Кызыл-Кыя цемент заводу иштей баштады
Алдын ала эсеп менен жылдык кубаттуулугу 1 миллион тонна продукция чыгарган заводдон областтык бюджетке түшкөн салыктын көлөмү 120 миллион сомду түзмөкчү.
СҮРӨТ:
СУЛТАН ДОСАЛИЕВ

Кызыл-Кыядагы кыргыз-кытай цемент заводу ачылып, суткасына 2,5 миң тонна цемент чыгаруу ниетинде турат.
Жаңыдан ачылган Кызыл-Кыя цемент заводу Камбарата-1, Камбарата-2 ГЭСтеринин курулушуна, өлкөбүздөгү турак жай жана башка социалдык обьектилер үчүн өтө зарыл курулуш материалдарын толук камсыз кылат. Жылына бир миллион тонна цемент чыгарганга ылайыкташкан. 1200дөн ашуун кытайлык жана жергиликтүү жумушчулар иштейт. Сапаты жагынан да, баасы жагынан да Кызыл-Кыя цементи ички жана тышкы рынокто атаандаштарына теңтайлашкан жогорку маркадагы сапатка ээ.
Түштүк цемент заводунун пайдаланууга берилиши көмүр өндүрүүчү ишканалардын кубат алуусуна мүмкүнчүлүк түздү. Завод толук ишке кирсе күнүнө 400 тонна көмүр иштетүү керек болгондуктан, областын көмүр өндүрүүчүлөрү өндүрүшүн кеңейтип, казылган кара алтындын көлөмүн көбөйтүү аракетин көрүүдө.
Алдын ала эсеп менен жылдык кубаттуулугу 1 миллион тонна продукция чыгарган заводдон областтык бюджетке түшкөн салыктын көлөмү 120 миллион сомду түзмөкчү.
Анын ачылыш салтанатына Президент Курманбек Бакиев катышты. Жу-мушчулар менен жолугушуудан кийин мамлекет башчы расмий түрдө заводду иштетип, анын ишке берилүүсү менен куттуктап, ишкананын курулушуна салым кошкон адистерге жана жумушчуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Кыргыз-кытай заводунун жетекчиси Фишер Ян Ефимович III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды. Ошондой эле президент мамлекеттик сыйлыктарды жана президенттин кол саатын эмгеги сиңген жумушчуларга салтанаттуу түрдө тапшырды.




Каналга суу кайрадан бурулду
Табыгый кырсыктан улам Лейлек районундагы Кулунду айыл округуна караштуу чоң каналдын алышын сел ташкыны бузуп кеткен. Эгерде кол күчү менен табыгый кырсыктын кесепеттери тез аранын ичинде четтетилбегенде 3 миң гектар аянттагы эгин талааларына суу жетпей, дыйкандар жылдап күткөн түшүмүнөн кол жууп калмак.
Жай айынын орто чени болуп калса да Баткен жергесинде сел ташкындары токтобой жатат. Айдоо аянттарында эгиндер бышып, төгүл чачыл болуп турган мындай чакта айыл чарба кызматкерлери үчүн ашыкча түйшүктөрдү, бөөдө чыгымдарды алып келүүдө.
Областтык суу чарба башкармасынын башчысы Мырзалы Асатовдун берген маалыматтарына караганда мындай көрүнүш буга чейин да үч жолу кайталанып, суу тоскон дамбаны сел жууп кеткен. Бирок ал мезгилде дарыянын суусу аз болгондуктан техниканын жардамы менен кайра калыбына келтирилген болчу.
Бирок бу жолкусунда андай болбоду. Күрпүлдөп кирген дарыяга техникаларды түшүрүү кооптуу болгондуктан суу чарба кызматкерлери кол күчү менен калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.

Сел кесепети оңбогондой зыян келтирди
Сумбула айылдык округунун Сары-Дөбө айылында 11-июль күнү саат 17лер чамасында мөндүр аралаш жамгыр жаап, 3,6 га. жер участкасына, 65 га. кылкандуу дан эгиндеринин аянтына, 13 үйгө, 17 короого зыян келтирген. Айыл башчысы А.Кахаровдун айтымында, келтирилген зыяндар боюнча акт түзүлүп, сессияда кароону пландаштырууда.

