Мен жөрмөлөп баштадым

Эми гана дүйнөнү тааный баштаган бала үчүн баарын кармап, татып, оозуна салып көрүү кызык. Ошол эле ток сайылчу тешиктерге да бир нерсени сайып көргүсү келет. Мындан сактоо үчүн дүкөндөрдө атайын пластикалык жапкычтар бар, ошону сатып алыңыз.

Сиздин балаңыз жөрмөлөп баштадыбы? Жакында чүрпөңүз сиз билбеген үйдүн бурчтарына кире баштайт. Ошондуктан энелерге сунуш жана кеңеш катары балаңызды өз үйүңүздө кокустукка учуратып албоо үчүн материал сунуштайбыз.

Балаңыз үчүн кооптуу жайлар төмөнкүлөр:

1. ҮЙ ЭМЕРЕКТЕРИН
КӨЗӨМӨЛДӨП ЧЫГЫҢЫЗ
Буту сынып калган тумбочка, шкаф же столдорду карап, аны тез арада оңдотуңуз. Өзүбүзгө байкалбаган менен кичинекей чүрпөңүз анын астына кирип кетип, бир жерин кокустатып алышы мүмкүн. Бут кийим тизилчү тактайды дубалга мыктаңыз. Ага таянам деп, наристеңиз астында калып кетиши ыктымал. Эмеректердин бурчун поролон менен ороп, жабыштырып чыгыңыз.

2. ТЕПКИЧТЕРДИН ЖОЛУН ЖАБЫҢЫЗ
Эгерде үйүңүздө тепкич бар болсо, ага кеткен жолду батыраак жабууга аракет жасаңыз. Дүкөндөрдө атайын кашаа сымал жасалган, ачылып-жабылма эшикчелер сатылат. Ошону тепкичке улап кадап коюңуз. Тепкичтин үстү сыйда болбошу үчүн атайын лента, же кадимки лейкопластырь сатып алып, жабыштырыңыз.

3. ҮЙГӨ КЕРЕКТЕЛЧҮ САМЫН КАРАЖАТТАРЫН АЛЫС КАРМАҢЫЗ
Кир жуучу жана тазалоочу самын каражаттары, кийим кондиционер суюктуктары, ванна жана унитазды жуучу каражаттардын баары химиялык заттар. Аларды дайыма бир кутуга салууну адат кылып, аны өйдө жерде сактаңыз. Эч качан ачык жерге таштабаңыз. Дээрлик бардык каражаттардын сырткы кагазы жалтырак болуп, баланын көңүлүн бурдурат. Наристеңиздин көздөрү аны байкабай коюшу мүмкүн эмес. "Химияга толо" бөтөлкөнү алам деп, үстүнө төгүп алышы ыктымал.

4. ТЕРЕЗЕЛЕРГЕ АБАЙ БОЛУҢУЗ
Жөрмөлөй баштаган, кийин баскан жаш бала оңой эле терезенин текчесине жетет. Андыктан, терезелер дайым жабык турушун камсыз кылыңыз. Бекитчү жайларын болушунча жогоруда жасаттырыңыз. Текчелерден гүл салчу ваза жана гүл отургузулган идиш-карапаларды да карап туруңуз, же башка жакка коюңуз.

5. АШКАНА ЭМЕРЕГИ
Бул бөлмөдөгү бычак, вилка ж.б. учтуу предметтер салынган жерлердин ордун которуңуз. Столдун үстүнө төшөлгөн дасторкон жаш баланын бою жете тургандай болбосун, же аны таптакыр алып салуу керек. Анткени, бир учунан аны тартып, баарын талкалашы мүмкүн.

6. РОЗЕТКАЛАРДЫ ЖАБЫҢЫЗ
Эми гана дүйнөнү тааный баштаган бала үчүн баарын кармап, татып, оозуна салып көрүү кызык. Ошол эле ток сайылчу тешиктерге да бир нерсени сайып көргүсү келет. Алсак, калем ж.б. Мындан сактоо үчүн дүкөндөрдө атайын пластикалык жапкычтар бар, ошону сатып алыңыз. Эгерде, үйүңүздө ар дайым сайылып турчу розеткалар бар болсо, аны бир нерсе менен тосуп коюңуз. Мисалы, эмерек менен. Дагы бир эске алчу жагдай, кабелди жашырыңыз. Аны балаңыз тиштеп көрүшү ыктымал.

