Кантты ким кымбаттатып жатат?
Бишкектеги базарларда шекердин баасы килограммына 40 сомго чыкты. Ал эми борбордун чет жакаларында жайгашкан райондордогу соода түйүндөрүндө анын баасы 44 сомго чейин жетүүдө.
2009-жылдын апрель айында ички рынокту коргоо максатында мамлекет тарабынан 80 миң тонна шекер сатууга квота берилген. Шекерди "Кайыңды-Кант" жана "Кошой" ачык акционердик коомдору (ААК) гана жылына 40 миң тоннадан импорттой алышат. Бул ишканалар уруксат берилген монополиялардын тизмесине киргизилген.
Республиканын ички рыногунда кант заводдордон жеке жана юридикалык адамдар тарабынан сатылып алынып, соода түйүндөрүнө жеткирилет. Мындан сырткары канттын ири көлөмү менен иштеп жаткан ишканалар аны өз алдынча сатып алышат. "Кошой" ААКсынын башкы директору Виталий Косаревдун айтымында, заводго келип түшкөн акыркы 5800 тонна шекер килограммына 28,5 сомдон берилүүдө. Буга карабастан, заводдон алынган жана ар кайсы түйүндөрдө сатылган канттын баасынын айырмасы 1 килограммына 10 сомдон болуп жатат.

Сокулукта асфальттын алгачкы партиясы чыгарылды
Чүй областынын Сокулук айылындагы асфальтбетон заводу өзүнүн биринчи продукциясын чыгарды. Жакын арада бул жерде асфальттын алгачкы партиясы алынгандыгы тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Заводдун жана ага ылайыкталган таш майдалоочу жабдуунун курулушу аяктады. Бишкек-Ош жолу Башкы дирекциясынын баш директору Кадырбек Нурманбетовдун билдирүүсү боюнча жакын арада анын расмий ачылышы болмокчу.
Асфальт заводдон белгилүү бир температурада чыгарылгандыктан, ал муздап калгычакты жаткырылышы үчүн завод Чүй областынын жолдоруна (150-170 чакырымдагы объектилер үчүн) эсептелген. Заводдун кубаттуулугу сменасына 700 тоннаны түзөт. Курулушка болжолдуу түрдө 25 млн. сом жумшалган.

Токтогул суу сактагычында суунун келиши азаюуда
"Электр станциялары" ачык акционердик коому (ААК) 8-июлга карата Токтогулга суунун келиши секундасына 771 кубометрди түзгөндүгүн белгилешет. Бул өткөн жуманын башына салыштырмалуу эки эсе аз. Буга карабастан, бул акыркы үч жылдын ичиндеги эң жогорку көрсөткүч.
Токтогул суу сактагычында суунун агып түшүүсү жогорулап, ал эми анын келүүсү азаюуда. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коому маалымдаган. Анын билдирүүсү боюнча учурда Токтогулдагы суунун көлөмү 10 миллиард 151 миллион кубометрди түзөт. 2008-жылы 8-июлда топтолгон суунун көлөмү 9 миллиард 7 миллион, 2007-жылы - 13,306 миллиард, 2006-жылы - 16,454 миллиард кубометр болгон.

Табигат кырсыктарынан арылууга 489 млн. сом бөлүндү
2009-жылы өлкөдөгү табигат кырсыктарынан жапа чеккендерге бюджеттен 489 миллион сом бөлүнгөн. Мындай маалыматты КРнын алдындагы Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин турак-жай-жарандык курулуш башкармалыгы билдирди. Аталган башкармалык тарабынан 2002-жылдан тартып, табигат кырсыктарынан жабыркагандарга жалпысынан 1 миллиард 215 миллион 900 миң сом жардам берилген. 2009-жылдын июль айына карата жапа чеккендерге 489 миллион сомдун ичинен 339 сому бөлүнгөн, ал эми Турак жай-жарандык курулуш башкармалыгы тарабынан 288 миллион 200 миң сом өздөштүрүлгөн. АЙМИРА МЕНДЕЕВА