Элет жериндеги жолдор күн санап оңдолууда
Исфана шаарындагы "Ак-Тилек" акционердик коому тарабынан Исфана-Гордой-Кекире автожолунун 2-чакырымынан 5-чакырымына чейин толук асфальтталып бүттү. Бул демилгелүү иш үстүбүздөгү жылдын май айынан башталып, өткөн жумада ишке берилди. Жалпысынан 20га жакын жумушчулар иштешти. "Ак-Тилек" коомунун жетекчиси Исаев Жусубали: "Айылдык жолдорду оңдоо" программасынын алкагында иштер жүрүп жатат. Мындан ары да ушундай жолдорду бүтүрүү пландарыбыз бар",-дейт. КАНЫШАЙ АШИМОВА, БАТКЕН

Жолдор, каналдар тазаланууда
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ак-Суу райондук бөлүмүнөн алынган маалымат боюнча көптөн бери көйгөйлүү маселеге айланган жолдорду калыбына келтирүү жана каналдарды тазалоо жумуштары колго алынып, тиешелүү каражат бөлүнө баштады. Маселен, "Боз-Учук-Энчилеш" багыты боюнча жайлоого кетүүчү жолдун 17 чакырымы калыбына келтирилди. Буга аталган министрлик 700 миң сом өлчөмүндөгү акчалай колдоо көрсөттү. Ал эми Жылдыз айылындагы суу каналын тазалоо жумуштарына 356 миң 499 сом которулду. Жаан-чачындуу күндөрдө сел жүрүү коркунучу бар экендигин далай жолу эскертишкен айыл тургундары көйгөйлүү маселеге кыйыр карабаган республиканын өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиевге ыраазычылыктарын билдирүүдө.

"Ак куу жок жерде көл көрксүз"
Ысык-Көл мамлекеттик коругунун директору Болот Тыналиевдин тастыктоосу боюнча мындан 4 жыл мурда ал жетектеген корукка таандык көл жээгинде болгону 4 ак куу гана бар болчу. Азыр алардын саны 1800гө жетти. "Ак куусу, каз-өрдөгү жок көлдү элестетүү мүмкүн эмес. Мен жакында Американын Колорада штатында болдум. Океандын ары жагындагы өлкөгө америкалык "Aksel" (Ачык дүйнө) коомдук уюму менен жаратылышты коргоо жана токой чарба боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан уюштурулган сынактын жеңүүчүсү катары барып келдим. Экологиялык туризмди өнүктүрүү боюнча жалпы теманы камтыган бул сынактын уюштурулушу жеке мага пайдалуу болду. Анткени америкалык эколог-окумуштуулардын жаратылыш байлыктарын сактоо аны коргоо боюнча жүргүзгөн илимий иштери менен кенен-кесир таанышууга мүмкүнчүлүк болду. Америкалыктардын: "чымын-чиркейдин да жашоого укугу бар" деген көз караштарына баа бердим. Фонтандан шашпай суу ичип жүргөн эликтерди, маралдарды көрдүм",-деген Болот Тыналиев Ысык-Көлдөгү канаттууларга, жан-жаныбарларга аяр мамиле жасоо керектигин дагы терең түшүнгөндүгүн, браконьерлерге аёо болбостугун айтат. Ш.Жаналиева, Ысык-КӨл

Камбар-Ата-2 ГЭСинде болушту
Ысык-Көл областтык, райондук, шаардык башкаруу органдарынын жетекчилеринен, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан, бейөкмөттүк коомдук уюмдардын, жаштар комитеттеринин өкүлдөрүнөн, ишкерлерден турган жоон топ делегация Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушу менен таанышып келишти. Кыргызстандын тарыхындагы ири курулуштун учурдагы абалын көзмө-көз көрүп келгендердин тастыктоолоруна караганда, курулуш иштеринин дээрлик 80 пайызы бүтүптүр, алгачкы агрегат өз мөөнөтүндө ишке киргизилмекчи. Атап айтканда, ушул жылдын 22-декабрында масштабдуу ири жардыруу болот. 17 секунддун ичинде ири жардыруу иши аяктап, Нарын дайрасы буулат. "Бул ГЭСтин курулушу тууралуу эл арасында ар кандай көз караштар, ал тургай кайчы пикирлер да болгондугу ырас. "Миң уккандан, бир көргөн артык" дегендей, гидро-адистердин, гидро-курулушчулардын өтөп жаткан иштери менен жакындан таанышып келгенден кийин көз карашыбыз дээрлик өзгөрдү. Чындыгында эле күрдөөлдүү иш бар экен",-дейт Түп районунун Көөчү айылынын тургуну Осмон Нургазиев. "Нарын гидрокурулуш" акционердик коомунун башкы директору Альберт Абазбековдун айткандарына ишенсек, Камбар-Ата-2 ГЭСин куруу аркылуу ички энергетикалык тартыштыкты жоюуга толук мүмкүнчүлүк түзүлөт. Электр жарыгы үзгүлтүккө учурабайт экен. Биз ушуга кубандык, үмүт пайда болду",-дейт Каракол шаарынан барган жеке ишкер Атыркүл Ажыгулова. Ш.Жаналиева, Ысык-КӨл

