыкты. Өлкөнүн калкы экономикалык кризистин күнөөлүүсү президент Таро Асо башчы болгон ЛДПны атап, аны жазалоо иретинде Япония Демократиялык партияга (ЯДП) бийликти тапшырды. Бул аптада болуп өткөн шайлоодо добуштун үчтөн эки бөлүгүн алган ЯДП жеңишке жетти. Расмий эмес маалыматтарга караганда, 480 орундан турган парламенттин 315ин ЯДП ээлесе, 100үн ЛДП, 23үнө Жаңы Комейто партиясынын өкүлдөрү келет. Буга чейин парламентте ЛДПнын 300 өкүлү болсо, ЯДПнын 112 өкүлү гана отурган эле. Жеңилүүгө учураган бийликтин партия лидери президент Таро Асо отставкага кетти.


Конституцияны чын эле талкуулашабы же?
Украинада 1-сентябрдан баштап бүткүл элдик талкуулоо башталды. Өлкө башчысы Виктор Ющенконун Конституцияга киргизген жаңы өзгөртүүлөрүн мамлекеттик телерадиокомпаниясы күн сайын беш мүнөттүк "Конституцияны талкуулайбыз" деген программада берип турмакчы. Аталган берүү эфирден бир күндө үч жолу көрсөтүлүп, талкууга эксперттер, юристтер, саясатчылар жана карапайым калктын өкүлдөрү катышмакчы. Президенттин башкы катчысы Вера Ульянченконун айтымында, талкуунун негизги максаты калк менен түз диалог түзүү. Бул иш-чара 1-декабрга чейин созулуп, президенттин сунуштары - эки палаталуу парламент түзүү, депутаттык кол тийбестикти жокко чыгаруу жана жергиликтүү башкаруу органдарынын бийликтерин көбөйтүү талкууланмакчы.




Индонезия дагы бир жолу катуу титиреди
Шаршемби күнү Индонезияда Рихтер шкаласы боюнча 7,3 баллды түзгөн жер титирөө болуп өттү. Башында жети кишинин каза тапканы айтылып жатса, бүгүнкү күндө алардын саны 57ге жеткен. Андан сырткары 300дөй адам жаракат алып, 700дөн ашуун үйлөр жер менен жексен боло, топуракка айланды. Учурда он миңдей адам үйсүз калып, чатырларда күн өткөрүүдө. Куткаруучулар дале үйдүн алдында калып кеткен адамдарды издеп жатышат. Зилзаланын очогу борбор шаар Жакартадан 190 чакырым алыстыкта, Ява аралын курчаган океандын түбүндө экени аныкталды. Ошондуктан, өтө көп жаракатка учурагандар да жээкке жакын жайгашкандар болду. Жер титирөө болуп өткөн соң, сейсмолог жана эксперттер цунами пайда болуш ыктымалдыгын билдиришкен, бирок бир канча сааттан кийин анын күтүлбөшү айтылды. Буга чейин 2004-жылы 9 баллдын тегерегинде болуп өткөн зилзала цунамини пайда кылып, Индонезиянын 230 миң жашоочусун бул дүйнө менен кош айттырган эле.




  Борбор Азия

Окуулуктар табылбай...
Өзбекстан эл агартуу министрлиги чыгарган китептер 35-40 окуучу окуган класстарга 5-6дан араң тийди. Мектеп китепканалары эски китептерди ижарага берет, алары да кымбат, алсак 3-класс окуучусу аны үчүн 6 миң сум (3 доллар) төлөсө, 9-класстардыкы 15 миң сумга (10 доллар) чаап барат. Эски китептер да кымбат, эң жаманы тээ совет учурундагы китептер да базарда турат, бирок аларды сатып алайын десең, алардын ариби кирилче, а балдар азыр латынча окуп жатпайбы.