7. КОШУМЧА ЭСКЕРТҮҮ
Наристе али оттун ысык жана коркунучтуу экенин билбейт. Ошондуктан, ширеңкени алыс кармаңыз. Мунун баарын сизге бир эскертүү менен дагы бир жолу дары салынган кутуну жогоруда кармаңыз деп айтуу ашыкчалык кылбастыр… Сизге ийгилик каалайбыз!!!




Өзөктөн чыккан өрт
"Балам, ар бир башталган нерсе эртеби кечпи аяктайт. Аягы жок суу болбойт, өчпөс от болбойт, сынбас идиш болбойт, жыртылбас таш болбойт, өлбөс жан болбойт". Чыңгыз Айтматов

Ооба, бул сөздөрүңүз калетсиз. Бирок кээ бир нерселердин кечирээк болгону жакшы окшобойбу. "Өлүмдөн башкасынын эртерээк болгону жакшы",-деп кыргызда эң оболу "бактылуу бол",- деп бата беришет эмеспи, мен да ушул өмүрдү тогуз ай тилегендердин бири элем. Тилекке каршы, ал өмүр тогуз саатка дагы созулбады, азыр дал ошол көкөй кескен окуяны баян кылып берейин.
Төрт мезгилдин бири жайдын саратаны эки миң сегизинчи жылдын июль айынын жыйырма беши, чак түш күнгө жума эле, мына андан бери көзгө илешпей туптуура кырк күн өттү. Дал ушул күнү эгер менин балапаным аман болгондо туптуура кырк күн толмок, биз анын кыркын чыгарып жуунтмакпыз бирок кызым ошол эле мүнөттөрдө жарык дүйнө менен кош айтышып кете берди.
Менин периштем, алтын кызым, "Берметим" тогуз ай сүйүнүп күткөн чоң ата, чоң апа, сени абдан сүйгөн атаңды, апаңды бир көз ачып көрбөстөн, өзүңдү бир жыттатпастан, бир да жолу аба жарып ыйлабастан түбөлүк жайыңа эртелеп кете бердиң. Мен кызымды сүйүнүп эркелетип боорума кыспадым, кызыма бир да жолу эне сүтүмдү эмизбестен "ак сүтүмдөн кечтим" деп айтууга аргасыз болдум. Берметимди акыркы да, биринчи да жолу анын мотурайган аппак бетине суктана карап учурашып, баарынан ич күйгүзгөнү кызым менен акыркы жолу көрүшүп эми таптакыр түбөлүккө коштошуп бир да жыттабастан, бир да өбө албастан маңдайынан гана сылап- сылап кала бердим.
Кош бол менин алтын кызым, эгер сен менин күнөөм менен кетип жатсаң, кечир мени суранам кечир! Кызым сен эң сулуу, анан да эң акылдуу кыз болмоксуң. Сен билесиңби? Менин ичимде жатканда эле мен сенден кыймылдап койчу деп сурансам кыймылдачусуң, сен кыймылдап жатканда "кыймылдап атат",-деп айтсам сен аларды кыймылдаганыңды көрбөсүн дегендей токтоп калчусуң. Сен мени ошондо эле түшүнчүсүң.
Мен сени азыр аябай сагынып жатам, сени эркелетип боорума кысып, кучактап, өпкүлөп, эмизип отурсам кандай сонун болор эле кызым ай кызым. Ошол күн түшүм болуп калса эмине? Кантейин кызым ай, ал күн менин ичимди куйкалаган ачуу чындык болуп жатпайбы. Чиркин дүйнө колумдан эч бир айла амал келбей, көзүмдөн жаш төккөндөн башка эч нерсе кыла албай жатам.
Эне үчүн тогуз ай омурткасы сыздап көтөргөн баласын жоготкондон артык, андан ашкан алаамат, тозок жок экенин билчүмүн, бирок жон терим менен сезген эмес элем да, көрсө андай алааматты өз көзүң менен көрүп, кулагың менен уккандан дагы, жон териң менен сезгениң алда канча оор, алда канча ачуу болот турбайбы. "Өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан өрт жаман",- деген ушул экен.
Кандай болсо да, башка түшкөндү көтөрүүгө аргасыз болуп сабырдын түбү сары алтын деп жашап келем. АЙТУРГАН КЕКИЕВА