Мэр кепилдик фондун түзмөкчү
Жалал-Абад шаарынын мэри Тилек Акамбаев шаардык ишкерлер үчүн кепилдик фонд түзүүнү чечти.
Аталган кепилдик фонддун максаты - жеке ишкерлерди азыркы кризис шартында колдоо жана шаарды өнүктүрүүдөгү алардын ролун, мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү.
"Бул багытта биз "Экобанктын" Жалал-Абаддагы филиалына эсеп ачып, миллион сом котордук. Дагы бир миллион сом которууну пландап жатабыз. Ушул жол менен шаардагы жеке ишкерлерге колдоо көрсөтмөкчүбүз",- дейт Т.Акамбаев.
Мэрдин айтымында, каражат банк эсебинде депозит катары тура берет. Ага убакыт өткөн сайын каражат кошула берет. Ал эми банк бул каражаттарды пайда алуу үчүн иштете алат.
Кошумчалай кетсек, мындай фонд азырынча Кара-Балта жана Жалал-Абад шаарларында гана бар.


Жоокерлер "кыргызча ырдайлы" дешти
Жалал-Абад шаарындагы Барпы атындагы театрдын имаратында мамлекеттик тил тууралуу мыйзамдын кабыл алынганынын 20 жылдыгына карата жуманын башында "Кыргызым, кыргыз бололу!" аттуу конкурс өттү. Аталган конкурста шаардык өрт өчүрүүчүлөр, 704-аскердик бөлүктүн жоокерлери, юстиция министрлигинин 5-өзгөчө бөлүмүнүн кызматкерлери күч сынашты.
Шаардык кыргыз тили комиссиясы уюштурган конкурста ар бир команданын катышуучулары КВН формасындагы аткарууларды, буйрук берүүлөрдү кыргыз тилинде ишке ашыруу, марш ырларын кыргызча ырдоо боюнча өнөрлөрүн ортого салышты.
Конкурстун жыйынтыгына ылайык, аскер бөлүгүнүн жоокерлери биринчиликти ээлеп, 5 миң сом сыйлыкты алып кетишти. Экинчи орунду ээлеген шаардык өрт өчүрүүчүлөргө 4 миң сом тийген болсо, юстициячылар 3 миң сом менен үчүнчү орунду камсыз кылышты.


Ак халатчандарга жүз миң сом
Жалал-Абад облусунун губернатору Кошбай Масиров губернаторлук резервдик фонддон медицина кызматкерлери үчүн 100 миң сом бөлүп берди. Бул саамалык июлдун башында белгиленген өмүр сакчыларынын күнүнө карата ишке ашты деп билдирет облустук басма сөз кызматы.
Бөлүнгөн акчанын 80 миң сому саламаттыкты сактоо чөйрөсүн өнүктүрүүгө сарпталат. Калган сумма медицина кызматкерлеринин түрдүү керектөөлөрүнө жумшалмакчы.


Быйыл буудай көп болот
Жалал-Абад облусунда кылкандуу дандан алынган түшүм былтыркыга салыштырмалуу бир топ көп болушу күтүлүүдө. Анткени, эгин 15 миң гектарга көп эгилген.
Баары 50 миң 92 гектарды түзөт. Учурда анын 12 пайызы, тагыраак айтканда, 5 миң 703 гектары жыйналды. Бул тууралуу облустук мамлекеттик администрациясынын айыл-чарба бөлүмүнөн билдиришти.
Берилген маалыматка ылайык, аба-ырайынын төмөн келишинин натыйжасында, данды жыйноо иштери бир аз артка сүрүлгөн. "Түшүмдү жыйноо боюнча Ноокен району биринчи орунда кетип жатат. Ал эми Аксы, Ала-Бука, Сузак жана Базар-Коргон райондорунда башка жерлерге салыштырмалуу дан жыйноо иштери дурус",- дейт аталган бөлүмдүн башчысы Жаныбек Осмоналиев. Санжарбек Эралиев, Жалал-Абад