Ингушетиянын президентине кол салды
Жума башында Ингушетиянын президенти Юнус-Бек Евкуровго кол салуу болду. Москвалык номер менен жол жээгинде келе жаткан "Тойота" маркасындагы машина президенттин кортежине жакындаганда чукул бурулуш жасап, президент бара жаткан машинанын жанынан жарылып кеткен. Күчтүүлүгү 70 килограммдан ашкан жардыргыч зат ошол жерде тереңдиги 2 метрге жеткен чуңкурчаны пайда кылган.

Каргашалуу окуядан президент Евкуров катуу жаракат алып, жанындагы жан сакчысы менен айдоочусу ошол жерде мүрт кеткен. Жапа чеккендер ооруканага жеткирилип, Евкуровдун бооруна операция жасалды. СҮРӨТ: ИТАР-ТАСС

6Каргашалуу окуядан президент катуу жаракат алып, жанындагы жан сакчысы менен айдоочусу ошол жерде мүрт кеткен. Жапа чеккендер ооруканага жеткирилип, Евкуровдун бооруна операция жасалган. Бир топ убакыттан соң Москвадан атайын учак келип жабыркагандарды алып, кечке маал Москванын Внуково аэропортуна конду. Террактан жаракат алгандар А.В.Вишневск атындагы хирургия институтуна жеткирилди. Аталган институттун директору, профессор Владимир Федоровдун маалыматы боюнча президент оор жаракат алган. Баш сөөктөрү сынып, боорунан жапа чеккен. Азыркы тапта ал жасалма жол менен дем алдырылып, эс учун билбей жатат.
Ошол эле күнү орус президенти Дмитрий Медведев Ингушетиянын башчысынын абалын сурап аталган институтка барды. Институттун директору менен жолугушуп, президенттин абалы тууралуу билди жана анын саламаттыгы үчүн бардык чараларды колдонгула деп айтты. Ал эми Ингушетиянын премьер-министри Рашид Гайсановго республикада абалды жөндөп, терракты уюштургандарды табууну табыштады. Окуя болгон жерге Россиянын ички иштер министрлигинин өкүлдөрү барып, кылмыштын чоо-жайын изилдешүүдө.
Негизги версиялар: мыйзамсыз куралдангандар тобу өлкөдөгү туруксуз абалды түзүү үчүн.
Президенттин ишмердүүлүгүнө байланыштуу. Анткени ал согушчандарга өз ыктыяры менен колго түшүүсүн сунуштап келген. Мындай жагдайда жаза бир кыйла жеңилдетилерин айткан. Бул мунасага келишпеген согушчандарды жок кылууну буйруган.
Өлкөдөгү коррупция менен катуу күрөшө баштаган. Өткөн саныбызда жазгандай коррупцияга туш болгон жарандарга өзүнө түз телефон чалууга чакырып, уюлдук телефонунун номерин айткан.
Азырынча терракты уюштургандар тууралуу так маалымат бериле элек. Божомолдорго караганда терракты жан кечти аял жасаган. Акыркы убактарда мамлекеттик жогорку кызматтагы кызматкерлерге бир катар кол салуулар уюштурулган. Эске сала кетсек, ушул айдын башында ички иштер министринин экс-министри Башир Аушевди атып кетишсе, көп өтпөй Жогорку соттун орун басары Азу Газгиреевага кол салышкан.





Вашингтондогу эки поезд кагылышты
Вашингтондогу эки поезддин кагылышуусунан 7 адам каза таап, 57 адам ар кандай жаракат алды. СҮРӨТ: GI, SAUL LOEB
Вашингтондогу эки поезддин кагылышуусунан 7 адамдын өмүрү кыйылып, 57 адам ар кандай жаракат алган. СNN телекомпаниясынын билдирүүсү боюнча кагылышуу Мэриленд штатынын чегиндеги Такома-Парк станциясынан алыс эмес жерде болгон.
Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү Дебора Херсмендин айтуусу боюнча, кандайдыр бир себептер менен алты вагон чиркештирген эки поезд тең бир жолдо болуп калган. Биринчи поезд токтоп турган жерден экинчиси келип кагылышып кеткен. Азырынча кагылышуунун себептери айтыла элек. Вашингтондун мэри Эдриан Фентинин айтымында, вагондордун 75 пайызы күйүп кеткен. Ал жакта дагы канча адамдын сөөгү калганын айтуу мүмкүн эмес. Ал бул кагылышууну "Вашингтон метросунун тарыхындагы эң кайгылуу окуя" деп атады. Америка президенти Барак Обама каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, кырсыктуу окуяга кайгырып жатканын билдирди.