Каракалпакстандан качышууда
Өзбекстандын Каракалпак автоном облусунда 12 шаар, 15 район, 16 посёлок жана 112 аул бар. Ал жерлерде жашоо жылдан жылга оорлошууда, себеби, кургакчылык, Арал деңизинин абалы, өнөр жайларынын өлүшү. Мунун акыбетинде азыр 65-70 пайыз иштей турган калк жумушсуз отурат. Боз-Ата, Канлык, Кара-Өзөк, Кегейли, Коңурат, Мойнок, Нукус, Тахта-Көпүрө, Төрт-Күл, Хожейли, Чымбай райондорунан 80 миңдей адам түйүнчөгүн түйүп, паспортторун алып, Жиззакка, Ташкентке, андан ары дагы бир тобу Казакстанга, Кыргызстанга, Монголияга жакшы жашоо үчүн аттанып кетишти.

Шайлоодо азыркы президент алдыда
Ооганстанда президенттик шайлоонун азырынча 48 пайызы жыйынтыкталды. 1-сентябрга карата 3 миллиондой бюллетень текшерилди, алардын ичинен 1.317.000 добуш Хамида Карзайга, 954.000 добуш мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абуллага, 359.000 добуш төмөнкү палатанын депутаты Рамазан Башардостко берилген. Демек, азырынча Хамид Карзай 45,5 пайыз менен алдыды. Эгер ал 50%+1 добуш топтой албаса, шайлоонун дагы бир туру өтөт.
Айта кете турган нерсе - Ооганстанда 20-августта президенттик шайлоо болуп, шайлоо күнү 15 аймакта 140тай кол салуу өтүп, 26 адам өлгөн. Коркутууларга карабай 40-50 пайыз шайлоочу добуш берүүгө катышкан.

Каримовдун "полькасы"
Эгемендүүлүк майрамынын 18 жылдыгы белгиленип жатканда Өзбекстандын президенти И.Каримов өлкөнүн өнүгүшүн сандар менен көкөлөтүп келип, анан бийлөөгө өттү. Бийге түшкөн өзбекбашыга Түркмөнстандын элчиси Султан Пирмухамедов кошулуп, экөөлөп, анан аларга дагы башкалар кошулуп "Анжиан полькасынын" "акесин таанытышты".

"Шарк тароналари" фестивалы жыйынтыкталды
Самарканд шаарында эки жылда бир жолу өтүүчү "Шарк тароналари" ("Чыгыш обондору") деп аталган улуттук музыканын эл аралык 7-фестивалы жыйынтыкталды. Гран-при сыйлыгын жана 10 миң долларды Түркмөнстан ырчысы Лале Бегназарова алып кетти. 7 миңдик 1-сыйлыкты өзбек кызы Матлюба Дадабаева менен Азербейжандын эл аспаптар оркестри бөлүштүрдү. Быйыл чыгыш ыр-күүлөрүнүн бул фествалына 50 өлкөдөн 260 аткаруучу катышкан. Кыргызстандан баргандар бир гана жолу ЮНЕСКОнун атайын сыйлыгын алып келген.

2010-жыл - билим жылы
Тажик коммерциялык университетиндеги жолугушууда президент Эмомали Рахмон 2010-жыл өлкөдө билим жана техникалык маданият жылы боло тургандыгын маалымдады. Өлкөнүн бардык 28 жогорку окуу жайларында 156 миң студент окуйт. Мугалимдердин айлыгы 15 пайызга жогорулады. Ошентсе да ушу тапта 10 миңдей мугалимдер жана медициналык кызматкерлер жетишпейт.

Кыргыз чегин жигиттер кайтарат
Өзбекстан 27-августтан тартып эгемендүүлүк күнүнүн урматы үчүн Кыргызстан менен чегарасын жапты. Албетте, убактылуудур. Мындан ары аскерлер менен катар эле ар бир чегара айылынын тургундары элдик дружина катары чеп кайтарууга чыгышат.

МААЛЫМАТ БУЛАКТАРЫНАН АЛЫП ДАЯРДАГАНДАР АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ, АЙША КУРБАНОВА