Бири-бирибизди туура түшүнүү үчүн…
Психологдор жүргүзгөн изилдөөгө ылайык эки түрдүү ой жүгүрткөн адамдар болот. Алар "логика адамы" ("акылдуулар") жана "этика адамы" ("маданияттуулар") деп бөлүнөт. Логика адамы бул - эркекке мүнөздүү, ал эми этика адамы аялга тийиштүү. Бирок кээде алмашып калган учурлар да кездешет…
Сиз эки топтун кайсынысына киргениңизди билбесеңиз, төмөндөгү сынактан өзүңүздү сынап көрүңүз.
Базарга кийим алуу үчүн бардыңыз. Каалаган буюмуңузду таптыңыз, бирок аны саткан сатуучунун кандайдыр бир кыймылы, же дагы бир сөзүбү, сизге жакпай калды. Сиздин кийинки аракетиңиз эмне болот? Макул деп, сатуучунун жакпаганына карабай, буюмду сатып аласызбы, же башка жактан издей баштайсызбы? Эгерде, сатып ала берсеңиз, сиз "акылдуусуз". Жок, сатып албай, башка жактан издейм десеңиз, сиз "маданияттуусуз".

"ЛОГИКА АДАМЫ" АЛ КИМ?
"Акылдуулар" биринчи орунга объективдүүлүктү коюшат, т.а. алар бейтараптуу анализ жүргүзүп, чечим чыгарат. Бул топтун каармандары эч качан ойлонбостон иш кылбайт. Кырдаалдын абал-шартын аныктап, таразалап, далилдерди изилдеп, өзүнө пайдалуу болбосо да, туура чечим кабыл алганга аракет жасайт. Мунун кесепетинен аны көбү кайдыгер жана таш боор дешет. Чынында эле, алардын сезими акыл-эске баш иет. Логик бул - так эсепке муктаж болгон чөйрөнүн чыгармачыл адамы. Сиз буга дартыңызды айтпай деле койсоңуз болот. Анткени, алар бирөөнүн маселеси менен "иши жок". Кыскасы, сиз менен кошо ыйлабайт да, жыргабайт да.

"ЭТИКА АДАМЫ" БУЛ КИМ?
Булар чечимди жеке баалуулуктарына таянып гана чыгарат, т.а. акыл-эстен сезим басымдуулук кылат. Алардын эң жакын кеңешчиси акыл эмес, жүрөк. Бул адамга кеңири эле арманыңызды айтсаңыз болот. Ал сизди угат, кошо ыйлайт. Анткени, "маданияттуулар" дайым өзүн унутуп калышып, алардын маселесин укканда, өзүн анын ордуна коёт. Алар - ак көңүл, жаратылыштан жаралган психологдор жана кошо кайгыруучулар. "Этика адамы" өзүнө жаккан менен жакшы сүйлөшөт. Бирок бир адам жакпай калса, ага пайда алып келе турган болсо да, аны менен эч кандай сүйлөшүүгө бара албайт.

ЭКИ АЙКАШ ЭМНЕГЕ АЛЫП БАРАТ?
Жогоруда айтылган изилдөөдө 70-80 пайыз эркектердин "акылдуу", 70-80 пайыз аялдардын "маданияттуулар" тобуна кирери белгилүү болгон. Бирок, тескерисинче да болуп калышы мүмкүн. Мисалы, аял "логика адамы", же эркек "этика адамы".

Эгерде сиз логик болуп,
жубайыңыз этик болуп калса:
- кечиримди сиз биринчи болуп сураңыз;
- эгерде жубайыңыз кандайдыр бир маселени көтөрсө,
демек ал сиздин колдооңузга муктаж, ага жардам бериңиз;
Эгерде сиз этик болуп, жубайыңыз логик болсо:
- аны менен талашуудан жана күрөшүүдөн чочубаңыз;
- кээде күнөөңүздү сезбей туруп, ага тескери ойду айтыңыз;
Экөө тең логик болсо:
- экөөңүздүн тең бирдей сезимдериңиз бар экенин унутпаңыз;
- сүйлөшүүдө аны менен эсептешиңиз;
- маекти жарышууга айлантып жибербеңиз;
- башка адамдардын көзүнчө талашып-тартышууга жол бербеңиз;
Экөө тең этик болуп калса:
- бирөөнүн айткан сөзүн өзүңүзгө ала бербеңиз;
- бирдиктүү колдоодон ырахат алып, кубанып жашаңыздар;