Ат-Башыдагы акыйнек
Күмөндөр Усуптегин
Нарын
Бишкек-Торугарт автоунаа жолу Ат-Башы районунун аймагында жергиликтүү тургундар тарабынан Арпа өрөөнү Кытайга ижарага берилет экен, Торугарт көзөмөл өткөөл жайы ичкери карай 50 чакырым аралыкка көчүрүлөт экен дешип 6-июль күнү күндүн тең жарымына дейре тосулган эле. Окуя болгондон тогуз күндөн кийин Улуттук коопсуздук кызматынын жергиликтүү кызматкерлери жол тосууга чыгышкан Ат-Башы районунун Кызыл-Туу, Казыбек айылдарында иликтөө жүргүзө башташкан экен.
"Чоңдорго ишенип, жерибиз колго тийди деп тарасак, эми КГБ келип тынчыбызды алып жатат. Жерди коргогонго да укугубуз жокпу. Айылда жыйырмадай киши суракка алынууда",-дейт Ат-Башы районундагы Кызыл-Туу айылынын тургуну Керез Айдаралиева.
Ал эми ушул эле айылдын тургуну Султангазы Токтокадыровго коопсуздук кызматтын кызматкери талаадан келе жатканда жолуккан. "Мен талаадан келе жаткам. КГБданмын деп күбөлүгүн көрсөттү. Эмнеге барабыз десем, жөн эле түшүндүрүү иш менен, коркпогула, бирок силер мыйзамсыз чыктыңар деди. Биз сүйлөшүп Ат-Башыга барган жокпуз. Эгерде ушинтип коркута беришсе, эл кайра чыгабыз деп атышат",-дейт ал.
Жагдай боюнча Улуттук коопсуздук кызматынын Ат-Башы району боюнча жетекчиси Марат Баатырбеков буларды билдирди. "Чындыгында ошол окуя боюнча иштеп, түшүндүрүү иштерин өткөрүп жатабыз. Аксакалдар түшүнүшүп, чыкпай эле койсок болмок экен дешти".
Нарын шаарындагы "Абдул-Разак" коомдук уюмунун лидери Абдразак Шермамбетовдун баамында жерлеринен айрылып, коркуп калган эл жол тосууга чыгышкан. "Акаевдин тушунда Үзөңгү-Кууш, Бакиевдин доорунда Каркыра берилип кетти. Анан эл коркуп калды да. Эми Арпадан айрылсак, эртең эле дагы бирөө келип Соң-Көлдү ала баштаса деп элдин жол тосууга чыкканы туура болгон",-дейт ал.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн инспектору Тойгонбай Жаанбаев окуяны жеринде иликтөө зарылчылыгын белгилейт. "Негизи жол тосуу мыйзамда каралган эмес. Ошондуктан мындай алып караганда коопсуздук кызматкерлердин аракети туура эле. Бирок алар чакыруу барагын жибериши керек эле. Ал эми иш жүргүзүүнү жер-жерине барып жасашса, жакшы болмок деп эсептейм",- дейт Тойгонбай Жаанбаев.




Капчыгың канча, Нарын шаар?
Нарын шаарынын коомчулугу шаар бюджеттин келерки жылдагы долбоорун талкуулады. Жергиликтүү каржы бөлүм бюджет быйылкы жылдан алдыдагы жылда 4,6 пайызга көбөйөрүн, салыктык жыйым жылдан жылга арбып жаткандыгын белгилешсе, тармактык адистер социалдык коргоого каражат туура берилбей жатат, сурамжыланган адат көнүмүшкө айланды деп билдиришти. Маселен, Нарын шаардык салык кызматынын жетекчиси Нурлан Мамбетаитов салык жыйноо жылдан жылга аткарылып, киреше өсүүдө экендигин маалымдаса, каржы бөлүм башчысы Жекшен Үрүстөмов чыгаша бөлүк быйылкыдан келерки жылы 4,6 пайызга көбөйгөндүгүн шардана кылды. Же болбосо Нарын шаарынын 2010-жылдагы бюджет долбоору 94,2 миллион сом болмокчу жана анын 20,5 миллион сомун салыктык жыйымдар түзөт. Нарын шаарынын мэри Алмаз Кулматов бюджеттик каражаттар элдин көз алдында болуусун кубаттап, ушуну менен 10-жолу шаар бюджет элдин талкуусуна алынып жаткандыгын белгиледи. Талкууда китепканачылардын китеп менен иштөөдөгү зыяндуулугуна үстөк каражатты кошуу, жөө адамдар баскан жолду оңдоого каражат бөлүү, таланттуу балдарды сыртка алып чыгуудагы каражаттардын өксүгү, шаардык социалдык жактан коргоо бөлүмүнөн жеңилдик алуучу атуулдарга каралган каражатты көбөйтүү тууралуу суроолор берилди. Шаар башчысы А.Кулматов болсо чечиле турган маселелер бар экендигин, бирок майыптарга каражаттар жылдан жылга көбөйтүлгөндүгүнө карабастан, мамлекеттен жеңилдик алуучу адамдар саны арбыгандыгын сынга алды. КҮмӨндӨр Усуптегин , НАРЫН




