Көк бөрүнүн президенттик кубогу
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган эл аралык Президенттик кубок турниринде Кыргызстандын Ош жана Баткен облустарынан башка аймактардын командалары жана Өзбекстан, Тажикстан, Орусия Федерациясынын Алтай Республикасынын спорттун бул түрү боюнча чемпиондору күч сынашты. СҮРӨТ: АЛИЖАН ЯКУБОВ

Табылды Асыгалиев
26-31-августта борборубуздагы "Ак кула" ат майданында Көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган эл аралык Президенттик кубок турнири болуп өттү. Анда Кыргызстандын Ош жана Баткен облустарынан башка аймактардын командалары жана Өзбекстан, Тажик- стан, Орусия Федерациясынын Алтай Республикасынын спорттун бул түрү боюнча чемпиондору күч сынашты.
Командалар адегенде үч топко бөлүнүп ойношту жана анда 1-орунду жеңип алгандар жарым финалга чыкты. Аларга дагы 2-орунду ээлеген командалардын ичинен (көрсөткүчү боюнча) дагы бир команда кошулуп жарым финалда ойношту. Уткандары финалга чыгып, утулгандары 3-орун үчүн ат салышты.
Эмесе, турнирдин жүрүшү тууралуу кыскача айта кетели.

Группалар
1-группа. Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас.
2- группа. Нарын, Чүй, Бишкек.
3-группа. Тажикстан, Алтай Республикасы,
Өзбекстан.

1-оюн. Ысык-КӨл - Жалал-Абад - 3:5
Биринчи болуп оюн талаасына Ысык-Көл менен Жалал-Абад командасы чыкты. Бул эки команда тең эки жылдан бери ойноп жүрүшөт. Биринчи болуп эсепти Ысык-Көлдун жигиттери ачты. Ысык-Көлдүн оюнчулары улакты жерден жекеме-жеке эңүүдө артыкчылык кылып жатышты. Өзгөчө анда Токтосунов Аскердин чеберчилиги байкалды. Бирок тай казанга улак салууда кичине кыйналып жатышты. Анын үстүнө Жалал-Абаддын улакчылары өз тай казанын жакшы кайтарышты. Анан да Жалал-Абаддын аттары күчтүү, мыкты аттар экен. Көк бөрүдө оюнчулар да, алардын минген аттары да чоң роль ойнойт эмеспи. Акыры Жалал-Абад командасы атааңдаштарынын эбин таап, 5:3 эсебинде жеңип кетишти.

2-оюн. Нарын-ЧҮй - 9:3
Ар бир группада үч эле команда болгондуктан 1-группадагы үчүнчү команда (Талас) ал күнү эс алды. Ал эми Нарын менен Чүйдүн ортосундагы оюнда нарындыктар жеңишти. Эки команданын негизин атактуу "Дордой" жана "Рассвет" командасынын оюнчулары түзөт. Бирок, "Рассветте" азыр жаш оюнчулар болгондуктан (смена поколеннй) алар Нарындын тажрыйбалуу оюнчуларына туруштук бере алышкан жок. Анын үстүнө Чүй командасында жоготуулар болуп, команданын капитаны Аман Бөкөнбаев травма алган. Эң өкүнүчтүүсү "Рассветтин" эң мыкты оюнчусу, Кыргызстан курама командасында көп жыл ойногон Айбек Солтобаев жакында автокырсыктан каза болду. Айбек болгону 33 жашта болчу. Ошентип, Нарын командасы бул оюнда жаш атаандаштарын оңой эле 9:3 эсебинде утушту.