Эң кымбат ырчылар
"Forbes" журналынын жүргүзгөн рейтинги боюнча эң кымбат музыканттардын алдыга атактуу ырчы Мадонна чыкты. Дүйнөнү каптап жаткан каатчылыкка карабай ырчы айымдын "Hard Candy" альбому 110 миллион доллар киреше алып келген. Буга чейин анын кирешеси 40-50 миллион доллардын тегерегинде гана болчу. Акыркы 12 ай ичинде ал чоң ийгиликтерге жетишип, кирешеси эки эсе көбөйгөн. Ал эми экинчи орунду ырчы Селин Дион 100 миллион доллар менен ээледи. Үчүнчү орун ырчы Бейонсеге ыйгарылды. Анын тапкан акчасы 87 миллионду чапчыйт.

Украинада президенттик шайлоо кышында өтөт
Президенттик шайлоонун мөөнөтү парламент тарабынан чечилип, 2010-жылдын 17-январында өтөрү белгилүү болду. Негизги таймаш пре- мьер-министр Юлия Тимошенко менен Виктор Януковичтин ортосунда болору күтүлүүдө.

Косовонун экс премьер-министри кармалды
Косовонун экс премьер-министри Агим Чекуну Болгариянын чекарасынан өтүп бара жатканда кармалды. Ал 1998-99-жылкы согуш учурунда сербдерге каршы жасаган аскерий кылмыштары үчүн эларалык издөөдө жүргөн. Косовону боштондукка чыгарууда аскерий колбашчылардын бири болгон.



Технологиянын жаңы эрасы башталат
Компьютер тетиктерин чыгаруучу дүйнөдөгү эң ири Intel компаниясы менен уюлдук телефон чыгаруучу Nokia компаниясы биргелешип иштөөнү чечишти. Алар чогулуп иштөөсүнүн натыйжасында техниканын жаңы түрүн чыгарууну пландоодо.
"Эки ири компаниянын кызматташуусунан эки тарап тең ийгиликке жетишет деп ойлойм. Жакында мобилдик жана компьютердик технологиянын жаңы эрасы башталат",-дейт Intelдин вице-президенти Ананд Чандрасехер.
ABI Research изилдөөчү уюмдун маалыматы боюнча өткөн жылы аталган маркадагы 1,2 миллиард телефон сатылган. Ал эми компьютер колдонгон он адамдын сегизи Intelдикин пайдаланат.

Чач тапшырып, жол салышты
Мьянминин жашоочулары пагодага (будда дининдегилердин сыйына турган үйү) барчу жолду оңдош үчүн 800 килограммга жакын чач топтошту. Бул акцияга Мандалай шаарында жашаган 30 миң аял жана жүздөй эркек катышкан. Топтолгон чачтар жасалма чач же куурчактарды жасоочу кытай фирмаларына сатылып, андан түшкөн каражат жолду оңдоого жумшалмакчы. Узундугу 25 чакырымга созулган бул жол менен храмга барчулар жөө-жалаңдап же пилдерге минип алышат. Келечекгеги курулчу жолго жалпы жонунан 15 көпүрө салынмакчы.

Паранжа менен жүрүү талкууланды
Франциянын президенти Николя Саркози парламент жыйынында сүйлөгөн сөзүндө ислам дини башка диндер сыяктуу эле урматталуусу керектигин айтты. Бирок ислам дининдеги мусулман аялдардын паранжа кийип жүрүүсүн ал жактырбаганын белгиледи. Анткени паранжа кийүү - аялды кемсинтүү, ар намысын тебелөө деп эсептейт. Буга чейин француз депутаттары паранжа кийип жүрүүгө тыюу салуу керекпи деген маселени иликтөө үчүн атайын комиссия түзүүнү пландашкан. Франция мусулман кыздардын мамлекеттик окуу жайларында хижабчан жүрүүгө тыюу салып, бул маселе кызуу талкууларды жана наарызычылыктарды жараткан. Эске сала кетсек, аталган өлкө Европанын мусулмандар эң көп жашаган өлкөсү болуп саналат. Өлкөдө 5 миллионго чукул мусулман жашайт.