"Ырдайлы кыргыз ырларын"
Кыргыз тилинин мамлекеттик тил статусун алгандыгынын 20 жылдыгына карата Ош шаарында мамлекеттик тилдин бир айлыгы жарыяланган. Анын алкагында кыргыз тилинин кадырын көтөрүүгө, аны сактоого багышталган иш-чаралар өтүп жатат. Мына ушундай иштердин бири "Ырдайлы кыргыз ырларын" деген аталыштагы ыр кесе шаардагы мекеме-ишканаларда старт алды.


Ыр кесенин алгачкы сапарын Оштогу жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинатынын эмгек жамааты баштады.СҮРӨТ: К.ЖАПАРОВ

НАЗГҮЛ Бостонбаева
Ош

Ыр кесенин алгачкы сапарын Оштогу жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинатынын эмгек жамааты баштап, анда эмгектенген түрдүү улуттардын өкүлдөрү кыргыз тилин даңазалаган ырларды ырдап, акыйнек, макал-лакап, "Манас" айтып көркөм өнөрлөрүн тартуулашты. Ыр кесе кезегин аталган жамаат Ош шаардык суу чарба башкармасынын эмгек жамаатына беришти.
Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө кыргыз ырларын ырдап, "Манас" айткан боордош элдердин өкүлдөрү менен баарлашып, бөтөн улуттун өкүлү болгондугуна карабай жүрөгүндө кыргыз деп жанган мекенчилдик духуна күбө болдук.

Түрк уулу Ибрагим
Кучиев, "Кыргыз жери"
ырынын аткаруучусу:
- Ырды аткарып жаткан учурда сизде кандай сезимдер болду?
- Кыргыз жергесинде төрөлүп, чоңоюп тузун таткандан кийин мен үчүн анын ар бир заты кымбат. Ырды аткарып жаткан учурда кыргыздын керемет жерлери, анан шыңга бойлуу башына ак калпак кийген кыргыз жигити менен кырк өрүлгөн чачы жерге төгүлгөн керме каш кыргыз бийкечи көз алдыма тартылат.
- Кыргыз тилинин сиздин жашооңузда орду кандай?
- Жогоруда айткандай менин бүт өмүрүм ушул жерде өтүп, өнүп-өсүп жаткандыктан эне тилим деп мен кыргыз тилин атайм.

Орус улутунун өкүлү,
манасчы Сергей Кравуов:
- "Манас" айтууга кандайча кызыгып калдың?
- Мен биринчи жолу "Манасты" 18 жашымда кызыгып өз алдынча эле жаттап алганмын. Азыр жашым 25ке барганына карабай ошол мезгилдеги жаттаган саптарым күнү бүгүнкүдөй эсимде турат.
- "Манастан" үзүндү айтканыңда ошол саптардагы окуяларды айтып бере аласыңбы?
- Биринчи жаттаганда эле саптардын маани-мазмунун түшүнүп аламын. Ошондо жаттаганга оңой болот. Мен аткарган үзүндүдө кыргыз-калмак элдеринин урушу тууралуу баяндалат.
Өзбек кызы Данохан
Игамбердиева, "Андай
жигит мырзасы эмес
кыргызымдын"
ырынын аткаруучусу:
- Сиз аткарган ыр эмнеси менен жакты?
- Мен үчүн кыргыз тили ыйык. Бул тилдин ийкемдүүлүгү, сөздөрүнүн курчтугу, таамайлыгы мени ар убак ушул тилде ырдаганга куштар кылат. Көпчүлүк ырлардын текстине обону өзгөчө айкашып, оңой эле жаттап аласың. Мен аткарган ырда кыргыз жигиттерин өз элинин намысын сактоого, мекенин ардактоого үндөгөн чакырык жатат. Дегеле ырда кыргыз жигиттеринин эр жүрөктүүлүгү, намыстуулугу, акылдуулугу тууралуу айтылган. Эгерде аларда ушул сапаттар болбосо, анда кыргыздын чыныгы мырзасы деп айтууга болбойт го. Мен ырды аткарып жатканда иш билги, өз эл-жери үчүн бардык нерсеге даяр турган жигитти элестетем.
- Сизге кыргыз мырзаларынын кайсы сапаты жагат?
- Мага биринчи иретте марттыгы, өзгөлөргө урмат менен жасаган мамилеси, анан албетте, шайыр мүнөзү жагат.