3-оюн. Тажикстан -
Алтай Республикасы - 8:0
Кыргызстанда жаңы көк бөрү оюну пайда болгон, көп өтпөй эл аралык Федерация да түзүлүп, 2003-жылы Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Кытай, Афганистан командалары кошулган. 2005-жылы Россия да кирген. Алтай Республикасы да Президенттик Кубокко келген. Ошондон бери алтайлыктар да өз чемпионатын өткөрүп жүрүшөт. Быйыл алар экинчи жолу Кыргызстанга келишти. Ал эми Тажикстанда улак илгертен эле ойнолот эмеспи. Алар торпок тартып жүрүшчү.
Бул эки команданын ортосундагы оюнда тажиктер артыкчылык кылып 8:0 эсебинде жеңишти. Айтмакчы, быйылкы турнирге келген Тажикстан, Өзбекстан, Алтай командаларына аттарды кыргыз командалары беришкен. Алар өздөрү эле, аттары жок келишкен. Анан да айта кетүүчү нерсе, быйылкы турнирде кыргыздар меймандарды өзүнчө бир группага бөлүп ойнотушту (тажиктер ушинтип суранышты). Ошон үчүн тажиктер эки атаандашты утту да, ал эми кыргыздарды ута албашын билет.

4-оюн. Ысык-КӨл - Талас - 1:10
Турнирдин экинчи күнү. 1-группада Талас менен Ысык-Көл ойноду. Анда таластык жигиттер өтө эле артыкчылык кылып, 10:1 эсебинде жеңишке жетишти. Эми бул оюндун жыйынтыгы закон ченемдүү көрүнүш. Анткени, таластык жигиттер илгертен мыкты улакчылар. Алар өлкөнүн эки жолку чемпиону, Спартакиаданын жеңүүчүсү болушкан.

5-оюн. Нарын - Бишкек - 3:11
Бул оюнду биз өтө чыдамсыздык менен күттүк эле. Анткени, бүгүнкү күндө бул эки команда Республикабыздын эң күчтүү командалары. Катуу таймаш күтүп жатканбыз. Бирок андай болгон жок. Бишкектин атынан чыгып жаткан "Бөрүлү" командасы учурда катуу даярдыкта экен. Акыркы үч жылдагы чемпион "Бөрүлү" "Дордойдун" таш талканын чыгарды. Эсеп 11:3. Мындайды күткөн эмеспиз. Бул оюндан кийин Бишкек командасы быйылкы "Президенттик Кубоктун" кубогуна башкы талапкер болду деп турдук.

6-оюн. Тажикстан-Өзбекстан - 4:0
Тажикстан өзүнүн экинчи оюнунда да жеңишке жетип, турнирде биринчилерден болуп жарым финалга чыкты. Бирок өзбектер бул турнирге алты эле оюнчу менен келишиптир. Албетте, алтоо он эки балага туруштук бере албайт. Өзбектер аз болсо да тажиктерди утабыз деп жатышкан. Алардын ою ишке ашкан жок.

7-оюн. Мелдештин ҮЧҮнЧҮ кҮнҮ
1-группада Жалал-Абад менен Талас беттешти. Талас командасы да атаандаштары менен тең чыкса болмок. Тең чыгуу Жалал-Абадга да пайдалуу эле. Анда алар 2-орунду ээлеп, турнирдеги 2-орунду ээлеген командалардын ичинен көрсөткүч боюнча экиден бир финалга чыгышмак. Ал эми өз группасында 1-орунга чыгыш үчүн жалал-абаддыктар Таласты сөзсүз утуш керек эле. Бирок алар таластыктарды ута алышат беле же жокпу? Ошондуктан алар тең чыкканына сүйүнүп, жарым финалга чыгышты. Бирок эки команданын тең турнирге жакшы даярданып келгенин айта кетишибиз керек. Өзгөчө таластыктар быйыл финалга татыктуу оюн көрсөтүштү.

8-оюн. ЧҮй-Бишкек - 2:14
Чүйдүн жаш оюнчулары бул жолу да чоң эсеп менен утулушту. Эми аларды өлкөбүздүн чемпиону Бишкектин командасы ыза кылды. ИИМ министри М.Конгантиев жетектеген "Бишкек-Бөрүлү" командасында бардык оюнчулар мыкты чеберчилиги менен таанымал. Ал эми алардыкындай күчтүү, күлүк аттар эч кимде (казактарда да) жок.