Бишкекте төлөмдөр банк аркылуу жүргүзүлмөкчү
"Түндүк электро" ачык акционердик коомунун ички кассаларын жабуу боюнча иш-чаралардын планын өкмөт кабыл алды. Мындан ары Бишкек шаарынын тургундары электрэнергиясы үчүн каражатты тиешелүү банктардын кассалары жана алардын төлөм терминалдары аркылуу төлөп турмакчы. Аталган планга ылайык, "Түндүк электро" коому "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы, "Манас Банк", "АзияУниверсалБанк" жана "РСК Банк" менен бирге иштеп, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айына чейин аткарылган иш-чаралар тууралуу маалымат бериши керек.
Биздин кабарчыга белгилүү болгондой, электрэнергиясы үчүн каражатты бишкектиктер "Манас Банк" жана "РСК Банкынын" кассалары аркылуу (төлөм кабыл алуу үчүн банктын комиссиясы алынбайт), ал эми "АзияУниверсал-Банктын" (АУБ) төлөм терминалдары аркылуу төксө болот (комиссиянын өлчөмү 1 сом). Учурда АУБдун жүздөн ашуун терминалдары калк топтолгон аймактарда, ири соода борборлорунда жайгаштырылган. Санжар Каныбеков

Кризис: Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү даярдангыла
Өнүгүп келе жаткан Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикалары каржылык кризистен жыл соңуна чейин көбүрөөк жабыр тартмакчы. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын докладында айтылат. Банктын жыйынтыктарына таянсак, аталган өлкөлөрдүн ички дүң продукциясы ушул жылы 4,7 пайызга төмөндөйт. Үстүбүздөгү жылдын март айында бул эл аралык уюм аталган өлкөлөрдүн экономикасынын төмөндөшү 2 пайызды гана түзөт деп айткан эле.
Уюмдун өкүлдөрү билдиргендей, өнүгүп келе жаткан мамлекеттерден агылып кете турган капитал жакырчылык жана жумушсуздуктун өсүшүнө чоң таасирин тийгизмекчи. Андыктан, Дүйнөлүк банк, экономикасы өнүккөн өлкөлөрдү кризистен арылуунун чечкиндүү кадамдарын жасоого чакырат. Санжар Каныбеков

Казакстанда арабдар менен биргелешкен банк ачылмакчы
"Аль-Хиляль" аталышындагы ислам банкы Казакстанда ачылмакчы. Аталган банк Казакстан жана Бириккен Араб Эмираттары өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимге ылайык иш жүргүзөт. Тиешелүү келишим депутаттар тараптан кабыл алынып, эми өлкөнүн президентинин кол коюусун күтүүдө.
Банк ачыла турган болсо, өзүнүн ишмердүүлүгүн Казакстандын аймагында өлкөнүн мыйзамдарына жана ислам шариатынын нормаларына ылайык жүргүзөт. Ислам банкы ар түрдүү инвестициялык жана коммерциялык операцияларды жүргүзүү менен жеке жана юридикалык тараптарга кызмат көрсөтмөкчү.
Белгилей кетчү нерсе, мындан 3 жыл мурун Иран өлкөсүнүн расмий делегациясы Кыргыз- станга келип, Ирандын банкын ачуу маселесине токтолгон. Анда Кыргызстандын Улуттук банкынын жогорку башкармалыгы Ирандын EN Bank өкүлдөрү менен жолугуп, банк ачууга, анын ичинде чет өлкө капиталынын катышуусунда банктарды ачуу учурунда Улуттук банктын аларга карата коюлуучу талаптары жөнүндө ырааттуу баяндап беришкен. Санжар Каныбеков