Канат как, кайрымдуулук
"Ысык-Көлдү өнүктүрүү" коомдук бирикмесинин төрайымы Сонун Телтаеванын жеке демилгеси менен 1-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген 3 адамга үч дөңгөлөктүү коляска тапшырылды. Алардын бири Ысык-Көл районунун Темир айылынын тургуну Мария Жумабекова мындай жардамга ыраазы болгонун көлдөгөн көз жашы аркылуу билдирди. 1995-жылы Челек ашуусунда кардуу-бороондо күйөөсүнөн, эки кызынан, бир тууганынан түбөлүк ажырап, үшүк алып кеткен эки буту тизесинен ылдый кесилген Мария Жумабекованын адам чыдагыс оор тагдырына кайдыгер карабаган ишкер айым жакында анын үйүндө болуп, майыптын жашоо-шарты менен таанышты. Америкалык Мэлиса Боденхамер түптөп кеткен "Үй-бүлөдөн үй-бүлөгө" аттуу кайрымдуулук фонду аркылуу областка 3 дөңгөлөктүү 5 коляска алып келүүнүн жол-жобосун тапкан Сонун Телтаеванын айтымында, ал буга чейин эле бир топ кайрымдуулук иш-чараларын уюштурган. Тагдыры катаал майыптардын неченин көргөн. Бирок, Мариядай эрки бекем, кайраттуу, иштерман аялды кезиктирген эмес. "Эки буту жок, тизелеп баскан Марияны коляскага олтургузганыбызда ал үн-сөзсүз шолоктоп ыйлап жиберди. Мен дагы ыйладым. Сыз жерди басканда тизелериң оорубайбы десем, ал: "жүндөн "байпак" түйүп алгам, оорубайт", деп оор үшкүрдү. Сай-сөөктү сыздаткан мындай оор үшкүрүктү эч унутпайт болушум керек",-дейт ал. "Акчанын эмес, адамкерчиликтин кулу бололу" деген ой-максат менен жашаган Сонун Телтаева адамдардан ырайым, жылуу мээрим, колдоо күткөн, бирок догун артып, кимдир бирөөлөрдөн суук-селки сөз угууну каалабаган эрки күчтүү бул аялга кайра барып, ага моралдык, материалдык колдоо көрсөтмөкчү. Шейшекан Жаналиева, Ысык-КӨл


Чаткалда алтын-кен комбинаты курулууда
Чаткал районунун Чапчыма ашуусунун алдында кыргыз-кытай биргелешкен "Фулд Голд Майнинг" жоопкерчилиги чектелген коому 60 миллион доллар каражат жумшап, "Иштамберди" алтын кен комбинатын курууда. Бул тууралуу аталган компаниянын вице-президенти Жан Цан Шень билдирди.
Анын айтымында, бул жерде 1986-жылдагы иликтөөлөр боюнча алтындын ири кору бар. Ал эми комбинатты курууга 179 кытай адистери тартылган. Ал эми жергиликтүү 130 адам иштеп жатат. Ошондой эле компания элге шарт түзүү максатында 200 миң сомдук Ала-Бука - Терек-Сай көпүрөсүн куруп жатат.
Компаниянын президенти Жалал-Абад облусунун губернатору Кошбай Масировко комбинаттын курулуш иштери ушул жылдын октябрь айында бүтө тургандыгын билдирди. Ал эми губернатор жергиликтүү элдин кызыкчылыгы корголуп, экология мыйзамдары сакталышы зарылдыгын эскертти.
Жалал-Абад аймактык айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, курулуш долбоордон четтеп, экологиялык талаптарды бузгандыгы үчүн атайын эскертүү берип, 1 миллион сомго жакын айып төлөө жагы милдеттендирилген.

Жасалма "экологдор" кармалды
Сузак районундагы Барпы айылынын тургундары - Гүлбара Токтосунова менен Тазагүл Анаппияева эс алуучу жерлерге барып, эколог катары мыйзамсыз түрдө акча жыйнап жүргөн жеринен өткөн жумада кармалышкан. Аларды Жалал-Абад аймактар аралык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармасынын кызматкерлери байкаган.
Бул тууралуу аталган башкарманын басма сөз катчысы Айнура Тогузакова маалымат берди. Басма сөз катчысынын айтымында, жасалма "экологдор" Базар-Коргон суу сактагычында жана Сузак районундагы "Достук" эс алуу жайында эч кандай документи жок эле эс алып жүргөндөрдөн жана автоунаалардын ээлеринен 20 сомдон акча жыйнап кетишкен. Учурда "экологдор" укук коргоо органдарында сурак берүүдө. Башкармалыктын башчысы А.Элема-новдун айтымында, ушундай ыкма менен акча жыйнап жүргөндөр башка аймактарда да болушу мүмкүн. Санжарбек Эралиев, Жалал-Абад