9-оюн. Алтай-Өзбекстан - 1:2
Эми бул эки жаңы команданын оюну бул группада 1-орунду ээлеген Тажик- станга эч кандай деле таасир берген жок. Бирок жаңы командалардын оюну өзүнчө кызык болду. Алтай жана өзбек командалары үч күндүн ичинде биздин оюнду кадимкидей өздөштүрүп келишиптир. Тек гана улакты тай казанга сала албай жатышты. Аракет бар экөөндө тең. Командалар кыргыздардын оюнун туурап, комбинацияларды, ыкмаларды жасоого аракет кылып жатышты. Ошентип, 3-группада өзбектер алтайлыктарды утуп 2-орунга чыгышты. Ал эми Алтай 3-орунда калды.

Экиден бир финал.
Бишкек - Жалал-Абад - 9:2
Бишкектин командасы Жалал-Абадга да эч кандай мүмкүнчүлүк бербей коюшту. Эң кооз голдор тай казанга түшүп, күйөрмандар "Бөрүлү-Бишкектин" оюнчуларына тан беришти. Ал эми жеке оюнчулардан Мирлан Сраждинов, Радмир Саманчиев алмак-салмак улакты тай казанга таштап, быйыл да турнирдин эң мыкты оюнчулары болду. Алардан кем калбай Алтынбек Эсеналиев, Улан Насакеев, деги эле бардыгы мыкты оюн көрсөтүштү. Жалал-Абад командасы эч нерсе кыла алган жок. Ошентип Бишкек финалга жана баш байгеге дагы бир кадам шилтеди. Ал эми Жалал-Абад командасы биринчи жолу Президенттик Кубокто 3-4-орунга ойноду. Алдын ала айтсак, алар тажиктерден күчтүү болгондуктан 3-орунду камсыз кылды десек болот. Жалал-Абад үчүн бул чоң ийгилик.

Экиден бир финал.
Талас - Тажикстан - 9:4
Экинчи жарым финалдын жыйынтыгы да алдын ала белгилүү эле. Жогоруда айткандай Талас командасы учурда өлкөбүздө экинчи команда. "Бөрүлү-Бишкектен" кийин. Алар тажиктерди оңой эле утушту. Ал эми Тажикстан командасы кыргыздардын меймандостугунан пайдаланып турнирде кичи финалга чыгышты. Бул жок дегенде 200000 сом байге. Тажиктер аябай сүйүнүп, алдын ала кыргыздарга ырахмат айтып, биз да силерди Тажикстанга чакырып колдон келишинче ушундай сый урмат кылабыз деп жатышты.

Президент көргөн Көк бөрү
31-август күнү ат майданга КР Президенти К.Бакиев, премьер-министр И.Чудинов, мамлекеттик катчы Д.Нур уулу ж.б. жетекчилер жапырт келди.

Жарым финалдык оюн.
Жалал-Абад - Тажикстан - 13:3
Бул оюнда Бакыт Чилинбаев, Улан Кулукеев, Байыш Ниязов, Улан Жапаров, Табылды Шекитов мыктылыгын көрсөтсө, тажик тараптын айласы алты болуп амалын таппай отуруп берди.

Финал. "Ынтымак" (Талас) - "БӨрҮлҮ" (Бишкек) - 1:7
Быйылкы турнирдин мыкты оюндардын биринде адегенде эле таластыктар тай казанга бир улак таштап, "Бөрүлүнү" намыстантты. Эмил Бекбердиев, Атайбек Эгембердиев, Алтынбек Эсеналиев милициянын "Бөрүлү" командасына бирден упай алып берип, алдыга озушса, 3-таймда Радмир Саманчиев удама-удаа үч улак салып таштады. Соңку жыйынтыкты Мирлан Сраждинов чыгарып, 7-упайды алып берди да "Бөрүлү" президенттик кубоктун жана 1 миллион сомдун ээси болду. "Эң мыкты оюнчу" деп М.Сраждинов ("Бөрүлү") аталды.