  Экономликбез

Кайсы банк машине үчүн кредит берет?
Суроо: Автоунаа сатып алайын деген оюм бар, бирок бир аз каражат жетишпей жатат. Азыркы учурда кайсы банктар автоунаа сатып алууга кредит тартуулайт? Нурия, Бишкек шаары
Жооп: Учурда республиканын аймагында 22 коммерциялык банк жана алардын 200гө жакын филиалдары иштейт. Ушул банктардын ичинен жарымынан көбү унаа сатып алуу үчүн кредит тартуулайт. Алар: "АзияУниверсалБанкы" (АУБ), "Демир кыргыз эл аралык банкы", "Азия банкы", "Кыргыз инвестициялык-кредит банкы", "Манас Банкы", "РСК Банкы", АТФ Банкы, КыргызКредит банкы, "Кыргызстан" коммерциялык банкы, Бакай банкы, Доскредобанк, Иссыккөл банктары.
Мисалы үчүн, АУБ тартуулаган автокредиттин аты "Менин автом".
Бул кредиттин суммасы: 5 000ден 20 000 АКШ долларына барат, же болбосо кыргыз сомунун же евронун эквиваленти.
Кредиттөө мөөнөтү: 12 ай.
Кредиттөө пайыз чени: 21 пайыздан 29 пайызга чейин. Кредиттин пайыз чени өзүңөрдүн колуңардагы акчадан көз каранды. Кредит алуучуга коюла турган башка талаптарды банктан суроо зарыл.
АТФ Банк авто сатып алуу үчүн жеке тараптарга кредиттөөнүн негизги шарттарын тартуулайт.
Кредиттин минималдуу суммасы: 1000 доллар же сомдогу эквиваленти.
Кредиттөө мөөнөтү: 60 ай.
Кредиттин жылдык пайыз чени - 26 пайыздан.
Кредиттин валютасы: кыргыз сому, АКШ доллары, Евро.
Кыргыз инвестициялык-кредит банк "Жашоо жыргалы" аталышындагы кредит аркылуу авто сатып алууну каржылап бермекчи. Кредит 5 жылга чейинки мөөнөткө, АКШ доллары жана Евро менен берет. Суммасы: 1000 доллардан 100 000 долларга чейин (же Евродогу эквиваленти). Пайыз чени 16 дан 22 пайызга чейин.
"Бакай банкы" өзүнүн кардарларына төмөнкү пайыз чени боюнча кредит тартуулайт: кыргыз сомунда: 22-30 пайыз, чет элдик валютада: 20-28 пайыз. Карызга акча 3, 6 жана 12 айга берилет.
КыргызКредитбанк тартуулай турган кредиттин суммасы 150 000 сомдон 800 000 сомго чейин барат. Пайыз чени: 24 пайыздан башталат. Кредиттин мөөнөтү: 24 айга чейин.
"Азия Банкы" авто сатып алуу үчүн кредитти доллар жана сом менен берет. Кредиттин мөөнөтү: 12 айга чейин. Суммасы: 5 000 долларга чейин. Жылдык пайыз чени: 30 пайызга чейин.
ДосКредобанк жеке тараптарга керектөө максаттарына кредиттерди 26-28 пайыздан берет.
"РСК Банкы" кредиттер боюнча төмөнкү шарттарды түзөт. Кредиттин жылдык пайыз чени: 27-30 пайызга чейин. Бул пайыз валютанын суммасына, кредиттөөнүн мөөнөтүнө, кардардын каржы мүмкүнчүлүктөрүнө жараша коюлат. Кредиттөөнүн мөөнөтү: 2 жылга чейин.
"Кыргызстан" коммерциялык банкы ар түрдүү калктын керектөө максаттары үчүн төмөнкү шарттарды тартуулайт. Кредиттин валютасы: сом, доллар. Кредиттөө мөөнөтү: кредиттин максатына жараша 3 айдан 8 жылга чейин. Кредиттин суммасы: 4 000 сомдон. Жылдык пайыз чени: 25 пайыздан башталат.
Демир кыргыз эл аралык банкы калктын керектөө максаттары үчүн 100 000 долларга жана 5 млн. сомго жеткен кредиттерди берет. Доллардагы жылдык пайыз ченинин өлчөмү (21-30%) кредит алуучунун ишмердүүлүгүнө, кредиттин мөөнөтү жана суммасына жараша коюлат. Кыргыз сомундагы пайыз чени - 22-31%. Пайыз ченинин өлчөмү жогоруда аталган шарттардан көз каранды.
"Иссыккөл" инвестициялык банкы Кыргызстандын жарандарына ар түрдүү керектөө максаттарына 1 000 доллардан 25 000 долларга чейинки кредит тартуулайт. Пайыздык чен кредиттин суммасына жараша. Кредиттөө мөөнөтү: 1 айдан 6 айга чейин.
"Манас Банкы" өз учурунда аз дегенде эле 5 жылга ылайыкталган, 1000 доллардан башталган кредит тартуулайт. Кредиттин суммасына жараша: жылдык пайыздык чен - 26-28%.
Урматтуу окурмандар, жогоруда берилген маалымат менен катар, кредит алуу үчүн коюла турган күрөө, автомашинаны камсыздандыруу талаптары, кредитти мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүү үчүн банк комиссиясы, нак акча тартуулоо үчүн банк ала турган комиссиянын өлчөмү, кредитти төлөп туруунун шарттары, кредит алуучуга коюла турган кошумча маалыматты, тиешелүү документтердин топтомун сиз тандаган банктан тактап алсаңыз болот. С.Каныбеков