  Борбор Азия

Эки жактуу сүйлөшүүлөр
Кытайдын вице-премьери Ли Кэцян расмий иш сапары менен Ашхабадка келди. Иш сапардын негизги максаты Түркмөн башчысы Гурбангулы Бердымухамедов менен "Түркмөнстан - алтын кылым" долбоорунун келишимдерин түзүү. Ошондой эле газ түтүктөрүн куруу иштерин талкуулоо. Ушул жылдан баштап 30 миллиард куб өлчөмүндө берилчү жаратылыш газын дагы 40 миллиардга жеткирүүнү эки тарап пландоодо. Ли Кэцян иш сапарын Өзбекстанга, андан ары Финляндияга улантмакчы. Туркмөнстан

Жаңы жылга жаңы паспорт менен
Өзбек ажосу Ислам Каримов 2010-жылдын биринчи күнүнөн тарта биометрикалык паспортко өтүүнү буйруду. Биринчи кезекте мамлекеттик кызматкерлер, чек өлкөгө чыгууну каалагандар жана паспорт алганга жашы жеткендер камсыз болот. Биометрикалык паспорт жогорку көрсөткүчтөгү коргоолор менен жасалып, Чикаго конвенциясында кабыл алынган. Азыркы тапта дүйнөнүн 100дөй өлкөсү аталган паспортту колдонот. Өзбекстан

Жол жүрөсүңбү, акы төлө!
Мажилистин үчүнчү чакырылышындагы депутаттар "Автожолдор жана аларды пайдалануу" боюнча мыйзамды талкуулашты. Ага ылайык эми тажик шопурлар кээ бир жолдор менен жүргөндүгү үчүн акы төлөшөт. Транспорт жана байланыш министринин орун басары Жумохон Зухуров Дүйшөмбү-Кожент-Бостон автожолуна акы төлөп жүрө турган жол катары сунуштады. Бирок азырынча канча акча болору тактала элек. Тажикстан

Журт башы жөнүндө китеп чыкты
"Назарбаев Нурсултан Абишевич - эгемен өлкөнүн негиздөөчүсү" деген аталыштагы китептин бет ачар аземи болуп өттү. Китептин авторлору казактын белгилүү окумуштуулары. 1000 нускада басылган бул китепте өлкө башчысынын басып өткөн жолу, саясий ишмердүүлүгү камтылган. Китепте басылган сүрөттөрдүн көпчүлүгү биринчи жолу эл арасына көрсөтүлүп, мурда эч жерде жарыяланбагандыгы менен кызыктуу. Профессор Бүркүтбай Аягандын айтуусунда, китепте оригиналдуу материалдар көп камтылган. Ушул жылы эл башына келгенине 20 жыл болгон лидер тууралуу чыккан китепке суроо талап көп болгондуктан, дагы көп нускада бастыруу пландалууда. Казакстан

"Нурсултан-2009" альпиниадасы өткөрүлөт
Улуттук олимпиада комитети өлкөдөгү аскага чыгуучулардын (скалалаздар) аз санда калганына өкүнүп, спорттун бул түрүн өркүндөтүү максатында "Нурсултан-2009" деп аталган альпиниаданы уюштурууну чечти. 5-июлда таң эрте башталган бул жарышка каалоочулардын баары катыша алат. "Шымбулак" лыжа курортунан Талгар өткөөлүнө чейинки асма жолдор бул күнү элдерди бекер ташыйт. Каалоочулар жөө чыкса да болот. Ал эми 4376 метр бийиктиктеги Нурсултан чокусуна чыккандар жеңүүчү болушат. Казакстан

Салафиттер тобу кармалды
"Салафия" диний кыймылынын 40ка жакын өкүлү кармалды. "Зарафшон" кичирайонунда жайгашкан мечитте салафиттердин жолугушуусу учурунда кармалгандардын баары улуттук коопсуздук кызматына жеткирилген. Эгерде алардын күнөөсү далилденсе, 12 жылдан ашуун мөөнөттө эркинен ажыратылат. Аталган кыймыл өлкөдө 2005-жылдан бери тымызын иштөөдө. Ага негизинен 25-35 жаштагы 20 миңдей тажик жигиттер тартылган. Тажикстан

МААЛЫМАТ БУЛАКТАРЫНАН АЛЫП ДАЯРДАГАН АЙША КУРБАНОВА